Кыргызстанда 27 - сентябрь Дүйнөлүк туризм күнүндө "Kyrgyz Tourism Awards" сыйлыгы тапшырылды.

29.09.2019

Кыргызстанда 27 - сентябрь Дүйнөлүк туризм күнүндө "Kyrgyz Tourism Awards" сыйлыгы тапшырылды.

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын кичи залында “Дүйнөлүк туризм күнүн” утурлай, "Kyrgyz Tourism Awards" улуттук сыйлыгы тапшыруу аземи жалпы коомчулуктун катышуусу менен өттү.

Аталган сынак Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаменти тарабынан жарыяланып, туризм тармагынын мыктыларды аныктайт. Сынак Кыргыз Республикасынын туристтик чөйрөсүндө жетишкендиктерди жана мыкты тажрыйбаларды жайылтуу, Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү жана алдыга жылдыруу, тармактагы ийгиликтүү долбоорлорго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарга жана жарандык коомго, ошондой эле туристтик чөйрөдөгү кызматкерлерге тейлөө кызматынын сапатын жакшыртуу үчүн түрткү берүү максатын көздөп, республиканын туризм жаатындагы имиджин алдыга жылдыруу менен, ал тармакты популяризациялоо жана өлкөгө инвестиция тартуусуна өбөлгө түзүү болуп эсептелет.

Жеңүүчүлөр:

* Кыргыз өлкөсүндөгү туризмдин түрлөрү боюнча мыкты инновациялык долбоор- “Amadeus Airport Lounge” долбоору.

* Окуялуу туризм боюнча мыкты долбоор – салтуу маданият жана кол өрчүлөрдүн “Оймо” эл аралык фестивалы, Эл аралык “Салбуурун” фестивалы жана алгыр куштардын «Birds of prey Festival»

*Кыргыз Республикасындагы мыкты туристтик компания- “Аксай тревел” туристик компаниясы.

*Мыкты конок үйү- “Жамиля”, “Рахат” жана “Ашуу” конок үйлөрү.

*Кыргыз Республикасындагы мыкты мейманкана – “Амбассадор”, “HyattRegencyBishkek”жана “Солютель” мейманканалары.

*Туризм тармагындагы мыкты интернет долбоор – Ысык- Көл облусу, Каракол шаарынын туристик потенциалын көтөрүүчү «Visit Karakol» долбору, “Tenti.kg» «Kettir.kg » туристтик сайттары.

Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүү боюнча мыкты долбоор- Агротуристик “Кызыл Таш” фермасы.

*Туризмди өнүктүрүү боюнча Кыргыздагы мыкты дипломатиялык өкүлчүлүк – Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилиги, Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмирлигиндеги Элчилиги, Абу- Даби шаары жана Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмирлигиндеги башкы консулдугу, Дубай шаары.

*Туризм багыты боюнча билим берген мыкты окуу жай- Кыргыз- Түрк Манас университети, М. Рыскулбеков атындыгы Кыргыз Экономикалык университети жана Туризм академиясы.

*Кыргыз өлкөсүндөгү туризмди өнүктүрүү боюнча мыкты аймак – “Жыргалаң”, Ысык – Көл облусу, Тоң айыл аймагы жана Ысык- Көлдүн түндүк жээк этно комплекси.

*Туризмдин өнүгүшүнө салым кошкон мыкты массалык маалымат каражаты- Чүй облустук “СТВ” телерадиокомпаниясынын “Саякат” программасы, “Спутник Кыргызстан” радиосунун “Таңкы эфир” радиопрограммасы жана Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Биринчи радиосу.

*Кыргыз Республикасынын мыкты гиди- Сапаров Нурбек Сапарович, Калмыков Александр Алексеевич жана Жумашев Азамат Болотбекович.

*Мыкты фотограф жана видеограф – ZaferDincer, Илгиз –Шернияз Турсунбек уулу жана Ушаков Владислав Александрович.

*Мыкты курорттук мекеме- “JannatResort”мейманкансы, “Көгүлтүр Ысык- Көл” жана “Ысык- Көл Аврора” санаторийлери.

*Мыкты боз үй шаарчасы – “Nomads Dream”, «Nomad Lodge Issyk- Kul» жана «Каркыра» боз й шаарчаларынын ээлери жана туризм тармагына салымын кошуп жүргөн бир катар туристик операторлор ардак грамоталар жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

"Kyrgyz Tourism Awards" сыйлыгы өлкөдөгү туризмдин сапатын жакшыртуу жана туризм тармагында эмгектенгендерге стимул берүү максатын көздөп келет.

News

26- октябрда Баткен облусунда Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы белгиленет.

More

“Белестеги беш ыргайды......” белгилүү кылган Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти Абдыкалый Темиров эскерилет.

More

Замминистра культуры: «Перед мигрантами остро стоят проблемы сохранения родного языка и культуры»

More

VII Форум молодого кино «Умут»  стран СНГ «Умут», посвящен юбилею  знаменитого кыргызского киноактера  Суйменкула Чокморова.

More

Минкультуры: “В приграничных селах Баткенской области обновлены книжные фонды местных библиотек”

More

В Национальной библиотеке Кыргызской Республики имени Алыкула Осмонова состоялась научно-практическая Конференция

More

Министр культуры Азамат Жаманкулов посетил Бишкекское хореографическое училище им. Ч. Базарбаева.

More

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Нуржамал Табалдиева 50 жыл бир сахнада эмгектенди.

More

Ош шаарында мамлекеттик органдар, массалык маалымат каражаттары жана эл аралык уюмдар арасындагы кызматташуу талкууланып жатат.

More

Персональная выставка Абдысадыра Турусбекова

More