Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктоосу.

07.11.2018

 

«Урматтуу журналисттер жана басма сөз кызматкерлери!   
     
Сиздерди 7 – ноябрь Маалымат жана басма сөз күнү  кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!

      Баарыбыз дүйнөнү маалымат башкарган заманда жашап жатабыз. Ар бирибиз ишибизди маалымат менен баштап, маалымат менен күндү жыйынтыктайбыз. Айтылган кабар адамдын, коомдун жана мамлекеттин маанайына, жүрүм-турумуна жана чечимине таасир эткен зор күчкө айланды.

       Ал эми күндөлүк турмушубузга интернеттин, башка социалдык түйүндөрдүн кеӊири кириши менен сөздүн, фактынын, ар кандай окуянын, кабардын мааниси  өстү. Кесипкөй журналисттер менен катар ар бир адам коомдук пикирге таасир эте алчу кудуретке ээ болуп отурат.

  Журналистика азыр коомдук пикирди чагылдыруу менен кошо адамдардын турмушун, дегеле дүйнөнү өзгөртүүчү эбегейсиз күчкө ээ.

Бүгүнкү күндө ар бир жаран ээн-эркин гезит же электрондук басылма, керек болсо телеканал ача алат. Ар бир жаран өлкөдөгү бардык окуяларга жана көрүнүштөргө өз баасын берип, ой-пикирин эркин таратып жатышат.

Журналистика бир гана далилдүү фактыларга таянууга тийиш. Ошондой эле атайылап коомду козутууну максат кылбаш керектиги кесиптик этикада баса белгиленген. 

Азыр Кыргызстан үчүн тынчтык, туруктуулук, элдин ынтымагы баарынан кымбат. Ошондуктан, журналисттер да баарыбыздын Мекенибиздин келечеги үчүн жоопкердикти бөлүшүүгө милдеттүү экенин унутпоосун билдирип кетмекчимин.

Урматтуу маалымат кызматкерлери майрамыңыздар кут болсун!

Баарыңыздарга чың ден соолук, бакубат өмүр, чыгармачылык жаңы ийгиликтерди каалайм!

Кыргыз Республикасынын 
Маданият, маалымат жана туризм министри 
Азамат Жаманкулов

НОВОСТИ

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктоосу.

Подробнее...

На 82 году жизни скончалась ветеран кыргызского кино, звукорежиссер Райхан Кабышевна Абдылдаева.

Подробнее...

В мемориальном комплексе «Ата-Бейит» с участием первых лиц страны прошло мероприятие в честь Дня истории и памяти предков

Подробнее...

В Бишкеке с 7 по 16 ноября пройдет Неделя швейной промышленности Kyrgyz Textile & Clothing Week 2018

Подробнее...

"ОШ - ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ ТАГДЫРЫНДА" РЕСПУБЛИКАЛЫК ИШ- ЧАРАСЫ ӨТҮҮДӨ

Подробнее...

Маданият министри Ош шаарына болгон иш сапарында Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайында болду.

Подробнее...

Министр Азамат Жаманкулов Ош шарындагы бир катар маданият мекемелеринин абалы менен таанышты.

Подробнее...

В Бишкеке 14 ноября пройдёт официальный конкурс красоты «Мисс Кыргызстан-2018»

Подробнее...

7 и 8 ноября в Кыргызстане отмечается День истории и памяти предков

Подробнее...

Сахна корифейлерине карата иш - чара өттү

Подробнее...