Маданият министри Султан Жумагулов “Бир кырчоо – бир жол” концепциясынын алкагында Кытай делегациясын кабыл алды.

26.07.2018

Маданият министри Султан Жумагулов “Бир кырчоо – бир жол” концепциясынын алкагында Кытай делегациясын кабыл алды.

         Үстүбүздөгү жылдын 24-июлунда КР Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов “Бир кырчоо – бир жол” концепциясынын алкагында Кытай делегациясын кабыл алды. Аталган концепцияга ылайык Кытай жана Жибек-Жолу боюнда жайгашкан өлкөлөр ортосунда соода-сатык жана маданият чөйрөсүндө тыгыз кызматташуу каралган. Кытай илимдер академиясынын искусство борбору жана Пекин шаарынын “Чжумен Тяньчен” маданий борбору Улуттук инновациялык жана өнүктүрүү стратегиясынын илим изилдөө институту менен өнөктөштүктө “Жибек-Жолу” маданий турун уюштурууда. Кытай делегациясынын биринчи кезекте Кыргызстанга келүүсү күтүлүүдө. Бул турду уюштуруунун негизги максаты болуп Кытай жана Жибек-Жолу өлкөлөрүнүн арасында маданий жана илимий-техникалык алакаларды өнүктүрүү болуп саналат.

      Жогоруда аталган уюмдардын жетекчилери менен жолугушуу учурунда министр С. Жумагулов Кыргызстандын бул долбоорго активдүү катышуусу эки тараптуу кызматташуу үчүн маанилүү экендигин билдирип, мындан ары эки өлкө ортосундагы маданий алакаларды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөөрүн белгиледи. Маданий турду ийгиликтүү уюштуруу максатында Жибек-Жолунун 9 өлкөсү боюнча маршрут иштелип чыккан. Кытай делегациясы аталган маршрутка ылайык маданий жерлер жана жашоо шарттары менен таанышат.

         Жибек-Жолу өлкөлөрүнө Кыргызстан, Азербайжан, Иран, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Грузия, Түндүк Кавказ, Түркмөнстан кирет.

НОВОСТИ

Өлкөдө биринчи жолу мамлекеттик аймактык массалык маалымат каражаттарынын эсепчилери үчүн окуу - семинар өтүп жатат.

Подробнее...

Кыргызская культура и национальное телерадиовещание понесли тяжелую утрату

Подробнее...

Кыргыз маданияты, улуттук теле, радиоберүү тармагы орду толгус оор жоготууга учурады

Подробнее...

«IV Мастер-классы для студентов художественных вузов стран СНГ и Балтии в Кыргызстане»

Подробнее...

Министерство культуры, информации и туризма Кыргызской Республики объявляет конкурс (Регион)

Подробнее...

Министерство культуры, информации и туризма Кыргызской Республики объявляет конкурс (Центральный аппарат)

Подробнее...

Скончалась первая в Кыргызстане женщина-балетмейстер, Народная артистка Кыргызской Республики Мадемилова Кульбубу Чортоновна.

Подробнее...

Кыргыз аялзатынан чыккан туңгуч балетмейстер Кыргыз Республикасынын Эл артисти Күлбүбү Чортоновна Мадемилова 89 жашында дүйнө салды.

Подробнее...

Маданият министрлигинин демилгеси менен Бишкек шаарында XIII Эл аралык “Оймо – 2018” фестивалы өтүп жатат.

Подробнее...

Министр культуры Султан Жумагулов принял официальную делегацию в рамках Концепции «Один пояс - один путь».

Подробнее...