“Кыргыз комузу жана комузчулук өнөрү” аттуу илимий практикалык конференция өттү.

10.09.2019

“Кыргыз комузу жана комузчулук өнөрү” аттуу илимий практикалык конференция өттү.

Комуз күнүнө карата К. Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясында “Кыргыз комузу жана комузчулук өнөрү” аттуу илимий практикалык конференция өттү.

Комуздун жаралуу тарыхы, анын учурдагы ролу анын маани – маңызы тууралуу сөздөр айтылган илимий – практикалык конференцияга Эл артисттери, белгилүү комузчулар, республикадагы музыкалык окуу жайлардын жетекчилери, мугалимдер жана студенттер катышты.
Республикада алгачкы жолу 9-сентябрда комуз күнү белгиленип жатат. Саамалыктын алкагында толугу менен комуз күүлөрүнөн турган концерттер, аспаптын көргөзмөсү, мастер-класс өтүп жана атайын даярдалган даректүү тасма көрсөтүлөт.

Министрлдин орун басары Кайрат Иманалиев өз сөзүндө бардык катышуучуларды комуз күнү менен куттуктап, мындан кийин жыл сайын 9- сентябрда аталган майрам салтанаттуу белгиленип, мындан да жогорку деңгээлде өтөөрүн баса белгилеп, бул күнү салтанаттуу иш-чарадан сырткары салттуу түрдө комузчулардын кароо-сынагы өткөрүлүп турарын кошумчалады.

Ошондой эле иш- чаранын алкагында Бишкек шаарындагы орто мектептерде жана музыкалык окуу жайларда билим алып жаткан жаш комузчулардын флеш- мобу менен коштолуп, конференциянын жалпы катышуучулары Т. Сатылгановдун айкелине гүл коюуп, аны эскеришти.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Комуз күнү жөнүндө» Жарлыкка 29- июль күнү кол койгон.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын башчылары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенип, Комуз күнүн майрамдоого арналган иш-чараларды уюштуруу боюнча чараларды көрүү тапшырмасы берилген.

Учурда иш- чара бардык аймактарда өтүп жатат.

НОВОСТИ

Республикалык эң мыкты обондуу ырлар боюнча сынак жыйынтыкталды.

Подробнее...

Вакансия

Подробнее...

В Кыргызстан прибыла Комиссия Всемирного Ремесленного Совета по оценке на получение статуса «Город мастеров» для двух областей Кыргызстана.

Подробнее...

Кызматташуу боюнча кыргыз-сауд биргелешкен комитетинин 2-жыйынынын Протоколуна кол коюлду

Подробнее...

В Национальной филармонии имени Т.Сатылганова завершился международный конкурс исполнителей русского романса «Среднеазиатская Романсиада».

Подробнее...

Министерство культуры информации и туризма КР совместно с JICA договорились что объекты проекта “Одно село, один продукт” станет объектами туризма, которые будет посещать туристы.

Подробнее...

26- октябрда Баткен облусунда Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы белгиленет.

Подробнее...

“Белестеги беш ыргайды......” белгилүү кылган Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти Абдыкалый Темиров эскерилет.

Подробнее...

Замминистра культуры: «Перед мигрантами остро стоят проблемы сохранения родного языка и культуры»

Подробнее...

VII Форум молодого кино «Умут»  стран СНГ «Умут», посвящен юбилею  знаменитого кыргызского киноактера  Суйменкула Чокморова.

Подробнее...