Logo Logo
  • Республикалык балдар жана жаштар китепканасында семинар-тренинги болуп өттү
Республикалык балдар жана жаштар китепканасында семинар-тренинги болуп өттү

 26/05/2017    0 Comments

Касымалы  Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында 2017-жылдын  29-30 майында саат 9:00 ЮСАИД Эл аралык уюмунун “Бирге окуйбуз” долбоорунун  колдоосу  менен  балдар  китепканачылары  үчүн   Республикалык   семинар-тренинги   болуп өттү.

Кыргызстандын  бардык  аймактарынан  80 ашуун адам, ошондой эле Кыргыз  Республикасынын   Маданият , маалымат  жана  туризм  министирлигинин,  ЮСАИД   “Бирге окуйбуз”  долбоорунун   өкүлдөрү  катышып семинар   салтанаттуу   азем  менен  ачылды.

Аталган  семинардын  негизги өткөрүү максаты:  Бүгүнкү  күндүн  талабына  ылайык, китепканачылардын  жаш  муундагы  жеткинчек  окурмандарды  тейлөөдө, китепке, адабиятка  болгон  кызыгуусун  артырууда, жаңыча  ыкмалар менен  тажырыйбалуу   иш-алпарууга ,  үйрөтүү  болуп  саналат.

Алгач,  КР  ММжТ  министиринин өкүлдөрү сөз сүйлөп, бүгүнкү күндө  Кыргызстандагы  китепканалардын өнүгүүсүнө кошкон чоң салымы  үчүн, ЮСАИД  “ Бирге окуйбуз” долбооруна  ыраазычылыгын билдирүү  менен жалпы  семинардын   катышуучуларына  албан  зор  ийгиликтерди  каалады.

Андан соң,  Кыргызстандагы  ЮСАИД миссиясынын башкаруучусу Кимберли  Розн  сөз кезегин улап,  балдардын  ар дайым  китеп менен  бирге өсүүсүнө, дүйнө  таанымын,  балалык  аң-сезиминин  деңгэлин  өркүндөтүүгө, китепканачылардын жаш муундагы окурмандарга  жаныча ыкмада иш-алпаруусу зарыл экенин айтуу менен,  семинар-тренингдин  ийгиликтүү  өтүп, жакшы жыйынтыгын берсин  деген  сыяктуу  калоо-тилегин  айтты.

Семинарды  жүргүзүү  тартиби  боюнча  андан  соң  китепкананын директору  Султангазиева Р. К. жана  ЮСАИД  “Бирге окуйбуз”  долбоорунун кординаттарынын тематикалык баяндалган презентацияларына китепканачылардын   көңүлү  терең  бурулуп,  суроо –жооптор  берилип,  маек, талкуулар  жаралып  семинар-тренинг өз нугунда өтүп,  Кыргызстандын  бардык аймактарынан  келген  балдар китепканачылардын жаңыча иш-алпаруусуна изденүү  жаратты.

 Ошентип,  Республикалык   семинар-тренинги  айрыкча  аймактык,  элет  жеринин  китепканачыларына   алардын  окурмандарга  болгон  тейлөө  мамилеси, ата-энелер,  ыктыйарчылар, жергиликтүү калк ж. б. менен биргеликте иш жүргүзүүсүнө  оң   таасирин   бергендей  болду.

Комментарии (0) Комент

оставить комментарий

Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтери

Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин УЛУТТУК ТИЗМЕГИ
КЕНЕНИРЭЭК
№29 "Көк бөрү" же "улак тартыш"
КЕНЕНИРЭЭК
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
КЕНЕНИРЭЭК
Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин классификациясы жөнүндө ЖОБО
КЕНЕНИРЭЭК

Конкурстар

Байланыш

Бештин айынын 2017
ПнВтСрЧтПтСбВс
    
1
2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Соц сети