"ОШ - ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ ТАГДЫРЫНДА" РЕСПУБЛИКАЛЫК ИШ- ЧАРАСЫ ӨТҮҮДӨ

06.11.2018

"ОШ - ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ ТАГДЫРЫНДА" РЕСПУБЛИКАЛЫК ИШ- ЧАРАСЫ ӨТҮҮДӨ

3 –ноябрда ордолуу Ош шаарында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Ош – Айтматовдун тагдырында” аттуу республикалык иш- чара Султан Ибраимов атындагы Ош облустук драма театрында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековдун катышуусу менен өтүп жатат.

Иш – чаранын алкагында Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы персонаждардын жандуу галереясы, айыл чарба жарманкеси, Ош шаары жана Ош облусунун кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөсү жана “Жаныбарым Гулсары” аттуу улуттук ат оюндары өтөт.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбеков Ош шаарында өткөрүлүп жаткан иш- чаранын уюштуруучулары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Ош шаарынын мэриясына терең ыраазычылык билдирди.

“Ч. Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө айтылып жаткан сөздөр бүтпөйт, ал дали алдыда. Өткөндөр өтөт, биз да өтөбүз! Бирок Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы өчпөйт. Жер жүзүндө, дүйнө жүзүндө Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы түбөлүккө жашай берет. Кыргызстандын ар бири жарынана кааларым, дүйнө жүзүн калеми менен багынткан Ч. Айтматовдой жарандар жарала беришине тилектешмин”, - деп кайрылуу жасады Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбеков.
Салтанаттуу иш – чара Ч.Т. Айтматовдун чыгармаларынын негизинде театрлаштырылган үзүндүүлөр жана маданий программа менен коштолууда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулуп жаткан республикалык иш – чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Д. А. Джумабеков, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Чыңгыз Айтматовдун уулу Эльдар Айтматов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлдөрү, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, жергиликтүү мамлекеттик түзүмдөрдүн жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышып жатат.

Кыргыз Республикасынын 
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 
Басма сөз кызматы

НОВОСТИ

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктоосу.

Подробнее...

На 82 году жизни скончалась ветеран кыргызского кино, звукорежиссер Райхан Кабышевна Абдылдаева.

Подробнее...

В мемориальном комплексе «Ата-Бейит» с участием первых лиц страны прошло мероприятие в честь Дня истории и памяти предков

Подробнее...

В Бишкеке с 7 по 16 ноября пройдет Неделя швейной промышленности Kyrgyz Textile & Clothing Week 2018

Подробнее...

"ОШ - ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ ТАГДЫРЫНДА" РЕСПУБЛИКАЛЫК ИШ- ЧАРАСЫ ӨТҮҮДӨ

Подробнее...

Маданият министри Ош шаарына болгон иш сапарында Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайында болду.

Подробнее...

Министр Азамат Жаманкулов Ош шарындагы бир катар маданият мекемелеринин абалы менен таанышты.

Подробнее...

В Бишкеке 14 ноября пройдёт официальный конкурс красоты «Мисс Кыргызстан-2018»

Подробнее...

7 и 8 ноября в Кыргызстане отмечается День истории и памяти предков

Подробнее...

Сахна корифейлерине карата иш - чара өттү

Подробнее...