Маданият министрлиги 2018 –жылды кандай аяктап жатат.

24.12.2018

Маданият министрлиги 2018 –жылды кандай аяктап жатат.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 2018 –жылы эл аралык деңгээлдеги бир катар иштерди аткарды. Бул туурасында министр Азамат Жаманкулов “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн пресс- конференцияда билдирди.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндар тууралуу.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – бул Кыргыз Мамлекетинин эл аралык денгээлдеги эң ири долбоору. Көчмөн маданиятын жандандырып, аны сактап калуу максатында 2012-жылы Кыргыз Өкмөтү тарабынан демилгеленген.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын вазыйпасы, этностор жана элдер арасындагы этномаданияттын нускалыгын сактоо менен аны жандандырып, өркөндөтүү, этностор жана элдер арасында толеранттуу мамилени курууга үндөө болуп саналат. “Биз көчмөндөр оюндары аркылуу элеттиги көмүскөдө калган таланттарды көтөрүү, улуттук бай тарыхыбызды, этно маданиятыбызды, тарыхый буюмдарыбызды дүйнө коомчулугуна алып чыгууга шарт түздүк. Андыктан көчмөндөр оюндарынын Кыргызстанда үч ирэт өтүшү менен, көчмөн элинин бай тарыхын, анын каада – салтын жандандырдык”,- деп кошумчалады министр Жаманкулов. 
Өз кезегинде дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дүйнөдөгү этностор бай маданиятын жайылтып, өнүктүрүү менен элдер арасындагы диний, маданий диалогторду чыңдап, этностор аралык маданиятты демонстрациялоо жана алардын ортсунда ынтымакты күчөтүп, бири-бири менен кызматташуу максатын көздөйт.

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы тууралуу.

Биз быйыл Чыңгыз Айтматовдун90 жылдыгын өткөрүү боюнча иштелип чыккан бардык иш –чараларды жогорку деңгээлде аткарды. 
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча чет өлкөлөрдө жазуучубузга арналган 130 ашык иш –чаралар жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Бүгүнкү күндө республикабыздын бардык маданият үйлөрүндө, китепканаларда, музейлерде, билим берүүмекемелеринде Айтматовдун 90 жылдык иш –чаралары уюшкандыкта өткөрүлдү.
Быйыл Кыргызстанда Үчүнчү Эл аралык “Чынгыз Айтматов жана доор чакырктары” Ысык – Көл форуму өтүп, Батыш менен Чыгыш өлкөлөрүнүн өкүлдөрү жалпы адам баласын түйшөлткөн суроолоруна жооп издеди.
Мындан сырткары, Айтматов жана театр“ эл аралык театр фистивалы өтүп,Айтматоавдун чыгармаларындагы каармандар чет өлкөдөн келген театрлардын актерлордун аткаруусунда кыргыз сахналарында жанданды.
Бүгүнкү күндө Айтматовдун 90 жылдыгына арналган даректүү фильмдер өндүрүлдү , китептер басылды, туристтик багыттар иштелип чыкты , республикалык сынактар жарыяланды, сувенирдик эстеликтер даярдалды.
Чет өлкөлөрдө Айтматовдун ысымы менен көчөлөр, скверлер аталды, эстеликтер орнотулду.

Ош шаары 2019- жылы түрк дүйнөсүнүн маданий шаары болду.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Түрксой уюмуна 2019 –жылы Ош шаарын түрк дүйнөсүнун маданий шаар катары кабыл алуу сунушун жөнөткөн. 
Тийиштүү чечим ТҮРКСОЙ мамлекеттеринин маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин 36-жыйынында кабыл алынып, Ош шаары 2019- жылы түрк дүйнөсүнүн маданий шаары катары аталды. 
Бул Кыргызстандын шаары түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болуп жаткан биринчи учур. Буга чейин бул макамга Кастамону (Түркия), Мары (Түркмөнстан), Шеки (Азербайжан) жана Казань (Татарстан) шаарлары ээ болгон.
Мындан сырткары ТҮРКСОЙ буга чейин 2014-жылды Токтогул Сатылгановдун, 2016-жылды Жусуп Баласагындын, 2018-жылды Чыңгыз Айтматовдун жылы деп жарыялаган болчу.
Ош шаарынын 3000 жылдан ашык тарыхы, БУУнун колдоосу менен 3000 жылдык мааракеси эл аралык деңгээлде расмий майрамдалганы, Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун тарыхый-маданий мурастар тизмесине киргени жана башка жагдайлар эске алынып, 2019- жылдан баштап жыл бою ТҮРКСОЙ Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте эл аралык иш-чараларды Ош шаарында уюштурат.

НОВОСТИ

Фархад Бекманбетов назначен генеральным директором Кыргызского Государственного цирка имени А. Изибаева.

Подробнее...

В отношении руководства Кыргызского национального театра оперы и балета будет принята дисциплинарная ответственность.

Подробнее...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  бир катар кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды жана ардактуу наамдарды тапшырды.

Подробнее...

Жумабек Ибраимовдун 75 жылдыгына арналган «Өчпөс ысым» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

Подробнее...

Представлена книжная выставка «Өчпөс ысым», посвященной 75-летию со дня рождения государственного и общественного деятеля Жумабека Ибраимова.

Подробнее...

Юбилейная персональная выставка ДЖЫЛДЫЗБЕКА МОЛДАХМАТОВА

Подробнее...

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылды «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыялады

Подробнее...

Избраны академики Международной Академии Чингиза Айтматова

Подробнее...

Ушла из жизни выдающаяся оперная певица и педагог, народная артистка Кыргызской Республики, лауреат премии Союза молодёжи Киргизской ССР Эсенбю Нурманбетова

Подробнее...

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн балдар адабияты сыйлыктарын изденип алууга ачык сынак жарыялайт.

Подробнее...