Ак илбирс алдыда өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун талисманы болуп кабыл алынды.

17.08.2018

Ак илбирс алдыда өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун талисманы болуп кабыл алынды.

 

Ак илбирс илгертен кыргыздар үчүн ыйык жаныбар болуп келген жана ар дайым жоокерлерди коргоочу катары эсептелген. Ак илбирстин образы тууралуу көптөгөн жомоктор жана уламыштар таркалып ошону менен бирге сулуулукту, эркиндикти жана күчтүүлүктү берип турат. Кыргыздардын көчмөн маданияты жандуу жана жансыз табигатка өзгөчө мамиледе экенин мүнөздөп турат. Ак илбирстин образы бир гана кыргыздын тарыхы менен байланыштуу эмес, ага көптөгөн белгилүү адабий жана кино чыгармалар арналган. Ак илбирс Кыргызстандын борбор шаары Бишкектин желегине жана гербине символ катары түшүрүлгөн.

Азыркы колдонуудагы Бишкек шаарынын герби 1991-жылы бекитилген жана чептин тик бурчтуу көлөкөсүндө, тоо астында баш тамгалар менен “БИШКЕК” деп жазылган, анын үстүндө тегерекчеде ак илбирстин сүрөтү түшүрүлгөн. Дүйнөдө ак илбирстин саны болжолду 3 миңден 7 миңге чейин болууда. Жаныбар Кызыл китепке киргизилген. Белгилүү болгондой ак илбирстин жашаган жерлери Кыргыз Республикасынын баарды региондорун камтыйт, булар Тянь-Шаня тоолорунда, ошондой эле Памир-Алай тоо кыркаларынын түндүгүндө (Алай, Транс-Алай жвнв Туркестан тоо кыркаларында). Бул уникалдуу жаныбарды жана алардын экосистемаларын сактоо Кыргыз Республикасы үчүн мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү тапшырма болуп саналат. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун талисманынын көркөм образынын автору - көркөм-коюучу, режиссер-аниматор Төлгөбек Койчуманов.

Ак илбирсти Оюндун талисманы катары киргизүү демилгеси бул жаныбарды коргоо маселеси менен байланыштуу деп белгиледи. “Ак илбирсти бир топ позитивдүү меймандос, тынчтыктын жана жакшылыкты алып жүрүүчү каарман катары бердик. Сүрөт үстүндө иштөөдө биз бир катар Олимпиада жана башка эл аралык спорттук иш-чаралардын талисмандарынан түрткү алдык” – деп белгиледи Төлгөбек Койчуманов.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чакырылган делегацияларга, конокторуна меймандостугун жана сый көрсөтүү белгиси катары кыргыз тараптан сувенирлер тартууланат.

НОВОСТИ

В отношении руководства Кыргызского национального театра оперы и балета будет принята дисциплинарная ответственность.

Подробнее...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  бир катар кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды жана ардактуу наамдарды тапшырды.

Подробнее...

Жумабек Ибраимовдун 75 жылдыгына арналган «Өчпөс ысым» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

Подробнее...

Представлена книжная выставка «Өчпөс ысым», посвященной 75-летию со дня рождения государственного и общественного деятеля Жумабека Ибраимова.

Подробнее...

Юбилейная персональная выставка ДЖЫЛДЫЗБЕКА МОЛДАХМАТОВА

Подробнее...

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылды «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыялады

Подробнее...

Избраны академики Международной Академии Чингиза Айтматова

Подробнее...

Ушла из жизни выдающаяся оперная певица и педагог, народная артистка Кыргызской Республики, лауреат премии Союза молодёжи Киргизской ССР Эсенбю Нурманбетова

Подробнее...

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн балдар адабияты сыйлыктарын изденип алууга ачык сынак жарыялайт.

Подробнее...

2018 - жылы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти телерадиоумдарга жана операторлорго жалпы 574 уруксат кагазын тапшырды

Подробнее...