СССРдин эл артисти Калый Молдобасановдун 90 жылдыгы белгиленди

29.09.2019

СССРдин эл артисти Калый Молдобасановдун 90 жылдыгы белгиленди

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында СССРдин, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Социалистик эмгектин баатыры, композитор жана дирижёр Калый Молдобасановдун 90 жылдыгы саланаттуу белгиленди.
Бул даңазалуу композитордун тагдыры өнөр династиясынан келгендей туюлат. Кыргызда "аккан арыктан суу агат" деген накыл сөздүн төркүнү чындык. Калый аганын атасы кыргыз оозеки адабиятындагы алптардын бири, чоң манасчы, Кыргызстандын эл артисти Молдобасан Мусулманкулов болгон.

Жалпысынан алганда Молдобасановдун симфониялык бийлери, сюиталары ондогон аспаптык пьесалары жана көптөгөн вокалдык чыгармалары бар. Ал элдик обон-күүлөрдү иштеп чыккан, эл аспаптар оркестри үчүн оригиналдуу чыгармаларды жараткан. Балдарга арналган ырлары жана аспаптык чыгармалары да арбын. Бул эмгектер үчүн СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болуп, Кыргыз ССР Жогорку Советинин үч жолку депутаты, СССР эл депутаты болуп шайланган. Мындан тышкары, Ленин, Эмгек Кызыл Туу, "Ардак Белгиси", 3-даражадагы "Манас" ордендери жана медалдар менен сыйланган. Учурда анын ысымы Кыргыз Улуттук консерваторияга ыйгарылган.

Калый Молдобасанов 1929-жылы Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Терек айылында туулуп, 2006- жылы 77 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Эске салсак, Филармонядагы салтанаттуу иш- чарага чейин, 28- сентябрда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана министрликке караштуу бардык маданият мекемелеринин жетекчилери, кесиптештери, туугандарынын катышуусу менен "Ала – Арча" көрүстөнүндө болуп, маркумдун эстелигине гүл чамбар коюп, куран окутушту.

News

26- октябрда Баткен облусунда Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы белгиленет.

More

“Белестеги беш ыргайды......” белгилүү кылган Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти Абдыкалый Темиров эскерилет.

More

Замминистра культуры: «Перед мигрантами остро стоят проблемы сохранения родного языка и культуры»

More

VII Форум молодого кино «Умут»  стран СНГ «Умут», посвящен юбилею  знаменитого кыргызского киноактера  Суйменкула Чокморова.

More

Минкультуры: “В приграничных селах Баткенской области обновлены книжные фонды местных библиотек”

More

В Национальной библиотеке Кыргызской Республики имени Алыкула Осмонова состоялась научно-практическая Конференция

More

Министр культуры Азамат Жаманкулов посетил Бишкекское хореографическое училище им. Ч. Базарбаева.

More

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Нуржамал Табалдиева 50 жыл бир сахнада эмгектенди.

More

Ош шаарында мамлекеттик органдар, массалык маалымат каражаттары жана эл аралык уюмдар арасындагы кызматташуу талкууланып жатат.

More

Персональная выставка Абдысадыра Турусбекова

More