“Өмүрү өрнөк инсан” - Казы Дикамбаев

30.11.2018

2018-жылдын  30-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын фойесинде көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Казы Дикамбаевдин туулган күнүнүн 105 жылдыгына арналган “Өмүрү өрнөк инсан” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

Белгилүү мамлекеттик ишмер Казы Дикамбаев 1913-жылы 1-декабрда Түп районунун Талды-Суу айылында туулган. Ал Караколдогу кыргыз-орус мектебинин 4-классын аяктап, окуусун Бишкекте уланткан.

1937-жылы Ташкент Эл чарба институтун бүтүрүп, эмгек жолун Кыргыз ССР Мамлекеттик пландоо комиссиясында экономист болуп иштеген. Андан кийин Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Советинин төрагасынын орун басары (1940-1941), Кыргыз ССРинин туңгуч Тышкы иштер министри (1944-1948), Кыргыз ССР Эл Комиссарлар Советинин төрагасынын орун басары (1948-1949 жж) КП БКнын Фрунзе обкомунун биринчи катчысы (1951-1958 жж.), Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы, Кыргыз ССР Мамлекеттик пландоо комитетинин төрагасынын орун басары болуп иштеген.

            Мамлекеттик ишмер К.Дикамбаевдин өмүр жолу 16-жылдагы Улуу Үркүндөн, андан кийин орногон Совет бийлигинен тарта үч доордун бардык орчундуу окуяларын өз көзү менен көрүп, күбөсү болгон. Совет мамлекетинин түзүлүшү менен кошо торолуп, анын арымы менен жетилип, ал жооптуу жетекчилик кызматты аркалап, эли-жерине ак кызмат өтөгөн.1961-жылдан 1986-жылга чейин 25 жыл Кыргыз ССР Мамлекеттик пландоо комиссиясынын  төрагасынын орун басары болуп эмгектенген.

Ал СССР Жогорку Советинин (2-3-чакырылышынын) депутаты, 1951-1955-жылдары  Кыргыз ССР Жогорку Советинин(3-чакырылышында) төрагасы болгон. К.Дикамбаевдин эмгеги жогору бааланып, “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген экономисти” деген наам берилип, Эки Ленин, Ата Мекендик согуш, “Эмгек Кызыл Туу” жана I жана  II даражадагы “Манас” ордендери менен сыйланган. Кыргыз Дипломатиялык академиясына  Казы Дикамбаевдин ысмы ыйгарылды.

Китеп көргөзмө К.Дикамбаевдин басып өткөн жолу боюнча материалдар, фотодокументтер ал жөнүндөгү макалалар коюлду.

НОВОСТИ

Фархад Бекманбетов назначен генеральным директором Кыргызского Государственного цирка имени А. Изибаева.

Подробнее...

В отношении руководства Кыргызского национального театра оперы и балета будет принята дисциплинарная ответственность.

Подробнее...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  бир катар кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды жана ардактуу наамдарды тапшырды.

Подробнее...

Жумабек Ибраимовдун 75 жылдыгына арналган «Өчпөс ысым» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.

Подробнее...

Представлена книжная выставка «Өчпөс ысым», посвященной 75-летию со дня рождения государственного и общественного деятеля Жумабека Ибраимова.

Подробнее...

Юбилейная персональная выставка ДЖЫЛДЫЗБЕКА МОЛДАХМАТОВА

Подробнее...

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылды «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыялады

Подробнее...

Избраны академики Международной Академии Чингиза Айтматова

Подробнее...

Ушла из жизни выдающаяся оперная певица и педагог, народная артистка Кыргызской Республики, лауреат премии Союза молодёжи Киргизской ССР Эсенбю Нурманбетова

Подробнее...

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн балдар адабияты сыйлыктарын изденип алууга ачык сынак жарыялайт.

Подробнее...