Ысык- Көлдө китепканачылардын эл аралык 20- конференциясы өз ишин баштады.

02.10.2019

Ысык- Көлдө китепканачылардын эл аралык 20- конференциясы өз ишин баштады.

20 - жолу өтүп жаткан конференциянын 2019- жылдагы темасы: «Билим берүү, маданият, илим жана бизнести өнүктүрүү үчүн санариптик чөйрөнү түзүү” темасына арналды.

Иш- чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков катышып жатат.

Эл аралык китепканачылардын “Китепкана жана коомду демократиялаштыруу” конференциясы Борборук Азиядагы китепканачылардын жашоосундагы өтө маанилүү окуя болуп эсептелет. 20 жыл бою үзгүлтүксүз өтүп келген конференция Борбор Азия чөлкөмүндөгү китепкана адистерин көңүлүн буруучу негизги иш- чара болуп келүүдө.
Адистер конференциянын алкагында өз ара тажрыйба алмашуу менен гана эмес, кызыктуу идеяларды жана өз ишмердүүлүгүн ишке ашыруу үчүн жаңы инновацияларды киргизүүнү жана жамааттык көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылып келишет. Бул конференцияга Кыргызстандын аймагындагы китепканачылардын катышуусу КМШ жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген кесиптештеринин ишмердүүлүгү жана тажрыйбасы менен таанышууга, бул тармакта жаңы билимдерди алууга, аны өзүнүн ишмердүүлүгүнө колдонууга жакшы шарт түзөт.

Учурда конференцияга Россия, Германия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Азербайжан мамлекеттеринин өкүлдөрү катышууда.
Конференциянын алкагында “Электрондук китепкана, электрондук коллекциялар жана фондорду санариптөө”, “Китепканалардын заманбап үлгүлөрү жана өнүгүү стратегиялары”, “Автордук укук жана маалыматка ачык жетүү”, “Өнүгүүнүн инновациялык үлгүлөрү: Китепкана – чыгармачылыктын жана көңүл ачуунун очогу”, “Маданий мурастарды сактоо көйгөйлөрү”, “Бирдиктүү маалымат мейкиндигинде китепканалардын ролу жана орду”, “Заманбап китепканада, заманбап жаштар”, “Заманбап коомдо китеп окуунун ролу”, “Китепканалардын фондун түзүүдө китеп өндүрүүчүлөрдүн ролу” сыяктуу тегерек столдор, секциялар жана бет ачаарлар 5- октябрга чейин уланат.
Белгилей кетсек, буга чейин өткөн конференцияларда Россия, Америка, Франция, Венгрия, Түркия, Германия, Индия, Монголия, Украина, Белоруссия, Армения, Литва, Казакстан, Өзбекстан, жана Түркмөнстандан китепкана кызматкерлери катышкан.
Учурда аталган конференцияга 200гө жакын китепкана адистери жана жетекчилер катышып жатат.

News

26- октябрда Баткен облусунда Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы белгиленет.

More

“Белестеги беш ыргайды......” белгилүү кылган Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти Абдыкалый Темиров эскерилет.

More

Замминистра культуры: «Перед мигрантами остро стоят проблемы сохранения родного языка и культуры»

More

VII Форум молодого кино «Умут»  стран СНГ «Умут», посвящен юбилею  знаменитого кыргызского киноактера  Суйменкула Чокморова.

More

Минкультуры: “В приграничных селах Баткенской области обновлены книжные фонды местных библиотек”

More

В Национальной библиотеке Кыргызской Республики имени Алыкула Осмонова состоялась научно-практическая Конференция

More

Министр культуры Азамат Жаманкулов посетил Бишкекское хореографическое училище им. Ч. Базарбаева.

More

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Нуржамал Табалдиева 50 жыл бир сахнада эмгектенди.

More

Ош шаарында мамлекеттик органдар, массалык маалымат каражаттары жана эл аралык уюмдар арасындагы кызматташуу талкууланып жатат.

More

Персональная выставка Абдысадыра Турусбекова

More