Logo Logo
  • Кыргыз Республикасынын телекөрсөтүү жана радио уктуруу кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоо сөзү
Кыргыз Республикасынын телекөрсөтүү жана радио уктуруу кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоо сөзү

 08/12/2016    0 Comments

Урматтуу телекөрсөтүү жана радио уктуруу  кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Кыргызстандын телекөрсөтүү жана радио кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Коомдук мааниге ээ болгон маалыматтын негизги булагы катары телерадиоберүү республиканын маалыматтык жана маданий мейкиндигин калыптандыруудагы башкы каражат катары кызмат аткарууда.

Учурда бардыгыбыз Кыргызстандын келечегин аныктай турган маанилүү кайра түзүүлөрдүн мезгилинде илгери үмүт, жакшы тилектер менен жашап жатабыз. Ушундай зор  жоопкерчиликтүү  убакта телерадиоберүү кызматкерлери өлкөнүн мамлекеттик биримдигин, коомдогу жарандык тынчтыкты жана ынтымакты сактоого жана чыңдоого көмөктөшүү, калктын көз карандысыз жана калыс маалыматка ээ болушун камсыз кылууда чоң милдеттерди аркалап жаткандыгын белгилеп кетким келет.  

Республикада санариптик берүүлөргө өтүү Программасынын алкагында Социалдык Пакетке кирген телерадиоберүү уюмдарын техникалык модернизациялоо иштери жүргүзүлүп, заманбап техникалар сатылып алынды. Санариптик берүүгө өтүү долбоору 2013-2017-жылдарга карата Өлкөнүн Туруктуу Өнүгүү Стратегиясында артыкчылыктуу улуттук долбоорлордун бири болуп саналат.

  Сиздердин алдыда санариптик форматта жана заманбап медиа-технологияларды колдонуу менен, сапаты жана мазмуну журналистиканын эл аралык стандарттарына  жооп берген телерадиопрограммаларды жаратып, калкка жеткирүү  милдеттери турат.

Урматтуу телекөрсөтүү жана радио уктуруу  кызматкерлери!

Бүгүнкү майрам күнү Кыргыз мамлекетинин жаркын келечегине багытталган ары сыймыктуу, ары түйшүктүү ишиңиздер үчүн дагы бир ирет ыраазылык жолдоп, баарыңыздарга чың ден-соолук, бакыбат турмуш жана чыгармачыл жигер каалаймын.

 

Комментарии (0) Комент

оставить комментарий

Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтери

Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин УЛУТТУК ТИЗМЕГИ
КЕНЕНИРЭЭК
№29 "Көк бөрү" же "улак тартыш"
КЕНЕНИРЭЭК
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
КЕНЕНИРЭЭК
Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин классификациясы жөнүндө ЖОБО
КЕНЕНИРЭЭК

Конкурстар

Байланыш

Соц сети