Logo Logo
  • КРнын музейлеринде жайгашкан музей буюмдарын жана музей коллекцияларын эсепке алуу жана сактоо боюнча нускама
КРнын музейлеринде жайгашкан музей буюмдарын жана музей коллекцияларын эсепке алуу жана сактоо боюнча нускама

 22/12/2016    0 Comments

 

 

Кыргыз Республикасынын

Маданият, маалымат жана

 туризм министринин

2016-жылдын  «__» ______

№___ буйругуна  1-тиркеме 

Кыргыз Республикасынын музейлеринде жайгашкан музей буюмдарын жана музей коллекцияларын эсепке алуу жана сактоо боюнча нускама

МАЗМУНУ

I.             НЕГИЗГИ ЖОБОЛОР  ______________________________________4-5

II.          ЭСЕПКЕ АЛУУ-САКТОО ИШИ_____________________________

Башкы сактоочунун негизги иш милдеттери____________________________5-6

Музей буюмдарын жооптуу сактоо __________________________________6-7

Музей буюмдарын сактоочунун негизги милдеттери __________________7-8

Эсепке алуу бөлүмүнүн (сектордун) ишин уюштуруу ____________________8

III.      МУЗЕЙ ФОНДУСУНУН КУРАМЫ________________________________

Негизги жоболор _____________________________________________9

Негизги фондунун курамы_________________________________________9-11

Илимий-көмөкчү фондунун курамы ______________________________11

Чийки зат материалдары фондусунун курамы ________________________11-12

Тажрыйбалык фондунун курамы __________________________________12

IV. МУЗЕЙ БУЮМДАРЫН ЭСЕПКЕ АЛУУ____________________________

Эсепке алуу документтерин жүргүзүү________________________________12-16

Эсепке алуу документтерин эсепке алуу жана сактоо__________________16-17

Фондулук-сатып алуу комиссиясынын иштерин уюштуруу ____________17-18

Музей буюмдарын туруктуу сактоого кабыл алуу ___________________18-19

Туруктуу сактоого кабыл алынган музей буюмдарын эсеп алуу __________19-27

Музей буюмдарынын сакталууда турган абалын жана ордунда турганыгын  текшерүү (мониторинг)__________________________________________28-29

Музей филиалдарында жана музей бирикмелеринде музей буюмдарын эсепке алууну уюштуруу   ______________________________________29-30`

V. МУЗЕЙ БУЮМДАРЫН САКТОО_____________________________

Жалпы жоболор ______________________________________________30

Музей имараттарына жана жайларына негизги талаптар __________30-32

Кайтаруу режими _______________________________________________32-33

Фондуну сактоо жайынын жана башка жайлардын ачкычтарын сактоо__33-34

Экспонат катары көргөзмөгө коюуда музей буюмдарынын

сакталышын камсыздоо  ____________________________________      34-36

Фондуну сактоо жайларында музей буюмдарынын сакталышын

камсыздоо ___________________________________________________36-38

Ар кандай материалдарды бир жайда сактоону уюштуруу

(комплекстүү сактоо)___________________________________________38

Кагаздан жасалган музей буюмдарын сактоо

(графика, сейрек, архив документтери, карталар ж.б.)_________________39-42

Кездемеден жана териден жасалган музей буюмдарын сактоо___________42-44

Сөөктөн жасалган музей буюмдарын сактоо _________________________44-45

Жыгачтан жасалган музей буюмдарын сактоо_______________________45-46

Фарфор, чопо, айнек, актиташтуу тек, мрамор жана гипстен жасалган музей буюмдарын сактоо____________________________________________46-48

Металлдан жасалган музей буюмдарын сактоо________________________48-49

Сүрөт, аудиовизуалдык жана электрондук документтерди сактоо________49-52

Геологиялык-минералдык буюмдарды сактоо______________________52-53

Ботаникалык коллекцияларды сактоо________________________________53-54

Зоологиялык буюмдарды сактоо ________________________________54

Антропологиялык коллекцияларды сактоо ________________________54-55

Табигый-илимийкомплекстерди сактоо ____________________________55

Живопись чыгармаларын сактоо _________________________________55-58

Музейдеги сактоо режими ________________________________________58

Температураны, нымды сактоо режими  __________________________58-61

Жарык берүү режими ____________________________________________61-63

Абанын булганышы _____________________________________________63

Биологиялык режим ___________________________________________64-69

VIБААЛУУ МЕТАЛЛДАРДАН ЖАНА АСЫЛ ТАШТАРДАН ЖАСАЛГАН МУЗЕЙ БУЮМДАРЫН ЭСЕПКЕ АЛУУ ЖАНА САКТОО________________

Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган музей буюмдарын атайын инвентардык китептерде каттоо ___________________________________69-71

Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдарга экспертиза жүргүзүү  ___________________________________________________72-75

VII. МУЗЕЙ БУЮМДАРЫН РЕСТАВРАЦИЯЛОО ЖАНА КОНСЕРВАЦИЯЛОО БОЮНЧА ИШТЕРДИ УЮШТУРУУ ___________72-75

VIII. МУЗЕЙ БУЮМДАРЫН  КОЛДОНУУ ___________________

Негизги жоболор ____________________________________________75-76

Музей буюмдарын камсыздандыруу __________________________________76

Музей ичинде колдонууда музей буюмдарын өткөрүп берүү

(музей ичинде өткөрүп берүү)___________________________________76-77

Музей буюмдарын Кыргыз Республикасынын чегинде убактылуу сактоого кабыл алуу жана өткөрүп берүү _________________________________77

Музей буюмдарын чет өлкөдө убактылуу сактоого өткөрүп берүү ______78-79

IX. ТАҢУУ ЖАНА ТАШУУ УЧУРУНДА МУЗЕЙ БУЮМДАРЫНЫН САКТАЛЫШЫ______________________________________________________

Таңуу жана ташуу учурунда музей буюмдарынын сакталышын камсыздоо

____________________________________________________________79-81

Станокто жасалган живопись чыгармаларын таңуу ____________________81-82

Жыгачта бастырылган живопись чыгармаларын таңуу _________________82-83

Графика чыгармаларын таңуу __________________________________83-84

Скульптура чыгармаларын таңуу ________________________________84

Декоративдик-колдонмо искусствосу менен жасалган

буюмдарды таңуу ____________________________________________84-86

X. Кыргыз РеспубликасыНЫН МУЗЕЙЛЕР ФОНДУСУНАН БУЮМДАРДЫ ЭСЕПТЕН АЛЫП САЛУУ ___________________________86-87

XI. ТИРКЕМЕЛЕР ________________________________________________

  1. I.                  НЕГИЗГИ ЖОБОЛОР

 

1.1. Кыргыз Республикасынын музейлеринде жайгашкан музей буюмдарын жана музей коллекцияларын эсепке алуу жана сактоо боюнча нускама (мындан ары - Нускама), Кыргыз Республикасынын музейлеринде жайгашкан музей буюмдарын жана коллекцияларын юридикалык коргоо алынышын жана сакталышын камсыздоо максатында,Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 24-июлундагы №193 “Кыргыз Республикасынын музейлери жана музей фонду жөнүндө”, 1999-жылдын 29-июнундагы “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана колдонуу жөнүндө”  мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.

1.2. Нускама музей баалуулуктарын эсепке алуу, сактоо ыкмаларын, колдонуу жана реставрациялоо тартибин жана негизги формаларын аныктайт.

1.3.         Нускама музейлер жана музей ишин жүргүзгөн, музей буюмдарын жана коллекцияларын сактаган башка мекемелер, ошондой эле музей буюмдарынын менчик ээлери – жеке жана юридикалык жактар үчүн дайындалган.

1.4.         Бул Нускаманын негизинде эсепке алуунун өзгөчөлүгү, музей ичиндеги иш-аракеттер жана музей буюмдарын сактоону уюштуруу чагылдарылган музейлердин ички нускамалары кабыл алынат.

1.5.         Музейдин, реставрациялоо же көргөзмө мекемесинин директору эсепке алууга, илимий реставрациялоого (калыбына келтирүү) жана консервациялоого (аяр сактоо чаралары) талаптагыдай шарттарды түзүү, аларды күндүз жана түнкү убакыттарда кайтарууну камсыздоо үчүн жоопкерчиликтүү болот.

1.6.         Фондулардын башкы сактоочусу директор менен катар эле музей буюмдарын эсепке алууну, сактоону, изилдөөнү, консервациялоо менен калыбына келтирүүнү жана аларды колдонууну уюштуруу менен музей буюмдарынын сакталышын камсыз кылат. Музейде башкы сактоочу штаты жок болгон учурда бул ишти аткаруу боюнча жоопкерчилик директордун буйругу менен сактоочунун же фондулар бөлүм башчысынын милдети жүктөлгөн фондулар бөлүм башчысына же илимий кызматкерге жүктөлөт.   

1.7.         Илимий иштер боюнча директордун орун басары музей фондусун музей буюмдары менен толуктоо, аларды инвентаризациялоо, илимий изилдөө жана жарыялоо иштерин уюштурат .

Музейдин штаттык тизиминде илимий иштер боюнча директордун орун басары кызмат орду жок болгон учурда аталган иш милдеттерди директор ишке ашырат.

1.8.         Администартивдик-чарба иштери боюнча директордун орун басары музей жайларында температураны, нымды сактоо, биологиялык жана жарык берүү режимдеринин нормада сакталышын камсыздоо, санитардык-техникалык абал жана электрдик-техникалык жабуулар, кайтаруу кызматы үчүн; имаратты өз убагында оңдоо, эсепке алуу-сактоо жана реставрациялоо кызматтарын зарыл материалдар жана жабдуулар менен жабдуу боюнча  жоопкерчиликтүү болот.

Музейдеги баалуулуктарды сактоо шарттары мененкамсыздоо жана аларды жакшыртуу боюнча бардык иштерди администартивдик-чарба иштери боюнча директордун орун басары директордун жетекчилиги астында аткарууга милдеттүү жана башкы сактоочу менен макулдашууга тийиш, ал жок болгон учурда  башкы сактоочунун милдетин алмаштырып аткарып жаткан адам менен макулдашылат.

Музейдин штаттык тизиминде коопсуздук кызматынын жетекчиси кызмат орду жок болгон учурда аталган функциялар администартивдик-чарба иштери боюнча директордун орун басарына же музейдин директорунун буйругуна ылайык башка кызмат адамына жүктөлөт

II.                ЭСЕПКЕ АЛУУ-САКТОО ИИШ

Башкы сактоочунун негизги иш милдеттери

2.1 Музейдин башкы сактоочусу музей баалуулуктарын эсепке алуу, сактоо, консервациялоо жана/жереставрациялоо боюнча иштерди жетектейт жана ал иштерди жүргүзүүнү түздөн-түз же сактоо бөлүмүнүн кызматкери аркылуу көзөмөлдөйт, ошондой эле  фондуларды сактоо жайына адамдардын кирүүсүн көзөмөлгө алат жана музей буюмдарын колдонууда белгиленген эрежелерди сактоону камсыз кылат.

2.2 Башкы сактоочу республикалык деңгээлде баш ийген музейлерде – Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен макулдашуу боюнча музейдин директору менен, ал эми областтык, аймактык жана райондук ж.б. музейлерде баш ийген карамагына жараша маданияттын тиешелүү башкармалыктары жана бөлүмдөрү менен  дайындалат жана бошотулат.

2.3 Башкы сактоочуну дайындаган же кызмат ордунан бошоткон учурда ишти кабыл алуу жана өткөрүп берүү музей фондусунун ордунда турганыгын  жанасакталышын, эсепке алуунун жана сактоонун абалын, сактоо жайлардын жана жабдуулардын, экспозициялык залдын жана калыбына келтирүү чеберканаларынын инженердик-техникалык абалын, температураны, нымды сактоо жана жарык берүү режиминин мүнөзүн белгилеген актылар боюнча акты түзүлгөн күнү ишке ашырылат.

2.4           Башкы сактоочу (фондулар  бөлүм башчысы) өргүүгө чыккан, ооруган же убактылуу жок болгон башка мезгил аралыгында анын укуктары менен милдеттери музей директору тарабынан атайын буйрук менен дайындалуучу башка кызматкерге жүктөлөт.

2.5 Башкы сактоочу түздөн-түз музейдин директоруна баш ийет жана өзүнүн укуктары менен милдеттери боюнча эсепке алуу-сактоо иштери жагында директордун орун басары болуп саналат.

2.6.         Документтерге, кат алышууларга, отчетторго, эсепке алуу-сактоо жана реставрациялоо мүнөзүндөгү пландарга, ошондой эле  музей фондуларынын орун которуулары менен түздөн-түз байланышкан документтерге  (кабыл алуу-өткөрүп берүү, бир бөлүмдөн экинчи бөлүмгө өткөрүп берүү ж.б.) башкы сактоочу тарабынан виза жана кол коюлууга тийиш.

2.7.Эсепке алуу, сактоо жана реставрациялоо ишин уюштуруу жаатында башкы сактоочунун берген көрсөтмөлөрү менен тескемелерин аткаруу музейдин бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болуп саналат.

2.8. Эсепке алуу-сактоо жана реставрациялоо түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин дайындоо жана алардын орун которуусу башкы саактоочуга макулдашуу менен ишке ашырылат.

2.9. Башкы сактоочу төмөнкүлөрдү камсыздайт:

  • музей буюмдарын эсепке алууну, сактоону, консервациялоону, реставрациялоону жана колдонууну уюштурууну, эсепке алуу документтерин жүргүзүүнү жана сактоону;
  • музей буюмдарынынордунда турганыгына план боюнча жана ыкчам текшерүүлөрдү жүргүзүүнү, алардын жыйынтыктары боюнча документтерди тариздөөнү көзөмөлдөйт;
  • музейдин эсепке алуу-сактоо жана реставрациялоо ишинин учурдагы жана келечек иш пландарын иштеп чыгууну, иш пландардын, ошондой эле  музей буюмдарын эсепке алуу, сактоо, консервациялоо, реставрациялоо тартибин аныктаган музейдин ченемдик жана ченемдик укуктук актыларынын аткарылышын, музей буюмдарынын сакталышын,  ишенилип берилген иш чөйрөсү боюнча ар бир кызматкердин жоопкерчилигинкөзөмөлдөөнү жана координациялоону;
  • эсепке алуу-сактоо бөлүмдөрүнүн, секторлордун, топтордун  кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну, музей ичиндеги нормалар менен нускамалар боюнча консультация берүүнү уюштурууну;
  • фондулук коллекцияларды сактоочуда жооптуу сактоодо турган музей буюмдарын кабыл алуу-өткөрүп берүү, орун которуу, ордунда турганыгын  жана сакталган абалын текшерүүгө тиешелүү документтер топтомун түзүүнү. 

Мындай документтерди жүргүзүүнүн тартиби музей ичиндеги нускама менен аныкталат.

2.10 Музей буюмдарынын сакталышын камсыздоо менен байланышкан маслелер боюнча башкы сактоочу музейдин башка атайын кызматтары менен өз ара иш алып барат 

Музей буюмдарын жооптуу сактоо 

2.11. Музей буюмдарын эсепке алуу жана сактоо боюнча милдеттер музей буюмдарын жооптуу сактоого ыйгарым укук берилген, эгерде музейдин түзүмүндө сактоо бөлүмү каралган болсо, мындай тиешелүү бөлүмдүн бөлүм башчысы жана башкы сактоочу менен макулдашуу боюнча кызмат ордунан директордун буйругу менен дайындалуучу жана бошотулуучу музей кызматкерлерине жүктөлөт.

2.12. Фондуларды сактоочулар болуп жогорку билимге ээ, музейдин илимий кызматкери кызмат ордунда кеминде бир жыл иштеген жана музейдин эсепке алуу-сактоо бөлүмүндө кеминде үч ай такшалуудан өткөн музейдин илимий кызматкери, ошондой эле  экспозициялар менен көргөзмөлөрдү сактоочулар да боло алат.

2.13. Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган музей буюмдарынын жооптуу сактоочулары кызмат ордуна музейдин директорунун буйругу менен дайындалат.

2.14. Музей буюмдарын эсепке алуу жана сактоо маселелери боюнча жооптуу сактоочулар түздөн-түз башкы сактоочуга же тиешелүү сактоо бөлүмүнүн бөлүм башчысына баш ийет.

2.15. Жооптуу сактоочу жооптуу сактоого кабыл алган музей буюмдарынын эсепке алынышын жана сакталышын камсыздайт, өзүнүн иш милдеттерин Нускамага, музей ичиндеги нускамага жана музейдин директору тарабынан бекитилүүчү кызматтык милдеттерге ылайык ишке ашырат.

2.16. Жооптуу сактоочу алмашкан учурда музей буюмдарын өткөрүп берүү үчүн музейдин директорунун буйругу менен комиссия түзүлөт.

2.17. Өткөрүп берүү иши акты менен таризделет, ага эсепке алуу документтери салыштырып текшерилген кабыл алынган буюмдардын тизмеси, ошондой эле  кабыл алуу-өткөрүп берүүнүн жүрүшүндө жок буюмдардын тизмеси тиркелет.

2.18. Жооптуу сактоочу иштен бошонгон же узак убакыт бою ооруган д.у.с. учурда ага бекитилген коллекциялар башка кызмат адамына жооптуу сактоого убактылуу өткөрүлүп берилет (жооптуу сактоочуга, сактоо бөлүмүнүн бөлүм башчысына же башкы сактоочуга).

2.19. Жаңы жооптуу сактоочу дайындалгандан кийин көрсөтүлгөн коллекциялар ага 2.16-пунктта белгиленген тартипте  өткөрүлүп берилет.

 

Музей буюмдарын жана коллекцияларды сактоочунун негизги милдеттери:

 

2.20. Музей фондусун топтоо боюнча иштерге катышат;

2.21. Кабыл алуу-өткөрүп берүү актылар боюнча жооптуу сактоого музей буюмдарын кабыл алат жана аларды инвентардык китепке каттайт;

2.22. Сактоону Нускамага ылайык камсыздайт;

2.23. Сактоонун бардык орундарын топографиялык тизмектейт жана  аларга өзгөртүүлөр менен тактоолору киргизет;

2.24. Зарыл илимий-маалымдама картотекасын жүргүзөт;

2.25. Берилген жана кабыл алынган музей буюмдары жөнүндө маалыматтарды жыл сайын эсепке алуу бөлүмүнө берүү менен музей буюмдарынын орун которууларын, сактоо жабдууларынын абалын жана сактоо режимдерин көзөмөлдөө;

2.26. Температураны, нымды сактоо режиминин көрсөткүчтөрүнүн эсебин жүргүзөт, алардын туруктуу болушу үчүн тиешелүү чараларды кабыл алат;

2.27. Сактоо жайларында мезгил-мезгили менен санитардык тазалоонун музейдин эрежелерине ылайык жүргүзүлүшүнө көз калат;

2.28. Сактоо жайларында, экспозициялык жана көргөзмө залдарында сактоо шарттары бузулгандыгы аныкталган бардык учурлар туралуу күтүүсүз маалымдайт.

2.29. Музей буюмдары жоголгон, уурдалган жана жабыркаган бардык учурларга акты түзөт, ошол учурдагы жаралган жагдайды белгилейт. Актыга уурдалган же жабыркаган музей буюмунун сүрөтү, ал эми сүрөтү жок болгон учурда – инвентардык китептен так көчүрмөсү тиркелет;

2.30. Музей буюмдарын изилдөө жана атрибуция (мүнөздүү белгилерин аныктоочу) боюнча иштерди жүргүзөт.

2.31. Музей буюмдарынын жана коллекциялардын ордунда турганыгын  текшерүү боюнча комиссиялардын, калыбына келтирүү жана алдын алуучу кароолорго, илимий жана калыбына келтирүү кеңештерге, музейдин фондулук-сатып алуу комиссияларынын ж.б. ишине катышат.

Эсепке алуу бөлүмүнүн (сектордун) ишин уюштуруу

2.32. Музей буюмдарын эсепке алуу бөлүмү (сектор) (мындан ары– эсепке алуу бөлүмү) музей буюмдарынын келип түшүүсүн, орун которуусун каттайт, музейдин эсепке алуу документтерин Нускамага ылайык жүргүзөт жана сактайт, музей буюмдарын эсепке алуунун талаптарымузейдин сактоо, экспозиция, калыбына келтирүүтүзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан сакталышын көзөмөлдөйт.

2.33. Эсепке алуу бөлүмү өз иши боюнча музейдин башкы сактоочусуна баш ийет.

2.34. Эгерде музейдин штаттык тизиминде эсепке алуу бөлүмү каралбаса, бөлүмдүн функциялары башкы сактоочу менен макулдашуу боюнча музейдин директорунун буйругу менен дайындалуучу башка кызмат адамына жүктөлөт.

2.35. Эсепке алуу бөлүмүнүн кызматкерлери төмөнкү иштерди аткарат:

  • туруктуу жана убактылуу пайдаланууга кабыл алуу жана өткөрүп берүү актыларын, музей ичиндеги бардык актыларды тариздейт, келип түшүүнү каттаган бардык китептерде музей буюмдары менен коллекцияларды каттоо ишин жүргүзөт;
  • белекке берүү, сатып алуу-сатуу жана алмаштыруу келишимдерин даярдоого катышат;
  • эсепке алуу документтерин эсепке алууну жана сактоону, башкы картотеканы (башкы каталог)калыптандырууну (түзүүнү) камсыздайт;
  • фондулук-сатып алуу комиссиясына түшкөн буюмдарды сактай алат;
  • музей ичиндеги бардык өткөрүп берүүлөргө, музей буюмдарынын ордунда турганыгына план боюнча жана ыкчам текшерүүлөргө катышат;
  • бөлүмдүн иштөөсү үчүн талаптагыдай шарттарды түзүүгө катышат;
  • илимий жана калыбына келтирүү кеңештерге, музейдин фондулук-сатып алуу комиссияларына мүчө боло алышат же алардын ишине катыша алышат.

 III.           МУЗЕЙ ФОНДУСУНУН КУРАМЫ

Негизги жоболо 

3.1. Музей фондулары–тарыхый-маданий, көркөм, илимий жана мемориалдык мааниге ээ, музей тарабынан туруктуу колдонууга кабыл алынган жана анын ыкчам тескөөсүндө, пайдалануусунда же менчигинде турган илимий жактан уюштурулган, үзгүлтүксүз дайыма толукталып туруучу музей буюмдарынын жыйындысы.

3.2. Музей буюмдарын сактоону ишке ашырган музей баалуулуктары төмөнкүлөргө бөлүнөт:

  • Негизги фонд;
  • Илимий-көмөкчү фонд;
  • Чийик зат фонду;
  • Тажрыйбалык фонд;
  • Убактылуу сактоо фонду.

3.3. Табигый илим тармагындагы музейлерде жана тарыхый аймак таануу музейлеринин жаратылыш бөлүмдөрүндө чийки зат материалдар фонду бөлүнгөн. 

3.4. Салттуу эмес техникалардан жана материалдардан турган (инсталляция) чыгармалар коллекциясын топтогон көркөм музейлерде тажрыйбалык фонд бөлүнгөн.

3.5. Убактылуу сактоо фонду музейдин фондулук-сатып алуу комиссиясына кабыл алынган, ошондой эле экспонант жаратуу, илимий изилдөө, реставрациялоо, консервациялоо, музей уставы менен аныкталган башка максаттар үчүн келип түшкөн музей буюмдарынан түзүлөт.

3.6. Негизги  фондунун музей буюмдарын музейдин эсепке алуу документтеринен чыгаруу фондулук-сатып алуу комиссиясынын тиешелүү протоколунун негизинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буйругу менен гана ишке ашырылат.

3.7. Фондулук-сатып алуу комиссиясына кабыл алынган буюмдар убактылуу сактоо фондусуна жайгаштырылат.

Негизги фондунун курамы

3.8.Негизги фондуга төмөнкү музей буюмдары кирет:

тарыхый баалуулуктар, анын ичинде эл турмушундагы тарыхый окуяларга, коомдун жана мамлекеттин өнүгүшүнө, илим менен техниканын тарыхына байланыштуу, ошондой эле улуу инсандардын (мамлекеттик, саясий, коомдук ишмерлер, аскер башчылары, ойчулдар, илим, маданият, адабият, искусство менен музыка чеберлери)өмүрү менен ишмердигине тиешелүү баалуулуктар;этнография менен этнология буюмдары, продукция үлгүлөрү, машиналар, механизмдер, приборлор, куралдануу буюмдары, согуш кийимдери жана согуш  атрибуттары (мийиздүү куралдар жана ок аткан куралдар, туулар, соот кийимдер, коргонуу куралдары, ат жабдыктары), мемориалдык буюмдар;

археологиялык материалдар: археологиялык казып алуулардан табылган буюмдар менен фрагменттер, күтүүсүз жерден табылган уникалдуу кайталангыс буюмдар;

көркөм баалуулуктар, анын ичинде көркөм-сүрөт жана монументалдык  искусство, каалаган кайсы бир материалдын негизинде жалпысынан кол менен жасалган картиналар, сүрөттөр, кайсы болбосун материалдан өзгөчө жасалган скульптуралык чыгармалар, рельефтер, каалаган материалдан кайталангыс көркөм композициялар жана монтаждар (инсталляция), табынууга, сыйынууга дайындалган көркөм жасалгаланган буюмдар, гравюралар, эстамптар, литографиялар, басма графикасынын башка түрлөрү жана алардын өзгөчө басма формалары, архитектуралык, тарыхый, көркөм эстеликтердинмонументалдык  искусствосунун эстеликтеринин бир бөлүктөрү жана фрагменттери, жасалгалардын (декорация) эскиздери менен маткеттери, театр кийимдеринин эскиздери, адабияй чыгармаларга иллюстрациялар, декоративдик-колдонмо искусствосунун буюмдары (айнектен, чоподон,  жыгачтан, темирден, сөөктөн, кездемелерден жана салттуу элдик кесипчиликтин башка материалдарынан асалган көркөм буюмдар), баалуу металлдар менен асыл таштардан жасалган көркөм буюмдар;

техника буюмдары, приборлор, шаймандар, аппаратуралар, илимий, өндүрүштүк, тиричилик жана аскердик багыттагы жабдуулар жана алардын курамдык бөлүктөрү;

кол жазмалар жана басылмалар: тарыхый, көркөм, илимий жана адабий кызыкчылыктарга ээ колго жазылган жана эски басмадагы китептер, альбомдор жана башка басылмалар, автографтар менен чогуу же өзүнчө коллекцияларда;

архивдокументтери: кол жазмалар, каттар, автографтар, күндөлүктөр, элдик оозеки чыгармачылык менен музыканын нота менен жазылышы жана тексттери, башка документалдык эстеликтер менен архивдер;

фото сүрөттөр, негативдер, дагерротиптер, кино-фоно-видеоматериалдар, заманбап электрондук жабдуулардагы башка документтер;

картография буюмдары, чиймелер, пландар;

кайталангыс жана сейрек кездешүүчү музыка аспаптары;

филателистикалыкматериалдар: почта маркалар, ярлыктар, конверттер, открыткалар, почта жүгүртүүсүндөгү башка буюмдар, почта төлөмдөрүнүн белгилери;

нумизматика, фалеристика, сфрагистика, геральдика, бонистика буюмдары;

флора менен фауна коллекциялары менен үлгүлөрү,
табигый геологиялык-минералдык үлгүлөр, иштелип чыккан жана узак убакытка сактоо үчүн консервацияланган, этикеткалар менен жабдылган, изилденген табигый жерлердин кадимки жаратылыш чөйрөсүн илимий тактык менен чагылдырган жана чыныгы илимий жактын иштелип чыккан  материалдарга негизделген табият илимдеринин белгилүү өкүлдөрүнүн топтогон үлгүлөрү, биотүркүмдөр жана ландшафт диорамалары;

тарыхый, көркөм жана башка маданий мааниге ээ көчүрмөлөр.

Илимий-көмөкчү фондунун курамы

3.9.Илимий-көмөкчү фондунун курамына төмөнкүлөр кирет:

Атайын даярдалган же экспозициялык-көргөзмө темаларын ачып көрсөтүү үчүн жасалган жана пайдаланылуучу  муляждар, макеттер, чаптап жасаоо, реконструкциялар, көчүрмөлөр, пландар, карталар, схемалар, диаграммалар,  чиймелер жана башка көрсөтмө материалдар;
         музей фондусу үчүн кызыкчылык жараткан, бирок  канааттандырарлык эмес абалдасакталган, олуттуу реставрациялооны талап кылган түп нускадагы буюмдар, ошондой эле   жетиштүү музей баалуулугуна ээ эмес, бирок кошумча иллюстрациялык жана маалымат берүүчү материал катары кызыкчылык туудурган буюмдар;
         камералык иштетүүдөн өткөн жалпы археологиялык буюмдар (антропогендик, антропологиялык, палеозоологиялык,  палеоботаникалык жана башка объектилерди кошуу менен);

камералык иштетүүдөн өткөн табигый-илимийколлекцияларынын жалпы үлгүлөрү;

музей буюмдарын фотофиксациялоо процессинде алынган негативдер фотобасмалар.

3.10. Илимий-көмөкчү фондунун курамына мемориалдык буюмдар жана баалуу металлдар менен асыл таштардан жасалган буюмдар кирбейт.

3.11. Калыбына келтирүү иштеринин же илимий изилдөөнүн жыйынтыгында тарыхый-маданий, көркөм жана илимий мааниси аныкталган илимий-көмөкчү фондусунун буюмдары фондулук-сатып алуу комиссиясынын чечими менен негизги фондунун курамына которулууга тийиш.

3.12. Музей буюмдары уурдалган, бузулган, алмаштырылган, туруктуу пайдаланууга өткөрүлүп берилген учурда аларды илимий-көмөкчү фонду курамынан чыгаруу жөнүндө чечим музейдин фондулук-сатып алуу комиссиясынын корутундусунун негизинде чыгарылат.

Чийки зат материалдары фондусунун курамы 

3.13. Чийки зат материалдары фондусунун курамына лабораториялык аналитикалык изилдөө жүргүзүү жана препараттоо үчүн дайындалган органикалык жана органикалык эмес тектеги конвервацияланган жана талаада катталган тизмектери менен жабдылган буюмдар  (объектилер) кирет: терилер, тулку бою сакталган буюмдар, энтомологиялык жыйноолор, гербарий монтажы үчүн кургатылган өсүмдүктөр, археологиялык казуу учурунда препаратталбаган палеонтологиялык, геологиялык, минералдык материалдардынүлгүлөрү, фрагменттери (жыгач, көмүр, металл ж.б.), ошондой эле  бузула турган жана бат-бат алмаштырууну талап кылуучу нукура буюмдардын үлгүлөрү ж.б.

3.14. Чийки зат материалдары фондусуна буюмдарды киргизүү убактылуу мүнөзгө ээ. Андан ары иштетүүнүн жыйынтыгына жараша алар фондулук-сатып алуу комиссиясынын чечими менен негизги же илимий-көмөкчү фондусуна которулушу мүмкүн.

3.15. Буюмдарды чийки зат материалдары фондусунан чыгаруу чечими фондулук-сатып алуу комиссиясынын корутундусунун негизинде музейдин директорунун буйругу менен чыгарылат.

Тажрыйбалык фондунун курамы

1.16.    Тажрыйбалык фондунун курамына эреже катары көпкө чыдабаган, бат эскирүүчү жана бузулуучу (поролон, резина, баннер кездемеси,  пластик, органикалык заттар, түстүү фотосүрөттөрдүн белгилү түрлөрү) материалдардан аткарылган, өндүрүштүк жол менен жасалган же узак убакытка пайдалануу туруктуулугу анакталбаган жана мезгил менен текшерилбеген заманбап материалдардан жасалып, пайда табууну көздөгөн буюмдардан турган оригиналдуу көркөм концепциясы менен автордук инсталляциялар кирет.

3.17. Тажрыйбалык фондунун курамына кирген буюмдарды чыгаруу чечими фондулук-сатып алуу комиссиясынын экспертизасынын негизинде музейдин директорунун буйругу менен чыгарылат.

IV.                  МУЗЕЙ БУЮМДАРЫН ЭСЕПКЕ АЛУУ

Эсепке алуу документин жүргүзүү

 

4.1. Музей буюмдары, идентификациялоо, оптималдуу сактоону уюштуруу, жайгашкан жерин ыкчам аныктоо, сакталган абалындагы жана курамында өзгөрүүлөрдү көзөмөлдөө, илимий изилдөө жана натыйжалуу пайдалануу максатында, алардын санын жана курамын аныктоо, атайын эсепке алуу документтеринде (мындан ары – эсепке алуу документи) катталуу жолу менен эсепке алынат.

4.2. Тиешелүү эсепке алууну жана сактоону камсыз кылбаган кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

4.3. Музей тарабынан туруктуу же убактылуу сактоого кабыл алган бардык музей буюмдары Нускамада аныкталган тартипте эсепке алынууга тийиш.

Эсепке алынган белгиси жок музей буюмдарын сактоого жана пайдаланууга жол берилбейт.

4.4. Музейдеги эсепке алуу маалымат базасы эсепке алууну маалыматтар менен колдоо көрсөтүп, музей буюмдарынын эсебин автоматташтырылган режимде бир борбордон жүргүзүүнү, музейде тигил же бул буюмдун ордунда турганыгы жөнүндө маалыматты ыкчам берүүнү камсыздайт.

4.5.  Убактылуу сактоого кабыл алынган буюмдардын эсеби экспонант түзүү, илимий изилдөө, калыбына келтирүү үчүн убактылуу сактоого кабыл алынган буюмдардын китебинде эсепке алынат.

4.6. Эсепке алуу документи музейде туруктуу сактала турган негизги жана көмөкчү эсепке алуу документтеринен турат.

 

Негизги эсепке алуу документтерине төмөнкүлөр кирет:

·        башкы инвентардык китеп же негизги фондуга келип түшүүлөр китеби (мындан ары  –КТК) (1-тиркеме);     
материалдардын же коллекциялардын түрлөрү боюнча инвентардык китептер (2-тиркеме);

·        баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдарды эсепке алуу үчүн атайын инвертардык китептер(3-тиркеме);(4-тиркеме);(5-тиркеме);(6-тиркеме);(7-тиркеме);(8-тиркеме);(9-тиркеме);

·        музей буюмдарын туруктуу сактоого кабыл алуу-өткөрүп берүү актылары (10-тиркеме);

·        музей буюмдарын туруктуу сактоого музей аралык өткөрүп берүү актылары (11-тиркеме);

·        музей буюмдарын жооптуу сактоого кабыл алуу-өткөрүп берүү актылары (12-тиркеме);

·        музей буюмдарын эсепке алуу документинен чыгаруу (алып салуу) акты (13-тиркеме);

·        музей буюмунун реставрациялык паспорту (14-тиркеме).

Көмөкчү эсепке алуу документтерине төмөнкүлөр кирет:

·        илимий-көмөкчү фондунун келип түшүүлөр китеби (15-тиркеме);

·        чийки зат материалдары фондусунункелип түшүүлөр китеби (16-тиркеме);

·        тажрыйбалык фондунункелип түшүүлөр китеби (17-тиркеме);

·        убактылуу сактоо фондусунун келип түшүүлөр китеби (18-тиркеме);

·        музейдин фондулук-сатып алуу комиссиясын жүргүзүү үчүн буюмдарды убактылуу сактоого кабыл алуу-өткөрүп берүү актылары (19-тиркеме);

·        музей буюмдарын убактылуу сактоого кабыл алуу-өткөрүп берүү актылары (20-тиркеме);

·        убактылуу сактоо фондусунан буюмдарды кайтарып берүү актылары(21-тиркеме);

·        музей буюмдарын музей ичинде кабыл алуу-өткөрүп берүү актылары (22-тиркеме);

·        убактылуу материалдык-жооптуу сактоого чет өлкөгө чыгарыла турган музей буюмдарын өткөрүп берүү актылары (23-тиркеме);

·        убактылуу материалдык-жооптуу сактоого чет өлкөгө чыгарыла турган музей буюмдарын кабыл алуучу тарапка өткөрүп берүү актылары (24-тиркеме);

·        чет өлкөдө убактылуу материалдык-жооптуу сактоодо турган музей буюмдарын кайтарып алуу актылары  (25-тиркеме);

·        музей буюмунун паспорту (26-тиркеме);

·        археологиялык казып алуулар, тарыхый-турмуштук, этнографиялык жана табигый-илимий экспедицияларды жүргүзүүнүн жыйынтыгында алынган материалдардын талаада катталган тизмеги  (27-тиркеме;№43-тиркеме);

·        фондуларды сактоо жайынын жана экспозициянын (көргөзмөнүн) топографиялык тизмеги (28-тиркеме);

·        эсепке алуу документтеринин бардык түрлөрүн каттоо журналдары (китептери) (29-тиркеме),(29-1-тиркеме);(29-2-тиркеме); (29-3-тиркеме);(29-4-тиркеме);(29-5-тиркеме);   

 

4.7. Илимий-маалымдама документтеринемузей буюмдары жөнүндө ыкчам маалымат алуу үчүн колдонулуучу ар түрдүү каталогдор, тизмектер, картотекалар жана башка документтер кирет.

 

4.8. Картотекалардын негизги түрлөрү:

·        эсепке алуу (башкы), келип түшүү китептеринде катталган тартиби боюнча музей буюмдары жөнүндө маалыматтарды камтыйт;

·        инвентардык, инвентардык китептерде жана атайын инвентардык китептерде катталган тартиби боюнча музей буюмдары жөнүндө маалыматтарды камтыйт;

·        топографиялык, музей буюмдары сакталган жерлер жөнүндө маалыматтарды камтыйт;

·        сакталуукартотекасы, музейге келип түшкөн учурдан тартып ар бир музей буюмунун сакталууда турган сырткы абалы жана анын сакталышындагы андан кийинки өзгөрүүлөрү, анын ичинде реставрациялоо, конвервациялоо жана алдын алуу жөнүндө маалыматтарды камтыйт;

·        системалуу, автордук, энчилүү, предметтик, хронологиялык, тарыхый мезгилдер, географиялык аймактар, өнөр жай өндүрүштөрү, археологиялык топтор боюнча маалыматтарды камтыйт.

4.9.  Картотекаларды колго жазып жүргүзүүгө болот, ошондой эле  музейде эсепке алуу документтери, илимий изилдөөнүн жыйынтыктары, калыбына келтирүү жана пайдалануу боюнча музей буюмдары жөнүндө маалымат базасы бар болгон шартта, аларды электрондук түрдө да жүргүзүүгө болот.

4.10. Табигый-илимий коллекциялардын буюмдары үчүн инвентардык китептерди алардын өзгөчөлүгүн эске алуучу форма боюнча жүргүзүүгө жол берилет, ал ички нускама менен аныкталууга тийиш.

4.11. Эсепке алуу документтерин тариздөө колго жазып, басма же электрондук түрдө жүргүзүлүшү мүмкүн (андан ары милдеттүү түрдө басып чыгаруу менен).

 

         Электрондук жабдуудагы маалымат кагазга чыгарылган маалымат менен бирдей болууга тийиш.

4.12.  КТК жана инвентардык китептер кол менен жазуу же андан ары милдеттүү түрдө басып чыгаруу менен электрондук түрдө жүргүзүлөт.

4.13. Колго жазылган КТК жана инвентардык китептер толтурулганга чейин көктөлүүгө, номер коюлууга, директордун, башкы сактоочунун кол тамгалары менен күбөлөндүрүлүүгө, музейдин мөөрү менен бекитилүүгө, уюштуруучунун мөөрү менен ырасталып бекитилүүгө тийиш.

4.14. Көмөкчү эсепке алуу документтерине тиешелүү колго жазылган КТК толтурулганга чейин көктөлүүгө, номер коюлууга, башкы сактоочунун кол тамгасы менен күбөлөндүрүлүүгө, директор тарабынан бекитилүүгө жана музейдин мөөрү менен тастыукталууга тийиш.

4.15. Туруктуу жана убактылуу сактоого музей буюмдарын кабыл алуу жана өткөрүп берүү актылары, ошондой эле  жооптуу сактоого кабыл алуу актылары эки нускадан кем эмес нускада түзүлөт, буюмдарды кабыл алып жана өткөрүп жаткан адамдар тарабынан кол коюлат, ага башкы сактоочу виза же кол коёт, директор тарабынан бекитилет дагы музейдин мөөрү менен ырасталат жана актыларды каттоонун тиешелүү журналында катталат. Кол тамгалар чечмеленүүгө тийиш.

4.16. Актыларга номер коюу ыкмасы ички нускама менен аныкталат.

4.17. Өтүп жаткан жылдын акырында тиркемелери менен актылардын ар бир барагына номер коюлат, көктөлүп тигилет, аларга тизмек түзүлөт, ал башкы сактоочу, эсепке алуу бөлүмүнүн бөлүм башчысы тарабынан кол коюлат, директор тарабынан бекитилип, музейдин мөөрү менен ырасталат.

4.18.  Музей ичиндеги актылар башкы сактоочу тарабынан бекитилет. Эгерде фондулардын башкы сактоочусу  актыга кирген музей буюмдарынун жооптуу сактоочусу болуп саналса, акт музейдин директору тарабынан бекитилет.

4.19. Ар бир толтурулуп бүткөн КТКга, инвентардык китептерге, атайын инвентардык китептерге акт түзүлөт, ал музей буюмдарынын китепте катталган жалпы саны, музей буюмдарынун курамы менен көлөмүндө болгон өзгөрүүлөр, өткөрүлүп жиберилген номерлер, кайталанган жазуулар жөнүндө маалыматтарды чагылдырат(30-тиркеме), (31-тиркеме);

Актылар эки нускада түзүлөт, алардын бири китептин тиешелүү томуна салынат, экинчи нускасы өз алдынча көктөмө катары эсепке алуу бөлүмүндө сакталат.

Актыларга башкы сактоочу, эсепке алуу бөлүмүнүн бөлүм башчысы кол коёт, ал эми инвентардык китептерге түзүлгөн актыларга  – башкы сактоочу, сактоо бөлүмүнүн бөлүм башчысы жана жооптуу сактоочу кол коюшат дагы жетекчилер менен бекитилет жана музейдин мөөрү менен ырасталат.

         Толтурулуп бүткөн эсепке алуу китебине өзгөртүү киргизилгенине  жараша актыга толуктоо киргизилет.

4.20. Музей буюмдарынын менчик ээлеринен болгон юридикалык жактар менен жеке адамдардын эсепке алуу китебин жүргүзүү тартиби алар тарабынан өз алдынча аныкталат.

4.21. Бардык эсепке алуу документтери оңдоп боёлорсуз, таза жүргүзүлөт.

         Аларга өзгөртүү же оңдоолорду киргизүү буюмдун мүнөздүү өзгөчөлүгүнүн өзгөрүшү же тастыкталышы, сакталган абалы, зергердик экспертиза жүргүзүүгө, кошумча техникалык-технологиялык изилдөө, аныкталган техникалык каталар менен байланышкан өзгөчө учурларда гана жол берилет(мисалы, материалдын, даярдалган техниканын туура эмес аталышы).

4.22. Эсепке алуу китебине киргизилген өзгөртүүлөр жана оңдоолор жөнүндө маалымат эсепке алуу бөлүмү тарабынан кызыл сыя менен өзгөртүүлөрдү жана оңдоолорду киргизүү жөнүндө фондулук-сатып алуу комиссиясынын чечимине шилтеме берүү менен киргизилет.

4.23. Колго жазылган башкы инвентардык китеп, инвентардык китептер жана атайын инвентардык китептер ар бир томду кагаз түрүндө сканерден өткөрүү же ксерокөчүрмөдөн өткөрүп, көчүрмө менен камсыздандырылууга  (мындан ары –камсыздандырылган көчүрмө) тийиш.

         Эсепке алуу китептеринин камсыздандырылган көчүрмөсү көктөлүүгө, директордун жана башкы сактоочунун кол тамгалары менен күбөлөндүрүлүүгө, музейдин мөөрү менен ырасталууга, уюштуруучу тарабынан бекитилүүгө жана уюштуруучунун мөөрү менен ырасталууга тийиш.

4.24. Эсепке алуу китептеринин камсыздандырылган көчүрмөсү түп нускага тең болгон күчкө ээ жана толук коргоону жана сактоону камсыз кылган шартта өзүнчө сакталат.

4.25. Эсепке алуунун негизги китептери өзгөчө учурларда гана алмаштырылат: эскилиги жеткенде, олуттуу жабыркаган же бекитилген формага туура келбегенде алмаштырылат.

4.26. Толтурулган эсепке алуу китептери музейде туруктуу сакталат.

Эсепке алуу документтерин эсепке алуу жана сактоо

4.27. Музейлердин эсепке алуу бөлүмү бардык эсепке алуу документтерин жүргүзөт жана анын сакталышын камсыз кылат.

4.28. Өтүп жаткан жылдын акырында актылардын бир түрүнүн барактарына улам өсүүчү тартипте номер коюлат, китепче болуп томдун актылар тизмеги менен чогуу тигилет, эсепке алуу китебине Күбөлөндүрүүчү жазуу түзүлөт (45-тиркеме);

4.29. Эсепке алуу документинин ар бир түрүнө тизмек түзүлөт (23-тиркеме; 33-тиркеме);

4.30. Эсепке алуу документтерин сактоону уюштуруу тартиби ички нускама менен аныкталат.

4.31. Эсепке алуу документтерин башка адамдарга, изилдөөчүлөргө берүүгө, дайыма сакталган жеринен аларды алып чыгууга жол берилбейт.

4.32. Музей кызматкерлери эсепке алуу документтери менен кызматтык зарылчылык боюнча гана эсепке алуу бөлүмүнүн же сактоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин катышуусунда пайдалана алышат.

4.33.  Бардык эсепке алуу документтери, анын ичинде толтурулуп жабылган эсепке алуу китептери (44-тиркеме), ошондой эле кагаз түрүндө же электрондук жабдууда аткарылган негизги эсепке алуу документтеринин камсыздандырылган көчүрмөлөрү, чапталган сейфтерде же күйбөгөн шкафтарда туруктуу музейде сакталууга тийиш.

Фондулук-сатып алуу комиссиясынын ишин уюштуруу

4.34. Фондулук-сатыпалуукомиссиясы  (мындан ары – ФСК) -  музейдин уставына ылайык иш алып барган жана музей дирекциясынын алдында дайыма иштеген орган.

4.35. ФСК отурумдары музейдин жылдык иш планына ылайык, бирок чейрек ичинде кеминде бир жолу жүргүзүлөт.

4.36. ФСК курамына музейдин администрациясынын өкүлдөрү, илимий бөлүмдөрдүн жетекчилери, ошондой эле музейдин айрым кызматкерлери же чакырылган илимпоз адистер кирет.

4.37. Фондулардын башкы сактоочусу (мындан ары башкы сактоочу)же илимий иштер боюнча директордун орун басары ФСК төрагасы болуп директордун буйругу менен дайындалышы мүмкүн, катчы илимий кызматкер.

4.38. Отурумда анын курамынын 2/3 кем эмес бөлүгү катышкан учурда ФСК чечимдери мыйзамдуу болуп саналат. Чечим ФСК отурумунда катышуучу мүчөлөрдүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп экге бөлүнгөн шартта чечимди ФСК төрагасы кабыл алат.

4.39. Жазуу жүзүндө билдирилген ФСК мүчөлөрүнүн өзгөчө пикирлери ФСК протоколдоруна чогуу тиркелет.

4.40. Музей буюмдарын жана коллекцияларын эсепке алуу жана сактоо жагындагы ФСК компетенцисына төмөнкүлөр кирет:

·          буюмдардын экспертизасы;          

·          экспертизадан өткөн буюмдарды музейдин негизги же башка фондуларга киргизүү (кошуу) чечимин кабыл алуу;

·          музей фондуларын фонд коллекциялары боюнча системага салуу жана аларга шифрларды коюу;

·          музей буюмдарын бир фондудан башка фондулук коллекцияга которуу чечимин кабыл алуу;

·          келип түшүүлөрдү каттоо Нускамада белгиленген шарттарда жана мөөнөттөрдө каттоомүмкүн болбогон учурда, музей буюмдарынКТКга каттоо мөөнөттөрүн аныктоо;

·          музей буюмдарын туруктуу жана убактылуу сактоого өткөрүп берүү, аларды алмаштыруу же эсептен алып салуу мүмкүндүгү (мүмкүн эместиги) жөнүндө корутундуларды даярдоо;

·          убактылуу сактоо берилүүчү, анын ичинде чет өлкө көргөзмөлөрүнө берилүүчү музей буюмдары карата камсыздандыруу тобокелдиктерин  аныктоо;

·          бар музей буюмдарын эсепке алуу документтери менен салыштырган актыларды кароо жана бекитүү;

·          жаңы атрибуция, реставрация, музей буюмдарын илимий изилдөөнүн жыйынтыгы жана башка себептер боюнча эсепке алуу документтерине өзгөртүүлөрдү кигизүү;

·          всатып алган учурда музей буюмдарынын наркын аныктоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

4.41. ФСК чечимдери менен сунуштары протокол менен таризделет, анда отурумда катышкан комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн жана чакырылган адамдардын аты-жөнү, кызматы, күн тартиби, кабыл алынган чечимдин аргументтүү негизделиши көрсөтүлөт.

4.42. ФСК чечимдери протоколду директор бекиткенден кийин күчүнө кирет. Директордун колу музейдин мөөрү менен ырасталат.

4.43. ФСК протоколдору бардык тиркемелери менен чогуу музейдин эсепке алуу бөлүмүндө туруктуу (мөөнөтсүз) сакталуучу документтер болуп саналат.

4.44. ФСКга сунушталган буюмдарды музей фондусуна киргизүү үчүн төмөнкү документтер тиркелет:

·        буюмдарды өткөрүп берүү жөнүндө менчик ээсинин же ыйгарым укуктуу адамдын арызы;

·        ФСК өткөрүү үчүн буюмдарды убактылуу сактоого кабыл алуу-өткөрүп берүү акты  (актУ.С. ФСК);

·        Буюмдардын сүрөттөрү.

4.45. Протоколго төрага, катчы, отурумга катышкан бардык мүчөлөрү кол коюшат жана ал ФСК протоколдорун каттоо журналына катталат.

4.46. ФСК иш кагаздарын жүргүзүү, документтерди сактоо жана колдонуу, алардын сакталышына жоопкерчилик, ошондой эле  кабыл алынган чечимдердин аткарылышын көзөмөлгө алуу ФСК төрагасына жана катчыга жүктөлөт.

Музей буюмдарын туруктуу сактоого кабыл алуу

 

4.47.Тарыхый-маданий, көркөм жана илимий баалуулукту билдирген буюмдар, ФСК корутундусу жана протоколу таризделгенден кийин, музейге туруктуу сактоого кабыл алынууга тийиш.

4.48. ФСК протоколуна ылайык, эсепке алуу бөлүмү (сектору) тарабынан музей буюмдарын туруктуу сактоого кабыл алуу-өткөрүп берүү акты таризделет.

Актыга менчик ээсинен же ыйгарым укуктуу адамдан бир мезгилде кабыл алынган жана ФСК тарабынан негизги фондуга, илимий-көмөкчү фондуларга, чийки зат материалдар фондусуна же тажрыйбалык фондуга киргизиле турган бардык музей буюмдары киргизилет.

4.48. Акт 2 нускада түзүлүп, буюмдарды өткөрүп берген жана кабыл алган адамдар тарабынан кол коюлат, аны директор бекитет жана музейдин мөөрү менен ырасталат жана тиешелүү каттоо китебинде катталат. Актыга коюлган бардык кол тамгалар чечмеленүүгө тийиш.

4.49. Туруктуу сактоо актысына төмөнкү документтер тиркелет:

·        ФСК протоколу;

·        Эксперттик корутунду (бар болгон шартта);

 

Туруктуу сактоого кабыл алынган музей буюмдарын эсепке алуу

 

4.50. Туруктуу сактоого кабыл алынган музей буюмдарын эсепке алуу 3 баскыч менен жүрөт:

         Эсепке алуунун биринчи баскычы (баштапкы каттоо) – акт түзүү жана КТКга, илимий-көмөкчү фондунун келип түшүү китебине, чийки зат материалдары фондусунун келип түшүү китебине, тажрыйбалык фондунун келип түшүү китебине катталат;

         Эсепке алуунун экинчи баскычы(инвентаризация)– инвентардык китепке каттоо;

         Эсепке алуунун үчүнчү баскычыбаалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган музей буюмдарын атайын инвентардык китепке каттоо.

4.51. Баштапкы каттоодо кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын тариздегенден кийин эсепке алуу бөлүмү 30 күндөн кем эмес мөөнөт ичинде музей буюмдарын КТКга, илимий-көмөкчү фондунун келип түшүү китебине, чийки зат материалдары фондусунун келип түшүү китебине, тажрыйбалык фондунун келип түшүү китебине каттайт.

4.52. Көлөмү боюнча алдын ала иштеп чыгууну жана системага салууну талап кылган олуттуу графикалык, археологиялык, этнографиялык, табигый-илимий коллекциялар, архивдокументтери келип түшкөн учурда, аларды баштапкы каттоо мөөнөтү ФСК тарабынан иштин татаалдыгын жана көлөмүн эске алуу менен белгиленет.

4.53. Келип түшүүлөр китебине төмөнкү маалыматтар кирет:

·        Музей буюмдарын каттоо датасы;

·        Каттаган адамдын аты-жөнү;

·        Автор, мектеп, жаратылган, өндүрүлгөн, табылган убактысы жана орду, жөнүндө кыскача маалыматж.б.

·        Буюмдун сырткы көрүнүшүн мүнөздөп кыскача сүрөттөө, анын ичинде андагы так, марка, кол тамга же идентификациялоого жетиштүү айырмаланган өзгөчөлүгү менен коллекциялар;

·        Катталган буюмдардын саны;

·        Даярдоо материалы, техникасы, өлчөмдөрү;

·        Каттоо учуруна карата сакталган абалы;

·         Келип түшкөн булагы жана түрү (сатып алуу, белекке тартуу, кайрымдуулук, керээз, алмашуу), ФСК протоколунун жана актынын номери жана датасы;

·        Буюм кирген фондулук коллекциянын аталышы жана шифри, инвентардык жана атайын инвентардык китептер боюнча эсепке алуу белгилери.

4.54. Баалуу металлдардан жасалган буюмдардын пробасы менен салмагы, асыл таштардын саны менен салмагы жөнүндө маалыматтар КТКгаэкспертиза жүргүзүлгөндөн кийин киргизилет.

4.55. Каттоо учурунда ар бир музей буюмуна катар сан ыйгарылат, ал буюмдардын эсепке алынган туруктуу белгиси болуп саналат.

4.56. Эгерде музей буюмдары кичинекей өлчөмгө ээ болсо (майда мөмө же урук), чачыла турган болсо (геологиялык үлгүлөр, топурак үлгүчү ж.б.), аларга бир эле эсепке алуу номери берилет.

4.57. Ири өлчөмдөгү бир тектүү буюмдар (археология, нумизматика, этнография, графиялык чыгармалар, пландар, чиймелер, каталат, архив документтери, табигый-илимий коллекциялар) же мемориалдык комплекстер бир мезгилде келип түшкөн учурда, алар  бир (суммардык) номер алдында катталат, буюмдардын жалпы саны тиешелүү бөлчөктөр араб сандары менен аныкталат.

Бөлчөк белгилери менен бир суммардык номерге ар бири өз алдынча эсепке алуу бирдигин билдириши мүмкүн болгон, бир нече курамдык бөлүктөн турган комплектер каттаалат – сервиздер, эмерек гарнитуралары, сүрөт альбомдору, гравюра, литографиялар, кездемелердин үлгүлөрү, альбомдун атайын тилкелерине салынган сүрөттөр жана башка буюмдар, мийиздүү жана ок аткан куралдардын үлгүлөрү, кийимдер, ошондой эле  өз алдынча көркөм баалуулукка ээ автордук чыгармалардан турган инсталляциялар.

4.58. Көп түрдүүлүгүн эске алуу менен комплекттердин курамдык бөлүктөрүнө бөлчөк белгилерин ыйгаруу тартиби ар бир музейде иштелип чыгууга жана ички нускама менен бекитилүүгө тийиш.

4.59. Эгерде комплекттин курамына негизги фондунун, илимий-көмөкчү фондулардын, чийки зат материалдар фондусунун же тажрыйбалык фондунун буюмдары кирсе, коллекциялык тизмек ар бир тиешелүү фонд боюнча түзүлөт. Комплексе таандыгы “сүрөттөө” графасында көрсөтүлөт.

Коллекциялык тизмек атайын журналда катталат жана эсепке алуу бөлүмүндө өз алдынча көктөмө катары сакталат.

4.60. Кенчтен тышкары, баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдарды бир суммардык номерге каттоого жол берилбейт.

         Кенч(же табылга) аны коштогон буюмдар менен бирге (идиш, таңгак) суммардык номер алдында КТКга катталат,  мазмуну жана сандык курамы коллекциялык тизмекте тизмектелип сүрөтөлөт (42-тиркеме).

         Кенчти башка кенчтер жана музей буюмдары менен аралаштырууга тыюу салынат.

4.61. КТКда жана китептерде катталган музей буюмдары жооптуу сактоого кызмат адамдарына – фондулук коллекцияларды жооптуу сактоочуларга өткөрүлүп берилүүгө тийиш.

4.62. Жоптуу сактоого музей буюмдары кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча өткөрүлүп берилет.

4.63. Жооптуу сактоого акты эки нускада түзүлөт, алардын бири жооптуу сактоочуга берилет, экинчи нускасы эсепке алуу бөлүмүндө (сектордо) сакталат.

4.64. Эсепке алуунун экинчи баскычынданегизги фондунун буюмдары инвентардык китептерге катталат (инвентаризация).

4.65. Инвентаризация буюмдардын сырткы көрүнүшүн мүнөздөгөн ачык сүрөттөөнү билдирет, ал ага окшош буюмдардын катарында анын жекелигин аныктоого жана идентификациялоого, ошондой эле  анын сакталыш абалын толук сүрөттөөгө мүмкүндүк берет.

4.66. Инвентаризация жооптуу сактоочу тарабынан жүргүзүлөт.

4.67. Музей буюмдары сүрөткө, санариптик тасмага тартылат же  сканерден өткөрүлөт.

4.68.Инвентардык китептерге музей буюмдары алар жооптуу сактоого кабыл алынган учурдан тартып 90 күндөн кем эмес мөөнөт ичинде катталууга тийиш.

4.69. Инвентардык китептер музейдин негизги фондусун системага келтирүүгө ылайык, фондулук коллекциялар боюнча ар бир коллекциянын санына, курамына жараша жүргүзүлөт.

4.70. Ар бир фондулук коллекцияга белгилүү шифр ыйгарылат, ал бир эле мезгилде тиешелүү инвентардык китептин шифри да болот. Шифр фондулук коллекциянын аталышынын биринчи тамгаларынан (мисалы, живопись коллекциясы «Ж») ж.б. турушу мүмкүн.

         Фондуларды сактоо бөлүмдөрү боюнча системага салынган музейлерде көрсөтүлгөн шифрлерден тышкары, сактоо бөлүмүнүн тамга же санариптик шифри кошумча ыйгарылышы мүмкүн  (мисалы этнография бөлүмүнүн фондулук коллекциясынын инвентардык китеби «ЭБ», археология бөлүмүнүнколлекциялары  - «АБ») ж.б.

4.71. Инвентардык китеп төмөнкү графалар боюнча жүргүзүлөт.

4.72. Буюмдун сырткы көрүнүшү мүнөзүн ачып сүрөттөө:

         Буюмдун негизин аныктаган сырткы көрүнүшү (формасы, түсү, фактурасы) жана анын же айырмаланган өзгөчөлүктөрү мүнөздөлөт.

Сүрөттү же скульптуралык чыгарманы сүрөттөөдө сюжет же скульптуралык композиция толук сүрөттөлөт.

Айкын бир адамдын портретин сүрөттөөдө портреттеги адам жөнүндө кыскача сүрөттөлөт.

Портрет сүрөттөрүн сүрөттөө тартылган адамдын аты-жөнүнөн башталат дагы портреттин тиби (башы, көкүрөгүнө, белине чейин, бою, солго бурулганы) көрсөтүлөт.

Топ тартылган сүрөттү сүрөттөө топтун жалпы аталышын сүрөттөөдөн башталат, андан кийин катталуу учурунда белгилүү болгон анда камтылган адамдарды санап көрсөтүү менен сүрөттөлөт.

Ар кандай окуяларды чагылдырган сүрөттөр сюжеттин аталышын сүрөттөөдөн башталат.

Буюмду сүрөттөөдө ал бүтүн же бир нерсенин курамы болуп санала тургандыгын көрсөтүүдөн башталат. Буюмду жана анын курамдарын сүрөттөө ыраатуу баяндалат. Биринчи кезекте конструкциясы жана формасы, декор, андан кийин курамдык бөлүктөрүн сүрөттөө кетет. Буюмдун конструкциясын сүрөттөөдө бөлүктөр менен бирдиктеринин бириккен жерлерин, алардын өзгөчөлүктөрүн көрсөтүү зарыл.

Нумизматика буюмдары бет жана арт жагынан да сүрөттөлөт. 

Баалуу металлдар менен асыл таштар курамына кирген буюмдарды сүрөттөө курамын түзгөн бөлүктөрдүн материалы жөнүндө маалыматты камтууга тийиш айыл сүрөттөлүшү эмаль менен түшүрүлгөн тик бурчтуу формадагы үкөк, капкагынын четинде 10 бриллиант, бурчунда – 4 рубин чөгөрүлгөн»).

         Автордук кол тамгалар, тактар, маркалар жана башка жазуулар буюмдун бет жагынан жана арт жагынан да толук жана буюмда жазылган тилде жана жазууда сүрөттөлүүсү зарыл.

Кол жазма жана басма китептерин сүрөттөө авторду, автору жок болгон учурда китептин аталышын көрсөтүү менен башталат, бар болгон автографтар, кол тамгалар, мөөрлөр, штамптар, экслибристер, көркөм чагылдыруу элементтери (бетиндеги жасалга, аягы, схема, карта), тышкы сүрөттөөнүн өзгөчөлүгү көрсөтүлөт.

Чет тилдеги китептер үчүн сүрөттөө анын оригиналдуу аталышы орус тилине которуу менен келтирилет.

4.73. «Саны».

Ошол инвентардык номерге катталган буюмдардын саны көрсөтүлөт (араб саны менен).

4.74. «Материалы, техникасы».

Буюм жасалган материал (материалдар) жана аны иштетүү технологиясы көрсөтүлөт. Бул маалыматтар атайын билимди, өзүнчө план боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн болгон айрым учурларда–атайын анализди жана экспертизаны  талап кылган жетиштүү деңгээлде так аныкталууга тийиш.

4.75. «Өлчөмдөрү».

Музей буюмдарын өлчөө үчүн катуу өлчөө инструменттери жана приборлору колдонулат - сызгыч, темир чыгырык, штангенциркуль, микрометр (көлөмдүү буюмдарды өлчөө үчүн).

Буюмдардын өлчөмдөрү сантиметр менен көрсөтүлөт.

Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдардын, зер буюмдарынын, нумизматика буюмдарынын жана башка майда буюмдардын, кол жазма жана эски китептердин өлчөмдөрү, ошондой эле  ок аткан куралдын  калибри миллиметр менен көрсөтүлөт.

Буюмдардын өлчөмдөрү менен салмагын жазууда чекитсиз кыскартылган сөздөр колдонулат:

см (сантиметр)

мм (миллиметр)

м (метр)

г (грамм)

кг (килограмм)

кар (карат)

Өлчөө бюумдун бийиктиги, туурасы жана калыңдыгы боюнча өлчөнөт:

Жалпай буюмдар (живопись, графика, китептер, документтер) бийиктиги жана туурасы боюнча өлчөнөт;

Тегерек жанаэллипсо сымал буюмдар чоң же кичине диаметрлер боюнча өлчөнөт;

көлөмдүү - бийиктиги, туурасы жана калыңдыгы боюнча өлчөнөт.

Эгерде буюмду алкак менен өлчөө же алкакка киргизилген кенептен жасалган кездеменин четтерин бирге алуу менен анын негизин өлчөө мүмкүн болбогон учурда, живпись чыгармалары үчүн өлчөмдөр алкак же тактайдын өлчөмү боюнча берилет.

Графика чыгармаларынын чет жакаларын өлчөөдө (багет же паспарту менен) бети боюнча жана сүрөттүн көрүнгөн (жарыкка) бөлүгү боюнча жалпы өлчөмү көрсөтүлөт.

Алкакка салынган миниатюралардын өлчөмдөрү да ушундай ыкмада көрсөтүлөт.

Скульптуралык чыгарманын өлчөмдөрү бийиктиги (негизделген жеринен чокусуна чейин),туурасы жана калыңдыгы(наиболее отдаленным друг от друга частям) боюнча өлчөнөт. Скульптуралык чыгарманын бийиктиги (айкели), эгерде алар бир бүтүн бирдикти түзсө, астындагы койгучу (плинт) менен кошо өлчөнөт. Эгерде айкел менен анын астындагы постамент бир бүтүндүктү түзбөсө, алардын өлчөмдөрү өз-өзүнчө көрсөтүлөт.

Кийимдердисүрөттөөдө төмөнкүдөй өлчөмдөр көрсөтүлөт: далынын же белдин туурасы жана узундугу.

Китептин өлчөмү, анын ичинде мукабасы менен чогуу бийиктиги, туурасы жана калыңдыгы боюнча көрсөтүлөт.

«Техника», «Геология», «Биология» фондулук коллекциялардын музей буюмдары үчүн өлчөмдөр четки чекиттери боюнча берилет.

Гербарий жалбырактары үчүн жалбырактын өлчөмдөрү жана өсүмдүктүн өлчөмдөрү көрсөтүлөт.

Геологиялык, минералдык, археологиялык фондулукколлекциялардын майда буюмдары, чачылып кетүүчү биологиялык үлгүдөгү буюмдар (урук, мөмө) жалпы салмагы (массасы) боюнча өлчөнүүгө тийиш.

4.76. «Баалуу металлдардын аталышы, пробасы, салмагы грамм менен, асыл таштардын саны жана салмагы карат менен».

Баалуу металлдардын аталышы, пробасы көрсөтүлүп, салмагы грамм менен(лигатурада жана тазалыгы) менен, ал эмиасыл таштардын аталышы саны көрсөтүлүп, салмагы карат менен берилет.

Эгерде баалуу металл буюмдун бир бөлүгүн түзсө, буюмдун жалпы салмагы көрсөтүлөт, ал эми аталышы, пробасы жана салмагы ошол буюмдун курамына кирген бөлүктөрдү көрсөтүү менен берилет.

Буюмдун курамында асыл таштар бар болсо, асыл таштардын аталышы, саны жана салмагы карат менен көрсөтүлөт.

Ушул эле бөлүмгө кайсы материалдан жасалганына карабастан, нумизматика буюмдарынын салмагы, ошондой эле  баалуу минералдардын, кристаллдардын үлгүлөрү жана геологиялык, анын ичинде жерден тышкаркы тектеги (метеорит)  үлгүлөр жөнүндө маалыматтар киргизилет.

4.77. «Сакталган абалы».

         Музей буюмдарынун сакталган абалын сүрөттөөдө «сакталышы начар», «жакшы» же «жабыркаган жерлери бар» деген аныктамаларды колдонууга жол берилбейт. Эгерде көрүнүктүү жабыркаган жерлери аныкталбаса «көрүнүктүү жабыркоолор жок» деген аныктаманы колдонуу шарт.

Буюмду каттоо учурунда анын бардык кемтиктерин белгилөө зарыл (жарылган, боёгу өңүп кеткен, жарака, көөп чыккан, тытылган, сүрүлгөн, сынган, айрылган, кайсы бир бөлүгүнүн же бирдигинин жоктугу), таштар жна башка нерселер коюла турган бош уюкчалар, олуттуу жабыркаган жерлери жана өлчөмдөрү көрсөтүлөт.

Буюмдун ар бир бөлүгүнүн сакталган абалы өзүнчө көрсөтүлөт.

         Живопись, графика, кол жазма жана басма материалдардын сакталган абалын сүрөттөөдө биринчи бет жагынын сакталган абалы берилет, андан кийин арткы бетинин сакталган абалы сүрөттөлөт.

         4.78. «Келип түшүү булагы жана ыкмасы, ФСК протоколу (туруктуу сактоо актылары (10-тиркеме); жанажооптуу сактоо актысы (12-тиркеме);».

         Буюм кимден жана качан келип түшкөндүгү жана юридикалык документтерге шилтеме берүү менен келип түшүү ыкмасы көрсөтүлөт (экспедиция, зсатып алуу, кайрымдуулук,алмашуу, ФСК протоколунун, туруктуу сактоо (10-тиркеме) жанажооптуу сактоо (12-тиркеме) актыларынын номер жана датасы).

         Археологиялык, этнографиялык буюмдар жана табигый-илимий коллекциялар үчүн казып алынган, жыйналган жерлер, алардын даталары жана ишти жетектеген адамдар жөнүндө маалыматтар кошумча киргизилет.

         4.79. «КТК, атайын инвентардык китептер боюнча  №№».

         КТК, атайын инвентардык китептер боюнча эсепке алуу номерлери буюмдун идентификациясын жана эсепке алуу китептеринин ортосундагы өз ара байланышты белгилөө үчүн зарыл.

         4.80. «Негативдерге же электрондук жабдуулардагы сүрөттөлүштөргө №№».

         Негативдерге же электрондук жабдуулардагы сүрөттөлүштөргө коюлган номерлер буюмдун сүрөттөлүшү ар кандай жабдууларда (негатив, слайд, дискета, диск) ордунда турганыгы тууралуу ыкчам маалымат алуу үчүн кызмат кылат.

4.81. «Эскертүү».

Мында аталган буюм боюнча зарыл маалымат кошумча киргизилиши мүмкүн.

4.82. Музей буюмдарын системага салуу, классификациялоо же атрибуция жүргүзүүдө бир инвентардык китептен экинчи инвентардык китепке, мисалы, декоративдик-колдонмо искусствосунун жалпы инвентардык китебинен  «эмерек», «чопо, айнек» фондулук коллекциялар инвентардык китебине алардын инвентардык номерлери менен шифрлерин өзгөртүп которууга жол берилет. Которулуп жаткан музей буюмдарына мурда берилген инвентардык номерлер жабылып, буюмдар башка инвентардык китепке киргизилет дагы аларга жаңы инвентардык номер ыйгарылат. КТК боюнча эсепке алуу белгилери сакталат.

         4.83. Маркировка.Музей буюмдарын маркировкалоо деген буюмга анын төмөнкү белгилөөлөрдөн турган эсепке алуу номерин толук коюу дегенди билдирет:

         музейдин шифри (баш тамгалар менен берилген музейдин кыскача аталышы, мисалы, МТМ – Мамлекеттик тарыз музейи);

         фондунун шифри, КТК жана келип түшүүлөр китеби боюнча эсепке алуу номери (КТК – негизги фонд, ИКФ – илимий-көмөкчү фонд, ЧЗФ – чийки зат фондусу, ТФ – тажрыйбалык фонд);

         фондулук коллекциялар шифри жана инвентардык китеп боюнча эсепке алуу номери  (мисалы, живопись коллекциясы - Ж-524);

         атайын инвентардык китеп боюнча шифр эсепке алуу номери (мисалы, этнография бөлүмү - ЗБ-78).

         Мисалы, музей буюмунун толук эсепке алуу белгиси: МТМТК-1612/Ж-524 болушу мүмкүн.

         4.84. Эсепке алуу бегилерисиз музей буюмдарын сактоого жана экспонат катары колдонууга жол берилбейт.

         4.85. Буюмдарды маркировкалоо колго, механикалык ыкмада, ошондой эле  буюмдун сырткы көүнүшүнө жана сакталган абалына зыян келтирбестен, жаңы технологияларды колдонуу менен аткарылат. 

         4.86. Музей буюмдарын колго жана механиклык ыкмада маркировкалоодо алардын туруктуу эсепке алуу белгилерин төмөнкүдөй ыкмада белгилөө сунушталат:

·        живопись чыгармаларына алкактын жогорку же төмөнкү планкага боёк менен;

·        алкагы жок сүрөттөргөсүрөттөн арткы бетине, кенептен жасалган кездеменин этегине;

·        ири өлчөмдөгү сүрөттөргө эки жолу (жогору жана төмөн жагы);

·        иконаларга(такталарга) – ак же ачык көгүш түстөгү боёк менен тактанын капталына же артына;

·        эки тараптуу иконалардабоёк менен капталына;

·        акварелдерге, сүрөттөргө, гравюраларга, плакаттарга, паспарту менен таризделбеген өзүнчө кол жазмалардын барактарына барактын арткы бетине бир бурчуна;

·        паспартуменен таризделген буюмдарга - паспартуга;

·        алкакка салынбаган буюмдарга жээгине, бул жөнүндө инвентардык китепте тиешелүү жазуу киргизилет;

·        сүрөттөрү, гравюралары, фотосүрөттөрү, кездеме үлгүлөрү ж.б. менен альбомдорго башкы беттин артына жана альбомдун ар бир бетине;

·        скульптура чыгармаларынабоёк менен арткы бетине плинттин төмөнкү бурчуна;

·        ири өлчөмдөгү айкелге, рельефтерге, дубалга тагылуучу архитектуралык фрагменттерге (фриз, колонна, карниз) –ар башка тараптан эки-үч жерге капталына;

·        колго кармай турган кичинекей айкелгебоёк менен койгучка;

·        чоподон, айнектен, жыгачтан, металлдан жана таштан жасалган буюмдарга – эмаль боёгу же тушь менен, тушту андан кийин түссүз  лак менен жабуу керек. Тегиз эмес бүдүрлүү беттеги буюмдарга реставраторлор сунуштаган атайын желим менен чапталган этикеткалар колдонулат;

·        миниатюраларда, монеталарда, медалдарда, геммаларда, таштарда,  кресттерде, майда археологиялык предметтер менен фрагменттердеалардын жасалгасында, жеке таңгагында (конверт, тыш кап, куту) же катуу картондон же темирден жасалган илине турган  этикеткаларында;

·        жыгачтан жасалган ири көлөмдүү буюмдарга, анын ичинде эмеректерге –эмаль менен же май боёгу менен лак, политура же фанеровка жабылбаган жерлерге;

·        сүрөт түшүрүлгөн жана чегилген буюмдарга (жип ийригич, кескич) –сүрөт түшүрүлбөгөн жана чегилбеген бош жерлерге;

·        ачыла турган буюмдарга (куту, чакча) –балык майындагы желимге отургузулган этикетканы колдонуу менен ички бетине;

·        ок аткан куралгакундагынын ички бетине же илинген этикеткасына (картон же темир);

·        мийиздүү куралгасабына же илинген этикеткасына (картон же темир);

·        коргонуу курал-жарагына (калкан, соот) – ички бетине;

·        кездемелерге –ачык түстөгү тыгыз матадан (коленкор, болотнай) этикетка (алын ала жазылган номер менен) ички бетине тигилет. Эгерде тигилген буюмболсо (мисалы, юбка), этикетка төмөнкү этегине тигилет. Тигилбеген буюмга (килем, жоолук, мата кесиндиси) этикетка ички бетинен бир бурчуна тигилет;

·        сейрек жана китепче болуп тигилген документтерге штамп жана номерлер акыркы барактын арткы бетине же мукабасынын ички бетине басылат;

·        айрым документтергебарактын арткы бетинин бурчуна калем менен коюлат;

·        негативдерге–эмульсиядагы кара сыя менен;

·        9х12 см кем болбогон өлчөмдөгү негативдерге  –конверттерге;

·        чакан форматтуу позитивдергежасалгасына;

·        негизин кагазтүзгөн фотобасмаларга арткы бетинин төмөнкү бурчуна сыя менен;

·        полиэтилен негизиндеги фотобасмаларга кара же көкфломастер;

·        накейсфотографика объектилеринде (даггеротиптер, амбротиптер, ферротиптер) – реставраторлор сунуштаган атайын желим менен чапталган этикеткаларга;

·        жаныбарлар менен куштардын кургатылган денесине атайын илинген этикеткаларга (ярлыктарга);

·        кептерге  – койгучтарына;

·        идиштерге же тыш каптарга салынган каражаттарга идиштин же тыш каптын сырткы бетине;

·        гербарий жалбырактарына ар бир жалбырактын төмөн жагына;

·        геологиялык жана палеонтологиялык үлгүлөргө түздөн-түз буюмдарга;

·        топурактуу үлгүлөргөжашиктердин бетине монолиттер менен же үлгүлөрү менен банкаларга жана кутуларга;

·        чачылып кетүүчү үлгүлөргөтаңгагына.

4.87.    Негизи кагаз болгон (сүрөттөр, гравюралар, плакаттар, кол жазмалар) же негизи кездеме болгон буюмдардын ярлыктарына аларды кездеменин негизиндеги буюмдарга тигүү үчүн 15х30 мм өлчөмүнөн ашпаган  атайын дайындалган штамптар колдонулат. Эсепке алуу белгилери штампта боёк же тушь менен колдонулат.

4.88.    Жаңыга алмаштырган учурда буюмдардагы мурда коюлган бардык эски  шифрлер менен номерлер сакталып калат жана алар жеңил окулуп, оңой көрүнгөндөй орду жабылат (чийилет).

         Буюмдун тарыхын, музейдин топтогондорун чагылдырган эски жыйнактардагы, көргөзмө залындагы ярлыктардын, этикеткалардын, жазуулардын орду жабылбайт.

4.89. Музейге убактылуу сактоого келип түшкөн буюмдар (убактылуу экспонаттоо, калыбына келтирүү), жөнөкөйлөтүлгөн техника менен маркировкаланат: убактылуу колдонуунун номерлери калем менен же илинген этикеткаларда белгиленет.

4.90. Ички нускамада музей буюмдарынын ар бири түрүнө маркировка коюу  системасы жана эсепке алуу белгилерин коюу ыкмалары толук көрсөтүлүүгө тийиш.

         Маркировкалоодо жаңы материалды колдонуу (желим, боёк) милдеттүү түрдө реставраторлор менен макулдашылат.

4.91. Эсепке алуунун үчүнчү баскычында баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган музей буюмдарын атайын инвентардык китептерге каттоо жүргүзүлөт.

 

Музей буюмдарынын сакталууда турган абалын жана бар

экендигин текшерүү

(мониторинг)

 

4.92. Музейлер, музейдеги буюмдардын айкын ордунда турганыгын, алардын идентификациялаган белгилери менен сакталууда турган абалы негизги эсепке алуу документтеринин маалыматтарына туура келишин аныктоо максатында,  музей буюмдарынын абалына жана сакталууда тургандыгына  мезгил-мезгили менен текшерүүлөрдү жүргүзүүгө милдеттүү(мындан ары – ордунда турганыгын  текшерүү).

4.93. Фондуларда сакталууда турган музей буюмдарынын бүтүндөй көлөмү боюнча, ошондой эле фондулук коллекцияларды өз-өзүнчө текшерүүлөр инвентардык китептердин шифрлерине ылайык жүргүзүлүшү мүмкүн.

4.94. Музей буюмдарынын ордунда турганыгын текшерүү музейдин директорунун буйругунун негизинде түзүлгөн комиссия тарабынан директор бекиткен план-графикке ылайык  жүргүзүлөт.

Комиссиянын курамына милдеттүү түрдө жооптуу сактоочу жана эсепке алуу бөлүмүнүн кызматкеринин катышуусу менен 3төн кем эмес адам кирүүгө тийиш.

4.95. План-график текшерилип жаткан сактоо фондуларынын ордунда турганыгын  жана көлөмүн текшерүүнүн төмөнкү мөөнөттөрүн эске алуу менен түзүлөт:

         фондунун жалпы саны 500 – 3000 сактоо бирдигине чейинки музейлер үчүн  - 2 жылда 1 жолу;

         3000ден 30 000  чейин3 жылда 1 жолу;

         30 000ден 300 000 чейин 5 жылда 1 жолу;

4.96. Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган 1000 бирдиктен ашкан коллекциялар буюмдарынын ордунда турганыгын текшерүү мезгилдүүлүгү ички нускама менен белгиленип, музейдин директору тарабынан бекитилген план-график боюнча текшерилет.

4.97. Текшерүүнүн жыйынтыктары коллекциялардын ордунда турганыгын  текшерүү актысы менен таризделет (34-тиркеме;34-1-тиркеме;34-2-тиркеме;34-3-тиркеме;34-4-тиркеме;34-5-тиркеме;34-6-тиркеме;34-7-тиркеме; 34-8-тиркеме); ага комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коёт, ФСК кароосуна сунушталат, музейдин директору тарабынан бекитилип, тешкерүү актыларын каттаган тиешелүү китепте катталат.

Ордунда турганыгын текшерүү актысына таблицалар тиркелет, таблицада КТК, инвентардык китепте, атайын инвентардык китепте катталган музей буюмдарынын ордунда турганыгы жөнүндө маалыматтар көрсөтүлгөн. 

4.98. Ордунда турганыгын текшерүү учурунда орду жок болгон музей буюмдарынын тизмесине негиздеген бардык документтер түп нускалардын же күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрдүн көчүрмө түрүндө тиркелет.

Музей буюмдарынын жоголгондугу жана жабыркагандыгы тууралуу учурлар тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине маалымдалат.

4.99. Музей буюмдарын мурда башка музейлерге өткөрүп берген же өткөрүп берүүнү уруксат берген документтерди тариздетүүсүз уюштурган учурда, өткөрүп берүүгө негиз болгон документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тиркелет (жогору турган уюмдун же музейдин директорунун буйругу же тескемеси, берүү акты, музейдин же уюмдун буюмду алгандыгы жөнүндө тастыктоо документи).

4.100. Мурда жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө музей буюмдарынын жетишсиздиги тастыкалган учурда ошол текшерүүлөргө түзүлгөн актынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү же музей буюмдары тизмесинин тиешелүү барагын кошуу менен ошол актыдан алынган көчүрмө тиркелет. 

4.101. Музей буюмдарынын жетишсиздиги белгиленбеген же документ менен тастыкталбаган себептер боюнча аныкталган учурда башкы сактоочу, эсепке алуу бөлүмүнүн бөлүм башчысы жана жооптуу сактоочу тарабынан жазылган түшүнүк кат тиркелет.

4.102. Канааттандырылбаган абалда сакталган же тезинен реставрациялоону жөнүндө консервацияны талап кылган, ошондой эле  музейдин негизги фондусуна жаңылыш киргизилген жана илимий-көмөкчү фондусуна же башка фондуга которууну талап кылган музей буюмдарын аныктаган учурда, ордунда турганыгын  текшерүү актысына алардын тизмеси тиркелет.

4.103. Эсепке алуу документтеринен алып салына турган музей буюмдары аныкталган учурда, актыга аларды алып салууну жүйөлөр менен негиздеген маалыматтарды камтыган буюмдардын тизмеси тиркелет(34-2-тиркеме;34-2а-тиркеме;).

4.104. Текшерүүнүн актыларына карата бардык тиркемелерге комиссия мүчөлөрү кол коюшат жана музейдин мөөрү менен ырасталат.

4.105. Музейлер, музей буюмдарынын ордунда турганыгына жүргүзүлгөн текшерүүнүн актыларын төмөнкү учурларда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине жөнөтөт:

·        музей буюмдары жоголгон учурда;

·        музей буюмдарын музейдин эсепке алуу документтеринен алып салуу учурунда;

Музей филиалдарында жана музей бирикмелеринде музей

буюмдарын эсепке алууну уюштуруу   

4.106. Музей филиалдарында жана музей бирикмелеринде музей буюмдарын эсепке алуу башкы музейдин ички нускамасы менен аныкталган тартипте уюштурулат.

4.107. Музей филиалдары жана музей бирикмелери музей фондулары түзүмүнө жараша төмөнкүдөй эсепке алышат:

·        бардык жаңы келип түшкөн буюмдар ишке киргизилип, негизги музейдин келип түшүү китебине киргизилет, ал эми инвентардык китепке филиалда  эсепке алынат. Ар бир музей буюмуна  инвентардык карточканын жуп нускасы негизги музейге жөнөтүлөт;

·        филиалдарда музей буюмдары көп топтолгон болгон учурда алар филиалдардын келип түшү китебине жана инвентардык китептерге киргизилет (40-тиркеме);

Мында филиалдар кабыл алуу-өткөрүп берүү актыларын бир нускасын негизги музейге жөнөтүүгө милдеттүү.

Филиалдарда сакталган эсепке алуу документтеринде жана музей буюмдарында негизги музей менен музейдин филиалынын шифри болууга тийиш.

4.108. Филиалдан убактылуу жана дайыма пайдаланууга буюмдарды берүү негизги музей тарабынан белгиленген тартипте таризделет.

 

4.109. Филиал же бирикме жоюлган учурда, бардык музей буюмдары Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин чечими боюнча башкы музейге өткөрүлүп берилет

 

V.                  МУЗЕЙ БУЮМДАРЫН САКТОО

Жалпы жоболор 

5.1. Музей буюмдарын сактоо жоголууну, бузулууну жана жабыркоону жокко чыгаруу жагында аларды узак убакытка сактоого багытталган, алардын оптималдуу абалын кармап турууну камсыздаганчараларды жүргүзүү, ошондой эле аларды изилдөө, көргөзмөгө коюу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жолу менен ишке ашырылат.

5.2. Музей буюмдарын талаптагыдай сактоо шарттары төмөнкү жолдор менен сакталат:

·        Музей буюмдарын атайын ыңгайлаштырылган жайларга жайгаштыруу;

·        Сактоону жана музей буюмдарынын ар кандай топторунун орун которуусун атайын каражаттар менен жабдуу (стеллаждар, шкафтар, сейфтер, кутулар,папкалар, арабалар, алып жүрүүчү шатылар, ташуу үчүн унаалар);

·        Музей имараттары менен жайларында температура-нумдуулук, жарык берүү жана санитардык-гигиеналык режимдерди түзүү жана колдоо.

·        Кайтаруу жана өрткө каршы режимдери менен камсыздоо.

Музей имараттарына жана жайларына негизги талаптар

 

5.3. Музейлер экспонаттарды жаратуу, музей буюмдарын жана коллекцияларын сактоо үчүн атайын курулган же ыңгайлаштырылган, өрт коопсуздугу жагында кооптуу объектилерден алыс имараттарга жана жайларга жайгаштырылат.

5.4. Музей ыңгайлаштырылган имараттарга жана жайларга экспертиза жүргүзүлгөндөн кийин гана жайгаштырылышы мүмкүн.

5.5. Экспертиза музейдин, өрткө каршы, кайтаруу, курулуш,  санитардык-эпидемиологиялык жана башка кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жүргүзүлөт. Экспертиза жыйынтыгы боюнча акт түзүлөт.

5.6. Музейдин имараты өрткө каршы коопсуздуктун бардык талаптарына жооп берүүгө, обочо турууга, темир-бетон жабдуу, темир же черепица чатыр менен  жабдылган күйбөгөн материалдан курулууга (кыш, таш), суу менен борбордук жылытуу системасына кошулууга жана соруп чыгаруучу желдетүү системасына кошулууга тийиш.

5.7. Музей имаратынын чатыры менен сууну агындылоо түтүктөрү имараттын ичин суу менен нымдын киришинен сактоо үчүн толук иштеген абалда болуусу шарт. Сууну агындылоо түтүктөрү толук иштеген абалда кармоо зарыл.

5.8. Музейлер өрткө каршы суу кору менен, өрттү өчүрүү каражаттары жана телефон байланышы менен камсыздалууга тийиш.

5.9. Музей объектилерине өрт өчүрүү машиналары эркин кириши жана жакындап келиши камсыздалышы шарт. Алар ортосундагы өрткө каршы аралыктар, өтмөктөр, материалдарды, жабдууларды сактоо, автоунааларды токтотуу үчүн пайдаланылбашы керек.

5.10. Музейдин имаратында жайгашкан буфеттер, кафе, ашкана, азем белек дүкөнү жана китеп күркөлөрү, гардеробдор менен кол жүгүн сактоо камералары, санитардык түйүндөр экспозиция залдары менен сактоо жайларынан обочо жайгаштырылууга тийиш.

5.11. Объектинин өзүнүн өзгөчөлүгүнөн улам, электр тогун кигизүү мүмкүн болбогон учурда иш күндүз гана жүргүзүлүүгө тийиш.

5.12. Фондунун коллекцияларын жооптуу сактоочулардын жушум ордулары мүмкүнчүлүккө жараша сактоо жайынан тышкары, бирок түздөн-түз ага жакын жерде жайгаштыруу зарыл. Курал-жарактарды, кездемелерди, ботаникалык, энтомологиялык жана зоологиялык коллекцияларды сактаган атайын жактоо жайлары үчүн мындай талапты аткаруу милдеттүү болуп саналат.

5.13. Музейди жана анын фондуларын сактоо жайларын эскирген, имараттын өзүн, чатырын, жана жертөлөсүн ным баскан, жыгачтан курулган, меш менен жылытылган, ошондой эле турак имараттарда, коомдук тамактануу, тамак-аштарды жана башка нерселерди сактаган кампа жайларында, өрт кооптуулугу бар заттарды сактаган же өрт кооптуу жана химиялык технологияларды колдонгон уюмдар ээлеген имараттарда жайгаштырууга жол берилбейт. 

5.14. Буга жыгачтан курулган – архитектура эстеликтеринде, тарых жана маданият эстеликтериндежайгашканмузейлер, мемориалдык музейлер, мемориалдык музей-квартиралар кирбейт.

5.15. Музейлерде тыюу салынат:

·        Чатырга чыгуучу жолду, фондуларга ички жолдорду, шаты аянтчаларын жана адамдарды эвакуациялай турган башка жолдорду тосууга, чатырларга кайсы бир буюмдарды жана материалдарды сактоого;

·        Чатыр менен жертөлөгө кире турган жолдорду ачык кармоого;

·        Тоңуп калган суу түтүктөрүн, агындылоо жана башка түтүктөрүн ачык от менен жылытууга;

5.16. Экспозиция залдары, сактоо, реставрация жайларын, чаңдап кетүүнү, курт-кумурска, көгөрүп кетүү жана кемирүчүлөрдүн пайда болуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгара тургандай тартипте жана тазалыкта сакталууга тийиш.

Ушул максатта бардык зал менен жайларда күнүгө нымдап жууп тазаланат.

5.17. Экспозиция залдарында, сактоо жана реставрация жайларында сырт кийимчен, булганган бут кийимчен жүрүүгө, каалаган кайсы болбосун башка буюмдарды сактоого, тамак-ашты колдонууга катуу тыюу салынат.

5.18. Музей имараттары менен жайларында тамеки тартуу үчүн атайын жабдылган орундар бөлүнүп берилүүгө тийиш.

Кайтаруу режими

5.19. Музейдин кайтаруу режими, маданияттын кайтарылып жаткан объектилерине карата укукка каршы кол салууларды, ошондой эле инженердик-техникалык жактан жабдууну, музейдин имараттары менен жайларын кайтаруу-белги берүүнү, кайтаруу постторун уюштурууну, жайларды чаптоону, объекти ичинде өткөрүү режимдерин сактоону, жайлардын ачкычтарын кайтарууну бекемдөө менен административдик укук бузууларды алдын алууга, аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган чаралардын комплексин билдирет.

5.20. Ар бир музейде музейдин бардык имараттары менен жайларында кайтарууну жана өрткө каршы коопсуздукту уюштуруу боюнча коопсуздук концепциясы менен музей ичиндеги нускама документи иштелип чыгууга тийиш.

5.21. Музей иштеп турган сааттарда экспозициялык-көргөзмө залдарында жайгаштырылган музей буюмдарынын сакталышына музей кароочулары көз салышат (мындан ары - кароочулар).

5.22. Кароочулардын ишин уюштурууга жооптуу кызмат адамы башкы сактоочу менен макулдашуу боюнча ички байкоо постторун кароочулар ортосуна  бөлүштүрөт жана алардын өз кызматтык милдеттерин аткарышын көзөмөлдөйт.

5.23. Кароочуда ал өзү карап жаткан залга (залдарга) экспозициялык кайтаруу тизмегинин көчүрмөсү болууга тийиш.

5.24. Күнүгө иш күнүнүн башталышында жана акырында музейдин кезметте турган илимий кызматкери кароочулар, кайтаруу кызматкери (кызматкерлери) менен чогуу экспозиялык жана көргөзмө залдарды ачып жабууга, экспонаттардын ордуна тургандыгын, стенддердин, витриналардын техникалык бекитилген абалын, башка экспозиция жабдууларын, ошондой эле  кайтаруу-өрткө каршы белги берүү каражаттарынын иштешин текшерүүгө милдеттүү.

5.25. Экспозиция залдарын, сактоо жайларын, музей буюмдарын туруктуу же убактылуу жайгаштырууну башка жайларын санкциясыз ачуу, экспонаттын (экспонаттардын),жабдуудагы пломбанын же мөөрдүн сыйрылганы, анын техникалык иштебегендиги, ошондой эле  кайтаруу-өрткө каршы белги берүү каражаттарынын ишинде бузулуулар аныкталган учурда, аталган адамдар бул туурасында тезинен музейдин жетекчилигине жана музейди кайтаруу ишин аткарып жаткан уюмга маалымадоого тийиш.

 

Фондуну сактоо жайынан жана башка жайлардын ачкычтарын сактоо

 

5.26. Музей фондуларды сактоо жайына кирүүчү ачкычтар же электрондук кулпуларга карточкалар менен кирүүнү (мындан ары - кирүү карточкасы) колдонуу жагын, ошондой эле  сактоо, реставрациялоо жана башка кызматтык  жайларга чоочун адамдардын кирип кетүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган чараларды катуу көзөлгө алууну камсыз кылат.

5.27. Ар бир ачкыч же кирүү карточкасы экспозиция залдарына жана сактоо жайларына ачкычтарды берүүну жана кайтарууну каттоо журналына катталат  (35-тиркеме),(36-тиркеме); ачкычтын номери болуп анын катар саны эсептелет.

5.28. Ачкыч, залдын, сактоо жайынын, шкафтын, витрина менен башка сактоо жайларынын аталыштары, номери жазылган бирка менен камсыздалат.

5.29. Ачкычтардын биринчи нускалары атайын каптамдарда сакталат, ал жооптуу сактоочуга берилип, алардын жеке мөөрү менен бастырылат. Ачкыч салынган каптамдарды берүү жана кайтарып алуу кайтаруу күзөтүндө сакталуучу журналда катталат.

5.30. Ачкычтарды жана кирүү карточкасы директордун буйругунда жыл сайын жаңыланып туруучу адамдарга берилет, буйруктун көчүрмөсү кайтаруу  күзөтүндө болот.        Ачкыч салынган каптамдарды, пломбирлерди жана карточкаларды музейден тышкары алып чыгууга тыюу салынат.

5.31. Сактоо жабдууларынын ачкычтары (шкафтар, витриналар, сейфтер) сактоо жайында шкафта же сейфте сакталат.

5.32. Бардык ачкычтар менен кирүү карточкаларынын жуп нускалары директордун же музейдин башкы сактоочусунун сейфинде сакталат. Жуп нускаларды колдонуу жүргүзүү тартиби ички нускама менен аныкталган журналда көрсөтүлөт.

5.33. Жооптуу сактоочу жок болгон учурда сактоо жайына кирүү зарылчылыгы жаралган учурда, сактоо жайып ачып кирүү башкы сактоочунун тескемеси менен курамы 3 адамдан турган комиссия тарабынан ачылат. 

5.34. Сактоо жайларына кирүүгө укугу бар адамдардын тизмеси зарылдыгына жараша жаңыланып турат жана кайтаруу күзөтүндө болууга тийиш.

5.35. Музейдин калган бардык кызматкерлерине жооптуу сактоочунун коштоосу менен гана сактоо жайларына кирүүгө уруксат берилет.

5.36. Башка адамдарды, анын ичинде изилдөөчүлөрдү киргизүү, ошондой эле  музей буюмдарын алып чыгуу музейдин директорунун жазуу жүзүндөгү уруксаты жана башкы сактоочунун визасы менен ишке ашырылат, ал журналда катталат(41-тиркеме); журналды жүргүзүү тартиби музейдин ички нускамасы менен аныкталат.

5.37. Музейдин негизги чарбасын жүргүзүүгө жооптуу кызмат адамдарын аныктоо, фондуларды сактоо жайына киргизүү  музейдин ички нускамасы менен жөнгө салынат.

 

Экспонат катары көргөзмөгө коюуга музей буюмдарынын сакталышын камсыздоо 

5.38. Экспозиция залынын жабдуулары менен түзүлүштөрү коомго көргөзмө уюштура жана музей буюмдарынын сакталышын камсыздай ала тургандай оптималдуу шарттарда түзүлүшү зарыл.

5.39. Экспозиция жабдуулары ички кулпулар жана пломб менен мөөрлөрдү бастыруу үчүн атайын ыкмалар менен жабдылат.

5.40. Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдар, куралдар  үчүн жабдуулар белги берүү жабдуулары менен жабдылат.

5.41. Жабдуулар экспонаттардын өлчөмдөрүн жана салмагын эске алуу менен бекем жана туруктуу болууга тийиш.

5.42. Ар кандай текчелер менен койгучтарга коюлган бекем тургузулбаган буюмдар текчеге, шкафтын капталына же койгучтарга бекитилет.

5.43. Өзгөчө баалуу, морт экспонаттар, куралдар, анча чоң болбогон буюмдар (анын ичинде майда скульптура, фарфор, айнек) айнек коюлган шкафтарга, витриналарга же такталарга экспонатталат.

5.44. Өзгөчө баалуу, морт экспонаттаркоюлган ачык экспозиция атайын тегерете тосулат.

4.45. Зарыл болгон учурда айрым экспонаттар айнек капкактар менен жабылат.Капкактар койгучтарга бекем бекитилет.

5.46. Экспозиция жабдуулары музей буюмдарын чаңдан сактоого тийиш.

5.47. Экспозиция жабдуулары экспонаттарга күндүн нуру тике тийбегендей өңүттө терезеге жараша жайгаштырылат.

5.48. Экспонаттарды калкалаган такталарга илүүдө же шкаф ичинде кыймылсыз бекитилет.

5.49. Экспонаттарды илүү үчүн дубалдарда, такталарда, калкандарда темир өзөктөрү орнотулат. Сүрөттөр темир тартмалар, тросторго же боолорго илинет. Оор жана көлөмдүү экспонаттарды илүү үчүн темир тартмалары же тросттор колдонулат.

5.50. Сүрөттөрдү илүү үчүн шакектер алкактын ички бетине бекитилет.Шакектерди сүрөттүн алкагына буроого тыюу салынат.Экспозиция үчүн даярдалган алкактарда сүрөт үчн ноочонун тереңдиги алкактын калыңдыгына туура келиши керек. Сүрөттөрдү алкактарга орнотуу үчүн атайын темир же жыгач кыпчыгычтар менен айлангычтар колдонулат. Темир кыпчыгычтар алдын ала дат басууга каршы катмар менен капталууга тийиш. Сүрөттүн алкагынын ички бетин фанер, тыгыз кездеме же дерматин менен бекитип коюуга болот.

5.51. Чети жана алкагы жок жыгачка тартылган живопись чыгарманы илүүдө (мисалы, икона) аларды кездемеге оролгон атайын темир кармагычтарга бекитүү зарыл.Чыгарма олуттуу оор болгон учурда экспонаттын капталына же алкагына кошумча тирөөч орнотулат.

5.52. Экспозициянын төмөн жагына орнотулган живопись чыгармасын айнек астында сактоо зарыл. Живопись айнекке тийип калбас үчүн чекесине жыгачтан, картондон 2-5 мм калыңдыктагы төшөгүчтөр жасалат.

5.53. Графика чыгармалары айнек алдында витриналарга жана кош паспартуга экспонатталат(ватман, жарым ватман кислотасыз картон тибинен чийме кагаздан).

5.54. Кагаздан төшөлмөлөрү жок графиканын жээги үчүн фанерди жана тактаны колдонууга тыюу салынат.

5.55. Кагаз материалдарынын бардык түрүн экспонаттоонун мөөнөтү залга жарык берүүнүн мүнөзүнө жана чыгармалардын өзүнө колдонулган коргоо каражаттарына жараша болот. Шарттарга жараша экспонаттоонун жалпы узактыгы жылына алты айдан ашпоого тийиш.

5.56. Эски фотосүрөттөр витриналарда же айнек алдында, паспартуда, көркөм графикасы сыяктуу ошол эрежеде экспонатталат. Аларды экспонаттоонун жол берилген мөөнөтү – бир жылдан ашпайт. Туруктуу экспозицияга оцифирленген нускаларын колдонуу зарыл.

5.57. Кийимдерди экспонаттоодо манекендер, ийинчелер колдонулат. Ийинчелер үчүн жумшак төшөлмөлөр жасалат.

5.58. Илинип турган абалдагы кайталанбаган кездемелерди экспонаттоо мөөнөтү үч жылдан ашпоого тийиш.

5.59. Кайталанбаган археологиялык жана эскирген кездемелер, ошондой эле  оор алтын, күмүш жана башка менен тигилген жука кездемелер жаткырылган абалда экспонатталат.

5.60. Жогорку кырынан кездемени илүү үчүн анын ички бетине иле турган планканы кийгизүү үчүн кошумча материалдан чөнтөк тигилет.

5.61. Байыркы, жакшы сакталган кездемелер алкакка тартылып, периметри боюнча жээкке бекитилип, тигинен экспонатталат. Мындай даярдык реставратор тарабынан аткарылат.

5.62. Килемдер менен колго жасалган туш кийиздерди экспонаттоодо тиешелүү өлчөмдө алкакка тартылган жээгине башка кездемеден тигилген тилкеге бекитилет.

5.63. Кездемелерди, килемдерди жана колго жасалган туш кийиздерди кагууга же төөнөгүч менен тешүүгө тыюу салынат.

5.64. Сүрөттөр экспозициясын монтаждоодо сүрөттөр атайын жаздыкчалар менен койгучтар үстүнө дубалды бойлой орнотулат. Тартылган же жыгачтан жасалып, алтын жалатылган скультураны, чегилген же алтын жалатылган алкактар экспозициясын монтаждоодо жерге коюуга же дубалга сүйөөгө тыяюу салынат; поролон төшөлмөлөрүн же кебезден эски жаздыкчаларды жер, дубал жана буюм ортосунда колдонуу зарыл. Экспонаттар дубалга ички бети нен каратылып коюлат.

5.65. Эмеректерди экспонаттоодо аны экспонаттан бир аз чоңураак аянтта, 10 см кем болбогон бийиктикте көтөрүп жайгаштыруу зарыл.

5.66. Эмерек музей буюмдарын витрина үчүн койгуч же айкел астындагы көтөргүч катары колдонууга жол берилбейт.

5.67. Эгерде экспозициялык-көркөм комиссиясынын чечими менен эмеректерге кайсы бир экспонаттарды (ваза, саат, стол үстүндөгү жасалгалар, алкагы менен сүрөттөр) коюу каралган болсо,коюлуп жаткан буюмдун төмөнкү бөлүгү эмеректин үстүнкү бетинен жумшак кездемеден, мисалы байкадан жасалган төшөлмө менен бөлүнөт.

5.68. Эки тараптуу буюмдар ар тараптуу көрүүгө мүмкүн болгон атайын койгучтарга же витриналарда экспонатталат. 

5.69. Чоң вазалар, чоң өлчөмдөгү айкелдер, чопо панно, мозаика атайын тумба-койгучтарга же дубалга бекитилет. 

5.70. Экспозицияга чыгарылган айкелди буюм жасалган материалдын өзгөчүлүгүн эске алуу менен гипсти, мастиканы жана оңой бузулуучу жана калыбына келүүчү материалдарды колдонуу менен постаментке орнотуу зарыл.

5.71. Эч кандай четтөөлөрсүз бардык буюмдарга бекитүү максатында пластилинди жана калыбына келбеген желимдерди колдонууга тыйуу салынат.

5.72. Курт-кумурскалардын коллекциялары ичи ак кагаз менен чапталган, түбүнө чым төшөлгөн айнек кутуларга же ящиктерге атайын төөнөгүч менен экспонатталат.

5.73. Ботаникалык материалдарды бир айдан ашык герметизациялоосуз экспонаттоого жол берилбейт.

5.74. Экспонаттарды жылыткыч приборлордун же желдетүүчү түзүлүштөрдүн жанына жайгаштыруу тыюу салынат.

5.75. Органикалык материалдардан жасалган буюмдарды (жыгач, кагаз, фотосүрөт, тери, сөөк, кездеме, май жана бастырылган живопись, мом, ботаникалык жана зоологиялык объектилер) жылыткыч приборлордун, жылуулук бөлүп чыгаруу таасирине ээ булактардан 1,5-2 метрден кем эмес аралыкта жайгаштыруу зарыл.

5.76. Музей буюмдарын чаңдан, чымын-чиркей жана башка зыянкечтерден сактоо үчүн терезенин жана желдетүүнүн ачыла турган бөлүгү марли, капрон же жыш, бирок бир миллиметрден ашпаган темир торчолор тартылган атайын алкак түрүндө фильтр менен жабдылат. 

5.77. Экспонат чөйрөсүндөгү абанын агымы 0,1 м/с ашпоого тийиш.

5.78. Убактылуу көргөзмөлөрдүн жабдуулары экспозиция жабдууларына коюлуучу бардык негизги талаптарга жооп берүүгө тийиш. Мындан тышкары, оңой тагылып, чечилүүгө, орун которууга ыңгайлашуусу зарыл. Көп жолу жана ар кыл колдонууга мүмкүндүк берген ички жабдуулары менен модулдук конструкциялар максатка ылайык.

5.79. Музей иштеп турган сааттарда экспозициялык-көргөзмө залдарында жайгаштырылган музей буюмдарынын сакталышына музей кароочулары көз салышат.

Фондуну сактоо жайларында музей буюмдарынын сакталышын камсыздоо

5.80. Музей фондулары комплекстүү жана бөлүнүшү мүмкүн болгон атайын жабдылган сактоо жайларында жайгаштырылат.

5.81. Комплекстүү сактоо жайларында музей буюмдарынын ар кандай топторун сактоо иши уюштурулат.

5.82. Сактоо жайларында музей буюмдарынын бир түрүн же бирдей сактоо шарттарын талап кылган буюмдарды сактоо уюштурулат.

5.83. Сактоо жайларында төмөнкүлөр каралган:

·        Жооптуу сактоочулардын иштөөсү жана келүүчүлөр үчүн жайлар;

·        Таңгагы ачылып, тагылып, баштапкы кароодон өтө турган жаңы келип түшүүлөр үчүн жайлар;

·        Музей буюмдары үчүн изолятор жана дезинфекциялоо жана дезинсекциялоо үчүн камералар;

·        Ар кандай тармактагы экспонаттарды сактоо эсеби менен жабдылган убактылуу экспонаттарды сактоо үчүн жайлар;

·        Чарба шаймандарын, таңуучу материалдарды, консервациялоо мүнөзүндөгү материалдардын корун сактоо үчүн атайын жайлар (ташыгыч, араба, сүйрөгүч, шаты, аркан, тери, чаң соргуч).

5.84. Сактоо жайларында музей жабдуулары эшик менен терезени ачканда ортодогу аралык бош калгандай өңүттө жайгаштырылат. Сактоо жайларында шкафтар менен стеллаждар, сактоо жайынын кенендигине жана сактоо буюмдарынын өлчөмүнө жараша борбордук жолго 2,5 м, ал эми алардын ортосуна 0,9 м кем болбогон аралыкты калтыруу менен дубалды бойлой же узунан кеткен дубалдарга перпендикуляр жайгаштырылат.

5.85. Дубалдарды экспонаттарды илүү үчүн штангалар менен жабдууга болот.

5.86. Сактоо жайларында музей буюмдарын сактоо үч түр боюнча уюштурулат–), ачык сактоо жана режим тибинде сактоо.

5.87. Негизги (жабык) сактоодо музей буюмдары кароого дайындалбаган сактоо жабдууларына жайгаштырылат (шкаф, комод, стеллаж, кап, куту, папка).

5.88. Мындай сактоо жайына келүүчүлөр менен изилдөөчү адистер, музейдин директору менен башкы сактоочунун берген уруксатынын  негизинде жана жооптуу сактоочунун коштоосунда киргизилет.

5.89. Ачык сактоодо музей буюмдарынын бир бөлүгү айнек шкафтарга, витриналарга, жылуучу алкактарга, кассеталарга, жабылбаган стеллаждарга жайгаштыруунун аркасында жалпы көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

5.90. Фондуларлды ачык сактоо жактоочулар үчүн дагы, ошондой эле  келүүчүлөрдүн кеңири тармагы үчүн дагы тематика боюнча экскурсия өтүү  формасында  музей буюмдарын эпизоддук же мезгилдүү көрсөтүү үчүн колдонулушу мүмкүн, аны жооптуу сактоочу атайын план боюнча жана музей директору менен башкы сактоочунун уруксатынын негизинде өткөрөт;

5.91. Режим тибинде сактоо жайына («өзгөчө» же «алтын» кампалары, куралдарды, нумизматикаларды сактоо жайлары) жооптуу сактоочулардан, уюштуруучунун жана тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрүнөнтышкары, кирүү чектелген.

5.92. Сактоонун бардык жерлерине (шкаф,стеллаж, комод, папка) жооптуу сактоочу тарабынан топогорафиялык тизмек түзүлөт, анда ар бир музей буюмунун аталышы, эсепке алынган белгилери, орун которуулары жөнүндө маалымат киргизилет.

5.93. Ар бир сактоо жайында келүүчүлөрдү каттаган журналды жүргүзүү зарыл, ал көктөлөт, номер коюлат, музей директору жана/же башкы сактоочунун кол тамгалары менен күбөлөндүрүлөт. 

Ар кандай материалдарды бир жайда сактоону уюштуруу

(комплекстүү сактоо)

5.94. Ар кандай тектеги материалдардан жасалган музей буюмдарын бир сактоо жайында сактоо зарылдыгы жаралган учурда, сактоочу ар кандай материалдардагы буюмдарды мүмкүн болушунча ар башка орундарга бөлүп жайгаштыруусу зарыл (шкафтарга, стеллаждарга ж.б.). Мисалы (бир шкафта же бир текчеде), жарык берүүнүн, нымдуулуктун ж.б. ар кандай режимдерин талап кылган чоподон жана темирден жасалган, кичинекей жана чоң, морт жана өтө оор материалдардан жасалган буюмдарды бирге сактоого болбойт.

5.95. Сактоо жайын жабдуунун мүнөзүү ага жайгаштырылуучу материалдарга жана жогорудагы бөлүмдөрдө көрсөтүлгөн талаптарга жараша болот.

5.96. Комплекстүү сактоо жайынын температураны, нымды сактоо режими, комплекстүү экспозициялар үчүн  көрсөтүлгөн режимге барабар болууга  тийиш (башкача айтканда, 50-60% салыштырмалуу аба нымдуулугунда).

5.97. Сактоо жайында калай менен коргошундан жасалган буюмдар болгон учурда, сактоо жайындагы абанын температурасы  +18Сден төмөн болбоого тийиш.

5.98. Сактоо жайынын жарык берүү системасы эки режимге эсептелүүгө тийиш: кадимки жумуш режими (жарык берүүсү 50 – 75 люкс) жана буюмдардын сакталган абалын кароо үчүн режим (150 люкс).

5.99. Жарыкка өңүп кетүүчү бардык материалдар (кездеме, кагаз, китеп, фотоматериалдар, туруктуу эмес боёкторду колдонуу тартылган чыгармалар ж.б.) жарык өтпөгөн жабык жабдууларга жайгаштырылуусу зарыл.

5.100.  Температура-нумдуулук режими жогорулоо же төмөндөө жагында четтеген учурда төмөнкү эрежелерди сактоо зарыл:

·        Нымдуулук төмөн болгондо жайды нымдандыруунун жалпы каражаттарын колдонуу зарыл;

·        Нымдуулук жогорулаган учурда бекем жабылган шкафтарды дубалга жабыштырып коюуга жол берилбейт. Дубал менен жабдуунун ортосу минималдуу 10 – 15 см аралыкты түзүүгө тийиш.

5.101. Иш убактысы аяктаганда шкафтарды түнкүсүн ачык, текче менен салгычтарды бери тартып калтыруу максатка ылайык.

5.102. Сакталган абалын кароо учурунда тери, пастель, фотосүрөт жана кагаз, ошондой эле кара жана түстүү металлдар, археологиялык айнек менен жасалган буюмдарга өзгөчө көңүл бөлүү зарыл. 

Кагаздан жасалган музей буюмдарын сактоо

(графика, сейрек, архив документтери, карталар ж.б.)

 

5.103.  1870-жылга чейин даярдалган кагаздардын көп сорту чүпүрөк болуп, бекем болот. Кагаздын санатынын төмөндөшү аны чүпүрөк булаларынан эмес жыгач массасынан даярдалып жаткандыгына байланыштуу.

5.104. Октябрь революциясы, жарандык жана Ата мекендик согуш убагынан бери карай жасалган көркөм графика жана документтер өөт бекем эмес кагаздарда аткарылгандыктан, аларды сактоо шарттарына өзгөчө көңүл бөлүү талап кылынат. Буга кыртыш колдонулбаган картондо аткарылган живопись чыгармалары да кирет.

5.105. Кагаз негизиндеги буюмдарды сактоодо төмөнкүлөрдү эске алуу зарыл

·        Кагаз жарыктын таасиринен жана кыргап кетүүдөн бузулат;

·        акварель, боёлгон кабыктар, гравюралар, сыя, машинада басылган тексттер, жарыктан тез оңот;

·        калем менен жазылган тексттер, тартылган сүрөттөр, өзгөчө көмүр менен боёлбогон сүрөттөр, пастель бат өчүп чачырайт, алар орун которуу жана ташуу учурунда титирөөгө, термелүүгө сезгич келет.

5.106. Графика чыгармаларын сактап калуу максатында, анын ар бир барагынын сүрөтүн түшүрүү, кинотасмага тартуу сүрөттөр үчүн кеминде жылына бир жолу, гравюра үчүн – жылына эки жолу уруксат берилет.

5.107. Тыюу салынат:

·        кагаз материалдарын стол, текче, стеллаждарга ачык сактоого;

·        андай материалдарды бүктөөгө (бүктөлгөн жеринде жумшак матадан атайын сызыгы бар  карталардан, кадимки бүктөмөлөрү бар архив материалдарынан тышкары);

·        трубага ороп салууга (ороого зарылчылык жаралган шартта жол берилет жана жетиштүү өлчөмдөгү таякчага же диаметри 25 см  ашпаган картон түтүгүнө оролот. Жука кенепке же марлиге чапталган өтө чоң форматтагы гравюралар, сүрөттөр же плакаттар, оролуп же атайын даярдалган жыгач таякчаларга тоголоктолуп сакталышы мүмкүн. Таякча, картон түтүктөрү кагаз менен, бирок  логин камтыбаган желим менен чапталат. Кездемеге чапталган чыгармалар бети менен жогору оролот).

·        прикалывать кнопками и прибывать гвоздями листы произведений графика чыгармасынын барактарын кнопка жана мык менен кагууга, автордук талааларды бүктөөгө же аларды кесүүгө;

·        графика чыгармаларын бүтүндөй картонго же сүрөттүн же гравюранын түздөн-түз талааларына паспартуга  чаптоого;

·        контор желимин же фабрикадан чыгарылган желим тасманы, түздөн-түз графика чыгармасына балык желимин чаптоого;

·        четтерине жыгач төшөлмөлөрүн, ак кагаз менен чаптабастан картондун түстүү түрүн колдонууга.

5.108. Графика чыгармаларын кайра ороо, которуу үчүн микалент кагазын кальканы колдонуу сунушталат. Чыгармалар папканын өлчөмүндө паспартуга отургузулууга тийиш.

5.109. Гравюралар менен сүрөттөрдү кайра которууда жарылык кетишине жол бербөө үчүн аларды карама-каршы бурчтарынан (диагонал) эки колдоп кармашат. двумя руками. Гравюралар менен сүрөттөрдү сактоодо алар дайыма бети менен өйдө карап сакталышы зарыл.

5.110. Кагаз материалдары жана коллекциялардан турган бир түрдүү фондулар мүмкүн болушунча бир жерде жайгаштырылат (мисалы, көркөм графика, кол жазма, плакаттар, карта, план ж.б.). Чаңдан жарыктан сактоо максатында алар суурулуп чыгуучу полкалары жана текчелери менен жабык шкафтарда сакталат.

5.111. Графика чыгармаларын капталдары (мата тартылган, жыгач) катуу папкаларда жаткан абалда гана сактоого болот.

5.112. Сүрөттөрү менен панелдер өлчөмдөрү боюнча тандалган шкафтарда сакталууга тийиш. Жумшак папкаларды бири-бирине төрттөн ашык коюу сунушталбайт. Папкалардагы графика чыгармаларынын саны 30 барактан (кош паспарту) же 15 барактан (бирден).

5.113. Сакталган паспартуга экспонатталган барактар (экспозицияда-кош  паспартуда, сүрөт-витринада көрсөткөнүнө карабастан, бийик кош паспартуда).

5.114. Паспарту даярдоо үчүн ватман кагазы, калыңдыгы 15,5 мм кем эмес картон же ак эмес картон, ал эки тарабынан тең ак кагаз менен лигнин камтыбаган желим менен чапталат.

5.115. Паспарту,түбү кездеменин жардамы менен бекиген эки жакка ачыла турган формада жасалат. Анын биринчи жарымы сүрөттүн өлчөмүнө туура келген терезеге ээ болууга тийиш. Графика кагазынын четтери 5 мм кем эмесөлчөмдө жабылышы керек.

5.116. Графика чыгармасы терезеси жок паспартунун экинчи жарымына кагаз шарнирлерге (тарам) чапталат, алар чыгарманын артына жогору жагына жана паспарту четине чапталат.

5.117. Кагаз шарнирлери үчүн балык желими: 10 грамм кургак желимге 9 грамм суу же 12 грамм ашкана желатинге  90 грамм суу жана антисептик кошуу менен чапталган ак кагазды колдонуу зарыл.

5.118. Шарнирлер балык желимге чапталат (10 гркургак желимге 30 грсуу).

5.119. Кагазды чаптап кургатат. Андан кесилип алынган шарнирлерди бир аз суулап, бир учун чыгарманын артына, башка учун – паспартуга бириктирет (автордун көркөм маркасын сактап калган же ошол доорго мүнөздүү чыгарма жасалгадан ажыратылууга жатпайт).

5.120.Пастель жана көмүр менен бекитилген сүрөттөр оңой жабыркашы мүмкүндүгүнөн улам алардын үстүнкү бети айнекке тийүүсүн жокко чыгарган түрдө жабдылып сакталууга тийиш. Мындай айнек кийгизүүнү тажрыйбалуу реставратор же атайын окуган музейдин кызматкери жасайт.

5.121. Пастель, көмүр, жумшак калем менен аткарылган чыгармаларды жасалгалоо үчүн органикалык айнекти колдонууга тыюу салынат.

5.122. Четтери жасалган жана алкагы бар акварель менен сүрөттөр, буюмдардын бирине тийүүсүнө жол бербеген, ортолору тик тилкелер менен жыш ажыратылган  атайын шкафтарда сактоо сунушталат. 

5.123. Пастель, көмүр, гуашь менен аткарылган графикалык чыгармаларды жасалгалоодо мык кагууга тыюу салынат. Арты жана четтери тыгыз кагаз же дермантин менен чапталат.

5.124. Архивматериалдары лигнин жок кагаз менен чапталган картон папкаларда же бекем жабылуучу кутуларда шкафтар менен стеллаждарда, баалуу документтер – атайын сактоо режимине ээ күйбөгөн шкафтарда сакталат. Чакан документтерди  лигнинди камтыбаган ак конверттерге сактаган дурус. Папкалардагы документтер бири-биринен лигнинди камтыбаган кагаз менен обочолонуп ажыратылат.

5.125. Ар бир папка же куту тизмекке жана номерге ээ болууга тийиш. Иштөө үчүн материалды берүүдө берип жаткан барактардын санын алардын сакталган абалын белгилөө зарыл. Аларды кайра кабыл алууда барагын да абалын да сөзсүз текшерүү зарыл.

5.126. Кол жазма китептер (пергаментте жана кагазда) чаң менен жарыктан коргоону камсыз кылган атайын кафтарда сакталат. Эски басмадагы китептер кол жазмалардан өзүнчө сакталат. Эски кол жазма жана эски басмадагы  китептер каптарда же атайын кутуларда сакталат.

5.127. Грамоталар(пергаментте же кагазда) жаткан абалда атайын папкаларда шкафтарда же стеллаждарга сакталууга тийиш. Папка грамоталарды ачылган түрдө сакталышын камсыз кылышы зарыл. Ар бир папкада 3-5 грамоталардын саны сакталат. Папкалардагы грамоталар микалент кагазы менен салынат.

5.128. Кайыңдын кабыгына аткарылган (берест) грамота эки жагынан айнек менен чапталып, тик турган абалда атайын жабдылган шкафта сакталат.

5.129. Кол жазмалар жана эски китептер менен иш алып барууда фонд ичинде атайын пюпитрлер болууга тийиш.

5.130. Кол жазмалардын, эски китептердин, грамоталардын, тилкелер менен өзгөчө баалуу документтирдин сакталышын камсыздоо максатында, аларды калыбына келтирүү максатка ылайык (электрондук көчүрмөлөр, муляждар), алар аталган документтерди илимий иштер менен экспозиялар үчүн берүүдө түп нускаларын алмаштыруучулардан болушат. Электрондук көчүрмөлөр,  фотосүрөттөрү түп нускадан бөлөк, кутулар менен шкафтарда сакталат. Документ материалдары сакталган сактоо жайына келүүчүлөр киргизилбейт.

5.131. Бир жумада аз дегенде бир жолу кагаз материалдары, китептер менен кол жазмалар сакталган папкалар салынган шкафтарды жана жашиктерди желдетип туруу зарыл. Желдетүү учурунда шкафтарды, жашиктерди, витриналарды 5-6 саатка, мүмкүн болгон шартта бир күн кечке ачык калтыруу сунушталат. Сактоо жайларында соруп чыгаруу желдетүү жабдуулары болууга  тийиш.

5.132. Шкафтар, жашиктер, папканын дүмүрчөгү, тыш каптар мезгил-мезгили менен чаң соргуч менен тазаланып, алдын ала 2% формалин эритмесине чыланган жана андан кийин жакшылап кургатылган чүпүрөк менен сүртүлүп турууга тийиш.

5.133. Көмүр жана пастель менен аткарылган чыгармалардын айнек жээгин чаңдардан сүртүүдө, пастель менен көмүрдүн бирдиктерин ажыратып албоо жана аларды айнектин ички бетине тартпоо үчүн таза, жумшак жана бир аз нымдалган сүртүү зарыл.

5.134. Кагаз материалдары менен пергаменттерди дезинфекциялоо, ар кандай  реставрациялоо иши гарфика чыгармаларын калыбына келтирүү үчүн аттестациядан өткөн жана ушул сыяктуу иштерди аткарууга атайын уруксаты бар башка тармактын тажрыйбалуу реставратор тарабынан аткарылууга тийиш.

5.135. Материалдардын бул тобун экспонаттоо үчүн жайды күндүн ачуу тийген нурунан, жарыктан жана желден калкалоо зар

Кездемеден жана териден жасалган музей буюмдарын сактоо 

5.136. Музейлерде сакталуучу кездемелер, адатта, нукура материалдардан – жаныбарлар жана өсүмдүк тегиндеги булалардан ийрилген (жибек, жүн, кебез, зыгыр), ошондой эле синтетикалык булалардан (азыркы кездеме) даярдалат.

5.137. Текстиль буюмдарынын бузулуу жана оңуп кетүүнүн башкы себептеринен болуп, жарыктын, күндүн ачуу тийген нурунун таасири, туура эмес температураны, нымды сактоо режими, көк баскан грибоктор, курт-кумурскалар, чаңдар, булаларды булгаган газдар, айрым боёгучтар эсептелет.

5.138. Кездемелерди материалдар боюнча өзүнчө (жибек, жүн, кебезден жасалган кездемелер ж.б.) жабык шкафтарда, гардеробдо, комоддо, сандык менен жашиктерде сакташат,ар башка материалдан турган комплекстерди бир шкафта сактоо максатка ылайык.

5.139. Суурулуп чыга турган шкаф ичиндеги жашик-сурмалар бир нече өлчөмдө болуусу керек– ири жана майда буюмдар үчүн. Жашик-сурмалардын бийиктиги 15 – 20 см, бирок ал эгерде сурмада сакталган буюмдун өлчөмүн талап кылса, андан да бийик болушу мүмкүн.

5.140. Жүн кездеме менен кездемелер салынган витриналарды, комодду, шкафтарды жана жашиктерди жабууга тыюу салынат. 

5.141. Кездемелер бүктөлбөгөндөй сакталышы керек, себеби бүктөлгөн жерлери, өзгөчө жибек кырчылат. Ар бир кездеме микалент кагазына же таза кебез кездемесине оролот.

5.142. Кийимдерге ийинчелер тагылып, кийим бычылган формасына туура келиш үчүн ичине жумшак нерселер салынып сакталат. Эгерде кийимдер шкафта илинбесе, алар чаңдан жана зынкеч курт-кумурскалардан сактоо максатында, кебез же кагаз тыш каптарга салынат.

5.143. Акак жана асыл таштар менен тигилген кийимдердин жасалгаларын түшүрүп албас үчүн алар шкаф ичинде да тыш каптар менен сакталат.

5.144. Баш кийимдер жыгачтан, картондон же органикалык айнектен жасалган кептерде сакталат, эгерде алар жок болсо, формасын жоготуп койбос үчүн, ар бир баш кийим микалент кагазы менен толтурулат.Баш кийимдерди шкафтарда, ар бир буюм үчүн жеке фанер же картон каптарда сактаган максатка ылайык.

5.145. Сүрөт тартылган дубал кагаздары менен килемдер бети менен ичине карай таякчага алдыга оролуп сакталууга тийиш. Таякчанын диаметри – кеминде 10 см болууга тийиш. Таякчаны жаткан абалда сактоодо тиреп туруу үчүн капталдарында курчамалар (кружал) болууга тийиш. Таякчанын курчамаларынын диаметри таякчага оролгон сүрөт тартылган дубал кагаздары менен килемдердин диаметринен 5 см ашып турууга тийиш.

5.146. Килем оролгон таякчаны кронштейндерге жаткырууда таякча жылчыксыз  (курчама), мында таякчанын узундугу килемдин туурасынан 20 см чоң болууга тийиш.

5.147. Сүрөт тартылган дубал кагаздары же килемдер катуу кагаз же кебез кездемесине бекем оролот, кенен кездеме менен сыртынан байланат. Таякчага ороп жаткан учурда бүктөлүүлөр болбогондой ороо керек.

5.148. Зыянкеч курт-кумурскадан коргоо максатында килемдерди таякчага ороонун алдында 1:2 катышта керосин менен скипидар аралашмасына чыланган кагазга, кагаз толук кургагандан кийин оролот.

5.149. Акыркы оролуп жаткан килемдин үстүнө ушул эле курамдагы эритмеге иштетилген кагаз же кебез кездемеден тыш кап кийгизилет.

5.150. Сүрөт тартылган дубал кагаздары менен килемдерди таякчага (валга) сактоого мүмкүнчүлүк болбосо, мезгил-мезгили менен бүктөлгөн жерлерин жазуу үчүн аларды кайра которуп туруу зарыл.

5.151. Тууларды таякчага тартылып оролгон жана тыш капка салынган түрдө сакоо керек. Боёк менен сүрөт тартылган, жазуулары бар туулар жаткырылган текчеде ачылган абалда  сакталууга тийиш.

5.152. Алтын, күмүш, акак жана башка рельефтүү тигиштер жана аң тери менен кооздолгон кездемелерди өзүнчө сактоо сунушталат, алардын ар биринин бетине кагаз коюп, бир нече микалент кагазынын катмары үчүн түктүү жумшак кездемеден төшөлөт. Кагаз менен ороо күмүш зерлерин жана тигилиштерди карайып кетүүдөн коргойт.

5.153. Эгерде тигилиштери чоң болгон буюмдарды жаткырылган абалда сактоого мүмкүнчүлүк болбогон учурда, диаметри 20 см кем эмес таякчага, ичине микалент кагазы салынып, бети менен жогору карай оролот.

5.154. Кездемелер сакталып турган шкафтарды, комодду жана жашиктерди мезгил-мезгили менен шамалдатып, тазалап, сүртүп туруу зарыл.

5.155. Кездемелердин чаңы төмөнкүдөй ыкмада тазаланат:

·        килемдер, туш кийиз, сүрөт тартылган дубал кагаздары, одоно согулган кийимдер, түгү узун чаң соргуч же жумшак кийим щеткасы менен;

·        кооздолбогон баш кийимдер – жумшак кийим щеткасы менен;

·        кездемелердин жана желпингичтин үлгүлөрү – ачып алып жеңил силкилдетүү менен.

·        Алтын жип тигилген, акак жана таштар менен кооздолгон кездемелер бир мезгилде чаң соргучту колдонуу менен жумшак флейц менен тазаланат. Шлангдын оозу тазалап жаткан беттен 3-5 см алыс болууга тийиш;

·        Эскирген жана археологиялык кездемелерди тазалоо үчүн алар жалпагынан ачып жайылат. Кездеменин үстүнө марли тартылган жука алкак (анын өлчөмү кездеменин өлчөмүнөн кеминде 10-5 см ашып турат) коюлат, ал эми марли тазалап жаткан кездеменин бетине бир аз тийип турган болсун.  Андан кийин чаң соргуч менен тазаланат (узун жумшак түктөрү бар, үстүн касбаган бойдон);

·        Аң териден жасалган кийимдерди чаңдардан жумшак сорго шыпыргысы менен тазаланат.

5.156. Жаңы келип түшкөн тиричилик кездемелери (эскиргенден башкасы) боёктордун бекемдигине текшерүүдөн өткөндөн кийин уруксат берилген методикага ылайык тазаланышы мүмкүн. Мындай ишти атайын окуудан өткөн сактоочу же реставратор аткарат.

5.157. Териден жасалган буюмдар шкафтарда сакталат. Жыгач кырынды плиталарында жасалган тери буюмдарын шкафтарга сактоого жол берилбейт. Шкафтар чаңдын жана курт-кумурскалардын киришинен сактоого тийиш. Жылына 2-3 жолу шкафтарды текшерип, желдетип туруу зарыл.

5.158. Териден жасалган кийимдер кебез жаздыкчалардан ийиндерине ийинче салынган кийим илгичте сакталат.

5.159. Териден жасалган баш кийимдер өзүнчө кутуда сакталат. Формасын жоготпос үчүн баш кийимдер формасы боюнча тиешелүү кептерге салынат.

5.160. Бут кийимдер формасын өзгөртпөгөндөй сакталат  (жыгач калыпта же ичин жумшак кагаз менен толтуруп).

5.161. Тери жабдыктары: ат жабдыктары, ээр, сузгу ж.б.Шкафтарга тоголок жыгач кронштейндерге илинет.

5.162. Тери буюмдары жумшак фланель же баркыт чүпүрөгү менен тазаланат.

5.163. Ачык түстүү тери жана замш буюмдары силкилдетүү жолу менен тазаланат.

Сөөктөн жасалган музей буюмдарын сактоо 

5.164. Сөөктөн жасалган буюмдар айнек коюлуп, чаң өтпөгөн шкафтарда сакталат. Жарык нурунда сөөк көп саргайбайт, ошон үчүн аларды жарык жайларда сактоо сунушталат.

5.165. Сындырып албас үчүн (сынык, жарака, кесилип жасалгаланган жерлеринин үбөлүнүп түшүүсү), сөөктөн жасалган буюмду өзүнчө сактоо сунушталат.

5.166. Начар сакталган жеинкрустацияланган сөөк буюмдары картон кутуларда сактоо керек.

5.167. Акварель менен тартылган пил сөөгүнөн жасалган миниатюралар айнек алдында алкак салынат. Эгерде алкак жок болсо, боёктун өңүн өчүрүп албас үчүн күн нуру тийбегендей жана үбөлөнүп түшүүдөн сакташ үчүн айнек алдында жээк салынат.

5.168. Сөөктөн жасалган буюмдардын чаңдары узун түктүү флейц менен тазаланат. Аларды ным чүпүрөк тазалоого же жууганга болбойт. Миниатюралардан чаңдар реставраторлор тарабынан гана сүртүлүүгө тийиш.

 

Жыгачтан жасалган музей буюмдарын сактоо

5.169. Жыгачтан жасалган айкелдер, ири көлөмдөгү сандыктар, ийиктер ж.б. линолеум же пластик салынган стеллаждарда же текчелерде сакталат.

5.170. Жыгачтан жасалган оймо буюмдар, үйдү кооздогон жасалгалар ж.б. ири буюмдарды атайын тирөөчтөргө тиреп, стенддерге тагып сактаган туура.  Анча чоң эмес көлөмдөгү: эмерек, идиш-аяк, оюнчуктар ж.б. айнек шкафтарда сакталат.

5.171. Эмерек 2 кабаттан турган  стеллаждарга сакталат (биринчи кабатта – чоң, көлөдүү, оор буюмдар, экинчи кабатта – кыйла жеңилдер).Эмеректин ар бир буюмуна тыш кап кийгизилет же микалент кагазы менен оролот.

         Булганып калган тыш каптар мезгил-мезгили менен таза тыш каптарга алмаштырылууга тийиш.

  Экспозицияга чыгарылган эмеректин тыш каптары келүүчүлөр үчүн залдыачкан учурда чечилет.

Аба нымдуулугу жогору болгон жайларда, кошумча нымдалып жыгачты бузуп жиберүүгө өбөлгө түзүүдөн алыс болуу максатында, эмеректерди тыш каптар менен сактоого жол берилбейт.

Эмеректин буттарын, каркас жыгачтарын сындырып же кыйшайтып албас үчүн аларлы жерге тийгизип жылдырууга, өзгөчө оор эмеректерди жылдырууга жол берилбейт. Ошондой эле эмеректин оңой сына турган бөлүктөрүн өзүнчө ташууга болбойт  (сүйөнгүчтөр, таянгычтар ж.б.).

Роликтери жок эмеректин буттарынын астына байкалар чапталышы керек.

Механикалык жабыркоолодон көбүнчө жука, назик, өгөлөнгөн,левкас менен алтын жалатылган ар кандай эмгектер, жылмаланган буюмдардын жалтыраган беттери  зыянга учурайт.

5.72. Баалуу жыгачтын сорту, седеп жана башка металлдын түрү менен инкрустацияланган буюм топтомдорун жылдырууда чукул кыймылдан, силкүүндөн кылдат сактоо зарыл.

5.173. Түшүп калган бөлүктү ороп. Кайсы буюмга жана кайсы бөлүгүнө тиешелүү экендигин көрсөтүп жазуу менен аны ошол буюмга үзүлбөгөн, бекем жип менен байлап, реставрациялаганга чнйин сактап коюу зарыл. 

5.174. Чаң менен жарыктан сактоо үчүн эмеректер тыш каптарда сакталууга тийиш. Булганган тыш каптар мезгил-мезгили менен таза тыш каптарга алмаштырылышы зарыл. Экспозицияга чыгарылган эмеректин тыш каптары келүүчүлөр үчүн залды ачкан учурда чечилет.

Аба нымдуулугу жогору болгон жайларда, кошумча нымдалып жыгачты бузуп жиберүүгө өбөлгө түзүүдөн алыс болуу максатында, эмеректерди тыш каптар менен сактоого жол берилбейт.

5.175. Жыгач буюмдарынын, анын ичинде жылмаланган, оюлуп чегилген, алтын,полихром менен жазуулары менен бар буюмдардын чаңдары марли оролуп, жумшак  флейц жана бир мезгилде чаң соргуч менен тазаланат. Чаң соргучтун башы жумшак болууга тийиш, ал тазалап жаткан учурда буюмга тийбеген болушу керек.Чаңдарды замш чүпүрөктөрү, жаздыкчалары менен  тазалоого жол берилбейт. Эскилиги жеткен жана жабыркаган эмеректин капталган бетин чаң соргуч менен тазалоонун зарылдыгы жок.

Эмеректин капталган бетинин чаңы үсүнкү бетин басып калбай жумшак тийе тургандай жумшак түктөрү менен щётка түрүндөгү чаң соргуч менен тазалаган максатка ылайык.

5.176. Картиналардын алкактары бөлүнүштөргө ээ стеллаждарда сакталат (стеллаж тиби, ал май жана бастырылган живопистерди сактоо үчүн колдонулат).

5.177. Жыгачтан жасалган буюмдар сакталган жайларды катуу желдетүүгө жол берилбейт.

 

Фарфор, чопо, айнек, актиташтуу тек, мрамор жана гипстен жасалган музей буюмдарын сактоо

 

5.178. Фарфор, чопо, айнек, актиташтуу тек, мрамор, гипс жана ушул сыяктуу материалдардан жасалганкөлөмү анча чоң болбогон буюмдар (анын ичинде айкелдер дагы) айнек коюлган шкафтардын текчелеринде сакталат.Текчеге көрсөтүлгөн басымды эске алуу менен буюмдардын аралык сактап туура коюлушуна көз салуу зарыл.

5.179. Майда буюмдар коюлуучу текче жыгачтан жасалгандыгы максатка ылайык, аларды алдын ала линолеум менен каптап алууга жол берилет.

5.180. Аларды жайгаштырууда бийик буюмдарды текченин артына, жапыз буюмдарды алар бири-бирине тийбегендей кылып жайгаштыруу зарыл.

5.181. Фарфор, фаянс жана чоподон жасалган тарелкаларды тигинен атайын жыгач “салгычтарда” сактаган дурус.

5.182. Жылтырактарын жана жазууларын жабыркатып албас үчүн бир нече жалпак буюмдардын ортолоруна папирос кагазын, ошондой эле байка же фланелди бир канча кабаттап салуу менен буюмдардын биринин үстүнө бирин коюуга болот. Оор буюмдар текченин алдына коюлууга тийиш.

5.183. Фарфор, фаянс тарелкаларын топтоп сактоодо ар бир топтому 6 даанадан ашпашы керек, ал эми тарелкалардын салмагы оор болгон учурда алардын саны азайтылышы зарыл.

5.184. Чопо менен айнек идиштеринин араларына кандайдыр бир башка буюмдарды жайгаштырууга тыюу салынат.

5.185. Чопо, ошондой эле айнек идиштерин материалдардын башка түрүнө аралаштырбастан өзүнчө сакталат.

5.186. Буюмдарды жайгаштырууда аларды белгилүү белгилерине карап топтоо зарыл (заводдор, өлкөлөр, доор ж.б. боюнча).

5.187. Фарфордон жана чоподон жасалган жалтыратылбаган (бисквит) чоң буюмдар капкак алдында же тыгыз кездемеден тигилген тыш кап ичинде стеллаждарда же койгучтарда сакталууга тийиш. 

5.188. Фарфор, фаянс буюмдарын спирт кошулган жылуу суу менен жумшак кыл калем менен гана жууп тазалоого болот.

5.189. Мындай жол менен жаракалары жок жалтырактары жабыркабаган буюмдарды жууп тазалоого болот. Бүдүрлүү жана жалтыратылбаган чопо буюмдарын чаң менен нымдан өзгөчө кылдат коргоо керек.

5.190. Айнекти суу менен жууганга сунушталбайт, себеби суу айнектин курамына кирген туздарды жууп салууга алып келиши мүмкүн. Айнекти жылына эки жолу ректификат менен сүртүү зарыл. Айнек менен чүпүрөк кол каптарда иштөө сунушталат.

5.191. Фарфор, фаянс, айнек буюмдарын ташуу, орнотуу жана жайгаштыруу учурунда өтө этият болуу сунушталат.

5.192. Ири жана орточо өлчөмдөгү айкелдер секичеде, койгучтарда, стеллаждарда сакталууга тийиш.

5.193. Чоң скульптуралар жайгашкан стеллаждарды, секичелерди буюмдардын ордун которууну жана тазалоону жеңилдетүү үчүн пластик менен жаап койгон жакшы натыйжа.

5.194. Чоң өлчөмдөгү айкелди (скульптураны) чатырга, ошондой эле  жерге же өтө турган жолго коюуга болбойт.  Мындай чыгармалар, биринчи кезекте,  гипстен жасалган (өзгөчө куралган ири), мрамордон жана бекем эмес таштардан жасалган буюмдар,  майда жана көп бердиктери бар, ошондой эле  олуттуу реставрациялоо иштери жүргөн скульптуралар сактоо жайларында туруктуу орун алууга тийиш.  Гипстен жасалгандарды нымдан алыс сактоо зарыл. Аны сактоо үчүн эң эле кургак жайлар ылайык келет.

5.195. Гипстен, акиташтуу тектен жана мрамордон ж.б. жасалган орто жана көлөмү ири айкел чыгармалары тыш кап астында сакталат. Тыш каптар микалент кагазынан же тыгыз кездемеден жасалат. Кездеме тыш каптары жуулуп турат, ал эми кагаздан жасалган тыш каптар жаңыларга алмашылат.

5.196. Айкелдерди таза колдор менен анын бөлүктөрүн сындырып албас үчүн жоон жерлеринен кармап, чукул кыймыл жасабастан, өтө этият жылдыруу зарыл.

Кичинекей айкелди таза ак кездеме кол каптары менен кармап, жылдыруу сунушталат.

Көлөмү чоң айкелди орун которууда түктүү флейцтер же канатуулар жүнү төшөлгөн араба же сандал менен колдонуу сунушталат.

5.197. Капысынан тийген соккудан сактоо үчүн манжаларын кездеме менен ороп коюу зарыл.   

Бардык көрсөтүлгөн операцияларды чаңды соруу үчүн оозу кенен чаң соргучту иштетүү менен аткаруу керек.

5.198. Катуу тектүү таштардан жасалган (мрамор, гранит, базальт, кварциттер), үстүндө темирдин элементтери жок буюмдаржы жылына 1 жолу профилактика катары жууп тазалоого жол берилет.

5.199. Айкелдер кенже балдардын самыны гана же тазартылган же муздатылган кайнак сууга аралаштырылган үстүнкү бетте активдүү зат ОП-7 затын кошуп, жылуу менен жуулат (булганууларды тазалоо).

5.200. Айкелдер көбүртүлгөн самындын көбүгү жогорудан ылдыйды көздөй түктүү кыл калемдер менен бир эле мезгилде жуулат самындалып сүртүлөт (темир кошулган бөлүктөрү таңылат).

Айкел өтө суу болбошу керек. Терең жерлеринен кирлерди жыгачка оролгон кебез тампон менен чыгаруу керек. Жууп аяктагандан кийин суу жерлерин сүртүү же этил сипрти менен кургактатып сүртүү керек.

Түс тартылган мрамор айкелдери, үстүнкү бети жабыркаган катуу тектүү, ошондой эле  жумшак тектүү айкелдерди (акиташтуу, кум, майда ракушка, алебастр, ангидрит, гипс) жууп тазалоо жогорку квалификациялуу реставраторлор тарабынан аткарылууга тийиш.

Гипс айкелдерин май же башка боёктор менен агартып сырдоого же боёго тыюу салынат.

 

Металлдан жасалган музей буюмдарын сактоо

 

5.201. Түстүү жана кара металлдан жасалган музей буюмдары баалуу металлдардан жасалган буюмдардан өзүнчө сакталат.

5.202. Баалуу металлдардан (кымбат) жасалган буюмдар менен курал-жарактар кайтаруу-белги берүү системасы менен жабдылган темир шкафтарда же сейфтерде сакталууга тийиш. 

5.203. Жабдуу буюмдардын мүнөзү менен өлчөмдөрүнү туура келүүгө тийиш.

5.204. Миздүү жана ок атуучу куралдар кайтаруу жана өрткө каршы белги берүү системасы менен жабдылган жайларда сакталат. Анын эшиктери темирден же чекелерине темр куюлуп, кулпусу шифр менен болууга тийиш.Терезелерине  тор коюлуп, ичинен бекилүүчү илмекке  ээ болууга тийиш.

5.205. Кундагы узун куралдар тигинен тарам түрүндө рейкалар менен же резина менен тартылган атайын серпилгич кыпчыгычтар менен жабдылган  шкафтарда сакталат. Шкафтардын эшиги кулпу менен бекитилүүгө тийиш.

5.206. Тапанчалар ушундай эле жабдылган шкафтарда же суулуруп чыгуучу текчелери менен шкафтарда сакталат.

5.207. мийиздүү канжар түрүндөгү куралдар шкаф ичинде жаткылырылган стеллаждар менен же тигинен илинген бойдон сакталат.

5.208. 1870-жылдардан кийин чыгарылган артынан дүрмөттөлүүчү аткыч куралдар сейф катары жабдылган жайда же сейфтерде өзүнчө сакталат. Анын арткы (казенник) тушунан көзөнөк тешилүүгө тийиш. Көзөнөк диаметри – 5мм. Көзөнөк белгиге тийип калбашы керек. Тапанча менен револьверде көзөнөк ылдый жагындагы най жагынан тешилүүгө тийиш. Найды каптаган жеринен же тери каптамынан көзөгөк салынат.

5.209. Найза, алебард, мылтык, сайлуу мылтык ж.б.у.с шкафтарга орнотулуучу атайын пирамидаларда же, эгерде буюмдардын өлчөмдөрүнөн шкафтарда орнотуу мүмкүн болбосо, анда ачык сакталышы мүмкүн.

5.210. Ири өлчөмдөгү буюмдар койгучтарга орнотулушу зарыл (соот кийимдер, пулемёттор, пушкалар д.у.с.).

5.211. Нумизматика (монета, медаль, орден, жетон, төш белгилер ж.б.) жалпак суурулма бөлүктөрү бар жашик-сурма менен жабдылган шкафтарда сакталат. Сунушталган жашиктин бийиктиги 3-5см. Жашиктерге бийиктиги 1,5-2 см, туурасы жана тереңдиги буюмдардан 1 см ашкан темир, картон, пластмасс кутулар (капкагы жок) орнотулат. Буюмду кутунун түбүнө салардын алдында анын түбүнө буюм жөнүндө маалыматтар жазылган сүрөт тарта же чие турган кагаз салынышы керек. Ар бир үкөккө монеталардын жалпы саны жана металлдар боюнча өзүнчө саны көрсөтүлгөн этикетка коюлат.

5.212. Жалпак нумизматики буюмдарын тыгыз кагаздардан жасалган атайын конверттерде сактоого жол берилет. Конверттер өлчөмүнө туура келген жана капкагы жабыла турган жашиктерге же кутуларга тигинен салынат. Ичине салынган бую жөнүндө маалыматтар конверттин бери караган бетине жазылат.

5.213. Сааттар, шамдал (шам коюла турган түзүлүш), стол үстүнө кооздук үчүн коюлуучу буюмдар ж.б. шкафтардан бөлөк сакталган учурда үстү жабылууга тийиш.

5.214. Коргошундан жасалган буюмдарды эменден, ийне жалбырактуу дарактын түрүнөн, жыгач-кырынды плиталардан же пластмассадан жасалган шкафтарда сактоого тыюу салынат.

5.215. Коргошундан жасалган кыйла баалуу буюмдарды капкагы бекем жабылган айнек идиштерге сактаган максатка ылайык.

5.216. Түстүү жана кара металлдан жасалган буюмдарды сактоо үчүн шкафтар жалбырактуу дарактын түрүнөн (кайыңдан жакшы) жасалууга тийиш.

5.217. Күмүш буюмдарын сактоо жана экспонаттоо үчүн витриналар менен шкафтардыказеинди камтыган эмульсия боёгу менен боёгонго болбойт.

5.218. Ал титан же коргошун кошулган ак май боёктору менен боёлот.

5.219. Күмүштөн жасалган буюмдарды өзүнүн курамында күкүрттү камтыган картон, кагаз жана текстиь материалдары менен тийгизип сактоого жол берилбейт.

5.220. Күмүштү сактоочу шкафтар, витриналар жана текчелер, алдын ала 10% кычкыл-уксус коргошун эримесине чыланган нукура жибек кездемеси менен кооздолгону дурус (кездеме кургагандан кийин ысык үтүк менен үтүктөлүүгө тийиш).

5.221. Металл буюмдары менен иштөөдө жиптен токулган кол каптар менен иштөө сунушталат.

5.222. Текчелерди ачык сакталган металл буюмдарын чаңдан коргоо максатында аларды маркизет, тукали тибиндеги кездеме же микалент кагазы менен жаап коюу зарыл.

5.223. Металл буюмдарындагы чаңдарды кургак сүртүү ыкмасында гана тазалоого жол берилет (кыл калем, чаң соргуч).

 

Сүрөт, аудиовизуалдык жана электрондук документтерди сактоо

 

5.224. Сүрөт, аудиовизуалдык жана электрондук документтерди сактоо үчүн туруктуу орнотулган же жылуучу темир стеллаждары колдонулат. Стеллаждардын үстү органикалык метилэтилкетон эритмесине чыланган марли тампондору менен сүртүлөт (материалда из калбашы керек).

         Атайын же кошумча жабдуу катары ошондой эле  темир шкафтар, сейфтер, ортолору бөлүнгөн жана текчелери менен шкаф-стеллаждар колдонулат.

         Жыгачтан жасалган жабдууларды колдонууга тыюу салынат.

5.225. Кадимки жарык болгон жайларда ачык тибиндеги стеллаждар менен шкафтар дубалдарга жана терезеге перпендикуляр турган абалда орнотулат.

         Терезелери жок жайларда стеллаждар менен шкафтар жайдын жайгашкан өзгөчөлүгүн жана жабдуунун конструкциясын эске алуу менен орнотулат.

         Туруктуу стеллаждар менен шкафтар төмөнкүдөй орнотулат:

         Стеллаждар ортосундагы башкы аралык  – 120 см;

         Стеллаждар ортосундагы аралык – 75 см;

         Ички дубал менен дубалга параллель коюлган стеллаждар ортосундагы аралык – 75 см;

         Дубал менен стеллаждын капталынын же шкафтын аралыгы – 45 см;

         Жер менен стеллаждын же шкафтын астыңкы текчеси ортосундагы аралык – 15 см, ал эми биринчи кабаттын астындагы кабатта – 30 см кем эмес.

         Документтерди сактоо үчүн белгиленген стеллаждарды, шкафтарды, башка жабдууну имараттын дубалына жана жылуулук булактарына тыгыз жайгаштырууга жол берилбейт.

5.226. Акыркы жыл ичинде келип түшкөн негативдерди андагы калып калышы мүмкүн болгон гипосульфиттерди жок кылуу үчүн агын суу менен кошумча жуулууга тийиш.

Негативдер менен диапозитивдер атайын темир шкафтарда жана уюкчалары бар кутуларда же кадимки кутуларда сакталат; анын ар бири «крат» же калька тибиндеги тыгыз кагаздан жасалган конвертке салынууга тийиш (ал жок болсо, бири-биринен кагаздын барагы менен обочолонуп бөлүнөт).

Негативдерде тиешелүү өлчөмдөгү кутуларга гана жайгаштыруу зарыл. Ар башка өлчөмдөгү негативдерди бир кутуга салууга тыюу салынат.

Кутулар шкафтардын текчелерине же стеллаждарга тигинен коюлат. Кутунун капкактарында жана бери каратылган беттерине сактоо номери жана мүмкүн болсо кыскача маалымат жазылат (мисалы, №100-112. реставрациялык  негативдер).

5.227. Чакан форматтуу негативдерди, анын ичинде пленкадагы негативдерди конверттерде сактоо максатка ылайык, конверттер каталог тибиндеги, бирок капкагы менен атайын кутуларга же жашиктерге салынат.

Чыгырык жана чакан форматтагы пленкаларды кадрлардын саны боюнча конверттерге батуучу бөлүктөргө кесилет. Пленкалар менен чакан форматтуу негативдердин саны көп болгон учурда, аларды суурулуп чыгуучу каталог тибиндеги жашиктери менен темир шкафтарга сактаган дурус.

Негативдин эмульсиясын колдун манжалары кармалап керек жок.

5.228. Айнек негативди бурчунан кармоого болбойт, себеби ал өз салмагынын оордугунан сынып кетиши жана сыныктарына жанында турган эмульсия жабыркашы мүмкүн.

5.229. Диапозитивдерде эмульсия тарапты айнек менен коргоо зарыл. Эки айнектин тең кырлары жалпак кагаз же мата менен чапталат. Пленка  диапозитивдери эки тарабынан тең айнек менен корголот. Түшүрүлгөн сүрөттөр тиешелүү өлчөмдөгү кутуларда сакталат же картонго чапталат. Тарыхый, көркөм же мемориалдык баалуулукка ээ түшүрүлгөн эски сүрөттөрдү картонго чаптоого болбойт.

5.230. Позитивдер тиешелүү өлчөмдөгү фотокагаздардын баштыктарында бир баштыкта 10 даанадан ашпаган өлчөмдө сакталууга тийиш.

5.231. Баштыктар бир-эки катар суурулуп чыгуучу сурмалары менен жыгач же темир шкафтарда сакталат. Шкафтар сурма, папка жана кутулар коюла турган  5-7см тереңдикте болушу шарт.

5.232. Позитивдерди папкаларда жана картон кутуларында сактаган учурда, кутулар менен папкалар жаткызып же тигинен жайгаштырылышы мүмкүн. Жаткызып сактоодо алар бир текчеде бир-эки катар жайгаштырылууга тийиш, текчелер 8-10 см аралыкта жайгаштырылып, тигинен сактоодо текчелер чечиле турган жана жеңил болушу зарыл.

5.236. Позитивдер салынган альбомдор ажыратылган позитивдерден өзүнчө жана тигинен сакталат.

5.237. Фотосүрөт тактарын чаптоо үчүн атайын фото желим колдонулат.Фотосүрөт тактарын жана  диапозитивдерди кагазды чаптоо үчүн кеңсе желими менен чаптоого тыюу салынат (ал сүрөттүн көрүнүшүн бузат).

5.238. Түшүрүлгөн эски сүрөттөрдү монтаждоо жана сактоо ыкмалары графиканы монтаждоо жана сактоо сыяктуу. 

5.239. Эмульсия катмарында же кагазда бузулуунун белгилерин аныктоо максатында фотоматериалдар эки жылда бир жолу кароодон өтүп турушу зарыл.

5.240. Фотодокументтердин эмульсия катмарындагы физикалык-химиялык жактан бузулган кемчиликтер (өңү өчүү, туздардын кристаллдашуусу) жанындагы документтерге тез таралууга жөндөмдүү, ошон үчүн мындай кемчиликтер бар фотосүрөт тактарын жана негативдерди өзүнчө шкафтарда сактоо зарыл. Жабыркаган позитивдер негативдер фондусунун репродукция бөлүмүндө конвервацияланат.

5.241. Кинопленкалар стандарттуу темир кутуларда, үн жазылган пленкалар – атайын картон кутуларда сакталат.

5.242. Грампластинкалар жеке конверттерде, шкафтарда тигинен сакталат. Шкафтардын текчелеринин аралары 10-12 пластинкаларга эсептелип, тигинен ячейкаларга бөлүнөт.

5.243. Магнит пленкалары баштапкы таңгактарда же атайын даярдалган картон кутуларда тигинен жыгач стеллаждарда сакталат.

5.244. Сактоо процессинде мезгил-мезгили менен кутулардын жана кагаз каптардын сырткы бетин чаңдардан тазалап туруу керек.

5.245. Магнит тасмаларын оролуп тургандагы чыңалууну жеңилдетиш үчүн ар бир алты ай ичинде кайра түрүп туруу зарыл. Магнит тасмалары тасманы түрүү механизми жакшы жөнгө салынган жана иштеп турган аппаратурада иштетилүүгө тийиш.

5.246. магнит тасмалары сакталып турган сактоо жайларынын жанына магнит талааларын пайда кылууга жөндөмдүү аппаратураларды жайгаштырууга жол берилбейт (трансформаторлор, электромоторлор ж.б.)

 

Геологиялык-минералдык буюмдарды сактоо

 

5.247. Жер кыртышын изилдөөгө жана өздөштүрүүгө байланышкан заттарга: минералдар жана тоо тектери, геологиялык жана палеонтологиялык объектилер, кыртыштуу экспонаттар кирет.

5.248. Минералдар жана тоо тектери заттарынын курамына төмөнкүлөр кирет:

·        Ар түрдүү коллекциялар (систематикалык, аймактык, генетикалык,  геохимиялык ж.б.);

·        өзүнчө минералобъектилери(кесиндилер, пробалар, эталондор ж.б.);

·        буюмдар жана жарым даярдалган буюмдар;

·        талаа жабдуулары ж.б.

5.249.  Бул буюмдардын көбү кургак заттар категориясына кирет – катуу, айрым учурда газ өңдүү (жаратылыш газы).

5.250. Суюк заттардын катарына мунай жана андан алынган заттарга байланыштуу буюмдар кирет.

5.251. Температуранын кескин өзгөрүүсүн болтурбоо, чаңдан жана нымдан сактоо минералдык жана петрографиялык материалдарды сактоонун негизги талаптарынан болуп саналат.

5.252. Жаратылыш газдарынын пробалары ылдый каратылган түрдө бөтөлкөлөрдө сакталат.

5.253. Минералдык объектилер, өзгөчө экспозицияга кирген жана айнек менен корголбогон, кристаллдык пайда болуулардын кесиндилерин чаңдан сактоо керек.  

5.254. Минералдык объектилердин жана алардан алынган ным заттар жабык түрдө сакталууга тийиш.Тоңуучу объектилерди (мисалы, минерал булактардан) төмөн температурадан сактоо зарыл.

5.255. Геологиялык изилдөөнүн темир аспаптарды (геологиялык балка, кескич, оңой бургулап тешүү комплектилери) аларды кошулган жерлерин (кошкон түтүк, сай ж.б.) алдын ала техникалык май (же вазелин) менен сүртүп сактоо жана экспонаттоо зарыл.

5.256. Геологиянын экспонаттарынан болуп, палеонтологиялык коллекциялар, ошондой эле тоо тектеринин, макеттердин, диорамалардын ж.б. үлгүлөрү эсептелет.  

5.257. Таш геологиялык объектилери температураны, нымды сактоо режиминин өзгөрүүсүнө бекем туруктуулугу менен айырмаланат, ошондуктан негизги көңүлдү аларды чаңдан сактоого  бөлүү зарыл.

5.258. Өсүмдүктөрдү, курт-кумурскалардын, балыктардын жана башка организмдердин түшүрүлгөн сөлөкөттөрү механикалык жабыркоодон сактоону талап кылат; ушундай эле талап морт палеонтологиялык объектилерге да коюлат. Алар кебезде, кутуларда же жашиктерди сакталат.

5.259. Макеттер менен диорамалар, адатта, өңү өчүп күңүрт тартышат, өзгөчө нымдан, чаңдан, температуранын өзгөрүшүнөн зыян тартышат.

5.260. Экспозицияда мындай тектеги экспонаттардын чаңдары мезгил-мезгили менен дайыма тазаланып турат. Сактоо жайларында аларды техникалык кебез, майда кырынды ж.б. менен жаап, биринчи пергамент, андан кийин орой турган тыгыз  кагазга оролот.

5.261.Кыртыштын монолиттери дубалдын бурчуна коюлган атайын жашиктерде сакталат, ал эми химиялык анализ үчүн алынган пробалары – оозу тыгын менен шыкалган айнек шишелерде сакталат.

Ботаникалык коллекцияларды сактоо

 

5.262. Ботаникалык коллекциялар менен материалдардын негизги түрлөрү болуп, гербарийлер, ботаникалык топтор, суюктук ичинде сакталган каражаттар, жыгач тегинин түрлөрү эсептелет.

5.263. Гербарийлер түркүмү, теги жана түрү боюнча системага салынат. Ар бир түрү өзгөчө тышталат.

5.264. Системага салынган гербарийлерден тышкары, музейлерде тематикалык  гербарийлер да сакталат (мисалы, пайдалуу, жей турган, дары, витамин, тоют ж.б. өсүмдүктөрдүн гербарийлери).

5.265. Өсүмдүктөр кургак болууга тийиш (кытыраганга чейин).

5.266. Гербарийлерди оозу бекем жабылган папкаларда, шкафтарда сактоо зарыл. Сакталып жаткан материалдардын өлчөмү менен форматына жараша бир нече стандарттык өлчөмдө клапандары менен папкалар колдонулат.

5.267. Гербарий салынган папкаларды жылчыксыз, мисалы, алюминий же башка металлдан, пластмассадан жасалган, резинадан, көбүк полиуретандан жасалган капкактар менен бекитилген, жабышкак тасма менен чапталган шкафтарга же кутуларга сактаган дурус.

5.268. Шкафтар жок болгон учурда, гербарийлерди жабышкак тасма менен жылчыксыз чапталган, бекем жабылган кутуларда сакталат, алар ачык стеллаждарга коюлат.

5.269. Ботаникалык топтор (экологиялык тармактар, диорамалык макеттер ж.б.) геологиялык жана биологиялык топтордун комплекстүү экспонаттары сымал  сакталат.

5.270. Суюктук ичинде сакталган каражаттар (суюктуктарга консерваланган өсүмдүктөр, грибоктор, ширин мөмөлөр, уруктар) суу ичиндеги зоологиялык материалдар үчүн белгиленген эрежелер боюнча сакталат.

5.271. Жыгачтын түрлөрүнүн үлгүлөрүн сактоо эрежелери жыгачтан жасалган буюмдарды сактоо эрежелерине окшош.

 

Зоологиялык буюмдарды сактоо

5.272. Сүт эмүүчүлөр менен куштардын катырылган денесин сактоо үчүн атайын сандыктар колдонулат.

Ири жаныбардын денесин (түлкү жана андан да чоң), ири куштардын катырылган денелерин сактоо үчүн (мисалы, бүркүт, каркыра) оозу бекем жабылган, эки капталында кармагычы бар сандыктар колдонулат.

Анча чоң эмес буюмдар үчүн эшиги капталынан ачылган жана сурмалары бар сандык колдонулат (үчтөн жетиге чейин). Сурмалардын бийиктиги сандыктын дайындалышына жараша өзгөрүлүп турат.

5.273. Териси баалуу жаныбарлар шкафтарда илинген абалда сакталат.

5.274. Өзгөчө баалуу кургак коллекцияларды сактоо үчүн (моллюска, коралл) чаңдан коргогон төшөлмөлөрү менен жыгач жашиктер колдонулат.

5.275. Суюктук ичинде сакталган каражаттар жарык нуруна сезгич келет дагы күңүрт шкафтарда сакталат.

5.276. Спиртке жа формалинге салынган объектилер оозу тыгын менен шыкалган айнек идиштерде сакталат.

5.277. Зоологиялык объект консерваланган суюктукка толугу менен чөмүлүүгө тийиш. Ар бир шишеде кайсы консерваланган суюктук колдонулгандыгы тууралуу белги коюлууга тийиш.

5.278. Гистологиялык жана микроскопиялык каражаттар айнек үчүн салына турган чөнөктөргө ээ (ыңгайлуу кутулар 5, 10, 18, 32, 56 чөнөккө ээ) же фанера планшеттерине же 20х30 см өлчөмүндөгү предметтик айнектин өлчөмү боюнча салгычтары бар катуу картондон жасалган кутуларда сакталат.

5.279. Омурткасыздар коллекциялары майда идиштерге салынып (сыйымдуулугу 0,05тен 0,5 литр) сурмалары бар темир шкафтарда сакталат.

5.280. Микроскопиялык жана башка заттары менен кутулар планшеттерде суурулуп чыгуучу жашиктери менен атайын шкафтарда сакталат.

5.281. Энтомологиялык коллекциялар үчүн суурулуп чыгуучу жашиктери жана бекем жабылуучу эшиктери менен өзгөчө шкафтар колдонулат.

 

Антропологиялык коллекцияларды сактоо

 

5.282. Антропология коллекциялары көбүнчө археологиялык казууларда табылган адам сөөктөрүнөн, бир аздап чогулткан чачтардын үлгүлөрүнөн, баш сөөктөрдүн гипстен куюлган калыптарынан, маскалардан д.у.с. турат.

Баш сөөктөрдү шкафтардын текчелеринде сактоо жана кездеме менен жаап коюу керек. Илимий көз караш менен алып караганда кыйла баалуу жана морт баш сөөктөрдү жеке жашиктерде же терең сурмаларда сактаган жакшы.

Баш сөөктөрдү ташыган учурда, көздүн чарайнасынан жана ийилген жерлеринен кармаганга болбойт, себеби аны жабыркатыш бат эле.

Скелет сөөктөрүн өзүнчө жашиктерде сактоо керек. Толук скелет сөөктөрү үчүн жашиктин төмөнкүдөй өлчөмдөрү (ички) сунушталат: бийиктиги - 25, туурасы – 30, тереңдиги – 53 см.

Толук эмес скелет сөөктөрү үчүн жашик дубалдын капталдарына тигинен көзөнөк жасалып, аларга бөлүп туруучу фанерлер орнотулат. Мындай жашикке эки скелет жайгаштырылат.

Буттун жана манжалардын майда сөөктөрүн ар бир кол-бут үчүн өзүнчө сактоо керек, себеби аралашып кеткен оң менен солдун сөөктөрүн табуу кыйла оор иш.

Чачтын коллекцияларын эфир менен жууп, кебез же тыгын менен жабылган айнек идиштеринде сакталат.

 

Табигый-илимий комплекстерди сактоо

5.283. Материалдар комплекси, мисалы геологиялык жана ботаникалык ж.б. топтогулар алардын курамын түзгөн материалдарды эске алуу менен сакталат  (кыртыштуу, зоологиялык жана ботаникалык ж.б.). Экспозиция сыяктуу эле фондулардагы ушундай эле материалдар жылчыксыз жабылган витриналарда, шкафтарда, жашиктерде сакталууга тийиш.

 

Живопись чыгармаларын сактоо

5.284. Живопись чыгармалары сактоо жайларында атайын жабдылган ар кандай ыкмада сакталат.

5.285. Дубалдарга илүү.

Картиналар бекем бөөгө же жылуучу илмекке илинген темир тилкелерге тагылат. Боонун бир учу дубалдын үстүнөн бекиген темир штангага байланып, экинчи учу картинанын алкагына буралган эки шакек аркылуу өткөрүлөт, андан кийин штангага байланат.

Картиналар радиаторлор, меш, терезе, желдетүү жабдууларынын жанына тагылбайт.

5.286. Такталарга илүү.

Алкактары бар картиналар ири темир торчосу менен тартылган, туруктуу орнотулган (кыймылдабаган) же жылуучу такталарга тагылат.

Жылуучу такталар системасы кыйла үнөмдүү болот, бирок такталарды мүмкүн боушунча аз термелүү менен жылдыруу зарыл. Жылуучу такталардын эки тиби бар – илүүчү жана атайын сызыктарда жер менен жылуучу. Кыймылдабаган такталарда сактоонун өзү картиналар үчүн дагы туура ыкма. Картиналар торчо S түрүндөгү илмекке илинет. Илмектин бир учу картинанын алкагына буралган шакекке тагылат, экинчи учу  торчонун ячейкасына илинет. Торчо менен илмектер дат басууга каршы каражат менен капталууга тийиш.

5.287. Стеллаждарда.

Картиналарды жана живопись чыгармаларын кенепте жана такталарда сактоо үчүн ар бир чыгарма үчүн чөнөктөргө ээ стеллаждарда сактоо сунушталат.

Калың такталарга жасалган чыгармалар үчүн (мисалы, эки орус живопистери) стеллаждар жел жүрүүнү камсыз кылган торчого ээ болууга тийиш. Планка чыгарманын үстүнкү бетине перпендикуляр төшөлүүсү керек. Стеллаждардын тигинен кеткен капталында кездеме тартылган атайын жантайган жеке чөнөктөргө ээ болууга тийиш.

Алкакка тартылган, кенепте аткарылган картиналар үчүн жогоруда айтылган торчонун үстүнө планка экинчи жолу төшөлүп, ал картинанын жалпак бетине параллель багытта жантайыңкы болууга тийиш. Чоң чыгармалар үчүн планкалар ортосуна картиналарды стеллаждан алуу жана орнотууда анын сүрүлүүсүн жеңилдетүү максатында подшипниктер орнотулат.

Жылмакай, кургак, зынкечтер менен жабыркабаган олиф менен иштетилген жыгач стеллаждары жерден жок дегенде 25 см көтөрүлүүгө тийиш.

5.288. Живопись чыгармаларын дайыма штабелдерде сактоого жол берилбейт.

Сактоонун бул ыкмасын убактылуу чара катары колдонууга болот. Калың такталарга алкагы жок аткарылган иконалар жана башка чыгармалар өлчөмү боюнча илинет жана кийинки чыгарманы толуктаган сыяктуу катары менен жайгаштырылат. Чыгармалардын ортолоруна жумшактаткан жаздыкчалар салынат (кенеп, кебез). Жаздыкчалар түгөй болуп илмектер менен тигилет.

Алкагы жок кенепте аткарылган картиналарды чоңунан баштап өлчөмдөрү боюнча бири-биринин бетине бети, артына арты менен түгөй болуп, штабелдеги басым кенептерге эмес алкактардын четине келе тургандай жайгаштырылат. Штабелдин төмөн жагындагы кенептер бети менен бири-биринен 2 - 5 см аралыкта турууга тийиш. Штабель өтө чоң болбоосу керек.Ал атайын кош брустарга жерден 15 см аралыкта жайгаштырылат.

Алкагы бар картиналарды штабелдерде сактоодо алкактар ортолоруна жумшактаткан жаздыкчаларды живопистин же кенептин бетине жана арткы бетине тийбегендей кылып орнотуу зарыл.

5.289. Таякчаларда.

Станок менен аткарылган май живопись чыгармаларын ороо үчүн таякчалар жабыркабаган кургак жыгачтан жасалат. Таякчанын диаметри  50 см жана андан жогору болушу мүмкүн. Кайталанган жана корпустук живопись менен аткарылган картиналар үчүн кеминде 70 см. Таякчанын корпусу фанер менен тартылат, анын үстүнө оролуучу кагаз менен оролот. Таякчанын үстүнкү бети жылмакай болууга тийиш. Таякчанын эки учуна тең курчама кийгизилет, алардын диаметри таякчанын диаметринен ага оролгон картиналар жерден 10-15 см аралыкта алыс тургандай эсеп менен чоңураак болууга тийиш.

Таякчанын диаметри кеминде 50 см болууга тийиш. Бул боёк жана кыртыш кармарынын бүктөлүп сынышынан сактайт.

Таякчанын узундугу кенептин узундугунан 5-10 см ашык болушу зарыл.

Бир таякчада бир нече сүрөттөрдү, бирок 10дон көп эмес сактоого болот.

Чоң картиналарды алардын сакталган абалын текшербестен, эки-үч жылдан ашык сактоого тыюу салынат.

Бүктөлүүдөн жана формасы бузулуудан алыс болуш үчүн таякчага оролгон картиналар жаткылырган абалда гана сакталат. Жылына эки жолу таякчаны  огунун айланасында 180 градуска айландырылат.

Картиналарды алкактан чыгаруу жана таякчага ороо, аларды алкакка тарткан сыяктуу тажрыйбалуу реставратор тарабынан же анын жетекчилиги астында аткарылууга тийиш.

5.290. Түрмөктөлгөн живопись чыгармалары (мисалы, япон, кытай) валиктерге оролуп, ошондой эле  шкафтарга, дубалдарга тигинен илинген абалда сакталат.

Олуттуу кемчиликтерге ээ кайталанган түрмөктүлгөн чыгармалар жаткырылган абалда мүмкүн болсо сурмада өзүнчөатайын шкафтарда сакталат.

5.291. Бастырылган техникасы, чаптаган живопись, ошондой эле пастель менен тартылган аралаш техникада аткарылган сүрөттөр айнек ичинде сакталат.

5.292. Живопись чыгармалары мезгил-мезгили менен кароодон өтүп, аларга кам көрүп туруу зарыл. Экспозицияда, сактоо жайларында тагылган картиналардын чаңдары мезгили менен атайын каражаттар менен тазаланып турат.

Сактоо жайларын, өзгөчө картиналардын чаңдарын тазалоо кандайдыр бир жабыркатып албас үчүн жоопту сактоочунун жетекчилиги астында аткарылат.

Живопись чыгармаларын бетинен да арткы жагынан да кандай болбосун ным менен сүртүүгө тыюу салынат.

5.293. Картиналарды пол менен жылдырууга тыюу салынат. Аларды жылдырууда кенепке тийбестен, аларды планкадан же борбордук бөлүгүнөн алуу зарыл.

Алкакка отургузулган чоң картиналар тигинен жок дегенде эки кызматкердин жардамы  менен ташылат.

Алкактан чечилген бир метрге чейинки картиналар узун тарабыменен эки бурчунан кармалып ташылат. Көлөмү чоң болотнай картинаны узуну боюнча эки бурчунан кармаган эки кызматкердин жардамы менен ташылат, мында кенептин жогорку бөлүгүнүн салаңдап калуусуна, кыртышынын бузулушуна алып келген бүктөлүүлөргө  жол бербөө зарыл.

5.294. Картинанын алкагы кургак жыгачтан, ортосуна болотнайды тартуу үчүн кайчылаш тактайлар орнотулуп жасалат.

Картиналарды алкакка жасалгалоодо учурунда аларды кыпчыгычтар же пластиналар менен бекитилүүгө тийиш (жыгач же темир). Алкакты мык менен кагып бекитүүгө тыюу салынат.

Тагуу үчүн картиналарды алкакка же иконаларды жыгач шакектерге бурап тагууга тыюу салынат. Шакектерди картиналардын алкактарына, ал эми иконаларга атайын илмек тагуу зарыл.

5.295. Кенептин бет жагына жана артына ярлыктарды чаптоого, номерлерди, сургуч мөөрлөрдү, штамптарды басууга, сыя, химиялык калем жана боёктор менен жазууга тыюу салынат.

5.296. Май жана бастырылган живопись чыгармаларын температура менен нымдын суткалык өзгөрүүсүнөн сактоо үчүн иконалардын арткы бети менен капталдары мом менен капталып, ал эми алкактарга отургузулган сүрөттөр  конверттелет. Толук жана жарым конверттөө болот. Толук конверттөөдө  бет жагы айнек менен корголот, арт тарабыда сапталат. Жарым конверттөөдө ири картиналар үчүн арткы бети гана чапталат. Конверттин арты оргалиттен же дерматин менен чапталып, тегерете жыгач же темир жабдыктар менен бекитилет. Бул иштин баарын тажрыйбалуу  реставраторлор аткарат.

Живопись чыгармаларын толук конверттөө картиналар жаралгандан кийин  5 жылдан эрте эмес убакыттан кийин уруксат берилет.

 

Музейдеги сактоо режими

 

5.297. Музей буюмдарынын бузулушунун тышкы олуттуу себептери болуп төмөнкүлөр эсептелет (техникалык жана жаратылыш кырсыгынан пайда болгон бузулуулардан тышкары) :

·        температура менен нымды сактоо режиминин кескин өзгөрүүсү жана нормаларынын бузулушу;

·        жарыктын зыяндуу таасири же анын жетишсиздиги;

·        абанын зыяндуу газдар менен булганышы, чаңга толушу;

·        биологиялык зыянкечтер;

·        буюмдарды даярдоодо сапаттуу эмес материады колдонуу (туруктуу эмес боёктор, бекем эмес материалдар ж.б.)

Талаптагыдай же этияттыкты сактабаган реставрациялоодон же өз убагында калыбына келтирүү иштерин аткарбагандык себептери да музей буюмдарынун бузулушуна алып келиши мүмкүн.

 

Температураны, нымды сактоо режими

 

5.298. Музейдин имараттарында туруктуу жана зарыл температураны, ошондой эле  салыштырмалуу аба нымдуулугун сактоо музей фондуларын сактоонуну маанилүү шарттарынан болуп саналат.

Ар кандай материалдарды комплекстүү сактаган музей жайларындагы абанын температурасы +18  С чегинде болууга тийиш.

Ар кандай материалдарды комплекстүү сактаган музей жайларындагы салыштырмалуу аба нымдуулугу 55% +5% болушуоптималдуу шарт болуп санлат. Кондиционерлер менен жабдылбаган музейлер үчүн салыштырмалуу аба нымдуулугунун коопсуз чеги  - 50-65%.

Эгерде музейдин ар башка бөлүктөрүндө температураны, нымды сактоо режимдеринде айырма бар болсо, анда фондуларды жайгаштырууда материалдардын өзгөчөлүгүн эске алып жайгаштыруу зарыл.

Микроклимат нормага жакын болгон жайларда органикалык материалдардын коллекциялары, живопись, кездеме, графика, жыгач, тери, фотоматериалдар, зоологиялык жана биологиялык коллекциялар ж.б. жайгаштырылат.  

Ным жогору болгон жайларда жакшы  сакталган шартта гана таштардан жасалган (мрамордон, актиташтуу тектен жана ага жакын башка материалдардан тышкары), чопо, фарфор буюмдарын сактоого жол берилет.

Нымдуулугу төмөн болгон жерлерде металл, айнек жана гипс материалдарын сактоо максатка ылайык.

5.299. Бир катар материалдарды сактоо үчүн өзгөчө температураны, нымды сактоонун өзгөчө режими талап кылынат. Алсак, мисалы:

·        хлор бирикмелери түрүндө коррозияга дуушар болуу продуктуларына ээ археологиялык буюмдар үчүн өзгөчө курак аба керек: жез куймалары салыштырмалуу 37% нымдуулукта белгисиз убакытка чейин туруктуу сакталат;

·        Күкүрт бирикмелери жана туз минерал тобундагылдарды төмөн аба нымдуулугунда, тыгын менен шыкалып жабылган оозу кенен банкаларда сактаган максатка ылайык;

·        Фотоматериалдарды сактоонун оптималдуу шарты: ак-кара материалдар үчүн температура +12С жогору эмес, түстүү материалдар үчүн  +5С болгон шартта, салыштырмалуу нымдуулук 40 пайыздан 50% чейин. Кадимки сактоо жана салыштырмалуу  нымдуулук 53% болгон шартта, уруксат берилген температура +20С ашпайт. Мындай режим фотоматериалдардын сакталышын камсыз кылат;

·        Калайдан жасалган буюмдарды жана формалин буюмдарын төмөн температурада сактоого жол берилбейт. Мындай материалдарды сактоо үчүн температура +18С төмөн болбошу зарыл.

·        Калай буюмдары +18С төмөн температурада калай илдети менен бузулай баштайт. Буюмдарды биринчи бозомук тарткан чакалайлар, андан кийин көңдөйлөр пайда болот. Андан соң жабыркаган жерлер күкүм болуп үбөлөнүп түшө баштайт. Илдет тез каркап,  ири өлчөмдөгү калай буюмдарын жабыркатышы ыктымал. Жабыркаган калай буюмдарын тезинен +20С төмөн болбогон өзүнчө жайга бөлүп алуу зарыл .

·        Момдон жана пластилинден жасалган буюмдарды туруктуу режим шартында сактоо зарыл. Өзгөчө температурага көз салуу талап кылынат: ал +25С жогору эмес жана +16С төмө болбошу керек.

·        Жылытылбаган 0 С температура шартында баалуу жана жарым баалуу таштардан жана жакут таштардан жасалган буюмдарды сактоого тыюу салынат.  

5.300. Температуранын, нымдуулук режиминин туруктуу сакталбашы, абанын мезгилдүү жана суткалык кескин өзгөрүүлөрү музей буюмдарынын эскиришинин негизги себептеринен. Алардын өзгөрүүсүнө дээрлик бардык материалдар көз каранды. Температуранын кескин өзгөрүшүнө органикалык материалдар катуу бузулат, ал эми органикалык эмес материалдардан биринчи кезекте археология буюмдары бузулат. Нымдын өйдө-ылдый өзгөрүп турушу чоподо, таштын жумшак түрлөрүндө толук бузууга жөндөмдүү келген туздардын кристаллдашуу жана кристаллдардын бузулуу процессин жаратат.

5.301. ТМатериалдарды комплекстүү сактоого сунушталган температураны, нымды сактоо режими көрсөткүчтөрүнүн өйдө көтөрүлүшү же төмөндөшү жагына четтеши төмөнкүдөй өзгөрүүлөрдү жаратат: ным жогору болгон шартта металлдар коррозияга дуушар боло баштайт  (темирде – дат, колодо – жапайы  патина), тери менен гербарийлерди көк басып, өңү өчөт: айнектин шелочтуу процесси жанданат (түстөр жана каттар пайда болот); мрамордун айрым тектеринде темирдин кычкылы болуп саналган кызыл тактардын пайда болушу; бүртүктүү чопонун бирикпей ажырашы; эмульсиянын, бүктөмдөр менен ыйлаакчалардын көөп чыгышы, айнектерден ажырашы – фотоматериалдарда, живопись чыгармаларында, кагаздарда желимдин ажырап жана чириши ж.б.  

5.302. Салыштырмалуу аба нымдуулугу төмөн болгон (50% төмөн) шартта,   бардык гигроскопиялык материалдар чоюлчаактыгын жогото баштайт (тери, жыгач, кагаз ж.б.), алар карттанып, жаракалар пайда боло баштайт. Кеңейүүнүн ар кандай коэффициентине ээ материалдар колдонулган буюмдар өзгөчө  – фанер капталган, инкрустацияланган эмерек,  курама сөөктөр, ошондой эле  кыртыш жана боё менен капталган буюмдар (живопись, айкел, эмерек, жыгач оймолору) катуу бузулууга дуушар болушат.

5.303. Археологиялык тектен сөөктөн жасалган буюмдарда карттануу, жарака кетүүлөр байкалат. Өзгөчө тиштер, омурткалар жана жиликтер оңой бузулат.

5.304. Кондиционер системасы менен жабдылбаган музей имараттарында температура  менен нымдуулуктун өзгөрүшүнүн эки тиби катталат;

·        Мезгилдүү, жыл мезгилдеринин өзгөрүшүнө жана жылытуу мезгилдери менен байланышкан;

·        Суткалык, сырттагы аба шартынын кескин өзгөрүшү жана келүүчүлөрдүн санына байланыштуу.

5.305. Музейлерде температураны, нымды сактоо режимин, мезгилдүү өзгөрүүлөрдү акырындык менен жай жөнгө салуу музейдин милдеттүү талаптарынан болуп саналат.

Салыштырма нымдуулуктун уруксат берилген суткалык өзгөрүүсү 5% ашпоого тийиш.

Ар бир сактоо жайларында жана экспозиция залдарында температураны жана нымды каттоо үчүн психрометрлерди, гигрографтарды, термометрлерди же өзү жазуучу термографтар менен гигрографтарды орнотуу зарыл.

Температура менен нымдуулук көрсөткүчтөрү бир эле убакытта, суткасына эки жолу атайын китепке жазылат.

Психрометрлер менен гигрографтарды айын жок дегенде бир жолу аспирациялык психрометр боюнча желдетүү зарыл.

Психрометр жана психрометриялык таблица менен колдонуу эрежелери (тиркеме).

5.306. Музей баалуулуктары жайгашкан бардык жайлар мезгил-мезгили менен желдетилип турууга тийиш.Музейди желдетүү учурда жел түздөн-түз экспонаттарга тийүүсүнө жол берилбейт.Сакто жайында ным көп болгон учурда, жылытууну күчөтүү зарыл, жагымдуу аба шартында желдетүү керек. Бирок, кыш мезгилинде ашыкча желдетүү абаны кургатып жибериши мүмкүн, ал  органикалык материалдардан жасалган экспонаттар үчүн кооптуу

5.307. Жылытылбаган сактоо жайларында нымдан сактоонун негизги чарасынан болуп желдетүү эсептелет.

Жылытылбаган сактоо жайларын күн ачык болгон кезде, сырттагы абанын температурасы менен ички температуранын ортосунда кескин айырмачылыктар болбогон учурда желдетүү зарыл.

Сактоо жайларында желдетүү процессинде абанын температурасын жогорулатуу же төмөндөтүү эки градустан ашпоого тийиш.

Жылытылбаган сактоо жайларын жаз мезгилинде желдетүү сырттагы температураны ички температура менен теңдөө максатын көздөйт.

Сактоо жайында музей буюмдарын абанын эркин айланышына тоскоолдук жаратпагандай жайгаштыруу зарыл.

Сактоо жайларын күз мезгилинде күн жылууда жана сырттагы абанын температурасы менен ички температура жакын болгон шартта желдетүү максатка ылайык.

5.308. Сактоо жайларында температураны, нымды сактоо режими келүүчүлөрдүн санына жараша болгондуктан, ар бир музей үчүн уруксат берилген келүүчү адамдардын саны белгиленүүгө тийиш. Музейге келүү нормалары жылдык, күнүмдүк болуп дагы белгиленет.

Жылытуу мезгили токтогондон кийин, аба ырайы жагымсыз болуп, сактоо жайларында абанын салыштырмалуу нымдуулугу 85% жогору боло баштаган шартта, музей келүүчүлөрдүн санын кыскартууга же толугу менен токтотууга тийиш.

5.309. Жылытылбаган музей имараттарына келүүчүлөргө жылуу күндөрү жана жылдын кургак мезгилинде келүүгө уруксат берилет.

5.310. Бардык температураны, нымды сактоо режими акырындык менен жана жай жөнгө салынат.

Музейге буюмдар башка жерлерден келген учурда, аралык режимди сактоо менен аларды климатка акырындык менен көндүрүү маанилүү мааниге ээ. Нымдуулугу жогору болгон жайдан келген буюмдарды (мисалы, жылытылбаган жайлардан) температурасы төмөн жайда бир аз кармап туруу зарыл, аларды жаңы шартка көндүрүүсүз түз эле шкафтарга, сандыктарга ж.б. салууга болбойт.

5.311. Мурда жылытылбаган жайларда сакталган архитектура эстеликтерин сактоо жайындагы ички температура кыш мезгилинде  +5 С ашпоого тйииш.

5.312. Музей буюмдарын бир имараттан башка имаратка же шаарга ташыган учурда, буюмдарды жаңы климатка көндүрүү шарттарын түзүү зарыл.

Коллекцияларды жагымдуу аба шартында ташыган максатка ылайык.

 

Жарык берүү режими

 

5.313. Музей буюмдары даярдалган материалдардын эскиришинин негизги бир себептеринен болуп жарык берүү режими эсептелет.

         Кадимки жарык нуру көбүрөөк бузуучу таасирге ээ. Материалдын бардык түрүнө күн нурунун тике тийишине, биринчи кезекте, органикалык материалдарга, асыл таштарга жана жарым жартылай баалуу таштарга, минералдар менен түстүү айнектерге тийишине жол берилбейт.

         Жасалма жарык берүү булактарынын ичинен ультракөгүш нурлары менен люминесценттик лампалар зыяндуу нурларга ээ. Аларды музейлерде кеңири колдонуу сунушталбайт. Бул көз караштан алганда эң эле зыяндуу болуп ысыган лампалар эсептелет. Бирок алар жылуулукту көп бөлүп чыгарат.

         Жарыктын таасири алдындагы өзгөрүүлөр эки мүнөзгө ээ: көрүнгөн – өңү өчүү (түсүн өзгөртүү) жана көрүнбөгөн – экспонат материалынын түзүлүшүнүн бузулушу, бекемдигин жоготушу.

5.314. Графиканын, китептердин, кол жазма материалдардын, фотосүрөттөрдүн, кездемелердин бардык түрлөрү, ботаникалык жана зоологиялык коллекциялар, тери  үчүн музейде жарык берүү 50 – 75 люкс чегинде болушу зарыл. Калган экспонаттар үчүн – 75 люкс болушу шарт.

5.315. Экспонаттарды кадимки күн нурунан сактоо үчүн музей имараттарынын терезелерине пардалар тартылат. Парданын эки катар болушу: сырткы парда күңүрт түстөгү тыгыз кездемеден, ички парда ачык түстүү кездемеден болушу сунушталат. Күңүрт түстөгү пардалар экспозиция жабык учурда музейдин терезелерин толук жабууга тийиш. Ачык түстүү пардалар буюмдарды тике күн нурунан сактоо үчүн дайындалган.

         Жарык нуруна өзгөчө сезгич келген материалдар сакталган жайлардын пардалары тыгыз материалдан.

         Кадимки жарык берилген залдарда жарыктын таасирине сезгич келген айрым буюмдар (акварель, документтер, кездемелер ж.б.), жарыкты өткөрбөгөн төшөлмө капталган кайсы болбосун кооздолгон материал менен кошумча жабылат.

5.316. Жаңы жана реконструкцияланган музей имараттарынын терезелерин коргогон айнектер менен жабдуу сунушталат.

5.317. Май жана бастырылган живопись чыгармаларын, ошондой эле  сөөктөн жасалган буюмдарды сактоо үчүн күндүзгү убакыт ичинде жарык берүү сунушталат (кадимки же жасалма). Жарык берүү начар болсо, берилген түсү карайып, сөөк саргая баштайт.

5.318. Ысыткан лампаларды колдонууда лампаларды экспонаттын үстүнкү бетин ысытып жибербегендей аралыкта жайгаштырылышы зарыл.

5.319. Музей имараттарынын ичинде кинотасмаларга, телеберүүлөргө жана сүрөттөргө тартууда экспонаттарды ысып кетүүдөн, температуранын өзгөрүшүнөн сезгич келген буюмдарга кепилдик берген, алдын алган бардык зарыл чаралар көрүлүшү зарыл.   Жарык булактары экспонаттардан 4 метрден жакын эмес аралыкта жайгаштырылып, ал эми жарыктын минималдуу убакытка жандыруу зарыл (3 – 5 мүнөттөн көп эмес). Тасмага тартуу жүрүп жаткан жайдын ичиндеги абанын температурасын ашык ысытууга жол берилбейт.

         Киного, телеге, сүрөткө тартууга уруксат милдеттүү түрдө алдын ала башкы сактоочунун жана музейдин директорунун макулдугу менен берилет.

          Музей жайларында жана аймагында тасмаларга тартууга жана кинотасмасы үчүн экспонаттарды берүүгө катуу тыюу салынат. Документалдык фильмдерге тартуу өзгөчө учурларда гана жол  берилет.

5.320. Начар абалда сакталган музей буюмдарын киного, телеберүүлөргө тартууга тыюу салынат.

         Экспонаттар киного жана телеберүүлөргө жылдыруусуз жана монтаждоосуз тартылат.

         Музей буюмдарын киного, телеберүүлөргө, сүрөткө тартуу учурунда музейлер тартуу процессин тажрыйбалуу электриктин, сактоочунун, экспонаттын толук сакталышына кепилдик берген реставратордун катышуусун камсыз кылуу зарыл.

 

Абанын булганышы

 

5.321. Музей буюмдарынын эскириши жана бузулушу температуранын, нымдын, жарыктын гана таасиринен эле эмес абанын булганышынан да болот: чаң, ыш, хлорид, ошондой эле  озонду газдуу булгануулар (күкүрттүү суутек, аммиак, күкүрттүү газ) ж.б. Ошон үчүн музейдин имаратын курчаган аймактын тазалыгына, жакынкы өнөр жай ишканаларынан абага чыгарып жаткан булгануулар мүнөзүнө кылдат көз салуу зарыл.

         Музей жабдууларында резина төшөгүчтөрүн колдонууга, ошондой эле  жабдуулар менен жайларды казеин боёктору менен сырдоого жол берилбейт, себеби бул материалдар эскирген учурда күкүрттүү суутек бөлүнүп чыгат.

Музей буюмдарынын эскиришин чаңдар дагы тездетет. Буюмдардын үстүнкү беттеринин чаңдап калышы алардын өңүн гана бузбастан, алардын нымдалышына өбөлгө түзөт. Абаны булгагычтар ным менен бириккен учурда музей буюмдарынын үстүнкү бетинин бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон химиялык реакцияны пайда кылат.

5.322. Музейлерди чаңдардан чаң соргуч менен же катуу сыгылган ным чүпүрөк менен гана тазалоо керек.

         Бардык музей жабдуулары, терезелер, терезенин текчелери мезгил-мезгили менен чаңдардан тазаланып турууга тийиш.

         Эмеректерди, айкелдерди, ири өлчөмдөгү жана үстүнкү бети татаал ж.б. чопо буюмдарын чаңдардан сактоо максатында,  музей келүүчүлөр үчүн жабылгандан кийин аларга тыш каптар кийгизилет. Өзгөчө тыш каптарга гипс айкелдери муктаж.

         Сактоо жайларындагы ачык сакталган эмеректер, айкелдер, жылтыратылбаган фарфорлор, кийимдер, денеси катырылган жаныбарлар ж.б. бардыгы дайыма тыш каптарда сакталышы зарыл.

         Көркөм паркеттерин сактоо максатында келүүчүлөрдүн бут кийими үчүн тыш каптарды кийгизүү максатка ылайык.

         Толук тазалоо үчүн музей айына бир санитардык күндү белгилөөгө укуктуу.

 

Биологиялык режим

 

5.323. Музей буюмдарын сактоо маанилүү деңгээлде аларды биологиялык жабыркоолордон сактоону уюштуруу ишине жараша  болот. Биологиялык жабыркоолорду микроорганизмдер, грибоктор, жана кемирүүчүлөр алып келет.

5.324. Микроорганизмдер (бактериялар менен көк басуу) ар кандай музей буюмдарын, биринчи кезекте, органикалык материалдан аткарылган буюмдарды зыянга учуратат (ар кыл техникада даярдалган живопись чыгармалары, кагаз, кезедемелер, сөөк, жыгач ж.б.).

         Музейде сактоо шартында экспонаттардын көк баскан грибок менен жабыркаган учурлары көп кездешет. Көк басуунун айрым түрлөрү  булаларды бузат, көгөрүүнүн бардык түрү оңою менен кетпеген  тактарды калтырат.

5.325. Музей ичинде музейлер үчүн сунушталган температураны, нымды сактоо режимин сактоо көк басууну болтурбоонун башкы шартынан болуп саналат. Көгөрүүнүн пайда боушунун негизги себебинен болуп – аба нымдуулугунун жогору болушу эсептелет,  температура грибоктордун өсүү ылдамдыгына гана таасир берет. Грибоктор өзгөчө  +20С  +25С температурада жана салыштырмалуу аба нымдуулугу 70% жогору болгон учурда жигерүү өсөт.

         Температуранын кескин жогорулап, төмөндөшүнө жол бербөө керек, себеби ал буюмдардын үстүнкү бетинде нымдын конденсацияланышын пайда кылат, бул көк басуунун өсүшүнө  шарт түзөт.

5.326. Буюмдардын үстүнкү бетинин булганышы микроорганизмдердин пайда болушуна жагымдуу чөйрөнү жаратат.

5.327. Органикалык материалдар сакталган музей жабдууларында көгөрүп кетүү грибокторун пайда болушун алдын алуу үчүн аларды мезгил-мезгили менен таза формальдегид эритмеси менен сүртүү зарыл.

5.328. Көк баскандыгы аныкталган учурда буюмду өзүнчө бөлүп, кургак жайга жайгаштыруу керек.

         Кездемеден жасалган буюмдар кургатылгандан кийин жумшак щётка же жумшак кыл калем менен тазаланат. Тазалоонун калган бардык түрү тажрыйбалуу реставраторго тапшырылышы мүмкүн.

         Жаныбарлардын катырылган денелеринен, кептеринен, терилеринен көгөрүү тазалангандан кийин формалин менен сүртүлөт, ошол эле эритме менен жабыркаган буюм сакталган шкафтар, кутулар, жашиктер, ж.б. тазаланат.

         Курт-кумурскалар коллекцияларында көк басуунун булагынан болуп, кутунун же жашиктин түбүнө төшөлгөн торф пластинкалары болушу мүмкүн; энтомологиялык жашиктерде көгөрүү пайда болгон учурда, ичинен курт-кумурсканы алып чыгып, жашикти жакшылап кургаткандан кийин салуу керек.

         Мрамордон, гипстен, таштан жана башкадан жасалган буюмдардагы микроорганизмдер органикалык заттарды камтыган үстүнкү беттердин булгануусунан өрчүйт, ошон үчүн музей буюмдарынын тазалыгын сактоо зарыл.

5.329. Жогоруда саналып көрсөтүлгөн бардык музей материалдарын дезинфекциялоонун татаал түрү тиешелүү көрсөтмөдөн өткөн тажрыйбалуу адистер тарабынан жүргүзүлөт.

5.330. Тазаланган буюмдардын кайрадан көгөрүп кетишин алдын алуу үчүн температураны, нымды сактоо режиминин нормасына жооп берген шартта жайгаштырылышы зарыл.

5.331. Музей коллекциялары курт-кумурскалар тарабынан да жабыркаган учурлары көп кездешет: алардын ичинен кеңири тараганы коңуздар – көзөгүч, кескич, кемиргич, күбө жегичтер, тери жегичтер, канттуу кыбырчактар, анткор коңуз, ошондой эле  бөлмө чымындары.

         Курт-кумурскалар темир, айнек жана чоподон башка, ар түрдүү материалдардан жасалган буюмдарды жабыркатышы мүмкүн.

5.332. Курт-кумурскалар музейге ачык терезе менен эшиктерден же жабыркаган буюмдар менен келиши ыктымал.

         Зыянкечтер менен жабыркаган буюмдарды алган учурда, документте зыянкеч менен жабыркашы мүмкүндүгүн көрсөтүү  дурус.

5.333. Жаңы экспедициядан келген буюмдар ж.б. зыянкечтерге толгон болушу мүмкүн. Мындай материалдарды негизги коллекциялар чогуу сактоого болбойт.

5.334. Ар бир музейде музей буюмдарын зыянкечтерге текшерүү жана заянсыздандыруу үчүн өзүнчө обочо бөлмөгө ээ болууга тийиш.

         Обочо бөлмө (изолятор) жылытылган, кире турган эшиги өзүнчө жана кире бериши менен кош эшикке ээ болушу зарыл.

         Обочо бөлмөдө зыянкечтер менен жабыркаган буюмдарды зыянсыздардыруу жана грибокко каршы иштетүү үчүн жарактуу камера болууга тийиш. Зыянсыздандыруу токсиндүү заттар менен иштөө боюнча тиешелүү көрсөтмөдөн өткөн, адистер тарабынан аткарылат.

Зыянкечтер менен жабыркаган буюмдарды кагаз же полиэтилен чел кабыгы менен ороо курт-кумурскалардын андан ары башка буюмдарга таралышынан сактаган кепилдикти бербейт – ал зыянкечтерден кыска мөөнөткө убактылуу сактаган чара гана болушу мүмкүн.

5.335. Зыянкечтер менен жабыркоого сактоо жайларынын ичин чаң басуу, буюмдардын башаламан коюлушу, чымын-чиркейлердин толушу, кыштаган башка курт-кумурскалардын болушу, өлүп калган курт-кумурскалардын жана тамак-аштын калдыгы, мышьяксыз же анын алмаштыргычтары жок иштетилген жаныбарлардын катырылган денелери, сырткы кабыгы тазаланбаган, атайын иштетүүсүз жыгачты колдонуу, азык-түлүк капмасынын жакын жайгашуусу, чатырда көгүчкөндөрдүн  уясынын болушу өбөлгө түзөт.

5.336. Конструкцияларды жана жылытуу системаларын жылуулоо үчүн музейдин имаратында жана аймагында техникалык кийизди колдонууга катуу тыюу салынат, себеби ал  музейдин күбө жана тери жегичтер менен жабыркашына алып келет. Кийизди цемент менен жаап койгондо да ал ичинен күбө курттары менен тешилип чыгат, ошондуктан цемент сактай албайт.

5.337. Экспозицияны жасалгалоо үчүн жүн кездемелерин колдонууну мүмкүн  болушунча төмөндөтүү зарыл.

5.338. Жылына эки жолу (терезелердин ачуунун алдында жазында, кыштоо үчүн  курт-кумурскалар учуп киргенден кийин күзүндө) курт-кумурскалар топтоло турган терезенин кычыктарын, плинтустардын кырларын ж.б. жерлерди чаң соргуч менен тазалоо керек.

5.339. Музейдин курт-кумурскалар менен жабыркашын аныктоо үчүн ал жылына бир жолудан аз эмес жалпы алдын алган текшерүүдөн өтөт.  Текшерүү жазында терезени ачардын алдында жүргүзүлөт.

         Ботаникалык жана зоологиялык коллекцияларды жылына үч жолу: апрель – майда, июль жана сентябрь айларында текшерүү зарыл.

         Курт-кумурскалар менен жабыркагандыгын текшерүү терезенин, полдун кычыгынан башталып, андан кийин жарык тийбеген жерлер, эмеректердин арт жактары, өзгөчө төмөн жагын кароо  зарыл. Музей буюмдарын курт-кумурскалар менен жабыркашына текшрүү жүргүзүүдө акыркы эки-үч жыл ичинде келгендерге өзгөчө көңүл бөлүнөт. Табылган зыянкеч курттар, качан жана кайсы буюмдан табылгандыгын көрсөтүү менен  энтомологго жөнөтүлөт. 

5.340. Жыгач буюмдарынан турган коллекциялар, сүрөттөрдүн алкактары, иконалардын такталары, буюмдардын жыгачтан турган бөлүгү, жыгач айкелди,  эмеректерди, өрүлгөн буюмдарды көзөгүч, кескич, кемиргич, коңуздар, узун тушмуктар жабыркатышат. Булардын ичинен көзөнөгүч көбүрөөк кездешет.

         Коңуз – көзөгүч жумурткаларын жыгач буюмдарынын жылчыктарына, тешиктерине, жаракаларына ташташат. Жумурткалардан личинкалары жарылып чыгып, жыгачтарды кемире баштайт. Личинка өтө кичинекей болгондуктан, кирген жылчыктан аны көрүү кыйын. Личинка сыртка чыкпастан, жыгачтын ичинде бир нече жыл жатып чоңоёт (эки жылдан кем эмес). Куурчакчадан чыккан жаш коңуз диаметри 1,5тен 3 мм чейин болгон тоголок тешикти оюп чыгат дагы кырындыларды сыртка көп түртүп чыгарат.

         Буюмда бургуланып казылган кырындылары менен жаңы көзөнөктү көргөн учурда аны тезинен изоляторго жөнөтүү зарыл. Көзөгүч коңуздар менен жабыркагандыгын текшерүү үчүн буюмдарды обочо жайда кеминде бир жайкы мезгил бою кармоо керек.

5.341. Кескичтер жыгачтарда 3х7 же 3х9 мм жана андан чоң өлчөмдөгү сүйрү тешиктерди калтырса, кемиргичтер – майда, тегерек, 1 мм диаметри менен тешиктерди калтырат. Кескичтер экспонаттар үчүн дагы курулуштар үчүн дагы кооптуулукту жаратат.

5.342. Музейде же анын аймагында ар кандай иштерди аткарууда курулуш материалдарын, стеллаждарды  ж.б. тандалып алынган жана кабыгынан жакшы тазаланган, кургатылган тактайлардан гана жасоого уруксат берилет, себеби кабыктын алдында зыянкеч коңуздар – кескичтердин, дарак көпөлөгүнүн  личинкалары калып калышы мүмкүн.

5.343. Музей фондулары дарак көпөлөгү менен жабыркагандыгына шекиген учурда – зыянсыздандыруунун туура ыкмасын аныктоо үчүн энтомологду чакыруу зарыл.

         Экспонаттардагы дарак көпөлөгүн жок кылуу иши адис – энтомологдун консультациясы менен тажрыйбалуу реставратор тарабынан аткарылат.

5.344. Жүн жана жибек кездемелери, аң терилер, тери буюмдары, чачтар, канаттар, килемдер, китептердин тери мукабалары,  пергаменттер ж.б. курт-кумурсканын эки түрү менен жабыркайт: тери жегич коңуз жана күбө.

         Күбөлөрдүн курттары желелердин арасында жана тыш каптарда жашайт; Көбү көпөлөктөрү бир аз эле жашайт. Бирок алардын жок болушу коллекциялар жабыркаган жок дегенди билдирбейт. Эмерек күбөсү жылына үч жолу жумуртка таштайт (январь – февралда, май жана август – сентябрда). Күбөнүн жумурткаларынан курттар чыгып, шкафтардын, сандыктардын ж.б. буюмдардын көрүнбөгөн жылчыктарына кирип кетүүгө жөндөмдүү болушат, ушуну менен буюмдардын зыянга учурашын жогорулатат.

5.345. Курамында жибек, жүн, чач, тери, баалуу тери бар буюмдарды кебез, зыгыр жана жибек буюмдарынан өзүнчө сактоо керек. Өзүнчө сактаган учурда жибек буюмдары, эреже катары, күбө менен зыян тартпайт.

5.346. Күбө менен жабыркаган учурда, биринчи кезекте, жарык тийбеген жана жабык жерлерди, буюмдарды: жеңдин, жаканын астыларын, бүктөлгөн жерлерди кароо зарыл.  

5.347. Күбө менен күрөшүүнүн бир нече ыкмалары белгилүү:

         - жүндөн жана аң териден жасалган, ошондой эле алардын жанында турган жана башка кездемелерден жасалган буюмдар, жазында – жайдын башында кургак жана жылуу аба ырайында кеминде 4 саат күн жесин деп жайылат. Кийимдер жайылган учурда, кийим сакталган шкафтар тыкыр тазаланат. Куратылып, тазалангандан кийин шкафтарга илинген кийимдердин арасына репеллент  (качыруучу зат) кутучасын кошо илүү зарыл.

         Кездемелерди, кийимдерди жана башка буюмдарды күбөдөн сактоо үчүн аларды сактоо учурунда нафталин же камфардык – нафталин шариктери колдонулат, алар марли кутучаларына оролгон бойдон жашиктерге же сандыктарга салына же кийимдер менен чогуу илинет (чоң адамдын пальтосуна  болжол менен ар бирине 1 чай кашык  нафталин салынган 5 кутуча керектелет). Репелленттин башкача айтканда экендигин кеминде жылына бир жолу текшерилет. Репелленттер, эреже катары, курт-кумурскаларды өлтүрбөйт, бирок жакындатпайт.

Нафталинди  күмүш (күмүш жиптери бар ж.б. кооздуктар) жана ак түстөгү аң териге колдонууга жол берилбейт.

Репелленттерге төмөнкүлөр кирет: лаванда майы, камфора, далматромашкасы, эрмен, жаңгак жалбырактары. Күбөгө каршы каражаттарды мезгил-мезгили менен алмаштыруу зарыл, себеби күбө аларга көнө баштайт.

         Килемдер менен колго жасалган туш кийиздердин арасына керосин ИСО жана скипидар (1:2) аралашмасына чыланган кагаз салынат. Андан кийин килемдер менен колго жасалган туш кийиздер ошол кагаз менен чогуу таякчага оролуп, кебез тыш каптарына кийгизилип бекем байланат.

5.348. Баалуу аң тери жана жүндөн жасалган буюмдар, энтомологиялык коллекциялар, китептер, денеси катырылган жаныбарлар жана башка зоологиялык материалдар күбөдөн тышкары тери жегич коңузу менен жапа чегиши мүмкүн.

         Тери жегич коңуздар терезелерге топтолот, алардын личинкалары күн тийбеген жерлерде жашайт.

5.349. Акварель живопись чыгармалары менен кагаздын айрым сорттору канттуу кыбырчактар менен жабыркашы ыктымал. Кыбырчактар – узундугу 1 см жеткен, канатсыз күмүш сымал сойлоп жүрүүчү курт – кагаздын сырткы катмарынын айрым бөлүктөрүн жана тандап акварель боёкторун жейт.

         Кыбырчактарды  инсектициддер менен катыш болгондо жок кылынат. Музей жабдуусунан айланасы, дубалы, жери, плинтустар менен полдогу жылчыктар, ошондой эле  ным тарткан жерлердин айланасына каражат чачыратылат. Катыш боло турган уулар: хлорофос, дихлофос колдонулат.

5.350. Папье–машеден жасаган буюмдарда, китеп мукабаларында жана крахмал бар башка буюмдарда. Катып калган камырда жана башка азык-түлүк калдыктарында. Тактайлардын оюлган жерлеринде, ар түрдүү кутуларда жана өрмөлөрдө (дыйкандардын тиричилигинде колдонулуучу буюмдардын коллекциясы), жылуу жайларда гербарийлерде көзөгүч коңуз өрчүй баштайт, муздак жана ным жерде – анткор коңуздар, узундугу 3-5 мм болгон майда бургулап тешкич коңуздар көбөйө баштайт.

         Көзөгүч коңуз жарыкты көздөй учат дагы терезелерде топтолот. Эмерек зыянкечинен айырмаланып,  ал таза жыгачтын ичинде өрчүбөйт.  

         Гербарийдерди зыянкечтерден сактоо максатында, гербарий топтомдорун тыгыз материалга ороо сунушталат (коленкор).

         Көзөгүч коңузу менен жабыркаган гербарийлерди дезинфекциялоо камерасында зыянсыздандыруу зарыл.

         Сактоо жайлары анткор коңуз менен жабыркаган учурда, жазында терезени ачуунун алдында, жабыркаган буюмдар сакталган текчелер, жакын турган терезелер, дубалдар жана терезе алдындагы пол, текчелер, шкафтар узак таасир берүүчү инсектициддер менен тазаланат. Тазалоо кийинки мезгил ичинде кайталанат.

5.351. Сактоо жай таракан жана бүргөлөр менен жапа чеккен учурда шаардык дезинфекциялоо станциясына кайрылуу зарыл.

5.352. Бардык зыянкечтерден коргонуу чараларынын катарына, температураны, нымды сактоо режимин бекем сактоодон тышкары, оозу бекем жабылган витриналар, шкафтар, ошондой эле  киргизилип жаткан  ар бир жаңы объектини музей ичинде алдын ала кылдат зынсыздандыруу да кирет.

5.353. Биологиялык зыянкечтерди жок кылуу үчүн колдонулуучу бардык инсектициддер, тигил же бул деңгээлде адамга зыян болуп саналат. Алар менен иштөөдө жеке коопсуздук чараларын сактоо зарыл: атайын кийим кийип, резина кол каптар (алдын ала текшерилген) менен иштөө, эритменин тамчылары кирип кетпес үчүн ооз менен мурунду респиратор же ичине кебез салынган марли байламы менен коргоо, көзгө көз айнек кийүү, чачты жоолук менен байлоо зарыл. Мындай иштер тажрыйбалуу адистер тарабынан аткарылышы мүмкүн.

 

         Инсектициддер чачыратылган буюмдарды кол каптар менен кармоо сунушталат. Мындай буюмдарды кол каптар мене корголбогон колдор менен жылдырууда жана инсектициддер менен иштегенден кийин колду тезинен самындап жуу зарыл.

VI.                  БААЛУУ МЕТАЛЛДАРДАН ЖАНА АСЫЛ ТАШТАРДАН ЖАСАЛГАН МУЗЕЙ БУЮМДАРЫН ЭСЕПКЕ АЛУУ ЖАНА САКТОО

 

Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган музей буюмдарын атайын инвентардык китептерде каттоо

 

6.1. Биринчи  жана экинчи каттоо баскычынан өткөн, баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган музей буюмдары, каттоонун үчүнчү баскычынан каттоо документтери болуп эсептелген, атайын инвентардык каттоодон өтүүгө  тийиш. 

6.2. Атайын инвентардык китептер төмөндөгүдөй шифрлер менен жүргүзүлөт:

         «ЗА» -  асыл таштар менен жана толугу менен платина тобундагы металлдардан, платинадан, алтындан турган, нумизматика буюмдарын эсепке алуу үчүн; 

         «СА» –  толугу менен күмүштөн турган нумизматика буюмдарын эсепке алуу үчүн;  

         «ВА» -  алтын же платина жана платина тобундагы металлдар же күиүш же асыл таштар курамдык бөлүгү катары кирген, нумизматика буюмдарын эсепке алуу үчүн;  

         «ЗБ» – алтындагы, плантинадагы, күмүштөгү асыл таштардан, толугу менен платина тобундагы металлдардан, платинадан, алтындан, асыл таштардан  турган буюмдарды  каттоо үчүн;

         «СБ» – толугу менен күмүштөн турган буюмдарды каттоо үчүн ( тиркеме);

         «ЗВ» – алтын же платина жана платина тобундагы металлдар же асыл таштар курмадык бөлүгү катары кирген буюмдарды буюмдарды каттоо үчүн ( тиркеме); 

         «СВ»–алтын же платинаны камтыган буюмдардан же платина тобундагы металлдардан же асыл таштардан сырткары, курамдык бөлүгү катары күмүш кирген буюмдарды каттоо үчүн.

6.3. Аталган шифрлер менен атайын инвентардык китептердин болушу, асыл таштардан жана кымбат баалуу металлдардан турган буюмдардын сандык курамына жараша болот жана ички нускама менен белгиленет.

6.4. Кымбат баалуу металлдардан турган нумизматика буюмдарынын чоң коллекциясына ээ болгон музейлерде, инвентардык китептер, атайын инвентардык китептер менен тең барабар болушу мүмкүн.

6.5. Атайын инвентардык китептердеги буюмдун сүрөттөлүшү, анын визуалдык мүнөздөмөсүн, инвентардык китептерге жана КТКга карата бирдей жазуунун камтышы керек. 

6.6. Атайын инвентардык китептерге ошондой эле, баалуу металлдардын  жана асыл таштардын аталыштары жана башка коюлган таштардын (эгерде болсо), асыл таштардын жана ар бир даанасындагы жана башка коюлган таштардын  (эгерде болсо)саны,   баалуу металлдардын пробасы жана граммдагы  салмагы (лигатурадагы жана тазасындагы), баалу металлдардын караттагы салмагы, толук көлөмдө көрсөтүлгөн таштар үчүн бош көзөнөкчөлөрүнүн жана алкакчаларынын саны   жөнүндө маалыматтар киргизилет.

6.7. Эгерде баалуу металлдар же асыл таштар музей  буюмдарын курамдык бөлүгү болуп эсептелсе, атайын инвентардык китепке буюмдун жалпы салмагы жөнүндө маалыматтар киргизилет.

6.8. Окшош буюмдарды сүрөттөөдө,  бул сүрөттөөгө кийинчерээк шилтемелөө  жана айырмаланган белгилерин (эн тамганы, номерди жана башка белгилерди)  көрсөтүү менен, алардын ичинен бирөөсү кеңири сүрөттөлөт.

Массалык  түрдө даярдалган нумизматика буюмдарынын жеке өзгөчөлүктөрү, алардын сырткы белгилеринин толук окшоштугу менен, ар бир катталган буюмдардын салмагы менен аныкталат.

Салмагын жана санын көрсөтүү менен, ар биринин салмагы 0,1 граммдан кем эмес бир типтеги буюмдардын көп санын камтыган,  археология жана нумизматика буюмдарын тобу менен каттоого жол берилет.

6.9. Жарамдуулугуна эч ким жооп бербеген асыл таштар, берметтер, баалуу металлдардын фрагменттери же деталдары, саны жана каттоо китебиндеги жарамдуулугуна эч ким жооп бербеген   ар бир деталдын же асыл таштардын салмагы  боюнча катталууга тийиш (№37 тиркеме), конкреттүү музей буюмдарына карата анын таандык экендигин аныктаганга чейин. 

         Конкреттүү музей музей буюмдарына карата идентификацияланган жарамдуулукту аныктоо, илимий изилдөөнүн, калыбына келтирүүнүн, экспертизанын жыйынтыктары менен жүргүзүлөт жана фондулук сатып алуу комиссиясынын протоколу менен таризделет.

          Идентификацияланган  жарамдуулук ал тиешелүү болгон музей буюмдарын каттоо белгисин алат,   жарамдуулукту каттоо  китебинен алынып салынат.  

6.10. Атайын инвентардык китепте төмөндөгүлөр каттоого алынбайт:

         инкрустация, оймо, үстү капталган түрдөгү түрдө баалуу металлдар кирген буюмдар;

         жип, зым, жылтылдак жана кооздуктар (парча, аксамит, кружева, бахрома) түрүндө кымбат металлдарды колдонуу менен жасалган кездеме буюмдар;

         аталышы жана саны боюнча каттоо документтеринде көрсөтүлгөн, баалуу эмес материалдардан коюлгандар жана жасалма таштар; 

         жаратылыштагы тоо тектеринин, кендердин, минералдардын үлгүлөрү, аларда баалуу металлдар химиялык кошулма түрүндө болот, эгерде аларды баалуу металлдардын болгондугу же камтылгандыгын аныктоого туура келсе, анда музей буюмун бузууга туура келет.

6.11. Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдарды, анын ичиненмамлекеттик сыйлыктарды, алардын сакталышын камсыздоо үчүн талаптагыдай шарттары жок музейлерде, ошондой эле өзүнчө музейдин функцияларын аткарган юридикалык жактардын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан  сакталышына тыюу салынат.

6.12. Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдарды сакталышына,жогорку билим бар, музейдин сактоочу бөлүмдөрүнүн биринде эки жылдан кем иштебеген, баалуу металлдардан жана асыл таштардан буюмдарды каттоо-сактоо бөлүмү боюнча атайын даярдыктан (стажировкадан)  жана музейдин аттестациялык комиссиясынан өткөн   музейдин кызматкери жооптуу болушу мүмкүн.

6.13. Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдардын сакталышына жооптуу адамды дайындоо, фондулук сатып алуу комиссиясынын сунушу менен, музейдин директорунун буйругунун негизинде жүргүзүлөт. 

6.14. Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдардын сакталышына жооптуу адамдын негизги функциялар жана укуктары, милдеттери, Нускамада көрсөтүлгөн жооптуу сактоочунун функцияларына жана укуктарына, милдеттерине туура келиши керек.

 

 

Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдарга экспертиза жүргүзүү

6.15.Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдарга экспертизаны Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдардын жана асыл таштар департаменти   жүргүзөт. 

6.16. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдардын жана асыл таштар департаментинин эксперттери, мамлекеттик музейлерди мезгил мезгили менен контролдойт жана төмөндөгүлөрдү текшеришет:

         баалуу металлдарды  жана асыл таштарды камтыган музей буюмдарын каттоо абалына жана аларды сактоо шарттарынын камсыздалышына;

 атайын инвентардык китепте катталган, баалуу металлдарды  жана асыл таштарды камтыган музей буюмдарын жана коллекциялардын сакталуу абалын.

6.17. Баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган буюмдарды каттоо жана сактоо абалын текшерүү негиз  болуп, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Баалуу металлдардын жана асыл таштар департаментинин буйругу эсептелет.   

6.18. Музейге жана сактоочу фондусуна кирүү мүмкүнчүлүгү, музейдин кызматкерлеринин ичинен комиссия түзүлгөндөн жана музейдин директорунун буйругунан кийин гана жүзөгө ашырылат.

6.19. Текшерүүдө аныкталган жетишпестиктер жана бузуулар акт менен  таризделет, текшерүүчүлөр ага кол койдуруу менен, музейдин директорун жана башкы сактоочуну тааныштырышат.

 

         Актынын бир нускасы музейдин директоруна тапшырылат, бул текшерүүчүлөрдө калган актынын нускасына  ал тарабынан кол коюу менен күбөлөндүрөт. 

 

VII.                  МУЗЕЙ БУЮМДАРЫН РЕСТАВРАЦИЯЛОО ЖАНА КОНСЕРВАЦИЯЛОО БОЮНЧА ИШТЕРДИ УЮШТУРУУ

 

7.1. Музей буюмдарын консервациялоо жана калыбына келтирүү жана  аларды мөөнөтүндө жана сапаттуу аткарылышын контролдоо боюнча иштерди уюштуруу үчүн, музейде же калыбына келтирүү мекемесинде калыбына келтирүү кеңеши түзүлөт, анын негизги функциялары болуп төмөндөгүлөр эсептелет: 

         калыбына келтирүү бөлүмүнүн жана штаттагы айрым реставраторлордун   жылдык жана келечектеги иш пландарын бекитүү;

         музей буюмдарын консервациялоо жана калыбына келтирүү ыкмаларын жана ыктарын талкуулоо;

жүргүзүлгөн калыбына келтирүү иштеринин аткарылышы жана сапаты, музейдин ичиндеги экспозицияларга жана көргөзмөлөргө, музейдин сырткаркы, анын ичинен эл аралык көргөзмөлөргө убактылуу колдонууга берүүгө тиешелүү музей буюмдарын сакталышынын жана ташуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутундуларды берүү. 

7.2. Калыбына келтирүү кеңеши музейдин дирекциясынын алдындагы коллегиалдуукеңешүүчү орган болуп эсептелет. Калыбына келтирүү кеңеши жөнүндө жобо жана анын курамы, мекеменин уставында каралган тартипте бекитилет. 

7.3.Калыбына келтирүү кеңеши музей буюмдарын консервациялоо жана калыбына келтирүүнүн бардык маселелерин карайт жана сунуштарды берет, реставраторлордун жылдык иш пландарын бекитет, калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү, аткарылышы жана сапаты, ошондой эле  музей буюмдарын мүмкүн болуучу (мүмкүн эмес) көчмө көргөзмөсү жөнүндө корутунду беришет.

7.4.         Илимий иштер боюнча директордун орун басары же башкы сактоочу Калыбына келтирүү кеңешинин төрагасы болушу мүмкүн. 

7.5.         Калыбына келтирүү кеңешинин курамына калыбына келтирүү, экспозиция  бөлүмдөрүнүн башчылары, штаттагы реставраторлордун(реставраторлор), жооптуу сактоочулар кирет. 

7.6.         Жаңы жана салттуу эмес чечимдерди кабыл алууну, кийинки толуктоолорду жана жазууларды алып салууну, чоң жоготууга ээ музей буюмдарынын тышкы түрүн калыбына келтирүү, ошондой элеалардын негиздүүлүгүнө күмөн туудурган сунуштарды же Калыбына келтирүү кеңештинайрым мүчөлөрү тарабынан  каршылыктарды талап кылгантатаал калыбына келтирүү иштери менен жүргүзүү менен иштери менен байланыштуу маселелер, тарых маданийи ири музейлер жаатындагы, илимий-изилдөө институттарынын жана калыбына келтирүүнү адистештирилген мекемелеринин кадыр-барктуу адистерин тартуу менен, Калыбына келтирүү кеңешинин кеңири отурумунда каралат.

7.7.         Мындай кеңеш болбогон учурда, талаш маселелер алдыңкы музейлердин биринин же кеңири курамдагы калыбына келтирүүнү адистештирилген мекемелеринин Калыбына келтирүү кеңешине кароого берилет.

7.8.         Калыбына келтирүү кеңешинин жана анын комиссиясынын (секциясынын) чечимдери тиешелүү протокол менен таризделет, ага отурумга катышкан бардык мүчөлөрү кол коёт,  калыбына келтирүү мекемесинин  же музейдин жетекчилиги тарабынан бекитилет жана атайын журналда  катталат.

7.9.         Калыбына келтирүү кеңешинин чечимдери реставраторлордунбардыгы үчүн  милдеттүү. 

7.10.    Калыбына келтирүү кеңеши тарабынан каралбаган жагдайлар, калыбына келтирүү ишин аткаруунун жүрүшүндө аныкталган учурда, реставраторлор  тапшырмага өзгөртүү киргизүү үчүн Калыбына келтирүү кеңешинин от урумун чакырууну демилгелейт. 

7.11.    Музей буюмдарын консервациялоо жана калыбына келтирүү боюнча иштер, адистештирилген мамлекеттик калыбына келтирүү мекемелери (чеберканалар) жана/же музейдин реставраторлорду, ошондой эле келишим менен иш аткарган  реставраторлор тарабынан аткарылат (мындан ары - реставраторлор).

7.12.    Өз алдынча аткаруу үчүн, реставраторлорго тапшырылган музей буюмдарын консервациялоо жана  калыбына келтирүү боюнча иштин түрөрү жана конкреттүү тизмеси, Калыбына келтирүү кеңеши тарабынан аныкталат.

7.13.    Калыбына келтирүү иштери кайтаруу – өрткө каршы сигнализация, калыбына келтирүүгө кабыл алынган музей буюмдарын сактоо үчүн жабдуулар, ошондой эле калыбына келтирүү  документтери менен жабдылган, адистештирилгенжайда жүргүзүлөт.

7.14.    Музей буюмдарын консервациялоо жана  калыбына келтирүү, адистештирилген калыбына келтирүү мекемелеринде жана алдыңкы музейлердин калыбына келтирүү бөлүмдөрүндө узак убакыт бою тажрыйбалык текшерүүдөн өткөн  жана практикалык жактан колдонуу үчүн аларга сунуш кылынган ыкмалардын, технологиялардын жана реставрациялоо материалдарынын негизинде гана жүргүзүлөт. 

7.15.     Реставраторлортөмөнкү иштерди  жүзөгө ашырат:

         Музей буюмдарын жана  коллекцияларды, музей, юридикалык жана жеке жактар  үчүн маданий баалуулуктардыизилдөөнү жана консервациялоону, калыбына келтирүүнү, реконструкциялоону (кайрадан түзүүнү);

материалдардын түрлөрү боюнча музей буюмдарын консервациялоонун, калыбына келтирүүнүн, реконструкциялоонун илимий ыкмаларын иштеп чыгууну жана аларды практикада жайылтууну;

жаңы калыбына келтирүүчү материалдарды изилдөөнү жана практикада жайылтууну;

музей буюмдарынын сакталышынын абалын ыкчам жана пландуу текшерүүгө музей буюмдарын жооптуу сактоочулар менен бирге катышууну.  Текшерүүнүн жыйынтыгы акт менен таризделет, ага буюмдарынын сакталуу абалындагы өзгөрүүлөрдүн себептери белгиленет, аларды четтетүү боюнча чаралар аныкталат, консервациялык жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү мөөнөтү сунушталат;

-  Музейэкспозициялары жана көргөзмөлөрү, музейден сырткаркы, анын ичинен чет өлкөлөрдөгү көргөзмөлөр үчүн багытталган музей буюмдарын кароону, экспонаттарды ташуу мүмкүнчүлүгү жана ыкмалары жөнүндө корутунду берүүнү;

транспортировкалоого (ташууга) дайындалган экспонаттарды таңууга түздөн түз катышууга.  Экспонаттарды  ташуу мүмкүнчүлүгү жана ыкмалары жөнүндө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда, өзүнүн сунуштарынаргументтелген негиздеме түрүндө берүүнү;

музей буюмдары жарасыз болгон же музей буюмдарын жана коллекцияларды туура эмес сакталган бардык учурларды башкы сактоочуга билдирүүнү;

калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн керектүү болгон материалдарга, аспаптарга жана жабдууларга табыштаманы түзүүнү;

калыбына келтирүү мезгилинде аларга берилген музей буюмдарын жана башка маданий баалуулуктарды, ошондой эле каттоо документтерин каттоо жана сактоону камсыз кылууну; консервациялоо жана калыбына келтирүү, музей буюмдарын таңгактоого жана таңгактан чыгарууда иштердин сапаттуу аткарылышын камсыз кылууну;

калыбына келтирүү кеңеши тарабынан бекитилген ыкмаларды жана ыктарды, материалдарды консервациялоо жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө колдонууну;

консервациялоо жана калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө иштин жүрүшүн документ менен тастыктоону жана  керектүү документтерди тариз-дөөнү;

санитардык – эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматынын талаптарына ылайык, жумуш жана химиялык коопсуздук эрежелерин сактоону;

колдонуудагы квалификациялык талаптарга ылайык, квалификациясын жогорулатуунун үстүндө дайыма  иштөөнү;

калыбына келтирүү кеңешинин жана фондулук сатып алуу комиссиянын,  курамына  музей буюмдарын консервациялоо жана калыбына келтирүү, сактоо абалдарын текшерүүнү жүзөгө ашыруучу жана башка комиссиялардын курамына кирүүнү жана аталган органдардын иши не катышууну.

7.16.    Музейде реставратор штаты жок болсо, музей буюмдарынын сакталган абалын кароо комиссия тарабынан жүргүзүлөт, анын курамына милдеттүү түрдө башкы сактоочу жана коллекциялардын жооптуу сактоочусу кирет.

7.17.    Жаңы иштеп баштаган калыбынакелтирүүчүлөрдү окутуу атайын окуу материалдарынын же илимий-көмөкчү фондунун, чийки заттар фондусунун жана эксперименталдык фондусунун  курамына кирген буюмдар боюнча жүргүзүлөт.

7.18.    Негизги фондунун курамына кирген буюмдарды  консервациялоо жана калыбына келтирүү боюнча иштерди аткарууга, профессионалдуу тажрыйбага ээ реставратор алгандан кийин гана уруксат берилет.

7.19.    Калыбына келтирүү бөлүмдөрү же музейдин штаттык калыбына  келтирүүчүлөрү башкы сактоочуга түздөн түз баш ийишет.

7.20.    Музей буюмдарын  консервациялоо жана калыбына келтирүү боюнча иштер, жана башка баалуулуктар төмөндөгүлөрдү көрсөткөн милдеттүү түрдө документтештирүүгө тийиш:

         ишти аткаруунун бүтүндөй мезгили ичинде калыбына келтирүү процесстерин атайын журналга (күндөлүккө) каттоо; 

калыбына келтириле турган музей буюмдарын калыбына келтирүүгө чейин, калыбына келтирүү процессинде жана  аны аяктаганда  сүрөткө тартып алуу. Сүрөткө тартып алуу, бардык жасалган ишти  жана буюмдун олуттуу өзгөрүүлөрүн, толугу менен чагылдырышы,анын ичинен жазуу катмарын алуу жөнүндө толук көрсөтмө беришикерек;

башка документтер (актылар, протоколдор, ж.б.у.с.) калыбына келтирүү процессин жана ыкмаларын кошумча тастыктоо болуп эсептелет.

7.21.    Калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдөгү негизги документ болуп, музей буюмдарын калыбына келтирүүчү паспорту эсептелет, анда жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөр, калыбына келтирүү иштери, калыбына келтирүү процессиндеги же андан кийинки тартылган сүрөттөр көрсөтүлөт.

VIII.                  МУЗЕЙ БУЮМДАРЫН КОЛДОНУУ

Негизги жоболор

8.1. Музей буюмдарын бардык жарандар үчүн жеткиликтүү болушу үчүн ачык жана илимий, маданий, билим берүү жана чыгармачыл-өндүрүштүк максатта колдонулат. 

8.2.  Музей буюмдарын колдонуу төмөнкүлөрдү камтыйт:

         музейдеги туруктуу же убактылуу экспозициялар (көргөзмө) курамында экспозициялоону;

         ачык сактоо формасындагы айрым музей буюмдарын жана алардын коллекцияларын экспозициялоону;

         Кыргыз Республикасынын аймагында жана чет өлкөлөрдө көчмө көргөзмөнүн курамында экспозициялоону;

         музейдин профилине туура келген илимий-изилдөөлөр менен алектенген башка анын ичинен чет өлкөлүк адистерге, алар изилдөө үчүн музей шарттарын берүү;

         басма, кино жана видео долбоорлорун даярдоодо кино-видео жана сүрөт тартуу үчүн берүү.

8.3. Музей буюмдарын  биринчи жарыялоо укугу музейге тиешелүү, ага ошол музей буюмдары жана музей коллекцияларыбекитилген. 

8.4. Музейде турган музей буюмдары  жарандар үчүн ачык.

      Жеке менчик ээси тарабынан төмөндөгү негиздер боюнча, музейде турган музей буюмдарынп  карата жетүү мүмкүнчүлүгүн чектөө белгилениши мүмкүн:        

Музей буюмдарынын сакталган абалы канааттандырарлык эмес абалы;

калыбына келтирүү иштеринин жүргүзүлүшү;

музейдин сактоочу жайындагы (депозитарийде) музей буюмдарынын турушу.

Музейдин сактоочу жайындагы (депозитарийде) музей буюмдарына карата жетүү мүмкүнчүлүгүнүн тартиби жана шарттары, жарандарга чейин маалымдалат.

Музей буюмдарына жана коллекцияларына карата жетүү мүмкүнчүлүгүн чектөөгө, цензура түшүнүгүнөн улам жол берилбейт.

8.5. Сүрөттөөчү, басма, азем белектүү жана башка тираждалган продукцияларды жана музей буюмдарын, музейлердин имараттарын, музейлердин аймагында жайгашкан объекттерди, ошондой эле алардын аталаштарын жана белгилерин колдонуу менен, эл керектөөчү товарларды өндүрүү, музейдин дирекциясынын уруксаты менен жүзөгө ашырылат

 

Музей буюмдарын камсыздандыруу 

8.6. Музейден сырткары  музей буюмдарын  жайгаштыруунун милдеттүү шарты болуп, аларды таңгактоо/таңгактан алуу, ташуу, убактылуу жыйноо, куроо/куроодон чыгаруу, экспозициялоо жана аларды туруктуу сактаган жайга кайтаруу мезгилине карата камсыздандыруу тобокелдиктеринин бардык учурларын камсыздоо менен аларды камсыздоо эсептелет.

8.7. Музей буюмдарына карата  камсыздандыруу тобокелдиктерин баалоону, аларды берүүнү жүзөгө ашыруучу музейдин фондулук сатып алуу комиссиясы белгилейт.  

8.8. Музей буюмдарын камсыздандыруу наркын баалоо, бул учурда дүйнөлүк антиквардык рыноктоколдонулуп жаткан орточо бааны эсепке алуу менен, музей буюмдарын убактылуу берүүнү ар бир учурунда белгиленет.

Музей ичинде колдонууда музей буюмдарын өткөрүп берүү (музей ичинде өткөрүп берүү)

8.9.Экспозициялоожана көргөзмө, экспертиза жана музей ичинде калыбына келтирүүүчүн сактоочу бөлүмдөн экинчи сактоочу бөлүмгө музей буюмдарын берүү,  музей буюмдарын кабыл алуужана өткөрүп берүү актысы боюнча жүргүзүлөт жана тиешелүү каттоо китебинде катталат.

8.10. Музей ичинде берүү актысын тариздөө үчүн негиз болуп, төмөндөгүлөр эсептелет:

         экспозициялоого жана көргөзмөгө музей буюмдарынын сакталышына жооптуу, кызматтагы адамдарды дайындоо жана  экспозициялоого жана көргөзмөгө даярдоо жөнүндө музейдин директорунун буйругу;

         музей буюмдарын калыбына келтирүү зарылдыгы жөнүндө Калыбына келтирүү кеңешинин чечими;

         бир фондулук коллекциядан экинчисине музей фондуларын которуу жөнүндө фондулук сатып алуу комиссиясынын чечими. 

8.11. Экспозицияны  же көргөзмөнү курагандан кийин, кабыл алуу-берүү актыларынын негизинде  экспозициянын  (көргөзмөнүн) топографиялык тизмеси түзүлөт (№38 тиркеме). 

8.12. Тизме эки нускада түзүлөт, анын бири каттоо бөлүмүндө сакталат, ал эми экинчиси  Экспозицияны  же көргөзмөнү жооптуу сактоочусуна берилет.

8.13. Музейди кароочулар үчүн, аларга бекитилген экспозициялык-көргөзмө  залдары боюнча экспозициялык тизменин көчүрмөсү жасалат. 

8.14. Ар бир жыл аяктаганда каттоо бөлүмү,  экспозицияны  жооптуу сактоочусу менен бирге,  экспозициялык тизме менен факты жүзүндө болгон экспонаттарды салыштырат жана зарыл учурда ага тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизет.

8.15. Сактоочу фондугамузей буюмдарын кайра берүү, кайтаруу актысы менен таризделет.

Музей буюмдарын Кыргыз Республикасынын чегинде убактылуу сактоого кабыл алуу жана өткөрүп берүү 

8.16. Музей буюмдарын  убактылуу сактоого кабыл алуу, юридикалык же жеке жактар менен түзүлгөн музейдин келишиминин негизинде жүргүзүлөт жана тиешелүү каттоо китебинде катталуучу, убактылуу сактоого берилүүчү музей буюмдарын кабыл алуу – өткөрүп берүү актысы («ВХ актысы»)  таризделет. 

8.17. ВХ актысында аталыштары боюнча биринин аркасынан бири жазылат, алардын каттоо белгилери жана сакталуу абалы толук жазылган кыскача каталогдук маалыматтары көрсөтүлөт.

8.18. ВХ актысына берүүчү жана алуучу тараптардын өкүлдөрү кол коюшат, директор бекитет жана музейдин мөөрү менен бекитилет. 

8.19. ВХ актысын каттагандан кийин, кабыл алынган буюмдар убактылуу фондуга сакталууга келип түшкөндөр китебине киргизилет. 

8.19. Убактылуу  сактоого кабыл алынган музей буюмдарын каттоо, ички нускамага ылайык ишке ашырылат жана китеп боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн. Мындай учурда, ал боюнча кабыл алынган санына ылайык дроб номери менен, ВХ актысынын катардагы номери, убактылуу сактоого кабыл алынган буюмдун бир эле убакта каттоо  номери болуп калган.

8.20. Музейди уюмдаштыруучулар менен макулдашуу менен, Кыргыз Республикасынын чегинде убактылуу сактоого музей буюмдарын берүү жана убактылуу сактоо мөөнөтүн узартуу жүргүзүлөт. 

Музей буюмдарын чет өлкөдө убактылуу сактоого өткөрүп берүү

8.21. Музей буюмдарын чет өлкөдө убактылуу сактоого берүү боюнча уруксат алуу үчүн  музейдин кайрылуусу, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине анын жөнөтүүнүн болжолдуу мөөнөтүнө чейин 30 күндөн кечиктирбестен жөнөтүлөт. 

  Кайрылууга 24.07.2015-жылдагы № 193 “Музейлер жана музей фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 2-бөлүгү жана   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 28-январындагы № 36токтому менен бекитилген “Маданий баалуулук объекттерин Кыргыз Республикасынынаймагына алып келүүнүн жана анын чегинен чыгарыпкетүүнүн тартиби жөнүндө” Жободо каралган документтер, убактылуу сактоого берилген музей буюмдарына  карата камсыздандыруу тобокелдиктерин аныктоо жөнүндө фондулук сатып алуу комиссиясынын жана  алардын сакталышынын абалы, ташуу жана көчмө көргөзмө мүмкүнчүлүгү жөнүндө корутунду менен  Калыбына келтирүү кеңешинин протоколдору; аркы бетине   мөөр менен күбөлөндүрүлгөн, ар бир сүрөттүн аннотация менен, буюмдардын түстүү сүрөттөрдүн комплектиси; камсыздандыруу наркы (ар бир жана жалпы буюмдун), бардык каттоо белгилери, сакталуу абалы толук жазылган кыскача каталогдук маалыматтарды көрсөтүү менен, экспонаттардын өзгөчөлүктөрүнүн тизмеси (үч нускада)тиркелет. Тизмеге музейдин директору жана башка сактоочу кол коёт жана музейдин мөөрү менен бекитилет.

8.22.  Юридикалык же жеке жактардын менчигинде турган, музей буюмдарынын чет өлкөгө убактылуу сактоого берүүдө, келишим, музей буюмдарын берүү жана кабыл алуу актысынын көчүрмөсү, келишим; фондулук сатып алуу комиссиясынынпротоколдорунун көчүрмөсү жана музей буюмдарын берген юридикалык жактын (музейдин) Калыбына келтирүү кеңешинин протоколдорунун көчүрмөлөрү; автордук укукка күчү жайылтыла турган музей буюмдарын убактылуу чыгарып кетүү учурунда, автордун же автордук укуктун ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугу кошумча берилет.

8.23. Чет өлкөгө чыгарылуучу музей буюмдарын, директордун буйругу менен, музей буюмдарын жеткирүүгө жана кайра алып келүүгө жоопкерчилик жүктөлгөн, музей буюмдарын сактоого убактылуу материалдык жактан жооптуу музейдин кызматкерине тизме менен музей буюмдарын өткөрүп берүү  актысы  менен берилет (23; 24; 39-тиркемелер).

 

8.24. Көргөзмө, калыбына келтирүү же изилдөө өтүүчү жерде, музей буюмдарын жеткирүүгө жана кайра алып келүүгө жооптуу адам, аларды кабыл алуучу жакка убактылуу материалдык жактан жооптуу сактоого музей буюмдарын өткөрүп берүү актысы боюнча берет , ал эми убактылуу сактоо мөөнөтү аяктагандан кийин аларды убактылуу материалдык-жооптуу сактоодо турган музей буюмдарын кайра берүү актысы боюнча кабы алат (19-тиркеме). 

         Аталган актылар мамлекеттик же расмий тилде жана чет тилдеринде  (музей буюмдарын  кабыл алган өлкөнүн тилинде же англис тилинде) түзүлөт.

 

8.25. баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган экспонаттарды берүүдө жана кайра алууда, аларды тараза милдеттүү түрдө таразага тартуу керек, бул  тиешелүү акты менен тастыкталат. 

IX.                  ТАҢУУ ЖАНА ТАШУУ УЧУРУНДА МУЗЕЙ БУЮМДАРЫНЫН САКТАЛЫШЫ

Таңуу жана ташуу учурунда музей буюмдарынын сакталышын камсыздоо

9.1. Ташууга тиешелүү музей буюмдару, курамына музейдин жооптуу адамдары (тиешелүү бөлүм башчылары, сактоочулар, реставраторлор) кирген, музейдин директорунун буйругу менен дайындалган атайын комиссия же Калыбына келтирүү кеңеши дыкаттык менен карап чыгат.

9.2. Куралдарды аларга карата ок-дарыларды ташуу, зарыл учурда ички иштер органдарынын уруксаты менен, Кыргыз Республикасынын ИИМнинбуйругу менен бекитилген “Куралдарга ээ болуу, ташуу, сактоо, эсепке алуу жана колдонуу тартиби жөнүндө” нускамада каралган эрежелерди сактоо менен жүргүзүлөт. 

9.3. Калыбына келтирүү кеңеши музей буюмдарын ташуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө жазуу жүзүндө корутунду берет жана аларды таңуу жана ташуу боюнча керектүү сунуштарды берет.  

9.4. Эгерде музей буюмдарын сакталышы кооптонууну туудурса, анда алардын транспортировкаланышына тыюу салынышы же Калыбына келтирүү кеңешинин бардык сунуштарын аткаруу шаты менен уруксат берилиши мүмкүн. 

9.5. Буюмдарды таңуу таңууга жооптуу кызматкердин же музейди сактоочунун жана реставраторлордун байкоосу алдында жүргүзүлөт.

9.6. Ташууга тиешелүү бардык бумдар, белгилүү бир таңууну  талап кылган топторго бөлүнөт. Бул топторго ылайык, таңуучу тара (жашиктер) заказ кылынат. Буюмдарды ташуучу таралар жана таңуучу материал кургак жабык жайда сакталат.

9.7. Таңуу буюмдарды сырткы аба таасирлеринен бөлүүнү жана механикалык бузуулардан коргоону камсыз кылышы керек. Буюм таңуунун ичинен бекем бекитилет.

9.8. Жогорку чеберчиликтеги баалуу жана өзгөчө буюмдар үчүн, ар бир буюмдун өзгөчөлүгүн эске алуу менен, атайын таңуучу тараларды даярдоо каралат.

9.9. Музей буюмдары эки фанерден турган жашикте таңылат, фанерлердин  ортосуна пергамент салынат. 

9.10. Буюмдарды таңууда жашиктин капкагы шайбалууболтто бекитилет (ал үчүн күн мурун тешик жасалат). Капкакты мык менен бекитүү сунуш кылынбайт. 

9.11. Капкактын чекеси микропористүү резина тилкеси менен желимделет. Таңылган жашиктер темир менен жээктелет.

9.12. Жашикке трафарет менен анын номери жана шифри коюлат, ошондой эле керектүү эскертүүчү жазуулар жасалат. Жашиктердин сырты ным өткөрбөгөн сыр менен сырдалат. 

9.13. Сапаттуу таңуу материалы катары микаленттүү кагаз, крафт-картон, гофр-картон, жеңил тешикчелерине аба толтурулган целлофан, таңуучу калың кагаз, фланель, байка колдонулат.

Жашиктрдеги боштуктарды толтуруу үчүн, газеталык, микаленттик кагаздар же  полистирол күкүмдөрү пайдаланылат.

9.14. Төмөндөгүлөргө тыюу салынат:

  • Материалы, ошондой эле салмагы боюнча ар түрдүү буюмдарды бир жашикке таңууга;
  • Буюмдарды жумшак тарага таңууга.   

9.15. Ар бир таңылган жашикке реставратор, таңуучу, буюмдарды таңууга жооптуу музейдин илимий кызматкери же музейди сактоочу тарабынан кол коюлган, ошол жашиктеги буюмдар боюнча таңуу актысынын бир нускасы салынат. 

9.16. Буюмдарды жөнөтүүчү тарап, жүктүн жөнөтүлгөндүгү жана жүктү кабыл алуу боюнча керектүү чараларды көрүү үчүн коштоочу жөнүндө жүктү алуучуларга өз убагында билдириши керек. 

9.17. Музей буюмдарын кабыл алуу, кабыл алуучу тараптын жетекчисинин тапшырмасы боюнча жооптуу адамдардын тобу тарабынан жүргүзүлөт. Кабыл алуу жүктү коштоп келген адамдын катышуусу менен жүргүзүлөт, ал эми ал жок болсо, жүктү жөнөтүүчүгөзарыл учурда өзүнүн өкүлүн командировкага жөнөтүү үчүн, датасы жана кабыл алуу жери билдирилет.

9.18. Жүк ар бир жашик боюнча кабыл алынат.  Жашикте турган буюмдар  кылдаттык менен каралат. Кабыл алуу натыйжасы боюнча акт менен таризделип, ага ар бир жашиктеги келген буюмдардын болгондугу көрсөтүлөт, ар бир буюмдун сакталуу абалы жана алардын бузулуусуна алып келген себептер белгиленет.

9.19. Буюмдардын бузулушунун бардык учурлары, жөнөтүүчү уюмга дароо билдирет

9.20. Автотранспорт менен буюмдарды ташуу, бул максат үчүн жарактуу болгон жабык автофургондордо гана жүргүзүлөт. Жашиктерди жүктөөдө жүрүү боюнча жайгаштырылат жана кыймылдагыс кылып бекитилет.

9.21.Буюмдар  менен жашиктерди убактылуу сактоо үчүн  жүк кампасын азыраак пайдалануу сунушталат. Буюмдар менен жашиктер жабык типтеги жүк кампасында гана сактоого уруксат берилет.

9.22. Жашиктер температура нымдуулук шарттары музей буюмдарын сактоонун  температура нымдуулук режимине жакын  болгон жабык жайда ачылат.

9.23. Кыш мезгилинде, ошондой эле эрте жазда жана кеч күздө (жайдын ички жана тышкы температурасынын ортосунда абдан чоң айырма болгондо) жашиктер ал жайда бир сутка тургандан кийин гана ачылат.

9.24. Жашикте узак убакыт бою таңылып, сакталган буюмдар, алардын сакталуу абалын текшерүү үчүн, мезгил мезгили менен чечилип турат. 

9.25.Станокто жасалган  май боёк живопистик чыгармаларынын жашиктерин контролдук ачууда, алар бир нече сутка бою жарыкта (күндө эмес) кармалып турат да, кайрадан таңылат.

9.26. Кездемелерди жылына үч жолудан кем эмес таңуудан алып, жазында жана күзүндө шамалдатып, таңуучу материалдардын бүктөлгөн жерлерин алмаштырып, андан соң салуу керек.

 

 

Станокто жасалган живопись чыгармаларын таңуу

 

9.27. Станокто жасалган живопись чыгармалары өлчөмү боюнча, ар бир  жашик менен  топтолот, ага ылайык таңуучу тара заказ кылынат.

         Живопись чыгармаларыалкактары менен, ошондой эле алкактарысыз таңылышы мүмкүн.

Жабыштырылып же кесилип жасалган алкактарды бурчтарына поролон же кебез жаздыктар коюлат. Сүрөттүн алдыңкы бети жабыштырылып жасалган алкактын сыныктарынан доо кетпеши үчүн корголушу керек.  

Сүрөттөр менен жашиктин капталдарынын боштуктары поролон, пенопласт же  түрүлгөн гофрирленген кагаз менен толтурулушу керек.

Айнектелген сүрөттөр таңуу алдында айнеги алынат, айнек менен алкактын ортосуна сүрөт менен тең өлчөмдө,оргалиттин же катуу картондун кесиндиси коюлат, андан кийин сүрөт кайрадан айнектелет.

Бардык буюмдар таңуу алдында фланельбайко менен оролот, андан соң таңуучу кагаз менен таңылат. Экспонаттын бузулуусун болтурбоо үчүн, кагаздын четин кнопка менен бастырбаш керек.

Сүрөттөр таңуу алдында суу өтпөгөн кап же конвертке салынат, четтери желимделет.Кап же конвертти даярдоо үчүн, синтетикалык эластикалык материалдар колдонулат. Алкактагы сүрөттөрдү таңуу учурунда, сүрөттөр алкакка коюлганга чейин кап же конвертке салынат. Алыскы аралыкка суу  транспорту менен ташууда (транспортировка), бардык экспонаттар таңуу алдында эки катталган суу өтпөгөн пакеттерге жайгаштырылат.

Сүрөттөр живопистик бети менен бири бирине каратып эки-экиден катары менен тыгыз салынат. Пасталык живопистик сүрөттөр алкагы жок эки-экиден таңылган учурда, бир сүрөттүн бурчу  экинчи сүрөттүн боёк катмарын басып калбагыдай кылып таңылат. Боёк катмарынан алдын ала микалент же папирос кагазы менен корголот, фланельже байко коюлат. Андан соң, эки сүрөт тең кагаз же крафтом менен оролот.

Ар бир жуп же жалгыз сүрөт, рейка же анча чоң эмес жыгачтар менен бекитилет.

Жашиктеги бардык боштуктар бырышкан кагаздар, пенопластын же поролондун кесиктери менен толтурулат (эгерде сүрөттөр алкакта таңылса).

 Таңуунун абдан мыкты системасы болуп, кассетадагы жашикте сүрөттөрдү таңуу эсептелет (тегеренме алкактар менен).

Чоң өлчөмдөгү сүрөттөр (бир тарабын 1 метрден  ашык), эреже катары 5 жашиктен ашык эмес анда таңылат. Сүрөттөр горизонталь абалында боёк беттери менен бири бирине каратып, эки-экиден таңылат. Ар бир жуп сүрөт рейка же анча чоң эмес жыгач менен бекитилет.

Өлчөмү анча чоң эмес сүрөттөр  бирин артынан бири салына турган жыгач алкактар үчүн атайын жасалган жашиктерде таңылат. Таңуучу алкактын ички бети туюк бурчка ээ болушу керек, анткени, сүрөттөр таңуучу алкакка тийбеш үчүн.  

Станокто жасалган май боёк живопись чыгармалары менен жашиктер , тик абалда туруу менен таңылат.

Чоң сүрөттөрдү таякчага ороо, тажрыйбалуу реставратордун болушу менен гана жол  берилет. Мында, сүрөт холст же таңуучу материал салынган таза жерге живопись тартылган бети менен коюлат. Сүрөттүн арткы бети таңуучу материал менен жабылат. Сүрөттүн үстүнөн анын жээги менен катар курчама менен таякча коюлат. Сүрөттүн  жээги таякчага бекем басылат, туш кагаз мыгы менен бекитилет жана микалент төшөлөт. Сүрөттүн болотнайы жарым айланууда таякчага кириши керек.

 Таячага эки же үч адамдын жардамы менен оролот. Таякчага ороодо сүрөттүн болотнайы кыйшайып калбашын кароо керек.

Таякчага алардын өлчөмүнө жараша 10го чейин сүрөт салынышы мүмкүн. Таякчага  сүрөттү ороодо, ар бир кийинки салынган сүрөттүн жээги желими бар тасма же ийне менен тигүү аркылуу  мурунку жээк менен жабыштырат.

Акыркы сүрөттүн жээктеринин бурчтары сызма менен тигилип, сызма таякчанын эки учуна кагылган туш кагаз мыгы менен бекитилет. Мындан кийин, жиптер байлангандан кийин, мыктар түбүнө чейин кагылат.

Таякчага оролгон май боёк менен тартылган сүрөттөрдүн жээктери ар бир тарабынан курчама (кружал) жээгине чейин 5-10 см жетпеши керек. 

 Сүрөттөр оролгон таякча  таңуучу материалдар, андан соң  суу өткөрбөгөн синтетикалык плёнка же клеёнка менен оролот жана жашикке таңылат.

Сүрөттөр оролгон таякча жаткырылган абалда ташылат.

Жыгачта бастырылган живопись чыгармаларын таңуу 

9.28. Жыгачта бастырылган живопись чыгармаларын өлчөмү боюнча, ар бир  жашик менен  топтолот, ага ылайык таңуучу тара заказ кылынат.

         Бардык буюмдар таңуу алдында микалент кагазы, андан кийин ортосуна аба толтурулган плёнка, крафт менен оролот жана жабышкак тасма менен бекитилет. Боёк катмары воск калькасы, папирос жана микалент кагазы  менен жабылат

Анча чоң эмес өлчөмдөгү жыгачта бастырылган живопись чыгармалары, горизонталдык абалда живопистик бети менен бири бирине каратып эки-экиден катары менен жашикке салынат жана бурчтарына жумшак нерселер коюлат.

Жашиктин түбүнө поролон, пенопласт же гофирленген кагаз төшөлөт. Жашиктеги бардык боштуктар бырышкан кагаздар же таңуучу материалдар  менен толтурулат.

Жыгачта бастырылган живопись чыгармалары жашикте 1-2ден көп эмес таңылат.

Жашиктин түбү жана капталдары амортизациялангантөшөлмө менен төшөлөт.

Жыгачта бастырылган живопись чыгармалары биринин үстүнө бири таңылат. Буюмдар Сүрөттөр живопистик бети менен бири бирине каратып салынат. Астына салынган чыгарманын живопистик бетинин үстүңкү жана төмөнкү жээктери боюнча, катуу кагаздан эшилген калыңдыгы 2 см.ден кем эмес жип салынат.

Буюмдар капталынан анча чоң эмес жыгачтар жана үстүнөн рейка менен бекитилет. Бекитилген жерге алардын үстүңкү бети тийген жерге жаздыкчалар коюлат.

Кабырылуучу чыгармалар өзүнчө жашикте таңылат. Алар жашикте жумшак төшөлмөгө  живопистик бети төмөн каратылып, анын анча чоң эмес ийилүү тилкеси  боюнча  бойлой жаткырылып, кагазга оролгон жыгачтарга тыгыз коюлат. Жыгач жашиктин капталына бекитилет. Жашиктин капталдарыжана чекелеринин ортосунагофирленген картондон жасалган амортизациялык төшөлмө, ал эми чоңураак көңдөй болгондо, жашиктин капталына бекитилген  катуу кагазга оролгон жыгач коюлат.

Жыгач коңуздары бир топ зыян келтирген чыгармалар, алардын өлчөмүн\ туура келген өзүнчө жашиктерге таңылат.     Чыгарма менен жашиктин капталдарынын ортосуна гофирленген картондон жасалган амортизациялык төшөлмө же поролон коюлат.

 Мындай буюмдарды ташуу, өзгөчө учурларда гана уруксат берилет, мисалы, аны калыбына келтирүүгө жөнөтүүдө гана. 

Графика чыгармаларын таңуу

 

9.29. Акварелдер, сүрөттөр жана гравюралар музей фондунда алар сакталган папкаларда эле жашикке таңылат.

         Папкалар өлчөмү боюнча топторго бөлүнөт, кагазга оролот, андан соң суу өткөрбөгөн эки кат пакетке салынат, жашикке горизонталь абалында салынат. 

Жашиктин түбүнө пенопаслтантөшөлмө төшөлөт. Жашиктеги боштуктар бырышкан кагаздар, поролон–таңуучу материал менен толтурулат. Жашиктин ичи суу өткөрбөгөн материал менен чапталат.   

Гарфика чыгармалары айнек жана алкак алдында таңылат. Таңуу алдында айнек үчүн  атайын жабышкак тасмасы менен айнек чапталат, анын учтары алкакка чейин 1 см. жетпеши керек.

Мурунку көркөм же автордук монтаждалган графика чыгармалары таңылбайт. Мындай чыгармалар жашикке салаар алдында айнек жак бетипоролон, ал эми капталдарын пенопласт менен төшөлгөн жеке жыгач кассетага жайгаштырылат.

Пастел жана көмүр  менен тартылган сүрөттөрдү ташууга, айнектелген түрдө гана уруксат берилет. Айнек алдын, ала жабышкак тасма менен чапталат. 

Бул чыгармаларды таңууда,  силкилдөөгө жол бербөө керек. Мык менен кагууга тыюу салынат.  Мындай учурда, жашиктерди ташуу тик абалында жүргүзүлөт.

Скульптура чыгармаларын таңуу 

9.30. Таңуу алдында ар бир буюм кагазга оролот, аны жабышкак кагаз менен бекитилет жана ачык жана кирип кетпеген кездемеден тигилген капка салышат. Скульптуранын ажыратылуучу бөлүктөрү өз-өзүнчө таңылат.

         Скульптуранын таңууда мом жана парафин  кагаздарын  колдонууга тыюу салынат. 

Орто жана ири көлөмдөгү скульптура (гипстен сырткары) тактайдан таянычтары  же жумшак төшөлмөлөрү менен жука тактайлуу жашикке бекитилет. Бекитүү чыгармаларды таңууда жана анын кыймылдабашын жана   тез сынмабөлүктөрүнө азыраак күч келүүсүн  камсыз кылуу керек. Жашиктеги бардык боштуктар таңуучу материалдар менен толтурулат.

Ным тартып алуучу материалдардан (гипс, жыгач, мрамор, акиташ) жасалган скульптураларды таңууда, алар суу өткөрбөгөн капка жайгаштырылат.  Жашиктеги бардык боштуктар таңуучу материалдар менен толтурулат.

Мрамор скульптуралары бир жашикке таңылат. Жашикте эки чыгарма таңылган  учурда, алардын ар биринин ортосу фанера менен тосулат.Майда скульптуралар “Декоративдик-колдонмо чеберчилиги менен жасалган буюмдарын таңуу” бөлүмүнө ылайык таңылат. 

Декоративдик-колдонмо чеберчилиги менен жасалган буюмдарды таңуу 

9.31. Керамика, айнек, фарфор жана башка морт нерселерден жасалган буюмдарды таңууда, алардын ар бири микалентик кагаз менен оролот, андан соң поролон же жана башка жумшак материал жана кагаз менен оролуп, жабышкак кагаз менен бекитилет. Алынуучу ар бир деталь өз-өзүнчө оролот.

         Өзгөчө морт буюмдарды ороодо, жумшак орогучтан сырткары,  аларды анча чоң эмес жеңил фанер жашиктерге жана кагаз картондорго жайгаштыруу керек, алар өз кезегинде жалпы жашикке таңылат.

Айрым учурларда мындай буюмдар түздөн түз фанер коробкасына таңылат жана ага буюм формасын кайталаган атайын кошумча барак бекитилет.

 Таңылган буюмдарга кошумча таңуучу материалдар салынат, алар менен жашиктеги боштуктар толтурулат. 

Таңуу процессинде алынган тегерек формадагы буюмдар, алдын ала жумшак таңуучу материалдан жасалган амортизациялык жаздыкчалар коюлган жашикке салынат. Астына оор буюмдар, үстүнө жеңил жана морт буюмдар салынат.

Фарфор жана фаянс идиштери жана табактары, 2 кабаттан ашырылбастан,  бирдей формасына жана өлчөмүнө жараша таңылат.  Ар бир буюм жумшак ортосуна аба толтурулган плёнка менен таңылат жана бири бирине тыгыз коюлат.

Формалары жана өлчөмү боюнча ар кандай тарелкалар жана идиштер, ушуга окшош эле таңылат. 

Кездемелерди таңуу үчүн жашиктер, ички  алдын ала сактай турга капкактар жана алынуучу текчелер менен жабдылат, текчелерге кездемелер коюлат. Кездемелерди ашыкча бүктөлүп калбашына көз салуу менен, таза кагаздарды коюп, жашикке таңышат. Кездемелерди алдын ала суу өткөрбөгөн пакетке салышат.

Килемдер жана дубалга жабыштырылуучу кагаздар ташуу алдында, эки катар кагазды салышат жана түгүн ичине каратып таякчага оролот. Кагаздын үстүңкү каты скипидар же адис сунуш кылган каражат менен сүйкөлөт. Салып жатканда килемдер менен дубалга жабыштырылуучу кагаздар бырышып калбашына көз салуу керек.   

 Таякчанын узундугу ага салынган килемдер менен сүрөт тартылган кагаздардын туурасынын ар бир тарабынан 10 см көп болбошу керек.

Килемдер оролгон таякчаларды жашикке салуунун алдында, аны суу өткөрбөгөн материалдар менен ороо жана алар жашиктин капталына тийбегидей кылып бекитүү керек.

Анча чоң эмес өлчөмдөгү килемдер менен дубалга жабыштырылуучу кагаздаркездемелер сыяктуу эле таңылат.

Эрмектерди таңуу үчүн жашиктер анын формасына жана көлөмүнө жараша жасалат. Мебелди таңуудан мурун, ал кагаз жана жумшак таңуучу материал менен оролот. Эмерек жашикте жука тактай менен бекитилет. Тийишкен жерлерге амортизацяланган материалдан жасалган жаздык менен бекитилет.

Эмеректин алынуучу жана начар бекитилген деталдары, таңуу алдында алынат жана анын деталдары болуп эсептелген буюмдар жашигине салынат.

Жазылган конверттерде сакталган монеталар жана медалдар, анча чоң эмес кутуча же үкөкчөдө таңылат.

Кутучалардагы  лотоктордо (планшеттерде) же ярлыкменен уяча-лотоктордо сакталган монеталар жана медалдарды таңууда, алар ярлык жана кутучалары менен ордунан алынат жана номерленген кагаз конвертке салынат жана анча чоң эмес кутуча же үкөкчөдө таңылат (тыгыз эмес).

Өзгөчө морт монеталармикаленттик кагазга жана жумшак ороочу материалга оролот.

Кенч толугу менен таңылат, башка монеталардан өзүнчө.

Металл буюмдары керамика жана айнек буюмдары сыяктуу эле таңыла. Алар адегенде микаленттик кагазга, андан соң поролон же жумшак ороочу материалга оролот. 

Таштар эмаль, дробинца жана башка салынган кооздук буюмдарын таңууда өзгөчө көңүл буруу керек.

Көркөм лактардан жасалган буюмдар адегенде микаленттик кагазга оролот,  андан соң жумшак ороочу материалдан  тыгыз жасалган картон кутучага салынат.

Х. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МУЗЕЙЛЕР ФОНДУСУНАН БУЮМДАРДЫ ЭСЕПТЕН АЛЫП САЛУУ 

10.1. Музей буюмдары эсептен чыгаруу жөнүндө маселе музейдин фондулук сатып алуу комиссиясында каралат. Фондулук сатып алуу комиссиясынын чечими тиешелүү протокол менен таризделет, анда буюмдарды эсептен чыгаруу (берүү) себептерин аргументтелген негиздөө, каттоо белгилерин жана  керектүү каталогдук маалыматтарды көрсөтүү менен, эсептен чыгарылган буюмдардын аталышы камтылат.  

         Көп сандагы буюмдарды эсептен чыгарганда, протоколго үч нускадагы тизмелер тиркелет. Тизмелер эсептен чыгаруу себептери  боюнча түзүлөт, аралык номерлөөгө ээ (катар номердин саны эсептен чыгарылган буюмдардын санына туура келиши керек), каталогдук маалыматтар, каттоо белгилери, корутунду жазуусу, башкы сактоочу тарабынан бекитилет жана музейдин мөөрү менен бекитилет.

         Фондулук сатып алуу комиссиясынын  протоколунан  (же протоколдун көчүрмөсү)  жана музейдин буюмдарынын тизмелериненсырткары, эсептен чыгаруу себептерине жараша бардык керектүү документтер  таризделет:

  • белгилүү болгон учурда түзүлгөн  жана жагдайларды же жоголгон буюмдарды белгилеген окуянын актысы (уурдоо, авария, өрт ж.б.у.с.);
  • окуя болгон факты боюнча музейдин дирекциясы кабыл алган чаралар жөнүндө документтер (музей боюнча буйрук, түшүндүрмө кат);
  •  буюмдардын баалуулугу жөнүндө адистердин корутундусу;
  • тиешелүү кызматтардын актылары (өрткө каршы инспекциянын, техникалык кызматтардын ж.б.у.с.);
  • жазык ишин козгоодон баш тартуу же уурдоо жөнүндө иш боюнча тергөөнү токтотуу жөнүндө ИИМ органдарынан маалымкаттар.

Музей буюмдарын эсептен чыгаруу боюнча документтер Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине бери- лет.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буюмдарды эсептен чыгаруу жөнүндө буйругун музей алгандан кийин, музейдин каттоо документтеринен эсептен чыгарылган буюмдарды алуу жүргүзүлөт.

Регионалдык музейлер үчүн,негизги жана көмөкчү фонд катары буюмдарды эсептен чыгаруу, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин уруксаты менен гана жүргүзүлөт. 

 

I.                  ТАҢУУ ЖАНА ТАШУУ УЧУРУНДА МУЗЕЙ БУЮМДАРЫНЫН САКТАЛЫШЫ

 

Таңуу жана ташуу учурунда музей буюмдарынын сакталышын камсыздоо

 

9.1. Ташууга тиешелүү музей буюмдару, курамына музейдин жооптуу адамдары (тиешелүү бөлүм башчылары, сактоочулар, реставраторлор) кирген, музейдин директорунун буйругу менен дайындалган атайын комиссия же Калыбына келтирүү кеңеши дыкаттык менен карап чыгат.

9.2. Куралдарды аларга карата ок-дарыларды ташуу, зарыл учурда ички иштер органдарынын уруксаты менен, Кыргыз Республикасынын ИИМнинбуйругу менен бекитилген “Куралдарга ээ болуу, ташуу, сактоо, эсепке алуу жана колдонуу тартиби жөнүндө” нускамада каралган эрежелерди сактоо менен жүргүзүлөт. 

9.3. Калыбына келтирүү кеңеши музей буюмдарын ташуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө жазуу жүзүндө корутунду берет жана аларды таңуу жана ташуу боюнча керектүү сунуштарды берет.  

9.4. Эгерде музей буюмдарын сакталышы кооптонууну туудурса, анда алардын транспортировкаланышына тыюу салынышы же Калыбына келтирүү кеңешинин бардык сунуштарын аткаруу шаты менен уруксат берилиши мүмкүн. 

9.5. Буюмдарды таңуу таңууга жооптуу кызматкердин же музейди сактоочунун жана реставраторлордун байкоосу алдында жүргүзүлөт.

9.6. Ташууга тиешелүү бардык бумдар, белгилүү бир таңууну  талап кылган топторго бөлүнөт. Бул топторго ылайык, таңуучу тара (жашиктер) заказ кылынат. Буюмдарды ташуучу таралар жана таңуучу материал кургак жабык жайда сакталат.

9.7. Таңуу буюмдарды сырткы аба таасирлеринен бөлүүнү жана механикалык бузуулардан коргоону камсыз кылышы керек. Буюм таңуунун ичинен бекем бекитилет.

9.8. Жогорку чеберчиликтеги баалуу жана өзгөчө буюмдар үчүн, ар бир буюмдун өзгөчөлүгүн эске алуу менен, атайын таңуучу тараларды даярдоо каралат.

9.9. Музей буюмдары эки фанерден турган жашикте таңылат, фанерлердин  ортосуна пергамент салынат. 

9.10. Буюмдарды таңууда жашиктин капкагы шайбалууболтто бекитилет (ал үчүн күн мурун тешик жасалат). Капкакты мык менен бекитүү сунуш кылынбайт. 

9.11. Капкактын чекеси микропористүү резина тилкеси менен желимделет. Таңылган жашиктер темир менен жээктелет.

9.12. Жашикке трафарет менен анын номери жана шифри коюлат, ошондой эле керектүү эскертүүчү жазуулар жасалат. Жашиктердин сырты ным өткөрбөгөн сыр менен сырдалат. 

9.13. Сапаттуу таңуу материалы катары микаленттүү кагаз, крафт-картон, гофр-картон, жеңил тешикчелерине аба толтурулган целлофан, таңуучу калың кагаз, фланель, байка колдонулат.

Жашиктрдеги боштуктарды толтуруу үчүн, газеталык, микаленттик кагаздар же  полистирол күкүмдөрү пайдаланылат.

9.14. Төмөндөгүлөргө тыюу салынат:

·        Материалы, ошондой эле салмагы боюнча ар түрдүү буюмдарды бир жашикке таңууга;

·             Буюмдарды жумшак тарага таңууга.   

9.15. Ар бир таңылган жашикке реставратор, таңуучу, буюмдарды таңууга жооптуу музейдин илимий кызматкери же музейди сактоочу тарабынан кол коюлган, ошол жашиктеги буюмдар боюнча таңуу актысынын бир нускасы салынат. 

9.16. Буюмдарды жөнөтүүчү тарап, жүктүн жөнөтүлгөндүгү жана жүктү кабыл алуу боюнча керектүү чараларды көрүү үчүн коштоочу жөнүндө жүктү алуучуларга өз убагында билдириши керек. 

9.17. Музей буюмдарын кабыл алуу, кабыл алуучу тараптын жетекчисинин тапшырмасы боюнча жооптуу адамдардын тобу тарабынан жүргүзүлөт. Кабыл алуу жүктү коштоп келген адамдын катышуусу менен жүргүзүлөт, ал эми ал жок болсо, жүктү жөнөтүүчүгөзарыл учурда өзүнүн өкүлүн командировкага жөнөтүү үчүн, датасы жана кабыл алуу жери билдирилет.

9.18. Жүк ар бир жашик боюнча кабыл алынат.  Жашикте турган буюмдар  кылдаттык менен каралат. Кабыл алуу натыйжасы боюнча акт менен таризделип, ага ар бир жашиктеги келген буюмдардын болгондугу көрсөтүлөт, ар бир буюмдун сакталуу абалы жана алардын бузулуусуна алып келген себептер белгиленет.

9.19. Буюмдардын бузулушунун бардык учурлары, жөнөтүүчү уюмга дароо билдирет

9.20. Автотранспорт менен буюмдарды ташуу, бул максат үчүн жарактуу болгон жабык автофургондордо гана жүргүзүлөт. Жашиктерди жүктөөдө жүрүү боюнча жайгаштырылат жана кыймылдагыс кылып бекитилет.

9.21.Буюмдар  менен жашиктерди убактылуу сактоо үчүн  жүк кампасын азыраак пайдалануу сунушталат. Буюмдар менен жашиктер жабык типтеги жүк кампасында гана сактоого уруксат берилет.

9.22. Жашиктер температура нымдуулук шарттары музей буюмдарын сактоонун  температура нымдуулук режимине жакын  болгон жабык жайда ачылат.

9.23. Кыш мезгилинде, ошондой эле эрте жазда жана кеч күздө (жайдын ички жана тышкы температурасынын ортосунда абдан чоң айырма болгондо) жашиктер ал жайда бир сутка тургандан кийин гана ачылат.

9.24. Жашикте узак убакыт бою таңылып, сакталган буюмдар, алардын сакталуу абалын текшерүү үчүн, мезгил мезгили менен чечилип турат. 

9.25.Станокто жасалган  май боёк живопистик чыгармаларынын жашиктерин контролдук ачууда, алар бир нече сутка бою жарыкта (күндө эмес) кармалып турат да, кайрадан таңылат.

9.26. Кездемелерди жылына үч жолудан кем эмес таңуудан алып, жазында жана күзүндө шамалдатып, таңуучу материалдардын бүктөлгөн жерлерин алмаштырып, андан соң салуу керек.

 

 

Станокто жасалган живопись чыгармаларын таңуу

 

9.27. Станокто жасалган живопись чыгармалары өлчөмү боюнча, ар бир  жашик менен  топтолот, ага ылайык таңуучу тара заказ кылынат.

         Живопись чыгармаларыалкактары менен, ошондой эле алкактарысыз таңылышы мүмкүн.

Жабыштырылып же кесилип жасалган алкактарды бурчтарына поролон же кебез жаздыктар коюлат. Сүрөттүн алдыңкы бети жабыштырылып жасалган алкактын сыныктарынан доо кетпеши үчүн корголушу керек.  

Сүрөттөр менен жашиктин капталдарынын боштуктары поролон, пенопласт же  түрүлгөн гофрирленген кагаз менен толтурулушу керек.

Айнектелген сүрөттөр таңуу алдында айнеги алынат, айнек менен алкактын ортосуна сүрөт менен тең өлчөмдө,оргалиттин же катуу картондун кесиндиси коюлат, андан кийин сүрөт кайрадан айнектелет.

Бардык буюмдар таңуу алдында фланельбайко менен оролот, андан соң таңуучу кагаз менен таңылат. Экспонаттын бузулуусун болтурбоо үчүн, кагаздын четин кнопка менен бастырбаш керек.

Сүрөттөр таңуу алдында суу өтпөгөн кап же конвертке салынат, четтери желимделет.Кап же конвертти даярдоо үчүн, синтетикалык эластикалык материалдар колдонулат. Алкактагы сүрөттөрдү таңуу учурунда, сүрөттөр алкакка коюлганга чейин кап же конвертке салынат. Алыскы аралыкка суу  транспорту менен ташууда (транспортировка), бардык экспонаттар таңуу алдында эки катталган суу өтпөгөн пакеттерге жайгаштырылат.

Сүрөттөр живопистик бети менен бири бирине каратып эки-экиден катары менен тыгыз салынат. Пасталык живопистик сүрөттөр алкагы жок эки-экиден таңылган учурда, бир сүрөттүн бурчу  экинчи сүрөттүн боёк катмарын басып калбагыдай кылып таңылат. Боёк катмарынан алдын ала микалент же папирос кагазы менен корголот, фланельже байко коюлат. Андан соң, эки сүрөт тең кагаз же крафтом менен оролот.

Ар бир жуп же жалгыз сүрөт, рейка же анча чоң эмес жыгачтар менен бекитилет.

Жашиктеги бардык боштуктар бырышкан кагаздар, пенопластын же поролондун кесиктери менен толтурулат (эгерде сүрөттөр алкакта таңылса).

 Таңуунун абдан мыкты системасы болуп, кассетадагы жашикте сүрөттөрдү таңуу эсептелет (тегеренме алкактар менен).

Чоң өлчөмдөгү сүрөттөр (бир тарабын 1 метрден  ашык), эреже катары 5 жашиктен ашык эмес анда таңылат. Сүрөттөр горизонталь абалында боёк беттери менен бири бирине каратып, эки-экиден таңылат. Ар бир жуп сүрөт рейка же анча чоң эмес жыгач менен бекитилет.

Өлчөмү анча чоң эмес сүрөттөр  бирин артынан бири салына турган жыгач алкактар үчүн атайын жасалган жашиктерде таңылат. Таңуучу алкактын ички бети туюк бурчка ээ болушу керек, анткени, сүрөттөр таңуучу алкакка тийбеш үчүн.  

Станокто жасалган май боёк живопись чыгармалары менен жашиктер , тик абалда туруу менен таңылат.

Чоң сүрөттөрдү таякчага ороо, тажрыйбалуу реставратордун болушу менен гана жол  берилет. Мында, сүрөт холст же таңуучу материал салынган таза жерге живопись тартылган бети менен коюлат. Сүрөттүн арткы бети таңуучу материал менен жабылат. Сүрөттүн үстүнөн анын жээги менен катар курчама менен таякча коюлат. Сүрөттүн  жээги таякчага бекем басылат, туш кагаз мыгы менен бекитилет жана микалент төшөлөт. Сүрөттүн болотнайы жарым айланууда таякчага кириши керек.

 Таячага эки же үч адамдын жардамы менен оролот. Таякчага ороодо сүрөттүн болотнайы кыйшайып калбашын кароо керек.

Таякчага алардын өлчөмүнө жараша 10го чейин сүрөт салынышы мүмкүн. Таякчага  сүрөттү ороодо, ар бир кийинки салынган сүрөттүн жээги желими бар тасма же ийне менен тигүү аркылуу  мурунку жээк менен жабыштырат.

Акыркы сүрөттүн жээктеринин бурчтары сызма менен тигилип, сызма таякчанын эки учуна кагылган туш кагаз мыгы менен бекитилет. Мындан кийин, жиптер байлангандан кийин, мыктар түбүнө чейин кагылат.

Таякчага оролгон май боёк менен тартылган сүрөттөрдүн жээктери ар бир тарабынан курчама (кружал) жээгине чейин 5-10 см жетпеши керек. 

 Сүрөттөр оролгон таякча  таңуучу материалдар, андан соң  суу өткөрбөгөн синтетикалык плёнка же клеёнка менен оролот жана жашикке таңылат.

Сүрөттөр оролгон таякча жаткырылган абалда ташылат.

 

 

Жыгачта бастырылган живопись чыгармаларын таңуу

 

9.28. Жыгачта бастырылган живопись чыгармаларын өлчөмү боюнча, ар бир  жашик менен  топтолот, ага ылайык таңуучу тара заказ кылынат.

         Бардык буюмдар таңуу алдында микалент кагазы, андан кийин ортосуна аба толтурулган плёнка, крафт менен оролот жана жабышкак тасма менен бекитилет. Боёк катмары воск калькасы, папирос жана микалент кагазы  менен жабылат

Анча чоң эмес өлчөмдөгү жыгачта бастырылган живопись чыгармалары, горизонталдык абалда живопистик бети менен бири бирине каратып эки-экиден катары менен жашикке салынат жана бурчтарына жумшак нерселер коюлат.

Жашиктин түбүнө поролон, пенопласт же гофирленген кагаз төшөлөт. Жашиктеги бардык боштуктар бырышкан кагаздар же таңуучу материалдар  менен толтурулат.

Жыгачта бастырылган живопись чыгармалары жашикте 1-2ден көп эмес таңылат.

Жашиктин түбү жана капталдары амортизациялангантөшөлмө менен төшөлөт.

Жыгачта бастырылган живопись чыгармалары биринин үстүнө бири таңылат. Буюмдар Сүрөттөр живопистик бети менен бири бирине каратып салынат. Астына салынган чыгарманын живопистик бетинин үстүңкү жана төмөнкү жээктери боюнча, катуу кагаздан эшилген калыңдыгы 2 см.ден кем эмес жип салынат.

Буюмдар капталынан анча чоң эмес жыгачтар жана үстүнөн рейка менен бекитилет. Бекитилген жерге алардын үстүңкү бети тийген жерге жаздыкчалар коюлат.

Кабырылуучу чыгармалар өзүнчө жашикте таңылат. Алар жашикте жумшак төшөлмөгө  живопистик бети төмөн каратылып, анын анча чоң эмес ийилүү тилкеси  боюнча  бойлой жаткырылып, кагазга оролгон жыгачтарга тыгыз коюлат. Жыгач жашиктин капталына бекитилет. Жашиктин капталдарыжана чекелеринин ортосунагофирленген картондон жасалган амортизациялык төшөлмө, ал эми чоңураак көңдөй болгондо, жашиктин капталына бекитилген  катуу кагазга оролгон жыгач коюлат.

Жыгач коңуздары бир топ зыян келтирген чыгармалар, алардын өлчөмүн\ туура келген өзүнчө жашиктерге таңылат.     Чыгарма менен жашиктин капталдарынын ортосуна гофирленген картондон жасалган амортизациялык төшөлмө же поролон коюлат.

 Мындай буюмдарды ташуу, өзгөчө учурларда гана уруксат берилет, мисалы, аны калыбына келтирүүгө жөнөтүүдө гана.

 

 

Графика чыгармаларын таңуу

 

9.29. Акварелдер, сүрөттөр жана гравюралар музей фондунда алар сакталган папкаларда эле жашикке таңылат.

         Папкалар өлчөмү боюнча топторго бөлүнөт, кагазга оролот, андан соң суу өткөрбөгөн эки кат пакетке салынат, жашикке горизонталь абалында салынат. 

Жашиктин түбүнө пенопаслтантөшөлмө төшөлөт. Жашиктеги боштуктар бырышкан кагаздар, поролон–таңуучу материал менен толтурулат. Жашиктин ичи суу өткөрбөгөн материал менен чапталат.   

Гарфика чыгармалары айнек жана алкак алдында таңылат. Таңуу алдында айнек үчүн  атайын жабышкак тасмасы менен айнек чапталат, анын учтары алкакка чейин 1 см. жетпеши керек.

Мурунку көркөм же автордук монтаждалган графика чыгармалары таңылбайт. Мындай чыгармалар жашикке салаар алдында айнек жак бетипоролон, ал эми капталдарын пенопласт менен төшөлгөн жеке жыгач кассетага жайгаштырылат.

Пастел жана көмүр  менен тартылган сүрөттөрдү ташууга, айнектелген түрдө гана уруксат берилет. Айнек алдын, ала жабышкак тасма менен чапталат. 

Бул чыгармаларды таңууда,  силкилдөөгө жол бербөө керек. Мык менен кагууга тыюу салынат.  Мындай учурда, жашиктерди ташуу тик абалында жүргүзүлөт.

 

 

 

Скульптура чыгармаларын таңуу

 

9.30. Таңуу алдында ар бир буюм кагазга оролот, аны жабышкак кагаз менен бекитилет жана ачык жана кирип кетпеген кездемеден тигилген капка салышат. Скульптуранын ажыратылуучу бөлүктөрү өз-өзүнчө таңылат.

         Скульптуранын таңууда мом жана парафин  кагаздарын  колдонууга тыюу салынат. 

Орто жана ири көлөмдөгү скульптура (гипстен сырткары) тактайдан таянычтары  же жумшак төшөлмөлөрү менен жука тактайлуу жашикке бекитилет. Бекитүү чыгармаларды таңууда жана анын кыймылдабашын жана   тез сынмабөлүктөрүнө азыраак күч келүүсүн  камсыз кылуу керек. Жашиктеги бардык боштуктар таңуучу материалдар менен толтурулат.

Ным тартып алуучу материалдардан (гипс, жыгач, мрамор, акиташ) жасалган скульптураларды таңууда, алар суу өткөрбөгөн капка жайгаштырылат.  Жашиктеги бардык боштуктар таңуучу материалдар менен толтурулат.

Мрамор скульптуралары бир жашикке таңылат. Жашикте эки чыгарма таңылган  учурда, алардын ар биринин ортосу фанера менен тосулат.Майда скульптуралар “Декоративдик-колдонмо чеберчилиги менен жасалган буюмдарын таңуу” бөлүмүнө ылайык таңылат.

 

Декоративдик-колдонмо чеберчилиги менен жасалган буюмдарды таңуу

 

9.31. Керамика, айнек, фарфор жана башка морт нерселерден жасалган буюмдарды таңууда, алардын ар бири микалентик кагаз менен оролот, андан соң поролон же жана башка жумшак материал жана кагаз менен оролуп, жабышкак кагаз менен бекитилет. Алынуучу ар бир деталь өз-өзүнчө оролот.

         Өзгөчө морт буюмдарды ороодо, жумшак орогучтан сырткары,  аларды анча чоң эмес жеңил фанер жашиктерге жана кагаз картондорго жайгаштыруу керек, алар өз кезегинде жалпы жашикке таңылат.

Айрым учурларда мындай буюмдар түздөн түз фанер коробкасына таңылат жана ага буюм формасын кайталаган атайын кошумча барак бекитилет.

 Таңылган буюмдарга кошумча таңуучу материалдар салынат, алар менен жашиктеги боштуктар толтурулат. 

Таңуу процессинде алынган тегерек формадагы буюмдар, алдын ала жумшак таңуучу материалдан жасалган амортизациялык жаздыкчалар коюлган жашикке салынат. Астына оор буюмдар, үстүнө жеңил жана морт буюмдар салынат.

Фарфор жана фаянс идиштери жана табактары, 2 кабаттан ашырылбастан,  бирдей формасына жана өлчөмүнө жараша таңылат.  Ар бир буюм жумшак ортосуна аба толтурулган плёнка менен таңылат жана бири бирине тыгыз коюлат.

Формалары жана өлчөмү боюнча ар кандай тарелкалар жана идиштер, ушуга окшош эле таңылат. 

Кездемелерди таңуу үчүн жашиктер, ички  алдын ала сактай турга капкактар жана алынуучу текчелер менен жабдылат, текчелерге кездемелер коюлат. Кездемелерди ашыкча бүктөлүп калбашына көз салуу менен, таза кагаздарды коюп, жашикке таңышат. Кездемелерди алдын ала суу өткөрбөгөн пакетке салышат.

Килемдер жана дубалга жабыштырылуучу кагаздар ташуу алдында, эки катар кагазды салышат жана түгүн ичине каратып таякчага оролот. Кагаздын үстүңкү каты скипидар же адис сунуш кылган каражат менен сүйкөлөт. Салып жатканда килемдер менен дубалга жабыштырылуучу кагаздар бырышып калбашына көз салуу керек.   

 Таякчанын узундугу ага салынган килемдер менен сүрөт тартылган кагаздардын туурасынын ар бир тарабынан 10 см көп болбошу керек.

Килемдер оролгон таякчаларды жашикке салуунун алдында, аны суу өткөрбөгөн материалдар менен ороо жана алар жашиктин капталына тийбегидей кылып бекитүү керек.

Анча чоң эмес өлчөмдөгү килемдер менен дубалга жабыштырылуучу кагаздаркездемелер сыяктуу эле таңылат.

 

 

Эрмектерди таңуу үчүн жашиктер анын формасына жана көлөмүнө жараша жасалат. Мебелди таңуудан мурун, ал кагаз жана жумшак таңуучу материал менен оролот. Эмерек жашикте жука тактай менен бекитилет. Тийишкен жерлерге амортизацяланган материалдан жасалган жаздык менен бекитилет.

Эмеректин алынуучу жана начар бекитилген деталдары, таңуу алдында алынат жана анын деталдары болуп эсептелген буюмдар жашигине салынат.

Жазылган конверттерде сакталган монеталар жана медалдар, анча чоң эмес кутуча же үкөкчөдө таңылат.

Кутучалардагы  лотоктордо (планшеттерде) же ярлыкменен уяча-лотоктордо сакталган монеталар жана медалдарды таңууда, алар ярлык жана кутучалары менен ордунан алынат жана номерленген кагаз конвертке салынат жана анча чоң эмес кутуча же үкөкчөдө таңылат (тыгыз эмес).

Өзгөчө морт монеталармикаленттик кагазга жана жумшак ороочу материалга оролот.

Кенч толугу менен таңылат, башка монеталардан өзүнчө.

Металл буюмдары керамика жана айнек буюмдары сыяктуу эле таңыла. Алар адегенде микаленттик кагазга, андан соң поролон же жумшак ороочу материалга оролот. 

Таштар эмаль, дробинца жана башка салынган кооздук буюмдарын таңууда өзгөчө көңүл буруу керек.

Көркөм лактардан жасалган буюмдар адегенде микаленттик кагазга оролот,  андан соң жумшак ороочу материалдан  тыгыз жасалган картон кутучага салынат.

 

Х. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МУЗЕЙЛЕР ФОНДУСУНАН БУЮМДАРДЫ ЭСЕПТЕН АЛЫП САЛУУ

 

10.1. Музей буюмдары эсептен чыгаруу жөнүндө маселе музейдин фондулук сатып алуу комиссиясында каралат. Фондулук сатып алуу комиссиясынын чечими тиешелүү протокол менен таризделет, анда буюмдарды эсептен чыгаруу (берүү) себептерин аргументтелген негиздөө, каттоо белгилерин жана  керектүү каталогдук маалыматтарды көрсөтүү менен, эсептен чыгарылган буюмдардын аталышы камтылат.  

         Көп сандагы буюмдарды эсептен чыгарганда, протоколго үч нускадагы тизмелер тиркелет. Тизмелер эсептен чыгаруу себептери  боюнча түзүлөт, аралык номерлөөгө ээ (катар номердин саны эсептен чыгарылган буюмдардын санына туура келиши керек), каталогдук маалыматтар, каттоо белгилери, корутунду жазуусу, башкы сактоочу тарабынан бекитилет жана музейдин мөөрү менен бекитилет.

         Фондулук сатып алуу комиссиясынын протоколунан  (же протоколдун көчүрмөсү)  жана музейдин буюмдарынын тизмелериненсырткары, эсептен чыгаруу себептерине жараша бардык керектүү документтер  таризделет:

 

·        белгилүү болгон учурда түзүлгөн  жана жагдайларды же жоголгон буюмдарды белгилеген окуянын актысы (уурдоо, авария, өрт ж.б.у.с.);

·        окуя болгон факты боюнча музейдин дирекциясы кабыл алган чаралар жөнүндө документтер (музей боюнча буйрук, түшүндүрмө кат);

·         буюмдардын баалуулугу жөнүндө адистердин корутундусу;

·        тиешелүү кызматтардын актылары (өрткө каршы инспекциянын, техникалык кызматтардын ж.б.у.с.);

·        жазык ишин козгоодон баш тартуу же уурдоо жөнүндө иш боюнча тергөөнү токтотуу жөнүндө ИИМ органдарынан маалымкаттар.

Музейбуюмдарын эсептен чыгаруу боюнча документтер Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине бери- лет.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буюмдарды эсептен чыгаруу жөнүндө буйругун музей алгандан кийин, музейдин каттоо документтеринен эсептен чыгарылган буюмдарды алуу жүргүзүлөт.

Регионалдык музейлер үчүн,негизги жана көмөкчү фонд катары буюмдарды эсептен чыгаруу, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин уруксаты менен гана жүргүзүлөт. 

Комментарии (0) Комент

оставить комментарий

Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтери

Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин УЛУТТУК ТИЗМЕГИ
КЕНЕНИРЭЭК
№29 "Көк бөрү" же "улак тартыш"
КЕНЕНИРЭЭК
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
КЕНЕНИРЭЭК
Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин классификациясы жөнүндө ЖОБО
КЕНЕНИРЭЭК

Конкурстар

Байланыш

Үчтүн айынын 2018
ПнВтСрЧтПтСбВс
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
    

Соц сети