Кызматташуу боюнча кыргыз-сауд биргелешкен комитетинин 2-жыйынынын Протоколуна кол коюлду

21.10.2019

Кызматташуу боюнча кыргыз-сауд биргелешкен комитетинин 2-жыйынынын Протоколуна кол коюлду

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын жана Сауд Аравия Королдугунун ортосунда Кызматташуу боюнча кыргыз-сауд биргелешкен комитетинин 2-жыйыны өттү.

Комитеттин кыргыз тарабын Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов, сауд тарапты – Сауд Аравия Королдугунун курчап турган чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министри Абдурахман бин Абдуль-Мухсин Аль-Фадли жетектеди.

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жыйынды ачып жатып, өлкөлөр ортосундагы көп жактуу кызматташтыкты активдештирүүгө кыргыз тараптын кызыкдарлыгын билдирди.

«Акыркы жылдары товар жүгүртүү көлөмүнүн өсүшүнүн оң тенденциясы байкалууда. Бирок, эки тараптуу сооданын көлөмү биздин өлкөлөрдүн экономикалык потенциалына жооп бербейт. Ошондуктан, мындан ары да кызматташууну өнүктүрүү жана тереңдетүү максатында, Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравиясынын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди кеңейтүү үчүн кошумча күч-аракеттерди жумшоо зарыл», – деди ал.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баса белгилегендей, учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан инвестициялык климатты, жеке секторду жакшыртууга, администрациялык чектөөлөрдү четтетүүгө, инвесторлор үчүн тоскоолдуктарды кыскартууга жана ишкердикти жөнгө салуучу мыйзамдарды жакшыртууга чоң көңүл бурулууда.

«Сауд Аравия Королдугунун ишкерлери үчүн салыктык жана бажылык жеңилдиктер режиминде иштеген «Бишкек» эркин экономикалык аймагы кызык жаратат. Электр энергиясынын төмөн баасы жана бай суу ресурстары өндүрүштү жөнгө салууга өбөлгө берет. Аны менен бирге кыргыз тарап кыргыз-сауд инвестициялык форумун өткөрүүнү колдойт», – деп ишендирди ал.

Өз кезегинде Сауд Аравия Королдугунун курчап турган чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министри Абдурахман бин Абдуль-Мухсин Аль-Фадли эки өлкөнүн ортосундагы мындан аркы кызматташтыктын зор мүмкүндүктөрүн белгиледи.

«Биз эки өлкөнүн ортосундагы ар түрдүү багыттардагы кызматташтыкты кеңейтүүгө жана активдештирүүгө даярбыз. Эки жактуу макулдашууларды натыйжалуу ишке ашыруу үчүн биздин өлкөлөрдүн тиешелүү мамлекеттик органдары биргелешип иш алып барууга тийиш», – деп белгиледи Абдурахман бин Абдуль-Мухсин Аль-Фадли жана Сауд Аравия Королдугунда өлкөбүздүн туристтик мүмкүндүктөрүн тааныштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын туризми жана инфраструктурасы боюнча көргөзмө өткөрүүнү сунуштады.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалы жана Кыргыз Республикасында ислам банкын түзүү боюнча долбоор тааныштырылды.

Тараптар жыйында экономика, соода, инвестиция, айыл чарбасы, энергетика, илим жана билим, туризм жана маданият, адал-индустриясы тармактары боюнча маселелердин кеңири курамын карашты.

Эки жак дрофа кушун көбөйтүү, мал чарбачылыгы жана малдын породаларын жакшыртуу стратегиясы боюнча кызматташуу жана тажрыйба алмашуу, ирригациялык долбоорлор, сугаруунун заманбап ыкмалары жана тажрыйбасы менен таанышуу үчүн сапар алмашуу жөнүндө макулдашышты.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча Биргелешкен өкмөттүк комитеттин проколуна кол коюлду.

News

Республикалык эң мыкты обондуу ырлар боюнча сынак жыйынтыкталды.

More

Вакансия

More

В Кыргызстан прибыла Комиссия Всемирного Ремесленного Совета по оценке на получение статуса «Город мастеров» для двух областей Кыргызстана.

More

Кызматташуу боюнча кыргыз-сауд биргелешкен комитетинин 2-жыйынынын Протоколуна кол коюлду

More

В Национальной филармонии имени Т.Сатылганова завершился международный конкурс исполнителей русского романса «Среднеазиатская Романсиада».

More

Министерство культуры информации и туризма КР совместно с JICA договорились что объекты проекта “Одно село, один продукт” станет объектами туризма, которые будет посещать туристы.

More

26- октябрда Баткен облусунда Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы белгиленет.

More

“Белестеги беш ыргайды......” белгилүү кылган Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти Абдыкалый Темиров эскерилет.

More

Замминистра культуры: «Перед мигрантами остро стоят проблемы сохранения родного языка и культуры»

More

VII Форум молодого кино «Умут»  стран СНГ «Умут», посвящен юбилею  знаменитого кыргызского киноактера  Суйменкула Чокморова.

More