Кыргыз Республикасынын Эл артисти Нуржамал Табалдиева 50 жыл бир сахнада эмгектенди.

07.10.2019

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Нуржамал Табалдиева 50 жыл бир сахнада эмгектенди.
 

2019-жылдын 10-октябрында Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Эл артисти Нуржамал Табалдиеванын сахнадагы 50 жылдык “Жазым келчи” аталышындагы мааракеси белгиленет.

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Нуржамал Табалдиева Б. Бейшеналиева атындагы КМИИнин маданий-агартуу факультетин бүтүргөн.

Ал 1969-жылдан тартып ушул күнгө чейин Т. Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында эмгектенип келет. Ал кең диапазондуу коңур үнү менен көптөгөн ырларды аткарып, Кыргыз Республикасынын атынан Япония, Швеция, Швейцария, Бельгия, Франция, Тунис, Вьетнам, Камбожа, Лаос ж. б. өлкөлөрдө гастролдо болуп, кыргыз маданиятынын таанылуусуна зор салымын кошкон.

Айрыкча ал залкар ырчылардын ичинен эл артисти Мыскал Өмүрканованын үнүн, аткаруучулук чеберчилигин, ырдаган ырларын жактырып “эжедей ырчы болсом” – деп, айтылуу ырчынын ырдоосундагы Бектемир Эгинчиевдин “Алымканы” баштаган элдик ырлар “Кызыл гүл”, “Жүрөгүмдөн”, Токтосун Тыныбековдун “Катка жооп”, “Гүлжан”, Осмонкул Бөлөкбаевдин “Таалайлуу элдин бир кызы” аттуу ырларын өзгөчө аткарып келгендиги менен белгилүү.

Нуржамал Табалдиева Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Орто-Суу айылында 1952 – жылы туулган. Учурда эл артисти 67 жашта.

Салтанаттуу иш- чара 2019- жылдын 10 -октябрында саат 18:30да башталат.

News

26- октябрда Баткен облусунда Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы белгиленет.

More

“Белестеги беш ыргайды......” белгилүү кылган Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти Абдыкалый Темиров эскерилет.

More

Замминистра культуры: «Перед мигрантами остро стоят проблемы сохранения родного языка и культуры»

More

VII Форум молодого кино «Умут»  стран СНГ «Умут», посвящен юбилею  знаменитого кыргызского киноактера  Суйменкула Чокморова.

More

Минкультуры: “В приграничных селах Баткенской области обновлены книжные фонды местных библиотек”

More

В Национальной библиотеке Кыргызской Республики имени Алыкула Осмонова состоялась научно-практическая Конференция

More

Министр культуры Азамат Жаманкулов посетил Бишкекское хореографическое училище им. Ч. Базарбаева.

More

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Нуржамал Табалдиева 50 жыл бир сахнада эмгектенди.

More

Ош шаарында мамлекеттик органдар, массалык маалымат каражаттары жана эл аралык уюмдар арасындагы кызматташуу талкууланып жатат.

More

Персональная выставка Абдысадыра Турусбекова

More