Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, журналист Тенти Орокчиевдин туулгандыгынын 80 жылдыгы белгиленет.

12.09.2018

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, журналист Тенти Орокчиевдин туулгандыгынын 80 жылдыгы белгиленет.

2018-жылдын 13-сентябрында саат 11: 00дө Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, журналист Тенти Орокчиевдин туулгандыгынын 80 жылдыгына арналган “Ыймандай сырым ырымда, жашаган өмүр жылымда” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана адабий-чыгармачылык иш-чарасы өткөрүлөт.

Белгилүү акын жана журналист Тенти Орокчиев 1938-жылы 8-сентябрда Тоң районундагы Көк-Сай айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн, 1955-жылы Төрт-Күл орто мектебин бүтүргөн. 1958-жылы Каракол шаарындагы педагогикалык институтка кирип, кыргыз мектептеринде орус тил мугалими адистигине ээ болгон.

1965-жылдан чыгармачылык ишке өтүп, “Мугалимдер газетасында” адабий кызматкер, 1969-жылдан Кыргыз Совет энциклопедиясында илимий редактор, ага илимий редактор кызматтарында иштеген. Андан кийин Кыргыз телерадиосунун адабий-драма редакциясында редактор, ага редактор, башкы редактордун орун басары (1974–2002) болгон. Отуз жылга жакын убакыттын ичинде Т. Орокчиев “Поэтикалык экран”, “Поэтикалык саптар”, “Ыр толкуну” аттуу поэтикалык уктурууларды, “Саякат”, “Таберик”, “Адабият жаңылыктары” сыяктуу радиоуктурууларды алып барды. Ошону менен катар эле “Театр микрофондо” деген аталыштагы топтомдордо онго жакын (мисалы, “Авредиттик акылман”, “Мактым сулуу баяны”, “Калган кайран турмуш” сыяктуу) радиопостановкаларды, радиопьесаларды жазды. Телерадио комитетте иштеген 30 жыл ичинде он мүнөттөн бир жарым саатка созулган үч миңге жакын радиоуктуруулардын редактору жана автору болду. Алардын ичинен 300гө жакын радиопостановка, радиопьеса, радиомаектер Кыргыз радиосунун алтын фондунда жана мамлекеттик архивде сакталып турат.

Тенти Орокчиев 1973-жылдан – СССР журналисттер союзунун, 1994-жылдан – Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү. Ага “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” деген ардактуу наам берилген, Кыргыз Республикасынын улуттук телерадиокомпаниясынын отличниги (1998), Эл аралык “Түгөлбай-Ата” коомунун сыйлыгынын ээси, “Даңк” медалы, Ардак грамоталар, Дипломдор менен сыйланган.

НОВОСТИ

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктоосу.

Подробнее...

На 82 году жизни скончалась ветеран кыргызского кино, звукорежиссер Райхан Кабышевна Абдылдаева.

Подробнее...

В мемориальном комплексе «Ата-Бейит» с участием первых лиц страны прошло мероприятие в честь Дня истории и памяти предков

Подробнее...

В Бишкеке с 7 по 16 ноября пройдет Неделя швейной промышленности Kyrgyz Textile & Clothing Week 2018

Подробнее...

"ОШ - ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ ТАГДЫРЫНДА" РЕСПУБЛИКАЛЫК ИШ- ЧАРАСЫ ӨТҮҮДӨ

Подробнее...

Маданият министри Ош шаарына болгон иш сапарында Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайында болду.

Подробнее...

Министр Азамат Жаманкулов Ош шарындагы бир катар маданият мекемелеринин абалы менен таанышты.

Подробнее...

В Бишкеке 14 ноября пройдёт официальный конкурс красоты «Мисс Кыргызстан-2018»

Подробнее...

7 и 8 ноября в Кыргызстане отмечается День истории и памяти предков

Подробнее...

Сахна корифейлерине карата иш - чара өттү

Подробнее...