Аймактарды өнүктүрүү жылына карата Алай районун Гүлчө айылында “Айыл оттору” маданият, кол өнөрчүлүк жана туризм фестивалы өтүп жатат.

26.07.2018

  Аймактарды өнүктүрүү жылына карата Алай районун Гүлчө айылында “Айыл оттору” маданият, кол өнөрчүлүк жана туризм фестивалы өтүп жатат.

 

   Бүгүн 25 – июлда Алай районунун Гүлчө айылында Аймактарды өнүктүрүү жылына карата “Айыл оттору” аталышындагы маданият, кол өнөрчүлүк жана туризм фестивалы өтүп жатат. Фестивалдын ачылышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Аида Касымалиева, Кыргыз Республикасынын Вице – премьер министри Замир Аскаров, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев катышууда.

  Иш – чаранын максаты маданий саясатта аймактык башкаруунун натыйжалуулугун арттыруу, аймактарга мүнөздүү этномаданий, тарыхый, социомаданий өзгөчөлүгүн идендификациялоо, маданияттын мыкты үлгүлөрүн жайылтуу аркылуу элет калкынын бош убактысын мазмундуу, пайдалуу уюштурууга шарт түзүү, улуттук маданий салттарды, өнөрлөрдү дүйнөлүк жаңы (инновациялык) тажрыйбалар менен айкаштыруу, айыл жергесиндеги маданият үйлөрүнүн, клубдардын ишин жанданды-руу, музыкалык аспаптар менен камсыздоо, имараттарын оңдоо, жергиликтүү өнөрпоздордун, ошондой эле борборлордон профессионалдуу өнөр адамдарынын катышуусу менен маданий-массалык иш-чараларды өткөрүү, район борборлорунда жана айылдарда туристтик борборлорду ачуу, окууларды, тренингдерди уюштуруу, ар бир жердин шартына жараша туристтик бренд ачуу жана потенциялын өнүктүрүүгө багытталат. Фестивал жыл сайын кезек менен бардык облустарда өтө турган салттуу иш - чара болуп, анын жүрүшү семинар-кеңешме жана маданий программа менен коштолот. Семинар-кеңешмеде айыл маданияты, туризми, элдик кол өнөрчүлүк, маданият тармагын жөнгө салуучу мыйзам актылар, укуктук кеңештер, маданият мекемелелер талкууланат жана тажрыйба алмашуу жүргүзүлөт. Ал эми, маданий программада жергиликтүү элдин салт-санаасын, маданиятын, турмуш-тиричилигинин чагылдырган оюн-зоок жана спорттук иш чаралар, ошондой эле, республикалык жана жергиликтүү профессионал өнөрпоздордун концерттик программасы тартууланат.

   Маалымат катары билдирсек, иш чаранын маданий бөлүгүндө Казак элинин белгилүү домбрачысы Эржан Жаманкеевдин катышууда.

 

Кыргыз Республикасынын

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин

Басма - сөз кызматы

НОВОСТИ

Өлкөдө биринчи жолу мамлекеттик аймактык массалык маалымат каражаттарынын эсепчилери үчүн окуу - семинар өтүп жатат.

Подробнее...

Кыргызская культура и национальное телерадиовещание понесли тяжелую утрату

Подробнее...

Кыргыз маданияты, улуттук теле, радиоберүү тармагы орду толгус оор жоготууга учурады

Подробнее...

«IV Мастер-классы для студентов художественных вузов стран СНГ и Балтии в Кыргызстане»

Подробнее...

Министерство культуры, информации и туризма Кыргызской Республики объявляет конкурс (Регион)

Подробнее...

Министерство культуры, информации и туризма Кыргызской Республики объявляет конкурс (Центральный аппарат)

Подробнее...

Скончалась первая в Кыргызстане женщина-балетмейстер, Народная артистка Кыргызской Республики Мадемилова Кульбубу Чортоновна.

Подробнее...

Кыргыз аялзатынан чыккан туңгуч балетмейстер Кыргыз Республикасынын Эл артисти Күлбүбү Чортоновна Мадемилова 89 жашында дүйнө салды.

Подробнее...

Маданият министрлигинин демилгеси менен Бишкек шаарында XIII Эл аралык “Оймо – 2018” фестивалы өтүп жатат.

Подробнее...

Министр культуры Султан Жумагулов принял официальную делегацию в рамках Концепции «Один пояс - один путь».

Подробнее...