Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшара Дулатова жашаган үйгө мемориалдык такта орнотулду.

06.09.2019

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшара Дулатова жашаган үйгө мемориалдык такта орнотулду.

Бугүн, 6 – сентябрда Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшара Дулатова жашаган үйгө мемориалдык такта орнотулду.

Иш- чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, шаар мэриясы, кесиптештери, театр чеберлери катышып куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.
Өз кезегинде чыгып сүйлөгөндөр Гулшара Дулатованын өмүру чыгармачылыгы, анын басып өткөн жолу жана анын адемгерчилик сапаттары тууралуу айтып эскеришти.
Кыргыз Республикасынын Эл артисти Дулатова Гүлшара Иманалиевна 1930 – жылы Чүй облусуна караштуу Токмок шаарында жарык дүйнөгө келген. 16 – жаш курагында, 1946 – 1948 – жылдары борборубуздагы Филармонияда хордо солист болуп иштөө менен баштагана

1948 – жылы Ташкенттеги Н. Островский атындагы Театралдык институттун “Актер, театр жана кино” бөлүмүнө тапшырып, 1953 – жылы ийгиликтүү аяктап, Кыргыз Мамлекеттик академиялык драма театрына жумушка кирген.

Гүлшара Дулатова сахнадагы өмүрүндө 100дөн ашуун ар түрдүү мүнөздөгү образдарды ийине жеткире жаратып, театр сүйүүчүлөргө тартуулай алды. Ал дүйнөлүк жана орус классикасынан тартып, кыргыз драматургиясынан турган аялдардын образынын бүтүндөй галлереясын түзгөн актриса катары белгилүү болгон.

Өнөр жолунда эч кимге окшошпогон кайталангыс таланттуу актриса театрдагы артисттердин арасында бөтөнчө өзгөчөлөнүп келген. Мисалы: Гольдони “Эки мырзанын малайы” – Беатриче, Т. Абдумомунов “Тар капчыгай” – Анар, К. Жантөшев “ Курманбек” – Гүлай, Б. Жакиев “Атанын тагдыры” – Зуура, Ч. Айтматов “Бетме - бет” – Сейде, “Саманчынын жолу” – Толгонай, М. Карим “Ай тутулган түндө”- Таңгабийке, Фигейредо “Эзоп” – Клея, К. Чапек “Эне” – Эне, Г. Лорка “Бернарда Альбанын үйү” – Бернарда, Тренев “Любовь Яровая” – Дунка сыяктуу көптөгөн образдарынын чечилиштеринин ар бири көрүүчүлөрдү ойго салуу менен терең таңданткан.

Театр дүйнөсүндө трагедиялык пландагы артисттер өтө сейрек кездешет. Таңгабийке, Толгонай, Сайделер Гүлшара Дулатованын эч кимди алдына салбаган, трагедиялык пландагы ашкере таланттуу актриса экенин далилдейт.

Гулшара Дулатова Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Эл агартуунун отличниги, «Данакер» орденинин ээси, кыргыз театр өнөрүнүн корифейи, профессор 2009 – жылы 3 – мартта 79 жаш курагында дүйнө салган.

НОВОСТИ

Директор Департамента кинематографии встретился с Кристианой Бюхнер

Подробнее...

В рамках реализации проекта «Открытые данные»

Подробнее...

Выставка «Талас Дүбүртү» собрала вокруг себя многих ценителей искусства

Подробнее...

Министр Азамат Жаманкулов аймактык мамлекеттик массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушту.

Подробнее...

ВПЕРВЫЕ!!! ПЕРВЫЙ РУССКИЙ ТЕАТР В БИШКЕКЕ!

Подробнее...

Өлкөдө алгачкы жолу “Комуз күнү” белгиленди.

Подробнее...

“Кыргыз комузу жана комузчулук өнөрү” аттуу илимий практикалык конференция өттү.

Подробнее...

Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлшара Дулатова жашаган үйгө мемориалдык такта орнотулду.

Подробнее...

9 - сентябрь “Комуз күнү”. Өлкөдө кандай иш- чаралар белгиленет?

Подробнее...

Талас облусунда өтүүчү Улуттук көчмөндөр оюндарын чагылдыруу үчүн ММК аккредитациялоо башталды.

Подробнее...