Маданият министри Ош шаарына болгон иш сапарында Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайында болду.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Ош шаарына болгон иш сапарында Ниязалы Борошов атындагы Музыкалык окуу жайынын эмгек жамааты менен жолугушту.
Жолугушууда аталган окуу жайда болгон өзгөчө кырдаалдын кесепетинен келип чыккан өрттүн чыгышы, музыкалык аспаптардын күйүп кетиши жана учурдагы көйгөйлөр тууралуу талкуу жүргүзүп, аны чечүү жолдорун аныктоо талкууга алынды.
Учурда келип чыккан кырсыкты жана кышка даярдык көрүү маселесин чечүүнү эске алуу менен, убактылуу окуучулардын, мугалимдердин коопсуздугун алдын алуу үчүн Ош шаарынын мэриясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, башка имаратка убактылуу көчүрүү тууралуу сунушун министр Азамат Жаманкулов киргизээрин билдирди.
Жолугушуу эркин форматта өтүп, аталган окуу жайга жетекчи дайындоо, кадр тандоо саясаты, мамлекет тарабынан камкордукка алуу маселелери талкууланды.
Маалымат катары билдирсек, Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайы 1930-жылы курулган. Учурда 200 студентке 10 ийрим боюнча билим берилет.
Кыргыз Республикасынын
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин
Басма сөз кызматы