Logo Logo
Драмалар Конкурсунун жобосу

 29/02/2016    0 Comments

БЕКИТЕМ:

Кыргыз Республикасынын маданият

маалымат жана туризм министри

 

_________________ А.А.МАКСУТОВ

      

“______”  _________  2016 Ж.

 

 

УЛУУ ҮРКҮНГӨ АРНАЛГАН ДРАМАЛАРДЫН РЕСПУБЛИКАЛЫК КОНКУРСУНУН  Ж О Б О С У

        

1.Кыргыз Республикасынын маданият маалымат жана туризм министрлигиКыргыз элинин ХХ кылымдын ичинде башынан өткөргөн эң бир трагедиялуу таржымалдарынын бири болгон 1916-жыдагы Улуу Үркүндүн 100 жылдыгын, эгемендүүлүк доорунда түзүлгөн   тарыхый шартка жараша кайрадан терең талдоодон  өткөргөн,  улуттук бул катастрофанын чыгышына совет доорундагыдай бир жактуу эмес, жаңы объектидүү көз карашты калыптандырууга салым кошо турган драмалардын конкурсун жарыялайт.

2.Конкурска Улуу Үркүндүн окуяларын советтик тарыхчылардын стандартташып калган идеологиялык интерпретациянын стереотибинин негизинде эмес, СССР кулагандан кийинки мезгилдеги постсоветтик окумуштуулардын ар тараптуу ой жүгүртүүсүнөн, талдоосунан өткөн, алардын объективдүү тарыхый иликтөөлөрүнө таянган, жаңыча көз караштагы,   жаңы жазылган гана оригиналдуу, көркөмдүк деңгээли жогору пьесалар катышат.

3.Кыргыз жана орус элин бир тараптуу каралаган, же басмырлаган, падышалык Россиянын саясатын негизсиз бир жактуу жамандааган, ошонун негизинде азыркы Россия Фелерациясына доо койгон, улут аралык жаңжалдын чыгышына себепкер боло турган, ашкере улутчулдук позициядан жазылган драмалар конкурска катыштырылбайт.

4.Советтик доордон бери кыргыз элине китеп түрүндө, же сахна аркылуу да белгилүү болгон драмалар жана алардын кайрадан иштелип чыккан варианттары да, ошондой эле конкус жарыяланга чейин театрларга коюлуп  кеткен пьесалар сынакка катыша албайт.

5.Конкурска пьесаларды кабыл алуу жарыялаган күндөн тартып, 2016-жылдын 1-апрелине  чейин жүргүзүлөт.

6.Кокурска катышуучу пьесалар кыргыз, же орус тилинде жазылып, электрондук варианттын гана негизинде, автору, дареги  жана контакттык маалыматтары так көрсөтүлүп 2016-жылдын 1-апрелине чейин КР маданият, маалымат жана туризм министрлигинин сайтына жиберилет.

7. 2016-жылдын 1-апрелине чейин КР маданият, маалымат жана туризм министрлигинин сайтына түшкөн пьесалар гана атайын түзүлгөн конкурстук комиссияга сунушталат, ал эми аталган мөөнөттөн кечиккен, же башкача формаларда сунушталган  драмалар конкурстук комиссияга берилбейт.

8.Конкурска түшкөн пьесалардын ичинен конкурстук комиссия,       2016-жылдын 10-апрелине чейин, ушул жобонун 1-, 2-, 3-, 4-,5-,6-, 7- пункттарына ылайык келген  алты драманы тандап  алып, чечим чыгарып, КР маданият, маалымат жана туризм министрлигине сунуштайт.

9.Конкурстук комиссия тарабынан тандалган драмалардын аттары жана авторлору КР маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан 2016-жылдын 10-мартында КР маданият, маалымат жана туризм министрлигинин сайтына чыгарылып жана  республикалык электрондук массалык-маалымат каражаттары аркылуу жарыя кылынат.

10.КР маданият, маалымат жана туризм министрлиги УлууҮркүндүн иш-чараларын театр жаатында өткөрүү боюнча каралган республикалык сметага ылайык тандалып алынган пьесалардын авторлоруна сыйлык акысы менен кошо 2014-жылы КР маданият, маалымат жана туризм министрлиги бекиткен жаңы ставканын негизинде калем акысын 2016-жылдын апрель айы ичинде  толук төлөп, сатып алып, андан соң дароо эле, 1916-жылдын              апрель айынан кечиктирилбестен  сахналаштырууга республикалык театрларды  милдеттендирет.

 

Сурап-билүүчү даректер жана телефондор:

- e-mail: iskusstvo_art@mail.ru

- +996 (312) 661128, +996 (312) 623497.

 

 

Комментарии (0) Комент

оставить комментарий

Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтери

Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин УЛУТТУК ТИЗМЕГИ
КЕНЕНИРЭЭК
№29 "Көк бөрү" же "улак тартыш"
КЕНЕНИРЭЭК
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
КЕНЕНИРЭЭК
Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин классификациясы жөнүндө ЖОБО
КЕНЕНИРЭЭК

Конкурстар

Байланыш

Үчтүн айынын 2017
ПнВтСрЧтПтСбВс
      
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
     

Соц сети