Logo Logo
“Дебют” конкурсунун жобосу

 29/02/2016    0 Comments

1-тиркеме

КР Маданият, маалымат жана

туризм министринин

2016-ж. «___»____________

№____буйругуна

 

Жаш жазуучулардын мамлекеттик тилде көркөм чыгармаларын жыл сайын “Дебют”  сериясынан чыгаруу үчүн  республикалык конкурстун ЖОБОсу

 

I. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 02.06.2014-ж.  №119 “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндө” Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги №151-б буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасында 2015-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын аткаруу боюнча иш-чаралардын планына”    ылайык КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги КР Жазуучулар союзу менен биргеликте жаш жазуучулардын мамлекеттик тилде көркөм чыгармаларын жыл сайын “Дебют”  сериясынан чыгаруу үчүн  конкурс жарыялайт.

2. Конкурстун максаты – мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, жаш жазуучулардын өзгөчө  жогорку адабий көркөмдүктө жазылган чыгармаларын жайылтуу;

- жаштар адабиятына окурмандардын жана коомчулуктун кызыгуусун арттыруу;

- кыргыз адабиятынын деңгээлин, анын коомдун жана инсандын өнүгүүсүндөгү социалдык таасирин көтөрүү.

3. Жобо республикалык сынакты өткөрүү шарттарын жана тартибин аныктайт.

 

II. Конкурска катышуунун тартиби

  1. Конкурска 35 жашка чейинки жаш жазуучулардын кыргыз тилинде жазылган чыгармалары кабыл алынат.
  2. Чыгармаларды конкурска алардын авторлору (же биргеликте жазган адам), жергиликтүү же республикалык адабий журналдар, адабий басмаканалар бере алышат. Чыгармалар konkursmincult.kr@mail.ru электрондук дарегине же почта байланышынын операторлору аркылуу үч нускада КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигине төмөндөгү дарекке жиберилиши керек: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Пушкин көч., 78,  “Жаш жазуучулардын мамлекеттик тилде көркөм чыгармаларынын конкурсуна” деп көрсөтүү менен жиберилет. Чыгармалар автор жөнүндө маалыматтар жазылган (паспортунун даректери, туулган жылы жана айы, жашаган жери, байланыш телефону же E-mail, ИНН), чыгарманын аннотациясы жана эгер чыгарма боюнча прессага чыккан ой-пикирлер болсо алар менен кошо берилет.
  3. Конкурска классикалык формадагы роман, повесть, аңгеме, эсселер кабыл алынат жана көлөмү 100 барактан ашпашы (14-өлчөмдөгү Times New Roman шрифти менен жазылып, саптардын арасындагы интервал 1,5) керек.
  4. Автордун аты, жөнү, туулган жылы көрсөтүлбөгөн каттар Уюштуруу комитети тарабынан каралбайт.
  5. Конкурска:

- кол жазма түрүндөгү;

- бул Жободогу конкурстун шартына туура келбеген чыгармалар кабыл алынбайт.

  1. Конкурска катышкан бардык чыгармалар каттоо номерин алышат.
    1.  Чыгармалар кайтарылбайт, ички рецензиялар авторлорго билдирилбейт.

III. Конкурсту өткөрүү мөөнөтү

  1. Чыгармалар  2016-жылдын 25-январынан 2016-жылдын 24-июнуна чейин кабыл алынат.
  2. 2016-жылдын 27-июнунан  11-июлуна чейин конкурстун жыйынтыгы чыгарылат.
  3. Жаш жазуучулардын мамлекеттик тилде көркөм чыгармаларын жыл сайын “Дебют”  сериясынан чыгаруу боюнча  конкурс жөнүндө бардык маалымат www.minculture.gov.kg сайтына жайгаштырылат.

 

IV. Конкурсту уюштуруу

  1. Конкурсту өткөрүү  үчүн иш чараларды тескеген уюштуруу комитети түзүлөт.
  2. Уюштуруу комитетин төрага жетектейт. Төрага жок учурда уюштуруу комитетинин ишмердүүлүгүн  жетектөөнү төраганын орун басары жүргүзөт. Төрага (төраганын орун басары) уюштуруу комитетинин ишмердүүлүгүнө жалпы жетекчилик кылат, зарыл документтерге кол коёт.
  3. Конкурска келип түшкөн адабий көркөм чыгармаларды ар тараптуу жана мүмкүн болушунча объективдүү баалоо максатында уюштуруу комитети кесипкөй калыстар тобун түзөт.
    1. Уюштуруу комитетинин милдеттери:

-       иштерди конкурска кабыл алуу жана аны калыстар тобуна өткөрүп берүү;

-         калыстар тобунун ишин камсыз кылуу;

V. Конкурстун калыстар тобу

  1. Калыстар тобун төрага жетектейт.Төрага жок учурда калыстар тобунун  ишмердүүлүгүн  жетектөөнү төраганын орун басары жүргүзөт. Төрага (төраганын орун басары) калыстар тобунун  ишмердүүлүгүнө жалпы жетекчилик кылат, зарыл документтерге кол коёт, калыстар тобуна жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчиликти тартат.
    1. Калыстар тобунун милдеттери:

-         конкурска түшкөн жумуштарды баалоо жана чечим чыгаруу.

VI. Автордук укуктар

  1. Авторлор конкурска коюлган иштери  үчүн жооптуу болушат.
  2. Автордук укугу бузулгандыгы тууралуу үчүнчү жактан же мекемелерден доомат же арыз түшкөн учурда адабий чыгарма конкурска андан ары катышуудан четтелет.

VII. Конкурстун жыйынтыгын чыгаруу

1.  Калыстар тобу добуш берүү жолу менен орундарды аныкташат. Эгер калыстар тобунун жарымынан көбү добуш берсе, калыстар тобунун чечими кабыл алынды деп саналат.

2.  Калыстар тобунун кабыл алган чечими акыркы бүтүм болуп саналат жана кайра кароого жатпайт.

3. Конкурстун жыйынтыгында орунга илинген жаш жазуучулардын чыгармалары өзүнчө китеп болуп,   “Дебют”  сериясынан басып чыгаруу үчүн  сунушталат.

 

 

 

Комментарии (0) Комент

оставить комментарий

Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтери

Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин УЛУТТУК ТИЗМЕГИ
КЕНЕНИРЭЭК
№29 "Көк бөрү" же "улак тартыш"
КЕНЕНИРЭЭК
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
КЕНЕНИРЭЭК
Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин классификациясы жөнүндө ЖОБО
КЕНЕНИРЭЭК

Конкурстар

Байланыш

Тогуздун айынын 2017
ПнВтСрЧтПтСбВс
      
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
     

Соц сети