III ДКОнун ачылыш жана жабылыш аземдерине конокторду акысыз шаттл-бастар камсыздайт

24.08.2018
III ДКОнун ачылыш жана жабылыш аземдерине конокторду акысыз шаттл-бастар камсыздайт Чолпон-Ата шаарында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүдөгү ачылыш жана жабылыш аземдерине коноктор үчүн автобус шаттл-бастары каралды. Алар ат майдандын аймагына жүргүнчүлөрдү жеткиришет. Автобус шаттл-бастар жөнөөчү түйүндөр: - Чолпон-Ата шаарындагы эски аэродромдун батыш тарабынан (дареги: https://goo.gl/maps/iTMweyxApct); - Бактуу-Долоноту айылындагы №54 жылкы заводунун тоют цехи, ат майдандын чыгыш тарабынан (дареги: https://goo.gl/maps/ugPiX13i35N2). Белгилей кетсек, жеке унаалары менен барган коноктор үчүн акы төлөнүүчү (30 сомдон) унаа токтотуучу жай каралган. Шатлл-бас (автобустар) 2-сентябрда саат 13.00дөн 23.00гө жана 8 сентябрда саат 15.00дөн 23:00гө чейин иштешет. Мындан сырткары, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш, жабылыш аземдеринде ат майдандын аймагына жеке автоунаасы менен кирүүгө чектөө киргизилет. Автобус шаттл-бастар 2 - 8-сентябрларда – 15.00дөн 23.00гө чейин жүрөт. Мындан сырткары, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш, жабылыш аземдерин өткөрүүдө Чолпон-Ата шаарындагы негизги жол эки жерден жабылат: - “Көгүлтүр Ысык-Көл” санаторийине кайрылыштан 100 метр бери (батышынан). Дареги: https://goo.gl/maps/YD2ssb8qkDD2; -Бактуу-Долоноту айылындагы мечиттен (чыгышынан) Дареги: https://goo.gl/maps/XkUw1GXrJnn. Ошондой эле батыш тараптагы посттон шаттл-бастар (2 даана) конокторду ат майдандын аймагына акысыз жеткиришет. Эске салсак, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш, жабылыш аземдерин өткөрүүдө Ысык-Көл районунда Балыкчы – Корумду жолундагы унаалардын кыймылы чектелет. Каракол шаарына жүк ташыган унаалар Ысык-Көлдүн түштүк жээги аркылуу жүрүүгө Балыкчы шаарынан багытталат. Чолпон-Ата шаарын кесип өтүүчү жеңил унаалардын кыймылы өзгөрүп, шаар ичиндеги алтернативдик жол аркылуу өтүшөт (https://goo.gl/maps/atfoQNQeZVS2 ).

НОВОСТИ

Ош – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору иш –чарасына карата аянттагы сүрөт галерея орнотулду.

Подробнее...

Ош – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору. Кандай маданий иш – чаралар өтөт......

Подробнее...

Ош- культурная столица тюркского мира. Какая культурная программа ждет......

Подробнее...

19 апреля 2019 года перед фасадом Государственного Национального русского театра драмы им. Ч.Айтматова состоится церемония открытия горельефа (стелы).

Подробнее...

Кинорежиссер, СССРдин Эл артисти жана дипломат Төлөмүш Океевге арналган “Мезгилдердин чаңы (желеси, көшөгөсү) артынан...” Вернисаж фото көргөзмөсү ачылат.

Подробнее...

Бүгүн 18- апрелде Кыргыз Улуттук “Кабар” маалымат агенттигинде Салттуу музыка жумалыгана" арналган маалымат жыйыны өттү.

Подробнее...

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Баатыры, биринчи даражадагы Манас орденинин ээси, манасчы Жусуп Мамайдын туулган күнү.

Подробнее...

Жаңы спектаклдын премьерасы жана КР эмгек сиңирген артисти Сайрабүбү Мырсалиеванын 60 жылдыгы

Подробнее...

Министерство культуры, информации и туризма КР размещает проект среднесрочной стратегии бюджетных расходов на 2020-2022гг.

Подробнее...

"Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" аттуу эл аралык салтанатына чет өлкөлүк өнөрпоздор келип баштады.

Подробнее...