Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын фойесинде көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Жумабек Ибраимовдун 75 жылдыгына арналган «Өчпөс ысым» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.
Ж. Ибраимов Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Жаңы-Алыш айылынан орто мектепти аяктап, Фрунзе заводунда слесарь, андан соң дан комбинатында жумушчу болуп турмуштун чыйыр жолуна түшөт.
1963-жылы Фрунзедеги политехникалык институтка өтүп, 1964–1967-жылдары Советтик Армиянын аба-десанттык аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн. 1972-жылы институтту бүтүрүп, машина куруу технологиясы кафедрасынын ассистенти, окутуучусу болуп иштеп калат, андан кийин заводдо инженер-технолог, технологиялык бюронун начальниги болуп иштейт. 1977-жылы Миң-Куштагы «Оргтехника» заводуна ишке которулуп, конструктордон ишкананын директоруна чейин жолду басып өткөн.
1985-жылы мартта Балыкчы шаардык элдик контролдоо комитетинин төрагасы, 1988-жылы ноябрда КП БКнин партиялык-уюштуруу иштер бөлүмүнүн башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалган.
1991-жылы Чүй обкомунун экинчи катчысы, ошол эле жылдын ноябрь айынан баштап СССР Жогорку Советинин Коопсуздук жана коргоо комитетинин төрагасынын орун басары, андан кийин «Жанар» акционердик коомунун генералдык директору болуп дайындалган.
Жю Ибраимов Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын башчылыгына бекитилген. 1995-жылы январда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы, 1996-жылы мартта Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынындагы КРнын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.
1997-жылдын декабрынан тартып Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фондусунун төрагасы – министри, 1998-жылы декабрдан тартып Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болгон.
Ж. Ибраимов СССР Жогорку Советинин, Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин 2 жолку депутаты болуп шайланган. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген рационализатору наамын алган. Илим жаатында физика-математика илимдеринин кандидаты, доценттик милдетти аткарган.
Көргөзмөгө Ж. Ибраимовдун өмүр жолу, ал жөнүндөгү китептер, гезиттик-журналдык материалдар коюлду.