Кырчын жайлоосунда өтүүчү маданий иш- чараларды «Маданият. Тарых. Тил» каналы түз эфирде көрсөтөт.

20.08.2018

Кырчын жайлоосунда өтүүчү маданий иш- чараларды «Маданият. Тарых. Тил» каналы түз эфирде көрсөтөт.

 

Бүгүн, 20 – августа Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде “Кырчын” этно- шаарчасында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кандай маданий иш – чараларды «Маданият. Тарых. Тил» (КТРК) каналы чагылдыра тургандыгы тууралуу талкуу болду. Жолугушуу "Маданият Тарых Тил" каналынын жана “Кырчын” этно- шаарчасынын маданий иш –чараларга жооптуу режиссерлук тобунун өкүлдөрү менен өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында кыргызстандыктар “Маданият. Тарых. Тил” каналынан түз эфирде театрлаштырылган “Көчмөндөрдүн алтын доору”, акындардын эл аралык “Айтыш” сыныгынын финалын, орто кылымдын согуш ыкмалары жана чеберчилиги боюнча көрсөтүүлөрдү, 3 сааттык “Көчмөндөрдүн турмуштук оюндары” программасын, кыргыз боз үйлөрүн ыкчам тигүү сынагынын финалын жана “Кырчын” этно- шаарчасындагы чет элдик жана жергиликтүү чыгармачылык топтор катышкан жыйынтыктоочу концерттик программаларды көрө ала тургандыгы тууралуу чечим кабыл алынды.

Мындан сырткары, жазыдырып алуу режиминде эл аралык экологиялык “Мөңгү” кино форумун, эл аралык дүйнө эпосторунун фестивалын (“Манас”, “Кайчы”, “Олонхо”), чет элдик чыгармачыл топтордун концерттик программасын, балдардын этно оюндарын жана өлкөнүн облустарынан келген театрлаштырылган программаларды көрсөтөт.

Жолугушууда 3 – 6 - сентябрга чейин маданий программаларды спутник аркылуу түз эфирде көрсөтүү белгиленди. Ошондой эле, иш – чаралар «no comment» (коментарийсиз) режиминде көрсөтүлүп, кыска маалымат түрмөктөрү менен коштолот.

Эске салсак, Кырчын этно- шаарчасында маданий иш –чаралар Хан – Ордонун (негизги сахна) аянттарында бир эле убакта бир катар иш чаралар өткөрүлөт, алар кол өнөрчүлөрдүн ордосу “Этно базар”, чет элдик катышуучулардын Ордосу жана облустардын Ордосу болуп эсептелет.

НОВОСТИ

В отношении руководства Кыргызского национального театра оперы и балета будет принята дисциплинарная ответственность.

Подробнее...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  бир катар кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды жана ардактуу наамдарды тапшырды.

Подробнее...

Жумабек Ибраимовдун 75 жылдыгына арналган «Өчпөс ысым» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

Подробнее...

Представлена книжная выставка «Өчпөс ысым», посвященной 75-летию со дня рождения государственного и общественного деятеля Жумабека Ибраимова.

Подробнее...

Юбилейная персональная выставка ДЖЫЛДЫЗБЕКА МОЛДАХМАТОВА

Подробнее...

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылды «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыялады

Подробнее...

Избраны академики Международной Академии Чингиза Айтматова

Подробнее...

Ушла из жизни выдающаяся оперная певица и педагог, народная артистка Кыргызской Республики, лауреат премии Союза молодёжи Киргизской ССР Эсенбю Нурманбетова

Подробнее...

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн балдар адабияты сыйлыктарын изденип алууга ачык сынак жарыялайт.

Подробнее...

2018 - жылы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти телерадиоумдарга жана операторлорго жалпы 574 уруксат кагазын тапшырды

Подробнее...