Logo Logo
  • «Эң мыкты клуб», «Эң начар клуб» аттуу Республикалык кароо-сынагын өткөрүү жөнүндө
«Эң мыкты клуб», «Эң начар клуб» аттуу Республикалык кароо-сынагын өткөрүү жөнүндө

 26/09/2016    0 Comments

«Эң мыкты клуб», «Эң начар клуб» аттуу Республикалык кароо-сынагын өткөрүү жөнүндө

Элибиздин руханий керектөөсүн, муктаждыгы менен эстетикалык мүдөөсүн канаттандырылбаган жана жалпы мадани эс алуу иш-чараларын уюштуруучу клуб мекемелеринин начар абалын көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги «Эң начар клуб» аттуу республикалык кароо-сынагын өткөрөт.

Маданият жана искусство тармагын өнүктүрүү, салттуу мурастарыбызды сактоо менен маданият мекемелеринин материалдык-техникалык базаларын жакшыртуу максатында буйрук кылам «Эң начар клуб», «Эң начар китепкана» аттуу Республикалык кароо-сынагы 2016-жылы 25-октябрга чейин өткөрүлсөн.

«Эң мыкты клуб», «Эң начар клуб»  аттуу кароо-сынактын талаптары:

  1. Клубдардын имаратынын абалы, анын техникалык жабдылышы,
  2. Айланасынын көрктөндүрүлүшү,
  3. Клубдардын ички жана тышкы эстетикалык көрүнүшү,
  4. Жылытылышы. Отопление
  5. Клубдардын эмеректери, декорация, көшөгө, музыкалык аспаптары, кийимдер,
  6. Кадр маселеси, адистердин жогорку деңгээлдеги иш-тажрыйбалары, билими,
  7. Өздүк көркөм чыгармачылык топторунун түрлөрү жана катышуучулардын саны,
  8. Акы төлөнүүчү тейлөөлөр,
  9. Калктын өздүк-көркөм чыгармачылыкка тартылышы,
  10.  Жаш таланттарды аныктоо, алардын чыгармачылык жактан өсүшүнө шарттарды түзүү,
  11.  Колеективдердин кароо-сынактар менен фестивалдарга катышуусу жана ийгиликтери,
  12.  Клуб, айыл өкмөтү, мектеп, коомдук уюмдар, маданий борборлор, ардагерлер, аксакалдар кеңеши жана диний уюмдары менен иш жүргүзүү,
  13.  Практикада иштин жаңы ыкмаларын колдонуу,
  14.  Каржылоонун бюджеттен тышкары булактарын тартуу, алар менен иш жүргүзүү,
  15.  Кварталдык, жылдык иш пландары отчеттору,
  16.  Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, райондук жана шаардык маданият бөлүмдөрүнүн буйруктарынын, чечимдеринин аткаралышы.

Кароо-сынактын шарттары жана өткөрүү тартиби

 «Эң мыкты клуб», «Эң начар клуб» аттуу республикалык кароо-сынакка бардык клубдар катышат. Жер-жерлерде кароо-сынакты өткөрүү жана жыйынтыгын чыгаруу боюнча комиссия түзүлөт.

Комиссияны курамына жергеликтүү бийликтердин, маданият бөлүмдөрүнүн, коомдук уюмдардын, профсоюздардын, ж.б. мекемелердин өкүлдөрү кирет.

Райондук маданият бөлүмдөрү кароо-сынакты өткөрүү боюнча бардык ишти уюштурут жана көзөмөл жүргүзөт.

Катышуучулар көрсөтүлгөн Жобонун негизинде, ар бир көрсөтүлгөн талаптарга толук жана так жооп бериши керек. Кароо-сынактын талаптары 1 деген упай менен аныкталат.

Райондук комиссия кароо-сынактын «Эң начар клуб» жөнүндө толук маалыматы менен протоколдорун (төрага жана мүчөлөрүнүн колдору менен) Республикалык комиссияга 2016-жылдын 10-октябрына чейин жебириши керек.

Республикалык комиссия жиберилген маалыматтардын жана протоколдордун негизинде«Эң мыкты клуб», «Эң начар клуб»  аныктайт.

Кароо-сынакты өткөрүү боюнча төмөнкү дарекке кайрылсаңыздар болот: Бишкек шаары, Пушкин көчөсү – 78, Кыргыз Республикасынын Мадания, маалымат жана туризм министрлиги. Тел. 62-59-44, 62-13-31. Факс 62-59-44, 62-35-89. Электрондук почта: minculture.kg@gmail.com     

Комментарии (0) Комент

оставить комментарий

Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтери

Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин УЛУТТУК ТИЗМЕГИ
КЕНЕНИРЭЭК
№29 "Көк бөрү" же "улак тартыш"
КЕНЕНИРЭЭК
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
КЕНЕНИРЭЭК
Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин классификациясы жөнүндө ЖОБО
КЕНЕНИРЭЭК

Конкурстар

Байланыш

Бештин айынын 2016
ПнВтСрЧтПтСбВс
   
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
 

Соц сети