Бишкекте  ТҮРКСОЙ Жаштар камералык оркестринин концертине өттү.

05.09.2019

Бишкекте  ТҮРКСОЙ Жаштар камералык оркестринин концертине өттү.

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Түрк Кеңешинин түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун биргелешкен ТҮРКСОЙ Жаштар камералык оркестринин концертине өттү.

Аталган  камералык оркестр ТҮРКСОЙго мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин 27- Туруктуу Кеңешинин чечими менен 2010-жылы түзүлгөн.  ТҮРКСОЙ Жаштар камералык оркестрине түрк тилдүү элдердин алдыңкы консерваторияларынын таланттуу  бүтүрүүчүлөрү тандалып алынган.  Бүгүнкү күнгө чейин, оркестр Европанын, Американын жана Азиянын 30 дан ашык өлкөлөрүндө 60 тан ашык концерттер уюштурулуп, эл аралык аренада абдан белгилүү жамааттардын бирине айланды.

ТҮРКСОЙ Жаштар камералык оркестринин башкы өзгөчөлүгү – репертуарларынын негизги бөлүгү  түрк тилдүү элдердин композиторлорунун чыгармаларынан түзүлгөндүгүндө.

Түрк Кеңешинин түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына арналган концерт , Казакстан Республикасынын Туркистан, Шымкент жана Тараз шаарларында өттү, эми Азербайжандын Баку шаарында 9- сентябрь  күнү тартуулайт. Аталган оркестр жалпы 7 концерт тартуулайт.

Эске салсак, аталган оркестрдин курамында Кыргызстандык Талантбек Молдоканов, Аккыз Идрисова, Нурай Жолбунова Айжан Канатбек сыяктуу талантуу жаштар бар.

 

НОВОСТИ

Директор Департамента кинематографии встретился с Кристианой Бюхнер

Подробнее...

В рамках реализации проекта «Открытые данные»

Подробнее...

Выставка «Талас Дүбүртү» собрала вокруг себя многих ценителей искусства

Подробнее...

Министр Азамат Жаманкулов аймактык мамлекеттик массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушту.

Подробнее...

ВПЕРВЫЕ!!! ПЕРВЫЙ РУССКИЙ ТЕАТР В БИШКЕКЕ!

Подробнее...

Өлкөдө алгачкы жолу “Комуз күнү” белгиленди.

Подробнее...

“Кыргыз комузу жана комузчулук өнөрү” аттуу илимий практикалык конференция өттү.

Подробнее...

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшара Дулатова жашаган үйгө мемориалдык такта орнотулду.

Подробнее...

9 - сентябрь “Комуз күнү”. Өлкөдө кандай иш- чаралар белгиленет?

Подробнее...

Талас облусунда өтүүчү Улуттук көчмөндөр оюндарын чагылдыруу үчүн ММК аккредитациялоо башталды.

Подробнее...