Фестиваль «Айыл оттору» («Сельские огни»)

КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги “Айыл оттору” фестивалын уюштурууда

1. Фестивалдын максаты:
“Аймактарды өнүктүрүү жылынын” алкагында, айыл маданиятын
жандандыруу, аймактардагы маданият мекемелеринин ишине жаш
кадрларды тартуу, айыл жергесинен чыккан жаңы өнөрпоз
таланттарды табуу жана алардын профессионалдык деңгээлге
чыгуусуна шарт түзүү, элдик кол өнөрчүлөрдүн, усталардын, уздардын
продукцияларынын сырткы рынокко чыгарууга көмөктөшүү.
2. Фестивалдын милдеттери:
- Маданий саясатта аймактык башкаруунун натыйжалуулугун
арттыруу;
- аймактарга мүнөздүү этномаданий, тарыхый, социомаданий
өзгөчөлүгүн идентификациялоо;
- маданияттын мыкты үлгүлөрүн жайылтуу аркылуу элет калкынын
бош убактысын мазмундуу, пайдалуу уюштурууга шарт түзүү;
- улуттук маданий салттарды, өнөрлөрдү дүйнөлүк жаңы
(инновациялык) тажрыйбалар менен айкаштыруу;
- айыл жергесиндеги маданият үйлөрүнүн, клубдардын ишин
жандандыруу, музыкалык шаймандар менен камсыздоо,
имараттарын оңдоо;
- жергиликтүү өнөрпоздордун, ошондой эле борборлордон
профессионалдуу өнөр адамдарынын катышуусу менен маданий-
массалык иш чараларды өткөрүү;
- район борборлорунда жана айылдарда туристтик борборлорду
ачуу, окууларды, тренингдерди уюштуруу;
- ар бир жердин шартына жараша туристтик бренд ачуу жана
потенциалын өнүктүрүү.

3. Фестивалдын өткөрүү тартиби жана катышуучулары:
Аталган фестиваль жыл сайын ар бир облустарда өтө турган
салттуу иш чара болуп саналат. Анын ишине Өкмөттүн жана
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, бардык
райондордун, шаарлардын маданият бөлүмдөрү, кол өнөрчүлүк,
туризм жаатында иштеген бейөкмөт уюмдар, бирикмелер,
ассоциациялар катышат.
Фестиваль жумушчу жана маданий бөлүктөрдөн турат. Жумушчу
бөлүгүндө катышуучулар айыл маданиятын, элдик кол өнөрчүлүктү
жана туризмди өнүктүрүү боюнча ой-пикирлерин жана тажрыйбаларды
талкууга коёт. Маданий бөлүгүндө жергиликтүү чеберлердин жана
борбордон келген профессионалдуу өнөрпоздордун катышуусунда
театрлаштырылган концерт өткөрүлөт.
2018-жылы “Айыл оттору” фестивалынын бетачар иш чарасы Ош
облусунун Алай районунда (Гүлчө шаарчасында) өткөрүлөт. Иш
чарага өлкөнүн мамлекет жана өкмөт жетекчилери чакырылат.