Logo Logo
  • Маданият министири Т.Казаков “Эң мыкты клуб” наамына татыктуу болгондорду сыйлады
Маданият министири Т.Казаков “Эң мыкты клуб” наамына татыктуу болгондорду сыйлады

 17/04/2017    0 Comments

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министири Т. Казаков үстүбүздөгү жылдын 15-апрелинде Ош шаарына иш алкагында Ош облусттук китепканасынын залында 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча “Эң мыкты клуб” жана “Эң мыкты китепкана” наамдарын тапшырды.

“Эң мыкты клуб”  наамына Баткен облусунун Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл өкмөтүндөгү Кара-Булак айылынын маданият үйү, Жалал-Абад облусунунАксы районундагы Кашка-Суу айылынын маданият үйү жана Токтогул районундагы Саргата ыйылынын К. Жаманбаев атындагы маданият үйүлөрү татыктуу болду. Ал эми “Эң мыкты китепкана” наамын Түгөлбөй Казаков Баткен районунун Бүжүм айылынын китепканасына, Жалал-Абад облусттук китепканасына жана Токтогул Сатылганов атындагы Ош облусттук китепканасына ыйгарды.

Белгилеп кетсек, Республикалык кароо-сынакка жалпысынан 704 клуб жана 1061 китепканалар катышкан.

Ошондой эле, Т. Казаков “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин Үңкү музейинин проектисинин автору К. Назаровдун маалымат тактайчасын ачуу аземине, Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр коомунун оштогу бөлүмү жана Ош шаардык башкармалыгы мене биргеликте даярдалган “Ыйман, адеп жана маданият жылына арналган көркөм сүрөт” көргөзмөсүнө Ош шаарына болгон иш сапарда катышты.

Комментарии (0) Комент

оставить комментарий

Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтери

Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин УЛУТТУК ТИЗМЕГИ
КЕНЕНИРЭЭК
№29 "Көк бөрү" же "улак тартыш"
КЕНЕНИРЭЭК
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
КЕНЕНИРЭЭК
Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин классификациясы жөнүндө ЖОБО
КЕНЕНИРЭЭК

Конкурстар

Байланыш

Текенин 2017
ПнВтСрЧтПтСбВс
     
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31
      

Соц сети