“Жаңы ысымдар” – үмүт отун жандырды

25.12.2018

“Жаңы ысымдар” – үмүт отун жандырды

17-декабрдан 21-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана Кыргызстан театр ишмерлер союзунун уюштуруусу астында студенттик спектаклдердин IV Республикалык “Жаңы ысымдар” театр фестивалы өткөрүлдү.

Фестивалдын негизги максаты - келечекте театр сахнасынын жылдыздарын алдын ала аныктоо жана жаш таланттардын келечектеги тагдырына алдын ала кам көрүү болуп эсептелет. Театралдык окуу жайларда чынында төрт тарабы төп келген, жан дүйнөсү менен ролун берилип аткарган талантуу жаңы жүздөр чынында өсүп келе жаткандыгы калыстар тобун кайдыгер калтырган жок.

Калыстар тобунун төрагасы Кулмамбетов Жаныш болуп, ал эми мүчөлөрү З.Акылаева, Л.Молдалиева, К.Иманалиев, Т.Сыдыков болду. Калыстар тобунун катчысы Кыял Тажиева. “Жаңы ысымдар” театр фестивалында 4 спектаклден үзүндү жана 11 толук кандуу спектакль коюлду.

Кандай жыйынтык чыгарылды:


1. Гран-При - “Ай төгөрөк, ак чийин” спектакли Кыргыз-Түрк “Манас” университети
2. 1-орун - “Жамийла” спектакли Кыргыз-Түрк Манас университети
3. 2-орун -“Бир кемпир” спектакли. Б.Бейшеналиева атындагы искусство университети. 5-курс.
4. 3-орун - “Уурулар кечеси” спектакли. Б.Бейшеналиева атындагы искусство университети. 4-курс
5. “Эркектин мыкты ролу” номинациясына - “Башат” спектакли –Абакирдин образындагы Айтбек Шаршенов, Нарын медициналык коледжи
6. “Аялзаттын мыкты ролу” номинациясына - “Сур эчкинин осуяты” спектакли - Сур эчкинин ролундагы Мирбек кызы Гүлжамал
7. “Экинчи пландагы эркектин мыкты ролу” номинациясына - “На дне” спектакли – Васька Пепелдин ролундагы Вячеслав Сова “Гала театры”.
8. “Экинчи пландагы аялзаттын мыкты ролу” номинациясына - “Бир кемпир” спектакли – неберенин ролундагы Айдана Кайыпова, Б.Бейшеналиева атындагы искусство университети. 5-курс.
9. “Мыкты режиссура” номинациясына - “Жамийла” спектакли (Кыргыз-Түрк “Манас” университети) – Мехмет Костекчи 
10. “Мыкты дебют” номинациясына - Ош МУ кино академиясы “Наристенин чаңырыгы” спектакли. Режиссеру Тимур Маматкулов. 
11. “Калыстардын атайын сыйлыгы” - “Ай төгөрөк, ак чийин” спектиаклинде Грушенын ролундагы Гүлнур Жалилбекова
12. “Фестивалдын атайын сыйлыгы” – 1.“Майсалбектин каты” үзүндүдө Майсалбектин монологун окуган КРСУнун студенти Валерий Скрипников 
2.“Кайрылып куштар келгенче” чыгармасынан үзүндү.
13. “Поэзияны жаңыча окуу” - Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Жан-дүйнө клубунун “Ата Мекен” поэтикалык спектакли 
14. “Айтматовдун прозасына жаңыча көз караш” - Кыргыз мамлекеттик экономикалык университетинин “Сүйүн-Аят” театр-студиясынын “Саманчынын жолу” спектакли 
15. “Эң мыкты драматургия” номинациясына – 1.Нурзат Тынаалы кызы “Токойдогу той”, 2.Кенжебек уулу Самат “Үмүттүн кыйрашы”
16. “Эң мыкты рецензия” жазгандыгы үчүн 
Камилжан уулу Тимурлан 
Алина Турдумаматова

НОВОСТИ

Ош – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору иш –чарасына карата аянттагы сүрөт галерея орнотулду.

Подробнее...

Ош – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору. Кандай маданий иш – чаралар өтөт......

Подробнее...

Ош- культурная столица тюркского мира. Какая культурная программа ждет......

Подробнее...

19 апреля 2019 года перед фасадом Государственного Национального русского театра драмы им. Ч.Айтматова состоится церемония открытия горельефа (стелы).

Подробнее...

Кинорежиссер, СССРдин Эл артисти жана дипломат Төлөмүш Океевге арналган “Мезгилдердин чаңы (желеси, көшөгөсү) артынан...” Вернисаж фото көргөзмөсү ачылат.

Подробнее...

Бүгүн 18- апрелде Кыргыз Улуттук “Кабар” маалымат агенттигинде Салттуу музыка жумалыгана" арналган маалымат жыйыны өттү.

Подробнее...

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Баатыры, биринчи даражадагы Манас орденинин ээси, манасчы Жусуп Мамайдын туулган күнү.

Подробнее...

Жаңы спектаклдын премьерасы жана КР эмгек сиңирген артисти Сайрабүбү Мырсалиеванын 60 жылдыгы

Подробнее...

Министерство культуры, информации и туризма КР размещает проект среднесрочной стратегии бюджетных расходов на 2020-2022гг.

Подробнее...

"Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" аттуу эл аралык салтанатына чет өлкөлүк өнөрпоздор келип баштады.

Подробнее...