Logo Logo
  • Токтогул районунда санариптик телеберүүгө өтүү боюнча маалыматтык түшүндүрүү иштери башталды
Токтогул районунда санариптик телеберүүгө өтүү боюнча маалыматтык түшүндүрүү иштери башталды

 15/03/2017    0 Comments

Бүгүн өлкө алдында турган эң маанилүү, эң актуалдуу маселелерден болуп жаткан аналогдук телеберүүдөн санариптик телеберүүгө өтүү алкагында  Токтогул райондук мамлекеттик администрациясында  райондук жыйын болду. Жыйынга райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, райондун активисттери жана жаңы шайланган айыл аймактардын башчылары чакырылган.

Бул жыйынды Токтогул райондук мамлекеттик администрициясынын башчысынын-акиминин биринчи орун басары Сейдалиев Рысбай Көчкөнбаевич алып барды. Кыргыз Республикасынын маалыматтык-технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматов,  РПО РМТР ААКнун башкы директорунун орун басары Тоголоков Казыбек Саякович катышты.

Жыйындын катышуучуларына Эшмамбет Аматов аналогдук, санариптик телесигналдардын бүгүнкү күндөгү абалы жана аткарылып жаткан иштери жөнүндө кеңири маалымат берди. Айрыкча, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы 692-токтому менен кабыл алынган «Кыргыз Республикасында санариптик телерадио берүүгө өтүүнүн мамлекеттик программасын» ишке ашыруу, боюнча түзүлгөн жумушчу топтун иш аракетине кеңири токтолду.

«Биз бүгүн санариптик телеберүүгө даярбызбы?» деген суроо турду. Албетте, көп иштер аткарылды. Райондун элинин токсон пайызга жакын санариптик берүүгө даяр. Мисалы, Токтогул шаарынын жашоочуларынын дээрлик бардыгы 16 каналдан сапаттуу, мыкты берүүлөрдү көрө алышат. Сапаттуу санариптик кутучаларды сатып алуу, туташтырылган эски зымдарды алмаштыруу, антенаны телемунараны каратып бийик орнотуу иштерин жакшы билишет.

Бирок андай болсо эмне үчүн Токтогул районунун он төрт элдүү пункттарында санариптик таза, мыкты сапатта көрүүгө технологиялык мүмкүнчүлүктөрү жок. Мисалы, алыскы Толук айыл аймагына караштуу Толук, Алмалуу, Ноот, Чаар-Таш айылдарында жана Сары-Камыш айыл аймагындагы Бирлик, Көтөрмө айылдарында санариптик телеберүүгө кошууга теле-радио толкундары өтпөй калган.

Бул программаны ишке ашыруу үчүн ретрансляторлорду орнотууга жана алардын инфратүзүмүн курууга акысыз жер тилкелерин ажыратуу маселелерин ыкчам чечүүдө турат. Талаптагыдай шарттарды жаратуу милдеттери бар. (АТР) Автоматтык теле көрсөтүү ретрансляторлорду орнотуу үчүн акысыз имараттарды берүү, электр чубалгыларынын өткөрүү жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу иши жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын башчыларына тапшырылды. Телемунараларды орнотуу эң башкы маселелерден экендиги жыйында баса белгиленди.

Жыйынтыктап айтканда калктын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жаман эмес. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мекеме-ишканаларга маалыматтык баракчалар жөнөтүлүп, эл топтолгон жерлерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келген.

Жыйындын башталшы кыска видеоролик көрсөтүлүп, жыйын суроо-жооптор менен толукталды.

 Маалымат катары билдире кетсек, ушул сыяктуу жыйын бүгүн Кара-  Көл жана Таш- Көмүр шаарларында да өткөрүлмөкчү.

Исабек ТОКТОГУЛОВ,

Токтогул району

Комментарии (0) Комент

оставить комментарий

Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтери

Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин УЛУТТУК ТИЗМЕГИ
КЕНЕНИРЭЭК
№29 "Көк бөрү" же "улак тартыш"
КЕНЕНИРЭЭК
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
КЕНЕНИРЭЭК
Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин классификациясы жөнүндө ЖОБО
КЕНЕНИРЭЭК

Конкурстар

Байланыш

Соц сети