Маданият министрлигинин демилгеси менен Бишкек шаарында XIII Эл аралык “Оймо – 2018” фестивалы өтүп жатат.

27.07.2018

Маданият министрлигинин демилгеси менен Бишкек шаарында XIII Эл аралык “Оймо – 2018” фестивалы өтүп жатат.

 

      Маданият министрлигинин демилгеси менен Бишкек шаарында кол өнөрчүлөрдүн XIII Эл аралык “Оймо – 2018” фестивалы өтүп жатат. Фестивалдын негизги максаты Кыргызстандагы кол өнөрчүлөрдүн рыногун өнүктүрүү, улуттук баалуулук болуп саналган оймо мурастарын кайрадан жандандыруу жана Кыргызстанды жана Ысык – Көлдү маданий туризмдин эл аралык аймагы катары жогорку деңгээлге көтөрүү болуп саналат. Фестиваль салт катары Бишкек шаарында башталып, жайкы туризм секторун өнүктүрүү, чет элден келген меймандар үчүн улуттук кол өнөрчүлүктү көрсөтүү, аны алдыга жылдыруу жана кеңири жайылтуу максатында Ысык – Көл облусунун Чолпон – Ата шаарында жыйынтыкталат.

      Бул иш - чарада фестивалга келген коноктордун салтанаттуу жүрүшү жана Кыргызстанга жана Борбор Азияга таанылган дизайнерлер тарабынан мастер - класстар өткөрүлүп, маданий программа менен коштолот. Аталган фестваль Кыргызстанда 2006 – жылда башталып, кол өнөрчүлөрдүн жана уз – чеберлердин колдоосуна ээ болуп, он эки жылдан бери өткөрүлүүдө. Иш - чарага Кыргызстандан жана чет өлкөлөрдөн жүз элүүдөн ашык кол өнөрчүлөр катышып, улуттук колоритте жасалган күнүмдүк турмуш – тиричиликке керектүү буюмдарын ярмаркага алып чыкты. Фестиваль 2018 – жылдын 5 – августуна чейин өткөрүлөт. Иш - чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилигинде көл өнөрчүлөрдү колдоочу CACSARC – kg Борбор –Азия ассоциациясы менен биргеликте өткөрүлүп жатат. Катышуучулар: Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Россия, Индия, Афганистан өлкөлөрү. Иш - чаранын өнөктөштөрү: Кыргызстандын кол өнөрчүлөр кеңеши, «Кийиз дүйнө» коомдук фонду, «Көчмөн цивилизациясы музейи» жана башкалар.

НОВОСТИ

Өлкөдө биринчи жолу мамлекеттик аймактык массалык маалымат каражаттарынын эсепчилери үчүн окуу - семинар өтүп жатат.

Подробнее...

Кыргызская культура и национальное телерадиовещание понесли тяжелую утрату

Подробнее...

Кыргыз маданияты, улуттук теле, радиоберүү тармагы орду толгус оор жоготууга учурады

Подробнее...

«IV Мастер-классы для студентов художественных вузов стран СНГ и Балтии в Кыргызстане»

Подробнее...

Министерство культуры, информации и туризма Кыргызской Республики объявляет конкурс (Регион)

Подробнее...

Министерство культуры, информации и туризма Кыргызской Республики объявляет конкурс (Центральный аппарат)

Подробнее...

Скончалась первая в Кыргызстане женщина-балетмейстер, Народная артистка Кыргызской Республики Мадемилова Кульбубу Чортоновна.

Подробнее...

Кыргыз аялзатынан чыккан туңгуч балетмейстер Кыргыз Республикасынын Эл артисти Күлбүбү Чортоновна Мадемилова 89 жашында дүйнө салды.

Подробнее...

Маданият министрлигинин демилгеси менен Бишкек шаарында XIII Эл аралык “Оймо – 2018” фестивалы өтүп жатат.

Подробнее...

Министр культуры Султан Жумагулов принял официальную делегацию в рамках Концепции «Один пояс - один путь».

Подробнее...