Logo Logo
  • Өлкөдө алгачкы жолу аймактык басылмалар үчүн маалыматтык сайт иштелип чыкты
Өлкөдө алгачкы жолу аймактык басылмалар үчүн маалыматтык сайт иштелип чыкты

 25/01/2017    0 Comments

Маданият, маалымат жана туризм министирлигинин жыйындар залында мамлекеттик жана жеке менчик медиа рыноктун катышуучулары менен Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин aimakpress.kg  маалымат сайтынын  расмий бет ачаары болду.  Аталган маалымат сайттын  эң негизги максаты өлкөдөгү, аймактардагы жана алыскы тоолуу, чек ара аймактарында жайгашкан калктын көйгөйлүү маселелерин, социалдык- экономикалык жетишкендиктерин ошондой өлкө алдында турган приоритеттүү кадамдарды күн сайын интернет желесине орун берип мамлекеттик басма сөз каражаттарынын иш алып баруусунун аудиториясын кеңейтүү болуп саналат.   Бул маалыматтык сайтта жалпысынан 46 мамлекеттик аймактык басма сөз каражаттары негизги орунду ээлеп, мамлекеттик, расмий жана өзбек тилдеринде чыгарылат.

Артыкчылыгы  

Мындан сырткары, буга чейин облустук мамлекеттик телерадиокомпаниялардын эфирдик жумалык программасы аймактык гезит беттерине берилип келген болсо, бул сайт аркылуу бардык телеканалдардын программасына орун берилип, жарандарга толук жеткиликтүү болот.

Ошондой эле бул  мамлекеттик сайт аркылуу Кыргыз Республикасынын медиа чөйрөсүнө тиешелүү бардык ченемдик укуктук актылар, өлкөдөгү маалымат саясаты жүргүзүлүп жаткан темаларга арналган социалдык видео роликтер, пресс- анонстор, маалымат саясатынын алга жылдырууга көмөк көргөзүүчү эл аралык кызматташ мекемелер жана фото репортаждар жайгашып,  аймактар арасындагы маалымат алмашуу күчөтүлүп, бүтүндөй республикадагы маалымат чөйрөсүндө иш алып барып жаткан журналистер үчүн да колдонмо катары да пайдалуу. Учурда сайттын компьютердик, уюлдук жана планшет форматы жалпы окурмандарга жеткиликтүү.

Маалымат катары билдире кетсек, бул сайттын иштеп чыгышы боюнча Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти 2016-жылга карата Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министринин Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри алдына өзүнүн иш-планы катары киргизип, аны толук түрдө аткарды.

Комментарии (0) Комент

оставить комментарий

Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтери

Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин УЛУТТУК ТИЗМЕГИ
КЕНЕНИРЭЭК
№29 "Көк бөрү" же "улак тартыш"
КЕНЕНИРЭЭК
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
КЕНЕНИРЭЭК
Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин классификациясы жөнүндө ЖОБО
КЕНЕНИРЭЭК

Конкурстар

Байланыш

Соц сети