Улуттук маданий борбор ММТМ алдындагы

Пушкин көчөсү 78
+996 (312) 66-24-04
uluttukmb@gmail.com
None

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Улуттук маданий борбору

 

Башкы директору:

Курмангалиев Жумакадыр Билалович

 

Биздин негизги максатыбыз:

  • Региондордогу клубдук мекемелердин иштерин жакшыртуу боюнча аларга методикалык жана практикалык жардамдарды көрсөтүү;
  • Эл чыгармачылыгын, анын ичинде өздүк-көркөм чыгармачылыкты, элдик кол-өнөрчүлүктү өркүндөтүү жана жайылтуу;
  • Эл аралык, мамлекеттик маанидеги жана борбордоштурулган маданиий иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү
  • Чет мамлекеттердин Кыргызстандагы жана Кыргызстандын чет мамлекеттердеги маданият күндөрүн өткөрүүгө көмөк көрсөтүү
  • Бүгүнкү күндө Борбордун бекитилген штаттык бирдиги 60, анын ичинен 11штаттык бирдик техникалык жактан тейлөөчү кичи кызматчылар (МОП) болуп эсептелет.
  • Негизги курамда иштеп жаткан 49 кызматкердин ичинен 43ү жогорку, алтысы атайын орто билимдүүлөр болуп эсептелет, Экөө  жогорку окуу жайларында сырттан окуйт, Эки кызматкер маданият маалымат жана туризм миистрлигинин бош орундарына конкурстук негизде кабыл алынды. Жаш курамы орточо 40 жашты түзөт.

 

Уюштуруу, укук жана кадр иштери бөлүмү

  • Документтер менен иштөө, кадр жана укук иштерине байланыштуу маселелер.
  • Негизги ишмердүүлүк боюнча жогорку органдарга, мекеме, ишканаларга кайрылуу каттарды жиберүү,  алардан жана жарандардан келген каттарга өз убагында тиешелүү, так жоопторду берүү иштери
  • Даярдалган буйруктардын долбоорлорун, түзүлүп жаткан ар кандай келишимдердин юридикалык жактан тууралыгын юрист тарабынан текшертүү;
  • Бөлүмдөр тарабынан даярдалган расмий документтердин сыпатталышы боюнча практикалык жардамдарды жана консультацияларды берүү;
  • Борбордоштурулган иш чаралардын, уюмдардын жана инсандардын юбилейлерин даярдоонун жана өткөрүүнүн иш кагаздарын даярдоонун тартиби боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, тиешелүү бөлүмдөргө берүү
  • Министрликтин жана Улуттук маданий борбордун топтолгон иш кагаздарын  илимий-техникалык жактан ылгоо иштери аягына чыгаруу
  •  

Эл чыгармачылыгын өнүктүрүү жана маданий эс алууларды уюштуруу бөлүмү

  • Юбилейлерге карата концерттик программа даярдоого жана өткөрүүгө методикалык, практикалык  жардамдар көрсөтүү
  • Даталык майрамдарга карата концерттик программа даярдап, өткөрүүгө практикалык жана теориялык жардам көрсөтүлдү;
  • Республикалык кароо-сынактарды даярдоо, өткөрүү;
  • Салттуу маданиятты өнүктүрүүго көмөк көрсөтүү;
  • Маданият кызматкерлеринин республикалык семинар-кеңешмесин даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтүү

 

Мамлекеттик иш чараларды өткөрүү иштери бөлүмү

  • Эл аралык, мамлекеттик жана борбордоштурулган иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө адистик көмөк көрсөтү;
  • Иш чараларды уюштурууда музыкалык, техникалык  аппаратуралар (үн күчөтүүчү аппаратуралар, LED-экрандар) менен камсыз кылуу

 

Окуу-усулдук иштер бөлүмү

  • Басмадан чыга турган окуу-куралдары  жана методикалык китептер жөнүндө республиканын бардык музыкалык жана көркөм-өнөр мектептерине маалыматтар жеткирүү
  • Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан музыкалык мектептер үчүн чыгарылган окуу куралдарын республикадагы 83 мектепке таратылды
  • Музыкалык жана көркөм-өнөр мектептеринин мугалимдери менен өткөрүлө турган аттестацияга карата тесттерди , аттестациянын графигин түзүү, мугалимдерди аттестациядан өткөрүү
  • Музыкант аткаруучулардын конкурсун өткөрүү
  • Республика боюнча балдардын музыкалык мектептеринин статистикалык маалыматтарын даярдоо

 

Редакция-басма иштери:

  • “Маданият” журналынын  жана энциклопедиясын чыгаруу;
  • Тематикалык пландын өзгөрүшүнө байланыштуу “Кыргызкитеп” мекемеси менен айрым авторлор боюнча тактоо, толуктоолор киргизүү;
  • Улуттук театрлар, филармония жана Токтогул мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттарынын  жана Кыргызстандык СССР эл артисттеринин тизмелерин, материалдарын тактоо, базасын түзүү.

 

Курулуш жана ремонт иштери:

  • Капиталдык ремонттон өткөрүлө турган жана жаңыдан курула турган маданият мекемелеринин имараттарынын титулдук тизмесин тактоо