Кырчын этношаарчасынын ишинин жыйынтыгы чыгарылды

07.09.2018

6-сентябрда Бактуу-Долоноту айылындагы дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде КР маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекованын, Кырчын этношаарчасындагы КР облустарынын Ордолору боюнча башкы режиссеру Зарылбек Молдобакировдун, КР Улуттук Кызыл Ай Коомунун Ысык-Көл облусундагы филиалынын директору Жыпаркүл Кадыраливанын, Удмуртиянын «Выль зардон» фольклордук ансамблинин жамаатынын жана Гвинеядан келген музыкалык топтун катышуусунда пресс-конференция болуп өттү.

Пресс-конференция расмий эмес түрдө башталды, «Көчмөндөр ааламы» эл аралык фестивалынын катышуучулары, Удмуртиядан жана Гвинеядан келген коноктор журналисттер үчүн музыкалык чыгармаларды аткарып беришти.

Айнура Темирбекова 3-6-сентябрь күндөрү III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын этношаарчасы ачылгандыгын, ал жерде Этно-базарды, чет элдик катышуучулардын Ордолорун, Хан ордону, Коомдук бирикмелердин ордолорун, Пресс-ордону, Кыргызстандын 7 облусунун жана Бишкек жана Ош шаарларынын ордолорун көрүп чыгууга болорун белгилей кетти.

Зарылбек Молдобакировдын айтканына караганда Кырчын этношаарчасында миңдей боз үй тигилген. Ар бир облустун ордосу – өзүнчө уникалдуу болду, жана ар биринде региондун өзгөчөлүгү эске алынуу менен кыргыз элинин үрп-адатын жаан каада-салтын көрсөтүп жатышты.

“Көчмөндөрдүн турмуштук оюндары” салттуу искусствосу боюнча көрсөтмөлүү мелдештер өткөрүлдү, анда командалар көчмөн элдердин турмуш-тиричилигинде колдонулган искусствонун ар кандай салттуу түрлөрү боюнча жарышышты: “Ийик ийирүү” (Прядение пряжи), “Жүк жыйуу” (Складывание одеял в стопку), “Ала кийиз басуу” (Изготовление войлочного ковра), “Чий согуу” (Плетение войлочной циновки), “Жөө айтыш” (Состязание по мастерскому владению словом), “Уук жасалуучу талды тез аарчуу” (Быстрая очистка жерди, используемой для установки юрты). Мелдештин бул түрлөрү боюнча толугуураак маалымат алуу үчүн төмөнкү сайтка кирсеңиздер болот: http://www.worldnomadgames.com/…/V-Kyrchyne-sostoiatsia-po…/

Зарылбек Молдобакиров белгилеп кеткендей, ала кийиз басуу мелдешинин жүрүшүндө, катышуучулар 1,5-2 сааттын ичинде конкурстук буюмду жасап коюшту, мурунку убактарда буга 1-2 күн кетчү.

Чет өлкөдөн келген туристтерди боз үйдү ылдам тигүү боюнча конкурс абдан таң калтырды, бул конкурста Ош шаарынын өкүлдөрү ишти болгону 7 мүнөт 18 сек. аткарышып, 1-орунду ээлешти.

Пресс-конференцияда КР Кызыл Ай Коомунун өкүлү Жыпаркүл Кадыралиева да Кырчын этношаарчасында жана ДКОнун алкагында иш-чаралар өткөрүлүп жаткан башка жерлерде уюм тарабынан окутулган волонтерлор керек болгон учурларда дарыгерге чейинки жардамды көрсөтүп жүрүшкөнүн журналисттерге маалым кыла кетти.

НОВОСТИ

Ош – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору иш –чарасына карата аянттагы сүрөт галерея орнотулду.

Подробнее...

Ош – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору. Кандай маданий иш – чаралар өтөт......

Подробнее...

Ош- культурная столица тюркского мира. Какая культурная программа ждет......

Подробнее...

19 апреля 2019 года перед фасадом Государственного Национального русского театра драмы им. Ч.Айтматова состоится церемония открытия горельефа (стелы).

Подробнее...

Кинорежиссер, СССРдин Эл артисти жана дипломат Төлөмүш Океевге арналган “Мезгилдердин чаңы (желеси, көшөгөсү) артынан...” Вернисаж фото көргөзмөсү ачылат.

Подробнее...

Бүгүн 18- апрелде Кыргыз Улуттук “Кабар” маалымат агенттигинде Салттуу музыка жумалыгана" арналган маалымат жыйыны өттү.

Подробнее...

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Баатыры, биринчи даражадагы Манас орденинин ээси, манасчы Жусуп Мамайдын туулган күнү.

Подробнее...

Жаңы спектаклдын премьерасы жана КР эмгек сиңирген артисти Сайрабүбү Мырсалиеванын 60 жылдыгы

Подробнее...

Министерство культуры, информации и туризма КР размещает проект среднесрочной стратегии бюджетных расходов на 2020-2022гг.

Подробнее...

"Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" аттуу эл аралык салтанатына чет өлкөлүк өнөрпоздор келип баштады.

Подробнее...