Кыргыз сахнасынын корифейлерине арналган иш- чара өттү

31 - октябрда Ч. Айтматов атындагы Орус драма театрында СССРдин эл артисти, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Муратбек Рыскуловдун 110 жылдыгына, Кыргыз театр искусствосунун профессионалдуу деңгээлге жеткирген актрисасы Сабира Күмүшалиеванын 100 жылдыгы, жана алардын киноактер жана режиссер Искендер Рыскуловдун 60 жылдыгына арналган иш- чара болуп өттү.

Иш - чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айнуру Алтыбаева, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана бир катар коомдук ишмерлер, маданият кызматкерлери катышты.

Ал эми сахна жана кино корифейлерине арналган кийинки эстафетаны Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев алды жана үч корифейге арналган кийинки иш- чара кино тармагына багытталмакчы.

Ал эми, бул иш- чарада Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын жана Ч. Айтматов атындагы Орус драма театрынын актерлору биргелешип сахнада ойношту.

Кыргыз Республикасынын 
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 
Басма сөз кызматы