Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  бир катар кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды жана ардактуу наамдарды тапшырды.

22.01.2019

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  бир катар кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды жана ардактуу наамдарды тапшырды.

Мамлекет башчысы мамлекеттик сыйлыктар жана жогорку наамдарды алып жаткандарды куттуктап, алардын ак эмгектин, талыкпаган изденүүнүн, чыгармачыл жаратмандыктын үзүрү менен алкоого арзып, мамлекеттик сыйлыкты алып жаткандарын белгиледи.

Сыйлангандардын арасында маданият тармагынын да кызматкерлери бар.

Алар: 
«Даңк» медалы менен:

1. Батаканова Бурулуш Топчиевна – Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Республикалык радиотелеборборунун башкы инженери;

2. Ишебаев Турдубек 
– Ысык-Көл облусунун «Жети-Өгүз жаңылыгы» гезитинин редактору;

«Кыргыз Республикасынын эл артисти» 
деген ардактуу наам:

1. Берикбаева Хадимага – Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин артистине;

2. Бөдөшов Атайбекке – композитор, комузчу, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин доцентине;

3. Жумашов Садырбек Кочкорбаевичке – А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын опера солистине;

4. Мамытов Бактыбек Камчыбековичке – Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын диктору, «Маданият-Тарых-Тил» телеканалы студиясынын редактор-алып баруучусуна;

«Кыргыз Республикасынын эл акыны» 
деген ардактуу наам:

1. Ааматов Маркабайга – акын, котормочу, публицист, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Кыргыз патенттик-техникалык китепканасынын директорунун орун басарына;

2. Жунушов Каныбекке
– балдар акынына;

«Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү» 
деген ардактуу наам:

1. Ким Валерий Аркадьевичке – сүрөтчү, живописчи, «Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзу» коомдук бирикмесинин мүчɵсүнө;

2. Орозматов Кадыркул Осмонкуловичке – сүрөтчү, живописчи, Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин профессору, «Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзу» коомдук бирикмесинин мүчɵсүнө;

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» 
деген ардактуу наам:

1. Абазова Таалайкан Касымалиевнага – театр жана кино артисти, «Кыргызстан кинематографисттер союзу» коомдук бирикмесинин мүчɵсүнө;

2. Бекмуратов Саид Казбековичке 
– А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын симфониялык оркестринин инспектору, биринчи скрипкалар тобунун концертмейстери - жогорку категориядагы артистине;

3. Жаманбаева Канымжан Кеңешовнага – Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Маданият-Тарых-Тил» телеканалынын студиясынын редакторуна;

4. Иманкулов Абдылда Кемеловичке
– артист, куудулга;

5. Исаков Рысбай Рахмановичке – манасчы, «Санат» телекөрсөтүүсүнүн редактору, «Кыргыздын салттуу музыкасы» фондунун мүчɵсүнө;

6. Карабаев Сакыбек Бейшебековичке – 
Т. Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын жогорку категориядагы режиссеру, «Кыргызстан кинематографисттер союзу» коомдук бирикмесинин мүчөсүнө;

7. Маадемилов Жумакун Иткулаковичке – 
М. ыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын артистине;

8. Омурзакова Гульнара Мукашевнага – 
Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин солистине;

«Кыргыз Республикасынын маданиятына 
эмгек сиңирген ишмер» деген ардактуу наам:

1. Дуванаев Мамырайым Абдуваповичке
– жазуучуга;

2. Жоробаев Самидинге – Ош шаарынын С. Ибраимов атындагы улуттук драма театрынын башкы сүрөтчүсүнө;

3. Камчыбеков Маматка – Т. Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейинин директоруна;

4. Кɵчɵрбаев Сапарбекке – Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук «Жеңиш туусу» гезитинин башкы редакторуна;

5. Курбантаев Каныбек Бекишовичке – Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Ош шаардык маданият башкармалыгынын башкы оператору, «Мурас» эстрада тобунун негиздɵɵчүсү – музыкалык жетекчисине;

6. Максимова Джайнагулгө – Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын баяндамачысына;

7. Мамбеталиев Кубан Ильясовичке – публицист, «Кыргыз Республикасынын журналисттер союзу» коомдук бирикмесинин мүчөсүнө;

8.Сагынбаев Майрамбек Стамалиевичке – Нарын облусунун Жумгал районундагы К. Акиев атындагы «Жумгал» музыкалык-драма театрынын көркөм жетекчиси, режиссер коюучусуна;

9. Стрельцов Сергей Вениаминовичке – 
А. Умуралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын хореографына;

10. Сыябекова Сууракулгө – Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын адабиятты иштеп чыгуу жана каталогдорду уюштуруу бөлүмүнүн башкы китепканачысына;

11. Тилекматов Бакытбек Асанбековичке – сценограф, Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын башкы сүрɵтчүсү, «Кыргызстан театр ишмерлер союзу» коомдук бирикмесинин мүчөсүнө;

12. Чаландинова Эльмира Садыковнага – Бишкек шаарынын Ж. Шералиев атындагы № 6 балдар искусство мектебинин директоруна;

13. Шайдуллаева Топчугүл Жолдошевнага – жазуучу, публицист, Борбордук Азия ПЕН-клубунун, «Кыргызстан жазуучулар союзу» жана «Кыргызстан журналисттер союзу» коомдук бирикмелеринин мүчөсүнө;

14. Эрмекбаев Омурбекке – Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын телеоператоруна;

«Кыргыз Республикасынын байланышына 
эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам

1. Фазылов Азнаур Азизовичке – Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Республикалык радиотелеборборунун Сервис борборунун начальнигине;

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:

1. Жалиев Таштемир Раимжанович – Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын «ЭлFМ» радиосунун директору;

2. Жунушалиев Асанкул Самилович – Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнүн алдындагы «Манас Ордо» улуттук комплексинин «Манас» эпосу музейинин директору;

3. Имашова Альбина Турдугуловна – 
Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти, «Кыргызстан театр ишмерлер союзу» коомдук бирикмесинин мүчөсү;

4. Кольбаев Усен Асанбекович – Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын «Ала-Тоо» маалыматтык программасынын баяндамачысы;

5. Коробаева Бубу – Ы. Туманов атындагы Ысык-Кɵл мамлекеттик музыкалык окуу жайынын вокал өнөрү бɵлүмүнүн жетекчиси;

6. Куменов Аскарбек Иманкулович – 
Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын «Камбаркан» фольклордук этнографиялык ансамблинин артисти;

7. Куренкеева Акбермет Муратбековна – 
Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Кыргыз мамлекеттик «Ак Марал» бий ансамблинин жогорку категориядагы балет артисти;

8. Макеев Садырбек – «Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзу» коомдук бирикмесинин мүчɵсү;

9. Мамбетомуров Дуйшеналы – «Санат» телерадиокомпаниясынын шеф-редактору, кабарчысы;

10. Момуналиев Анарбек Ашымбекович – Кыргыз Республикасынын Т. Садыков атындагы Улуттук сүрөт академиясынын өндүрүштүк графика дизайны кафедрасынын башчысы, «Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзу» коомдук бирикмесинин мүчɵсү;

11. Мураталиев Тилек Тологонович – «Кинохроника» документалдуу фильмдер студиясынын кинорежиссёру, сценаристи, «Кыргызстан кинематографисттер союзу» коомдук бирикмесинин мүчөсү;

12. Мусаева Назгул Беишекеевна – Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын жогорку категориядагы режиссеру;

13. Сабурова Увадат Бороковна – Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Сүлүктү шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы;

14. Сыдыкбекова Гулнара Советбековна – 
Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин музыканты;

15. Торобеков Нурдин Кулпубекович – Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы үн режиссеру;

16. Шаршебаев Азим Чолумканович – обончу,
Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын «Камбаркан» фольклордук этнографиялык ансамблинин артисти;

17. Энкебаева Гульнура Турарбековна – 
Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын Н. Түгелов атындагы мамлекеттик «Ак Марал» бий ансамблинин балет артисти.

НОВОСТИ

Ош – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору иш –чарасына карата аянттагы сүрөт галерея орнотулду.

Подробнее...

Ош – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору. Кандай маданий иш – чаралар өтөт......

Подробнее...

Ош- культурная столица тюркского мира. Какая культурная программа ждет......

Подробнее...

19 апреля 2019 года перед фасадом Государственного Национального русского театра драмы им. Ч.Айтматова состоится церемония открытия горельефа (стелы).

Подробнее...

Кинорежиссер, СССРдин Эл артисти жана дипломат Төлөмүш Океевге арналган “Мезгилдердин чаңы (желеси, көшөгөсү) артынан...” Вернисаж фото көргөзмөсү ачылат.

Подробнее...

Бүгүн 18- апрелде Кыргыз Улуттук “Кабар” маалымат агенттигинде Салттуу музыка жумалыгана" арналган маалымат жыйыны өттү.

Подробнее...

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Баатыры, биринчи даражадагы Манас орденинин ээси, манасчы Жусуп Мамайдын туулган күнү.

Подробнее...

Жаңы спектаклдын премьерасы жана КР эмгек сиңирген артисти Сайрабүбү Мырсалиеванын 60 жылдыгы

Подробнее...

Министерство культуры, информации и туризма КР размещает проект среднесрочной стратегии бюджетных расходов на 2020-2022гг.

Подробнее...

"Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" аттуу эл аралык салтанатына чет өлкөлүк өнөрпоздор келип баштады.

Подробнее...