Logo Logo
САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ

 12/02/2016    0 Comments

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов. Г. Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм-сүрөт музейиндеги Иран өнөрпоз айымдарынын живопись миниатюра, жыгачтан сөлөкөттөрдү жасоо боюнча көркөм-өнөр көргөзсмөсүнүн ачылышында сөз сүйлөп, эки элдин маданий байланышын түзгөн иш чарага ийгилик каалады.

10-февралда Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрында 
“САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ” спектаклинин бет ачары болду. 
Премьерага Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин төрагасы Садык Шер-Нияз. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов жана театр ишмерлери да чакырылган.

“Саманчынын жолу” КУАДТнын акыркы кездеги креативдүү коюлган спектакли. Жашоо үчүн болгон күрөштөгү жөнөкөй адамдардын эрдиги, каармандыгы, рух дүйнөсүнүн бийиктиги, акылмандыгы, чыгарманы поэтикалык, философиялуу притчага айланткан. Адам рухунун жеңилбестигин, түбөлүктүүлүгүн, кыш артынан дайым жаз келээрин, дайым жакшылык жеңип тураарын даңазалоонун символу болгон чыгармадан алынып коюлган. Улуу жазуучубуз ынгыз Айтматовдун бул чыгармасы мурда да коюлуп келген болсо да, бул жаңы коюлушунда бир топ жаңычыл жактары, көркөм жасалгаларынын эффективдүүлүгү менен айырмаланат.

Автору – Чынгыз Айтматов. Койгон режиссер – Марат Козукеев. 
Сүрөтчү коюучу – Алымгазы Конушбаев. 
Костюм сүрөтчүсү – Мадина Тапаева.
Жанр - драма

Ролдордо: Толгонай – А.Сыдыгалиева. Жер Эне – А.Назаркулова, А.Осмонова. Субанкул – Н.Салидинов. Касым – А.Мурадилаев, Ж.Касейинов. Майсалбев – Д.Жанжигитов, А.Качкынбаев. Жайнак – А.Болорбек уулу, А.Осмоналиев. Алиман – А.Кыйыкбаева, Р.Орозова. Бекташ – К.Атакан уулу, Д.Байгожоев. Айша – Р.Орозова. Толгонайдын жаш кези – Н.Абдыкадырова. Субанкулдун жаш кези – Б.Шаршенбаев. Көпчүлүк сахнада – М.Асанбекова, Д.Байгожоев, К.Атакан уулу.

Спектакль 10-11-12-февраль күндорү көрсөтүлөт. Башталышы.18-00

Комментарии (0) Комент

оставить комментарий

Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтери

Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин УЛУТТУК ТИЗМЕГИ
КЕНЕНИРЭЭК
№29 "Көк бөрү" же "улак тартыш"
КЕНЕНИРЭЭК
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
КЕНЕНИРЭЭК
Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин классификациясы жөнүндө ЖОБО
КЕНЕНИРЭЭК

Конкурстар

Байланыш

Тогуздун айынын 2017
ПнВтСрЧтПтСбВс
      
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
     

Соц сети