Breaking News

“Манас”,”Семетей”, “Сейтек” трилогиясы – ЮНЕСКОнун маданий мурасына

Ullutuk Tizmegi

Incorrect URL attribute defined

Кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарынын элементтеринин тизмеси

Аталышы

Мүнөздөмө

Жайылтуу жааты

Өнөрдү алып жүрүүчүлөр жана улантуучулар

Аты-жөнү

Туулган жылы

Жашаган жери

1

2

3

4

5

6

7

I.

Элдик оозеки чыгармачылык

1.

«Манас» эпосу
  • «Манас»
  • «Семетей»
  • «Сейтек»

«Манас», «Семетей», «Сейтек» эпикалык үчилтиги кыргыз элинин руху жана мурасы. Манасчылар эпостун өзөктүү окуяларын сактап, салттуу түрдө кырааты менен айтышат. «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпикалык үчилтиги кыргыз элинин энциклопедиясы жана бүтүндөй жашоосу.

Өлкөнүн бардык аймактары

Көзү тирүү манасчылар:

1. Сапарбек Касмамбетов

2. Назаркул Сейдракманов

3. Кубанычбек Алмабеков

4. Салимбай Турсунбаев

5. Талантаалы Бакчиев

6. Рысбай Исаков

7. Самат Көчөрбаев

8. Камил Мамадалиев

9. Тилек Асанов

10. Дөөлөтбек Сыдыков

11. Улан Исмаилов

12. Замирбек Баялиев

13. Болотбек уулу Үмөт

30.05.1934

1951

18.07.1955

13.01.1959

02.12.1971

11.05.1975

22.11.1983

15.09.1981

01.02.1982

24.08.1983

08.07.1984

1980

19/12/2005

Кыргыз Республикасынын бардык облустарында жашашат

  • Кичи эпостор

«Жаныл Мырза», «Эр Төштүк», «Эр Табылды», «Курманбек», «Кедейкан», «Олжобой менен Кишимжан», “Саринжи, Бөкөй”, “Жаныш-Байыш”, “Кожожаш”, “Сейитбек”, ”Жоодарбешим”, “Эр Солтоной”, “Мендирман”, “Жолойкан” ж.б.

Өлкөнүн бардык аймактары

.

  • Элдик поэмалар

Карагул ботом”, “Кыз Сайкал”, ”Шырдакбек”, “Гүлгаакы”, “Ак Мактым”, “Кулмырза менен Аксаткын”, “Жалайыр жалгыз”, “Ак Мөөр”, “Тайлак баатыр”, “Эр Эшим”, “Нарынбай”, “Мундук, зарлык”, “Кыз Дарыйка”, “Ак Бермет”, “Качкан кыз”, ж.б.

2.

Фольклор

  • Макалдар, лакаптар, жаңылмачтар, табышмактар, чечендик өнөр (чечендик искусство)
  • Балдар фолклору
  • Жомоктор

  • Эмгек ырлары

  • Ырым-жырым ырлары
  • Лирикалык ырлар

  • Балдарды тарбиялоого байланышкан ырлар

Элдик ырлар кыргыз элинин басып өткөн тарыхын, үрп-адатын жана каада-салтын, осуяттарын, сабактарын, кабар берүүнү, куттуктоону, жоготууларды, кошокторду, айтыштарды, эмгекке, балдарга арналган ырларды, лирикалык ырларды ж.б. чагылдырган. Бул ырлардын обондору речитативдик формада аткарылган.

Өлкөнүн бардык аймактары

3.

Айтыш искусствосу

  • Төкмө акындардын аткаруусу

Төкмө акындардын аткаруусу өзүнө импровизатордук искусствону жана комузда кол ойнотуп аткаруу чеберчиликтерин камтыйт.

  • Айтыштар – бул оозеки жарыштар, обонуна жараша тексттин мазмуну жана ыргагы, түзүлүшү, метрикалык өлчөмү туура келип, алар менен коштолгон үлгү болорлук ырлар.

Өлкөнүн бардык аймактары

  • Жазма акындардын аткаруусу

Оозеки жана кол жазма адабиятынын өнүгүшүндө жазма акындар эбегейсиз чоң ролду ойногон.

II.

Салттуу кол өнөрчүлүгү жана өнөр жайы
  • Кийизден иштеп чыгарылган буюмдарды даярдоо
Кийиз, ала-кииз, шырдак,

Өлкөнүн бардык аймактары

  • Токуучулук
Килемтокуучулук (түктүү)

Өлкөнүн бардык аймактары

  • Ат жабдыктары

Ээр, ат жабдыгын даярдоо

Өлкөнүн бардык аймактары

  • Зергерчилик иши

Аялдардын, эркектердин күмүш жасалгалары

Өлкөнүн бардык аймактары

  • Жыгач иштетүү
Ээр, бозүйдүн жыгач тетиктери, идиш-аяк

Өлкөнүн бардык аймактары

  • Курак
Курак төшөктөр,

Өлкөнүн бардык аймактары

  • Сайма саюу
Туш кийиз, жаздыктар, жапкычтар, үстөл жапкычтар ж.б.

Өлкөнүн бардык аймактары

МАЙРАМДАР

  • Нооруз
Нооруз -жаңырган жылды тосуу майрамы. Жазды тосуп келечек түшүмгө кам көрүү, тилек тилөө.

Элдердин жашоосуна жаңы нерселердин келишин, алардын бактылуу жана бейпил жыл болоорунан үмүттөнүү. Элдер жаздын башталышын, жаратылыштын ойгонуусун майрамдашат.

Өлкөнүн бардык аймактары

  • Чечкор майрамы

Түшүм майрамы эгин бастыруу менен байланышкан жана мифтик каармандарга – Бабадыйканга (жердин пири) арналган, ошондой эле салттуу сыйкырдуу буйруулар менен касиеттелген каада-салтка, ага байланышкан бардык колдонулуучу ырым-жырымдар менен Кадыр-акеге – кененчиликти, ийгиликти тартуулоочу, жакшылык ыроолочу жана боорукер элдердин, иштермандардын жана жолоочулардын колдоочусуна арналган.

Өлкөнүн бардык аймактары

  • Курман айт

Майрам мусулмандардын айга байланышкан календары боюнча рамазан айынын 10нунда башталат.

Курман айтта ар бир мусулман пендеси, Мухаммад илимин жактоочулукту символдоштурган, курмандыкка чалынган малдын этинен жасалган тамактан ооз тийиши керек. Майрам күнү жана андан кийинки 3-4 күн кыргыздар конокторду сыйлоо үчүн салттуу даамдарды бышырышат, конокко, туугандарыныкына барышат, аларга белектерди тартуулашат.

Өлкөнүн бардык аймактары

  • Орозо айт

Өлгөн ата-бабаларды эскерүү күнү.

Өлкөнүн бардык аймактары

III.

ЭЛДИК ОЮНДАР ЖАНА КӨҢҮЛ АЧУУ

1. Балдар оюну

  • Ак терек – көк терек

Бул оюндун илгерки аталышы “Эл чабар” деп аталат. Кыргыздардын илгертеден кабар берүү жолу бар болгон. Анда чабарман (кабар таркатуучу) айылдан айылга ат менен чаап элге кабар таркаткан. Бул 10 жана андан да көбүрөөк балдардан турган топтук оюн.

Оюндун катышуучулары 20-30 метрдеги аралыкта кол кармашып бир катарга тизилип алышат да «Ак терек – көк терек – бизден сизге ким керек» деп чоогуу кыйкырып айтышат. Тандалып алынган оюнчу өзүнө чынжырды үзүп салууну максат коюп тырышып карама каршы тарапка чуркайт.

  • Чатыраш

Үстөлдө ойнолуучу интеллектуалдык оюн. Шахмат тактайына окшогон тактайча сызылып алынат. 9 даанадан эки башка түскө боёлгон 8 топчо алынат. Оюндун максаты болуп тегеректин ортосундагы дабан деп аталган төртбурчтукту басып алуу саналат.

  • Качма топ

Оюндун катышуучулары эки топко бөлүнөт. 50х100 метр өлчөмүндөгү аянтчанын эки жак башына мара – сызыкчалар белгиленет. Чучукулак боюнча аянтчадан орун ала турган уруучу топ дайындалат. Топ берүүчү тандалып алынат. Топту малдын жүнүнөн тоголоктоп жасап алышат. Андан кийин топ уруучулардын кезектешүүсү такталып алынат. Топту уруучу оюнчу марага чыгып, колуна бир метрлик узундуктагы таякты алып жогору карай ыргытылган топту урат. Мүмкүн болушунча катуу ургандан кийин ал карама-каршы марага чейин жүгүрүп жетиши керек. Андан кийин оюнчулар алмаштырылат.

  • Так теке

Бул көңүл ачуучу оюндар салтанаттар учурунда же жөн эле бош убактыларда өткөрүлчү. Чакан үстөл орнотулуп, үстөлдүн үстүнө шарнир менен бекитилген тик турган таякчага буту жана башы … жыгачтан оюп алынган улактын келбети орнотулган.

2. Чүкөлөр менен ойнолуучу оюндар

  • Чүкө атмай

Катышуучулар диаметри 3-5 см. келген тегерек чийип алат. Ортосуна чүкөлөрдү жайгаштырат. Саканы атуу менен оюндун кезегин аныкталат. 1 м. аралыкта тегеректин эки жагынан атуучу сызык сызылат. Эгерде биринчи жолу атканда чүкө оңунан түшүп сызыктан уруп түшүрүлсө, анда калган атуулар тегеректин сызыгынан баштап атылат. Эгерде атканда жакшы тийбесе, оюндун жүрүшү кийинки оюнчуга өтөт. Ким көп чүкө атып алса, ошол жеңүүчү болот.

  • Ордо

Бул чүкөлөр менен ойноочу илгерки оюн. Бул оюнду чоњ той, аштарда ойношкон, айыл-айыл же уруу-уруу болуп мелдештерди да уюштурушкан. Оюнду өткөрүү тууралуу алдын ала сүйлөшүп алышкан: кайсы жерде өткөрүлөт, канча катышуучу, кандай сыйлыктар болот. Оюнчулардын саны ар бир топто 25 кишиден болуп 50гө чейин жеткен.

Оюнга 2 калыс (ар бир топтон бирден) жана чүкөлөрдү чогултуучунун милдетин аткарган 3 киши калыстык кылган. Оюн 3 же андан көп күн узарып кете берген. Түз жерге тегерек чийилип алынат. Тегеректин борборунан бир жак бетинин аралыгы 35 таманды түзсө, экинчи жак да ошончо болгон.

Тегеректин борбору – ордодо чакан чуңкур казып алып ага күмүштөн, жезден же сөөктөн жасалган тыйынды – ханды салышкан. Аны тегерете ар бир катышуучуга 5тен чүкө, бого жактан 249 чүкө коюп чыгышкан. Кимдин чүкөсү айкүр турса, ошол биринчи баштаган. Эгерде оюнчу атканда чүкөсү оңунан түшүп тегеректен чыкса, анда ал оюнду андан ары улантат. Калыстар аралыктарын ченеп чыгышат. Дасыккан оюнчу 20-30 чейин чүкө утуп ала алат. Ордодо төмөнкүдөй оюнчулар бар: кадамачы – сызыкка согончогун коюп туруп, кичине бүгүлүп чүкө атуучу, торукмачы – сол бутун сызыкка коюп, сол жакка атуучу, атмакчы – ордо бузучу – туруп атуучу жана чертмекчи – отуруп алып тизеден атуучу оюнчулар. Бир күндө 5ке чейин оюндарды өткөрөт. Азыркы убакта ордо спорттун улуттук түрү болуп эсептелет. 1952-жылдан баштап спорттун улуттук түрүнүн программасына жана Жалпы республикалык жиктөө тизмесине киргизилген. Республикалык биринчиликтер өткөрүлүп турат.

  • Кан таламай

Койдун чүкөлөрү менен ойнолуучу оюндар. Оюндун маңызы – ар бир топ (экөө болот) ордону бузуп, ханды жан жөөкөрлөрү менен алып кете алуусунда турат.

Өлкөнүн бардык аймактары

3. Спорттук ат оюндар жана көңүл ачуу

  • Ат чабыш

Узун аралыкта ат чабыш – кыргыз элдик спорттун эң жакшы көргөн жана негизги түрү.

Өлкөнүн бардык аймактары
  • Кыз куумай

Кыз куумай – мурда үйлөнүү үлпөтүнүн каадасы болгон жаштардын белгилүү оюну. Бул – кызга жетип, аны бир өбүүгө жетишип калуу максаты менен кыз менен жигит, алардын курбулары катышкан ат чабыш.

Өлкөнүн бардык аймактары
  • Улак тартыш же көк бөрү

Атчандардын союлган эчкинин этин талашуусу. “Көк бөрү” деген “көк карышкыр” дегенди билдирет. Оюн, үйүр-үйүр малдар кышы жана жайы ачык асманда оттогондуктан, карышкырлар малга тез-тезден кол салып, көп кырсыктарды алып келген убактарда пайда болгон.

Өлкөнүн бардык аймактары

4. Күрөш жана мелдешүүлөр

Өлкөнүн бардык аймактары
  • Жорго салыш

Жорголорду спорттук узун аралыктарга чабуу.

Өлкөнүн бардык аймактары
  • Бүркүт (куш) салуу

Бүркүт же шумкар менен карышкырлар менен түлкүлөргө, коёндор менен кыргоолдорго ањ уулоо – спорттун салттуу улуттук түрү.

Өлкөнүн бардык аймактары
  • Оодарыш

Бул оюнда эки атчан бир бирин аттан оодарып түшүүгө аракет жасашат.

Өлкөнүн бардык аймактары
  • Жамбы атмай

Ат чаап баратып жаадан жебени атуу. Бүгүнкү күндө узун жипти байлап, ага кандайдыр бир темирдин уюткусун илип алып курал менен атышат.

Өлкөнүн бардык аймактары
  • Күрөш

Күчтүүлөр күрөшү. Кыргыздын балабандар мелдешинин өзгөчөлүгү – бардык күрөштөр күрөштөрдү чечмелеп түшүндүрүп, күрөшүүчүлөрдүн күчүн, кайраттуулугун даңазалаган комузчулардын коштоосунда.

  • Эр сайыш

Баатырлардын найза менен салгылашуусу. Оюндун мањызы болуп атчандардын талаага чыгып, атты катуу чаап бара жаткан боюнча найзанын өтпөгөн учу менен теңтайлашуучуну ээрден алып түшүү саналат.

Өлкөнүн бардык аймактары
  • Тыйын эңмей

Тыйынды жерден алуу. Бул оюндун мааниси атчан атты катуу чаап бара жаткан боюнча жерде жаткан тыйынды илип кетүүсүндө камтылган.

Өлкөнүн бардык аймактары

Жаштардын оюндары

  • Ак чөлмөк

Бул түндө ойнолуучу оюндардын бири. Бул оюнда айлуу жарык түндө оюнду алып баруучу белгисиз тарапка ыргыткан ак жоолукту же ак таякчаны издеп табуу керек.

Өлкөнүн бардык аймактары
IV. Үрп-адаттар жана ырым-жырымдар
  • 1. Турмуштун мерчиминин үрп-адаттары жана ырым-жырымдары
  • Баланын төрөлүшү

Баланын төрөлүшү, ат тандоо, сүйүнчүлөө, жентек, бешикке салуу, кыркын чыгаруу, тушоо кесүү, мүчөл жаш жылдар

Өлкөнүн бардык аймактары
  • Үйлөнүү тою

Жуучу түшүрүү, сөйкө салуу, сүт акы, нике кыйуу, отко киргизүү

Өлкөнүн бардык аймактары
  • Көзү өткөндөрдү жашыруу, ашын өткөрүү

Бул мерчим бир нече этаптардан турат: сөөк коюу ырым-жырымдары – өлгөндүгү тууралуу кабар берүү – “кабар айтуу”, аза киймин кийүү – “кара кийүү”, ыйлоо – “өкүрүү”, конокторду тосуу жана жайгаштыруу – “конок алуу”, өлгөндү жуу – “сөөк жуу”, өлгөндү кепинге ороо – “кепиндөө”, өлгөндү узатуу – “узатуу”, өлгөнгө куран окуу – “жаназа окуу”, «сөөктү койуу», «топурак салуу».

Өлкөнүн бардык аймактары

Коюлгандан кийинки ырым-жырымдар – мүрзөдөн кайткан адамдардын өкүрүп келүүсү, өлгөндүн кийимдерин жана өздүк буюмдарын – мүчөлөрүн таркатып берүү (эгерде аял киши өлгөн болсо, анда жыртыш деп кездеменин кесиндисин таркатышкан) жана жалпы элге кара ашын өткөрүшкөн.

Өлкөнүн бардык аймактары

Өлгөндү эске салуу ырым-жырымдар мерчими – үчкүндүгүнөн, жетилигинен, кыркынан жана ашынан турат. Акыркы ырым-жырым менен өлгөнгө аза күтүү каадасы бүтөт.

Өлкөнүн бардык аймактары

Өлгөндү эске салууну акыркы күнү ашын берип, аза кийимин которуу ырым-жырымын өткөрүшкөн. Өлгөндүн жакын туугандары, аялы, кыздары кара түстөгү аза күтүү кийимдерин чечишкен.

Өлкөнүн бардык аймактары
  • Жаңы үйгө кирүү

Жањы үйгө киргенде жакын туугандары, достору жана тааныштары келишкен жана алар үй тиричилигине эң керектүү буюмдарды жана үй жандыктарын (көбүнчө – жылкы) тартуулашкан.

Өлкөнүн бардык аймактары
  • Табак тартуу

Конокторду сыйлоо. Табакты туура тартуу – бул өзүнчө искусство, каада-салтты жана сылыктыктын жана конок тосуунун жол-жоболорун билүүсүнүн көрсөткүчү болгон. Табак тартуу коноктун жаш өзгөчөлүктөрүнө жана коомдогу абалына туура келүүсү абзел.

Өлкөнүн бардык аймактары
  • Ооз тийүү

Конок тосуунун эскиден калган салты. Эгерде үйгө конок келсе, ал сөзсүз үйгө кирип бир чыны чай ичип же үй ээлери менен бирге тамактанып чыгуусу абзел.

Өлкөнүн бардык аймактары
  • Көрүндүк

Көрүү” деген сөздөн келип чыккан. Көрүндүктү биринчи жолу көрүп жаткан кыркы чыккан ымыркайга, келин же күйөө балага көрүүгө жакшылыкты ыроолоп беришкен.

Өлкөнүн бардык аймактары
V.

ЭЛДИК МУЗЫКА

  • Күү

Күүлүрдө комузда, кыл кыякта, чопо-чоордо, темир комузда, жыгач ооз комузда, обондорду сурнайда аткаруу. Программалык обонду аткаруу эњ белгилүүсү болуп саналат, себеби анда окуялар берилген. Алар салттуу аткарууларда берилип, кайырмалары ар башкача болгон. Обон киришүү менен башталып, андан кийин акырындык менен өнүгө берет. Алар сөздөрү жок, обондор өздөрү гана аткарылат.

Өлкөнүн бардык аймактары

Токтогул Сатылганов

Тоголок Молдо (Байымбек Абдрахманов)

Барпы Алыкулов ж.б.

1864-1933-жж.

1860-1942-жж.

1884-1949-жж.

  • Аспаптар менен аткарылуучу искусство

Музыкалык аспаптар: үйлөмө – чогойно, чоор, ышкырык чоор, чопо чоор, тулга чоор, кол чоор, сурнай, сыбызгы, керней, (башка түрлөрү – мүйүз керней, жезнай, чымылдак); урма барабандар жана жылаажындар - добулбас (добулбаш), доол, дап, добул, нагыра, чылдырман); кабак, кылдуу чертме комуз; смычоктуулар – кыл кыяк (кыяк, наама), тилдүүлөр - темир комуз (ооз комуз) жана анын түрү – ооз комуз; мындан тышкары – дирилдек, аса-муса, шылдырак, аса-таяк, коңгуроо, жылаажын, жекесан, зуулдак, жалбырак, быпылдак, ышкырык, чымылдак ж.б.

Өлкөнүн бардык аймактары

Ыбрай Туманов,

К.Орозов,

Ш.Шеркулов,

Ж.Шералиев ж.б.

VI. АЙТЫШ
  • Айтыш

Айтыш- Кыргыз элинин оозеки элдик чыгармачылыгынын жанры. Анын негизин поэзиянын оозеки импровизациясы “төкмө” түзөт жана ал кыргыз фольклорунун ядросу болуп эсептелет. Элдик импровизатор-акындардын чыгармачылыгы кыргыздардын вокалдык музыкасынын өзгөчө пластына кирет. Элде эң белгилүү акындар зор кадыр-баркка ээ болушкан, алардын искусствосу вокалдык жана поэтикалык чеберчиликти кошуп, чыгармачылык салттын мыкты жактарын көрсөткөн. Акындар өздөрүнүн чыгармачылыгын комуздун коштоосунда аткарышып, ага өзгөчө музыкалык кооздук жаратышат.

VII

БОЗ ҮЙ
  • Боз үй

Боз үй - көчмөн жана жарым көчмөн кыргыздардын салттуу турак-жайы болгон. Көптөгөн кылымдар бою пайдаланылып келе жаткан бул турак-жай улам жакшыртылып келген. Боз үй ылдам тигилет жана чечилет, ташууга жеңил жана ыңгайлуу. Бир жерден экинчи жерге көчкөндө анын жыгач конструкциялары (ууктары, керегелери жана босого-таяк, эшиктери), кийиздери (үзүктөрү жана туурдуктары), чийлери төөлөргө, аттарга, өгүз жана топоздорго жүктөлгөн. Боз үй жыгачтан (талдан) жана кийизден жасалып, формасы тегерек болот. Функционалдык жактан боз үй аял жагы-эпчи жак жана эркек жагы-эр жак болуп экиге бөлүнөт. Боз үй сырт жагынан ак кийизден жасалган, атайын үзүк жна туурдук менен жабылат. Алар жазы боолор менен бир канча жеринен бастырылып бекитилет, ич жагы чырмалган чий, килемдер, саймалар менен жасалгаланып, ат жана аскер жабдыктары илинет.

IX

МҮНҮШКӨРЛҮК

X

СЫМБАТТОО (Косметология)

XI

Тамак- аш даярдоо

XII

ОЙМО-ЧИЙМЕЛЕР

XIII

ЭЛДИК МЕДИЦИНА

  • Дарыгерчилик

Табыпчылык

Kyrgyz people intangible heritage