Logo Logo
Спектаклдерге категория берилет

 30/01/2016    0 Comments

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде театрлардын деңгээлин көтөрүү максатында өткөн кезектеги жыйында айтылды. 
Жыйынга Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин төрагасы Садык Шер-Нияз КР маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов ошондой эле театр, оюн зоок мекемелердин жетекчилери катышты.
Жыйында буга чейин талкуу болгон Спектаклдерге категория берүү демилгеси талкуга алынып, КР Мадания, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан иштелип чыккан жобону кароо болду.
Жободо, Көркөм Эксперттик комиссияны түзүү жана алардын милдеттери, укуктары, аткара турган иштери көрсөтүлгөн. 
Алты пункттан турган жобонун ар бирине кылдат токтолуп, талкуулаган соң, айрым пунктарга өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү сунушталды. 
Ошондой эле Садык Шер-Нияз мыкты театрды аныктоо программасын иштеп чыгып, жыйындын катышуучуларына сунуштады. Бардык мүмкүнчүлүктөр эске алынып, иштелип чыккан бул программанын эсептөө механизми адилет болот деген ишеним менен катышуучулар программаны кабыл алууну сунуштады.

Комментарии (0) Комент

оставить комментарий

Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтери

Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин УЛУТТУК ТИЗМЕГИ
КЕНЕНИРЭЭК
№29 "Көк бөрү" же "улак тартыш"
КЕНЕНИРЭЭК
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
КЕНЕНИРЭЭК
Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин классификациясы жөнүндө ЖОБО
КЕНЕНИРЭЭК

Конкурстар

Байланыш

Тогуздун айынын 2017
ПнВтСрЧтПтСбВс
      
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
     

Соц сети