Breaking News

Кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарынын элементтеринин тизмеги

Кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарынын элементтеринин тизмеги

 

Аталышы

Мүнөздөмө

Түрү

 

  1. 1.     Элдик оозеки  чыгармачылык

 

«Манас» үчилтиги

 

 

«Манас»

 

«Семетей»

 

«Сейтек»

 

«Манас», «Семетей», «Сейтек» эпикалык  үчилтиги кыргыз элинин руху жана  мурасы. Манасчылар эпостун өзөктүү окуяларын сактап, салттуу түрдө кырааты менен айтышат.  «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпикалык  үчилтиги кыргыз элинин энциклопедиясы жана бүтүндөй жашоосу.

“Манас”,

“Семетей”,

 ”Сейтек”

Кенже эпостор

 

Фольклордогу эпикалык түргө кирүүчү ыр формасындагы көлөмдүү чыгармалар. Эпостордо элдин тарыхый турмушу, маданий-социалдык абалы, карым-катнашы, үрп-адаты, келечектен күткөн тилеги кеңири чагылдырылат. Кыргыз эпосторун көлөмүнө, андагы камтылган окуяларга карап шарттуу түрдө эки чоң топко бөлөбүз: улуу (“Манас” үчилтиги) жана кенже эпостор. Ал эми идеясына, окуялардын мүнөзүнө жараша баатырдык жана турмуштук-социалдык деп эки жикке ажыратылат.

«Жаныл Мырза», «Эр Төштүк», «Эр Табылды», «Курманбек», «Кедейкан», «Олжобой менен Кишимжан», “Саринжи, Бөкөй”, “Жаныш-Байыш”, “Кожожаш”, “Сейитбек”, ”Жоодарбешим”, “Эр Солтоной”, “Мендирман”, “Жолойкан” ж.б.

Элдик поэмалар

 Кыргыз элдик фольклорунда поэма жанры кеңири өнүккөн. Элдик поэмалар оозеки түрдө ооздон-оозго өтүп, узак убакыттар бою жашап келген. Алардын баатырдык, социалдык-турмуштук, лирикалык (любовно-лирические) деген түрлөрү бар экени маалым.

“Карагул ботом”, “Кыз Сайкал”, ”Шырдакбек”, “Гүлгаакы”, “Ак Мактым”, “Кулмырза менен Аксаткын”, “Жалайыр жалгыз”, “Ак Мөөр”, “Тайлак баатыр”, “Эр Эшим”, “Нарынбай”, “Мундук, зарлык”, “Кыз

“Дарыйка”, “Ак Бермет”, “Качкан кыз”, ж.б.   

Элдик ырлар

Оозеки формада жаралып, элибиздин коомдук-социалдык жашоо шартына жараша өнүккөн кыргыздын көркөм сөз өнөрүнүн бир үлгүсү. Элдик ырлар кыргыз элинин басып өткөн тарыхын, үрп-адатын жана каада-салтын, осуяттарын, сабактарын, кабар берүүнү, куттуктоону, жоктоолорду, кошокторду, айтыштарды, эмгекке, балдарга арналган ырларды, сүйүү ырларын ж.б. чагылдырган. Бул ырлардын обондору речитативдик формада аткарылган.  Элдик ырлар бир нече түрлөргө бөлүнөт.

 

Элдик ырлар – эмгек ырлары, каада-салт ырлары, сүйүү ырлары (ашыктык, секетбай), балдарга арналган ырлар, санат-насыят ырлары, терме ырлары, дин ырлары, арман ырлары, кошоктор, алкыш, каргыштарды ичине камтыйт.

 

Макал, лакаптар, табышмактар, жаңылмачтар, калптар

Эл өзү жаратып, атадан балага, укумдан-тукумга таратып, жаш муундун акыл эсин өстүрүүдө, көркөм-эстетикалык табитин калыптандырууда кеңири колдонулуп келген эң бай мурастар – макалдар, лакаптар.

Макал, лакаптар -  тарых, турмуш чындыгы, өткөндөрдүн элеси, жашоонун нускасы, адамдардын бири-бирине, айлана чөйрөдөгүлөргө берген сыны, алардын дүйнөгө, жаратылышка, жашоого болгон коз карашы, ой-санаасы, үмүт-тилектери, каада-салты, мүнөздөрү, чыгарган корутундулары.  Табышмак – элдик оозеки чыгармачылыгынын эң байыркы жана өтө кеңири тараган, жаратылыш кубулуштарын, заттар менен түшүнүктөрдү каймана мааниде сыпаттап, жандырмаксыз айтылган кыска поэтикалык чыгарма.

Жаңылмачтар – баланы эрте жашында так жана туура сүйлөөгө үйрөтүүнүн негизги каражаттардын бири болуп саналат. Анын жардамы менен бала так сүйлөөгө, сезимталдыкка, өз алдынча ойлоого, тез реакция кылууга үйрөтөт.

Калптар – адамдын кыялынан бүткөн, акылга сыйбас жок нерсени чындай баян кылган кезде

ыр, айрым учурда кара соз түрүндөгү оозеки адабияттын чакан көркөм үлгүсү.

Макал, лакаптар, табышмактар, жанылмачтар, калптар

Чечендик өнөр

Чечендик өнөр – толугу менен фольклордун талабына жооп берүүчү, кырдаалга ылайык айтылгандыгы, курчтугу, таамайлыгы, маанисинин тереңдиги менен айырмаланган, чечен адамдар тарабынан оозеки айтылган сөздөр. Кыргыз элинде, Көкөтөй, Тилекмат, Акматаалы деген чечендер болгон. Жээренче чечен (уламыш кепте) сыктуу адамдардын сүйлөгөн сөздөрү, иш-аракеттери эл ичинде аңызга, уламышка айланып кеткен. Чечен сөздөр көбүнчө табышмак, суроо-жооп  ирээтинде айтылат, бир чеченди экинчиси жеңүү коюлат. Макалдатып, уйкаштырып, жорго созгө салып сүйлөө – чечендик өнөрдүн негизги бөтөнчөлүгү.  

 

Жомоктор, уламыштар, аңыздар

Элдик оозеки чыгармалардын башка жанрлары сыяктуу эле жомоктордун бардык түрлөрү калктын каада-салтын, салт-санаасын поэтикалык көркөм кыялын, фантазиясын ар түрдүү окуялардын түрмөгүндө чагылдырган кыргыз оозеки чыгармачылыгындагы негизги бир жанр. Анда элибиздин түрдүү доордогу ой-пикири, турмуш абалы, түшүнүгү, дүйнөгө карата болгон көз карашы чагылдырылат.

Уламыштар – улама, аңыз элдик ооеки адабиятта кеңири тараган жанр. Бир топ белгилери жагынан легендаларга өтө жакын турат. Уламыштар тарыхый инсандар, тарыхый окуялар, көрүнүштөр тууралуу, жер-суу аттарынын келип чыгышы жөнүндө тарыхый баяндоого, чындыкка жакыныраак чечмелөөгө басым жасалат. Демек, тарыхый негизи бар окуяларды, турмуш-тиричилик маселелерин көрсөтөт. Уламыш өткөн окуянын же бир фактынын болгон себептерин ачат, түшүндүрөт.

Жомоктор: 1. Айбанаттар жөнүндөгү жомоктор; 2. Кереметтүү жомоктор; 3. Турмуштук жомоктор; 4. Анекдоттук, сатиралык жомоктор

 

Айтыш өнөрү

Айтыш - кыйла мезгилди кучагына алган, бизге белгисиз замандардан бери карай жашап келе жаткан жана эл арасында кеңири тараган жанр. Айтыш эки же андан көп адамдын катышуусу менен аткарылат. Мына ушундан эле эки кишинин бетме-бет чыкканын, бири-бирин жеңүү үчүн сынашканын байкайбыз. Айтыштын өзү негизи чечендикти сыноого байланыштуу чыккан.

Айтыш өнөрү дегенде чечендикти, сөз  тапкычтыкты, акыл-эстүүлүктү, көрөгөчтүктү, билгичтикти жана искусствого таандык ар кандай өнөрдү чеберчиликте жөндөмдүүлүк менен менен аткара билгенди түшүнөбүз.

 

Төкмөчүлүк өнөр

Алдын ала даярдыксыз ар кандай көрүнүштөр жөнүндө оозеки ырдоо өнөрү. Төкмөчүлүк кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгынын бүткүл улуу мурасын жараткан. Бул өнөр ырчынын турмушту аңдап билүүсүнүн терендиги, ой жүгүртүү чабытынын, сөз байлыгынын ченемсиз кеңдиги, рухий толкундоосунун бийиктиги менен тыгыз байланыштуу болгондо гана кеңири  белгилүү чыгармалар жаралган. Көп төкмөлөр комуздун коштоосу менен ырдаса, айрымдары комуз жок эле ырдашкан.   

 

 

  1. 2.     ЭЛДИК КААДА-САЛТТАР, ЫРЫМ ЖӨРӨЛГӨЛӨР

 

Үй бүлөлүк  каада-салттар 

Кыргыз элинин каада-салттары, үрп-адат, ырым-жырымдары кылымдан кылымга, укумдан тукумга уланып, сакталып келе жаткан улуттук маданияттын бир бөлүгү. Ата-бабабыздан калган улуттук салт-санаалар келечек муундарды татыктуу тарбиялоодогу эң негизги булак катары кызмат кылып, чыныгы инсандын ар тараптуу калыптанышына  зор таасирин тийгизет. Адам баласын жарык дүйнөгө келгенден баштап, өмүрүнүн акырына чейин түрдүү салт-санаалар, ырым-жырымдар коштоп жүрөт. Адам үчүн таанып билүүчүлүк, таалим-тарбиялык мааниге ээ каада-салттар элдин, улуттун, дегеле адам баласынын көп жылдык тарых-тажрыйбасынын негизинде калыптанат. Кыргыз баласын коштоп жүргөн элдик каада-салттар белгилүү этаптардан турат.

 

Баланын төрөлүшү жана ага байланыштуу салттык жөрөлгөлөр

Баланын төрөлүшү, баланы оозантуу, сүйүнчүлөө, көрүндүк, жентек, бешикке салуу, кыркын чыгаруу, баланын чачын алдыруу, тушоо кесүү, сүннөткө отургузуу, баланы атка мингизүү, энчилөө, энчи берүү, мүчөл жаш жылдар, түлөө өткөрүү

Үйлөнүү үлпөтү жана ага байланыштуу салттык жөрөлгөлөр

Куда, бел куда, бешик куда, кайчы куда, сөөк куда, жуучу түшүрүү, сөйкө салуу, күйөөлөө, кыз оюну, куржун сөгүү, жан быштык, сүт акы, нике кыйуу, отко киргизүү, түлөө өткөрүү

Сөөк коюу салты (көзү өткөндөрдү жашыруу, ашын өткөрүү ж.б. ырым-жырымдар)

сөөк коюу ырым-жырымдары – өлгөндүгү тууралуу кабар берүү – “кабар айтуу”, угузуу, аза киймин кийүү – “кара кийүү”,  ыйлоо – “өкүрүү”, конокторду тосуу жана жайгаштыруу – “конок алуу”,  өлгөндү жуу – “сөөк жуу”, өлгөндү кепинге ороо – “кепиндөө”, өлгөндү узатуу – “узатуу”, өлгөнгө куран окуу – “жаназа окуу”,  «сөөктү койуу», «топурак салуу», аш берүү, жесирдин карасын алуу

 

Календардык ырым-жырымдар

Нооруз -жаңырган жылды тосуу майрамы. Жазды тосуп келечек түшүмгө кам көрүү, тилек тилөө.

Элдердин жашоосуна жаңы нерселердин келишин, алардын бактылуу жана бейпил жыл болоорунан үмүттөнүү. Элдер жаздын башталышын, жаратылыштын ойгонуусун майрамдашат.   

 

Түшүм майрамы эгин бастыруу менен байланышкан жана мифтик каармандарга – Бабадыйканга (жердин пири) арналган, ошондой эле салттуу сыйкырдуу буйруулар менен касиеттелген каада-салтка, ага байланышкан бардык колдонулуучу ырым-жырымдар менен Кадыр-акеге – кененчиликти, ийгиликти тартуулоочу, жакшылык ыроолочу жана боорукер элдердин,  иштермандардын жана жолоочулардын колдоочусуна арналган.

 

Майрам мусулмандардын айга байланышкан календары боюнча рамазан айынын 10нунда башталат.

Курман айтта ар бир мусулман пендеси, Мухаммад илимин жактоочулукту символдоштурган,   курмандыкка чалынган малдын этинен жасалган тамактан ооз тийиши керек. Майрам күнү жана андан кийинки 3-4 күн кыргыздар конокторду сыйлоо үчүн салттуу даамдарды бышырышат, конокко, туугандарыныкына барышат, аларга белектерди тартуулашат.    

Нооруз,  Чеч Кор, Жер Суу таюу, Орозо айт, Курман айт, тулоо откоруу.

 

  1. 3.     ЭЛДИК ОЮНДАР ЖАНА КӨҢҮЛ  АЧУУ

 

Ат оюндары

Узун аралыкта ат чабыш – кыргыз элдик спорттун эң жакшы көргөн жана негизги түрү.

Кыз куумай – мурда үйлөнүү үлпөтүнүн каадасы болгон жаштардын белгилүү оюну. Бул – кызга жетип, аны бир өбүүгө жетишип калуу максаты менен кыз менен жигит, алардын курбулары катышкан ат чабыш.

Атчандардын союлган эчкинин этин талашуусу. “Көк бөрү” деген “көк карышкыр” дегенди билдирет. Оюн, үйүр-үйүр малдар кышы жана жайы ачык асманда оттогондуктан, карышкырлар малга тез-тезден кол салып, көп кырсыктарды алып келген убактарда пайда болгон. 

 

Кок бору,

Ат чабыш,

Жорго салыш,

Кыз куумай,

Кунан чабыш,

Тыйын энмей,

Эр эниш,

Оодарыш,

Жамбы атмай

Чүкө оюндары

Катышуучулар диаметри 3-5 см. келген тегерек чийип алат. Ортосуна чүкөлөрдү жайгаштырат. Саканы атуу менен оюндун кезегин аныкталат. 1 м. аралыкта тегеректин эки жагынан атуучу сызык сызылат. Эгерде биринчи жолу атканда чүкө оңунан түшүп сызыктан уруп түшүрүлсө, анда калган атуулар тегеректин сызыгынан баштап атылат. Эгерде атканда жакшы тийбесе, оюндун жүрүшү кийинки оюнчуга өтөт. Ким көп чүкө атып алса, ошол жеңүүчү болот.

Бул чүкөлөр менен ойноочу илгерки оюн. Бул оюнду чоњ той, аштарда ойношкон, айыл-айыл же уруу-уруу болуп мелдештерди да уюштурушкан. Оюнду өткөрүү тууралуу алдын ала сүйлөшүп алышкан: кайсы жерде өткөрүлөт, канча катышуучу, кандай сыйлыктар болот. Оюнчулардын саны ар бир топто 25 кишиден болуп 50гө чейин жеткен.

Оюнга 2 калыс (ар бир топтон бирден) жана чүкөлөрдү чогултуучунун милдетин аткарган 3 киши   калыстык кылган.  Оюн  3 же андан көп күн узарып кете берген. Түз жерге тегерек чийилип алынат. Тегеректин борборунан бир жак бетинин аралыгы 35 таманды түзсө, экинчи жак да ошончо болгон.

Тегеректин борбору – ордодо чакан чуңкур казып алып ага күмүштөн, жезден же сөөктөн жасалган тыйынды – ханды салышкан. Аны тегерете ар бир катышуучуга 5тен чүкө, бого жактан 249 чүкө коюп чыгышкан. Кимдин чүкөсү айкүр турса, ошол биринчи баштаган. Эгерде оюнчу атканда чүкөсү оңунан түшүп тегеректен чыкса, анда ал оюнду андан ары улантат. Калыстар аралыктарын ченеп чыгышат. Дасыккан оюнчу 20-30 чейин чүкө утуп ала алат. Ордодо төмөнкүдөй оюнчулар бар: кадамачы – сызыкка согончогун коюп туруп, кичине бүгүлүп чүкө атуучу,  торукмачы – сол бутун сызыкка коюп, сол жакка атуучу, атмакчы – ордо бузучу – туруп атуучу жана чертмекчи – отуруп алып тизеден атуучу оюнчулар. Бир күндө 5ке чейин оюндарды өткөрөт. Азыркы убакта ордо спорттун улуттук түрү болуп эсептелет. 1952-жылдан баштап спорттун улуттук түрүнүн программасына жана Жалпы республикалык жиктөө тизмесине киргизилген. Республикалык биринчиликтер өткөрүлүп турат. 

Койдун чүкөлөрү менен ойнолуучу оюндар. Оюндун маңызы – ар бир топ (экөө болот) ордону бузуп, ханды жан жөөкөрлөрү менен алып кете алуусунда турат.

 

 

 

 

 

 

 

Ордо,

Упай,

Кан таламай,

Чуко атмай,

Окчомой,

Канымдат,

 

Мелдештер

Жорголорду спорттук узун аралыктарга чабуу.

Бүркүт же шумкар менен карышкырлар менен түлкүлөргө, коёндор менен кыргоолдорго ањ уулоо – спорттун салттуу улуттук түрү.

Бул оюнда эки атчан бир бирин аттан оодарып түшүүгө аракет жасашат. 

Ат чаап баратып жаадан жебени атуу. Бүгүнкү күндө узун жипти байлап, ага кандайдыр бир темирдин уюткусун илип алып курал менен атышат.

Күчтүүлөр күрөшү. Кыргыздын балабандар мелдешинин өзгөчөлүгү – бардык күрөштөр күрөштөрдү чечмелеп түшүндүрүп, күрөшүүчүлөрдүн күчүн, кайраттуулугун даңазалаган комузчулардын коштоосунда.

Баатырлардын найза менен салгылашуусу. Оюндун мањызы болуп атчандардын талаага чыгып, атты катуу чаап бара жаткан боюнча найзанын өтпөгөн учу менен теңтайлашуучуну ээрден алып түшүү саналат.

Тыйынды жерден алуу. Бул оюндун мааниси атчан атты катуу чаап бара жаткан боюнча жерде жаткан тыйынды илип кетүүсүндө камтылган.

Күрөш,

Аркан тартмай,

Оодарыш,

Эңиш,

 

 

Көңүл ачуу оюндары

Бул оюндун илгерки аталышы “Эл чабар” деп аталат. Кыргыздардын илгертеден кабар берүү жолу бар болгон. Анда чабарман (кабар таркатуучу) айылдан айылга ат менен чаап элге кабар таркаткан. Бул 10 жана андан да көбүрөөк балдардан турган топтук оюн. 

Оюндун катышуучулары 20-30 метрдеги аралыкта  кол кармашып бир катарга тизилип алышат да «Ак терек – көк терек – бизден сизге ким керек» деп чоогуу кыйкырып айтышат. Тандалып алынган оюнчу өзүнө чынжырды үзүп салууну максат коюп  тырышып карама каршы тарапка чуркайт. 

Үстөлдө ойнолуучу интеллектуалдык оюн. Шахмат тактайына окшогон тактайча сызылып алынат. 9 даанадан эки башка түскө боёлгон 8 топчо алынат. Оюндун максаты болуп тегеректин ортосундагы дабан деп аталган төртбурчтукту басып алуу саналат.

Оюндун катышуучулары эки топко бөлүнөт.  50х100 метр өлчөмүндөгү аянтчанын эки жак башына мара – сызыкчалар белгиленет. Чучукулак боюнча аянтчадан орун ала турган уруучу топ дайындалат. Топ берүүчү тандалып алынат. Топту малдын жүнүнөн тоголоктоп жасап алышат. Андан кийин топ уруучулардын кезектешүүсү такталып алынат. Топту уруучу оюнчу марага чыгып, колуна бир метрлик узундуктагы таякты алып жогору карай ыргытылган топту урат. Мүмкүн болушунча катуу ургандан кийин ал карама-каршы марага чейин жүгүрүп жетиши керек. Андан кийин оюнчулар алмаштырылат.  

Бул көңүл ачуучу оюндар салтанаттар учурунда же жөн эле бош убактыларда өткөрүлчү. Чакан үстөл орнотулуп, үстөлдүн үстүнө шарнир менен бекитилген тик турган таякчага буту жана башы … жыгачтан оюп алынган улактын келбети орнотулган.

Ак терек- көк терек,

Жашынмак,

Ак чөлмөк,

Жоолук таштамай,

Дүмпүлдөк,

Беш таш, Шакек (томук) жашырмай,

Токту сурамай,

Көз таңмай

 

Акыл оюндары

Бул түндө ойнолуучу оюндардын бири. Бул оюнда айлуу жарык түндө оюнду алып баруучу белгисиз тарапка ыргыткан ак жоолукту же ак таякчаны издеп табуу керек.

Тогуз коргоол (тогуз кумалак),

Ордо.

 

 

  1. 4.     ЭЛДИК МУЗЫКА ЖАНА АТКАРУУЧУЛУК ӨНӨР

 

Күү

Кыргыз эли өзүнүн башынан өткөргөн жашоо-турмушун, кайгы-кубанычын жана өткөн жолун жазмасыз эле оозеки түрүндө, музыкалык аспаптар­дын коштоосунда, муундан-муунга өткөрүп баяндап келе жатат. Чоор, сурнай, керней, добулбас сыяктуу музыкалык аспаптарды тээ байыркы замандан бери эле пайдаланылып келсе, кийин комуздун добушу менен бүткүл жашоо тиричилигин, жан дүйнөсүн музыкага айлантып, айлана-чөйрөнүн кооздугу менен жаратылыштын сулуулугун көркөмдөп, да­лай дастандарды жаратты. Эпостордун жаралы­шын, каада-салт менен үрп-адатты, жүрүм-турумду сүрөттөгөн насаат ырлары, сүйүү менен сезимди даңазалаган лирикалык ырлар, бүткөн бойго бүлүк салып, жүрөк титиреткен күүлөр кыргыз элинин му­зыкага шыктуу эл экендигин ырастап отурат.

Комуз, кыл кыяк музыкасындагы эң байыркы жанрларынын бири – эпостук күүлөр. Булардын чыгышына дастандардын элге кеңири белгилүү обондору, кызыктуу окуялары соолбос булак катары кызмат кылат. Залкар комузчулар, кыл кыякчылар “Манасты” жана кенже дастандарды терең берилүү, өткөрө эргүү менен угушкан. Ошону менен алардын обондорун иштеп чыгып, классикалык күүлөргө салышкан.

Комуз күүлөрү (“Камбаркан”, “Ботой”, “Кара өзгөй” ж.б.)

Чоор  күүлөрү (“Ак куу”, “Улардын учушу”, “Эки күү”, “Чоор күү” ж.б.)

Темир комуз күүлөрү (“Күйгөн”, “Секетпай”, “Күңөтай”, “Кыздын арманы”, “Эсте секет” ж.б.)

Жыгач ооз комуз күүлөрү (“Жайлоодо”, “Күкүк”, “Боз үйдө”, “Кыз куумай” ж.б.)

Кыл кыяк күүлөрү (“Ураан”, “Кайра качпа”, “Байге”, “Топ жылкы” ж.б.)

Сурнай күүлөрү (“Кер өзөн”, “Жайкама”, “Кербен күү”, “Сурнай күү” ж.б.)

Ырчылык

 

Ырчы – калың калктын жан шериги. Ал ар кыл теманы да элден алып, элге берген. Ырчылардын негизги чыгармачылыгында өз калкынын басып өткөн жолу, жашап жаткан доорундагы күндөлүк турмушу, эл-жерди сүйүүсү, кайгы-капасы, эрдиги, өкүнүчү, кубанычы, келечекке үмүттөнүүсү, эркиндикке, теңдикке умтулуусу, тарыхы баяндалган. Ырчылар калк арасында өзгөчө урмат, айрыкча сүймончүлүк менен кадырланган жана артыкча бааланган. Ушундан улам алардын ысымдары угуучулардын арасында ооздон-оозго көчүп, уламышка айланган. Ал эми чыгармалары кийинки муундар тарабынан атадан калган керээздей, энеден калган мурастай урмат менен аткарылган. Ал эми 13-14-кылымдагы айтылуу ырчылар Кет Бука, Жээренче чечен, Токтогул ырчынын ысымдары эл ичинде уламышка айланган.

Асан Кайгы, Кет Бука, Жээренче Чечен, Токтогул ырчы, Арстанбек Чоңду, Айтике, Чөжө, Эсенаман, Балык, Найманбай, Калмырза, Жеңижок, Эшмамбет, Тоголок Молдо, Токтогул Сатылганов, Барпы Алыкулов, Калык Акиев ж.б.

Аспаптык музыка

Кыргыз музыка маданиятынын эң байыркы эсте­ликтеринин бири – аспаптар. Алар: үйлөмө чоор, сурнай, сыбызгы, керней (бир түрү – мүйүз керней), жезнай, чымылдак; урма добулбас, доол, дап, добул, нагыра, чилдирман, кабак, кылдуу чертме комуз, тартма кылдуу кыл кыяк, наама, тилдүү какма темир комуз жана анын бир түрү жыгач ооз комуз. Булардан башка да дилдирек, аса-муса, шалдырак, аса таяк, коңгуроо, жылаажын, жекесан, зуулдак, жалбырак, чыңырткы, бапылдак, ышкырык, чымылдак ж.б. му­зыкалык аспаптар болгон. Аталган аспаптардын бар­дыгы эле элдик музыканын өнүгүшү үчүн бирдей даражада байытуучу мааниге ээ болгон эмес. Ант­кени алардын көркөм сүрөттөө мүмкүнчүлүктөрү да ар кандай болгон. Көптөгөн кылымдар бою айрым музыкалык аспаптардын таралыш масштабы да, тагдыры да өзгөрүп турган. Өткөндө алар тиричи­ликтин ажырагыс бөлүгү болуп келсе, ал эми кий­инчерээк сейректеп же болбосо такыр пайланауудан чыгып калган. Жогоруда белгилеп кеткендей, ар кан­дай доорлордо жашаган элдик эпостордо, уламыш­тарда, орто кылымдын музыка иликтөөчүлөрүнүн илимий эмгектеринде, саякатчылардын макалала­рында элдик музыкалык аспаптарыбыз жөнүндө ба­алуу маалыматтар жолугат. Аспаптарда аткарылган чыгармалар элибиздин жашоо-тумуштары менен тыгыз байланыштуу. Аспаптын жасалышы, чыгар­манын ойнолушу сөзсүз калкка таандык улуттук белгилерди, мүнөздөрдү чагылдырат. Мис., кыргыз элинин музыкалык аспаптарынын көпчүлүгүнүн до­буштары жай, назик келип, чакан чөйрөгө, боз үйдө отуруп угууга ылайыкталган, о. эле аспаптардын жа­салышы, ага пайдаланылган материал да күндөлүк жашоо-турмушубуз менен үндөшкөн.

Кыргыз эли эзелтен колдонуп, пайдаланып кел­ген музыкалык аспаптар, анын турмуш-тиричилиги, салт-санаасы менен тыгыз байланышта болгону жал­пыга белгилүү. Ал аспаптардын сырткы түзүлүшүнө, жалпы көрүнүштөрүнө элибиздин социалдык, чар­балык карым-катышы, улуттук бөтөнчөлүгү, эстети­калык, философиялык көз карашы, көркөм өнөрдү баалай билүүсү өз таасирин тийгизбей койгон эмес. Ошондуктан аспап (анын түзүлүшү, техникалык- акустикалык өзгөчөлүгү, күндөлүк турмушта кол­донулушу) өткөн замандын оозеки салттагы музы­касына баа берүүдө, анын тарыхый өзгөчөлүктөрүн туура түшүндүрүүдө бөтөнчө мааниге ээ. Себеби аспаптын өзү же анын калдыктары (археологиялык эстеликтерде, сүрөт-чиймелерде, кол жазмаларда, эскерүүлөрдө болсун) көптөгөн кылымдар бою жа­шап келе жаткан оозеки салттагы элдик музыканын колго кармалчу, көзгө көрүнгөн бирден-бир күбөсү.

 

Салттуу кыргыз музыкалык аспаптарын шарт­туу түрдө төрт топко бөлүүгө болот:

1. Кылдуу аспаптар (комуз, кыл кыяк)

2. Үйлөмө аспаптар (чоор, чопо чоор, сыбызгы, сурнай, керней)

3. Урма аспаптар (добулбас, доол)

4. Какма аспаптар (ооз комуз, жыгач ооз комуз)

 

Айтыш

Айтыш- Кыргыз элинин оозеки элдик чыгармачылыгынын жанры. Анын негизин поэзиянын  оозеки импровизациясы  “төкмө” түзөт жана ал кыргыз фольклорунун ядросу болуп эсептелет. Элдик импровизатор-акындардын чыгармачылыгы кыргыздардын вокалдык музыкасынын  өзгөчө пластына кирет.

Алымсабак, чечендик айтыш, акыйнек, жөө сыноо, табышмак, кайнама, суроо-жооп, уламыш-айтыш.

 

  1. 5.     САЛТТУУ БИЛИМДЕР

 

Элдик медицинага байланыштуу билимдер

 

 

Кыргыздардын ишенимдери боюнча ата-бабанын арбактары  тируулорду дайыма жамандыктан, кырсыктан колдоп журушот. 

Сымбаттоо (косметология),

 

Мал дарыгерлик

 

 

Астрономиялык билимдер

Тенир атага сыйынуу (кыргыздардын руханий диний системасы). Жайчылык. 

 

Тамак-аш билимдер

Жаратылыштын кубулуштарына сыйынуу: отко, булактарга, дарактарга, таштарга, жаныбарларга.

 

Жаратылышка байланыштуу билимдер  

Киндик эне, эмчи, домчу, канчы, бубу, бакшы, айтымчы, корогоч, тамырчы, сыныкчы, укалоочу, дарымчы (чоп), куучу, таш толгочу (41 таш), далычы, кузгучу, дубана, буркучу, сунотчу.

 

Сыныкчы, саяпкер

 

 

Санжыра

Кыргыз элинин пайда болушу (этногенез) жонундо ооз эки элдик маалыматтар.

 

Жаныбарларды таптоодогуу билимдер(ветеринария)

 

 

Малчылык

Мал багуу технологиясы (багуу, семиртуу), жайыт тандоо,

 

“Устат-шакирт” – салттык онордун турлорун муундан муунга откоруп беруу жана таркатуу ыкмалары

Виды: узчулук жана устачылык, музыкалык онордун турлору

 

Салттуу тиричилигине байланыштуу билимдер же жаматтын чогуу жашоосунун билимдери жана усулдарынын сакталышы

Ашар, курултай, достошуу, аскердик тутум, аксакалдар кенеши,

 

Каада-укуктук билимдери

 

 

 

 

 

  1. 6.     Улуттук оймо чиймелер

Оймо-чиймелер

Оймо-чиймелер улуттук кийим-кечелерден тартып, кол өнөрчүлүктүн дээрлик баардык түрүндө кеңири колдонулат.Эзелтен эл ичинен чыккан мыкты чеберлер, айтылуу уздар, зергерлер өздөрүнүн учкул кыялдарын, терең ой чабытын, үмүт тилегин, ата журтунун ажайып кооздугун түмөн-түркүн оюуларга айландырып келишкен. Ал оюм-чийимдер канчалаган кылымдарды карытып, ар кандай өзгөрүүлөргө дуушар болуп, өнүгүп-өсүп отуруп биздин күнгө чейин жетти. Канчалары мезгил сынына туруштук бере албай унутта калды. Чындыгында эле, байыркы кыргыз эли сайма, көчөттөгү оюм-чийим белгилеринин жардамында түрдүү маалыматтарды туюндуруп келишкен. Мындай оюм-чийимдер, символдор элдин бай маданиятынан, көөнө дүйнө таанымынан, мифологиялык ой-жорумдарынан кабар берип турат. Байыркы ата-бабаларыбыздын жогоруда айтылган оймо-чиймелердин жардамында эмнени туюндургусу келгенин, эмне деген маалыматтарды кабарлагысы келгендигин мына ушул белгилердин негизинде биле алабыз. Себеби, буюмга түшүрүлгөн оюм-чийимдер жөн гана кооздук үчүн жаратылган белгилер эмес, аларды символдор, маалыматтардын топтому деп кабыл алууга болот.

Кыргыз элинин улуттук оюм-чийимдеринин эң түпкү үлгүлөрүн – байыркы кол өнөрчүлүккө байланышкан буюмдардын беттеринен көрө алабыз. Аларга ала кийиз, шырдак, туш кийиз жасаган уздар, саймачылар, оймочулар жана катуу буюмдарга кооздук келтирген кара уста (темирчи), зергерчи (күмүш уста), ат жабдыктарынын чебери (өрүмчү, кайыкчы), жыгаччы (ээрчи, түндүкчү, уук-кереге матоочу) тери (көн, шири) буюмдарынын чебери кирет. Аземдүү жыгач буюмдарга: түндүк, кереге, уук, каалга, бакан, үкөк, бешик, чыгырык, серүү (жагдан), жүк такта, ээр ж.б. оюмдар түшүрүлгөн.

Кыргыз кол өнөрчүлүгүндө кездешкен оюм-чийимдер элдик көркөм өнөрдүн эң байыркы түрү болуп саналат. Ал бир гана кыргыз элинин эле эмес байыркы көөнө түрк элдеринин улуу маданиятын сактап калган белгилердин бири. Себеби, элдик кол өнөрчүлүктүн түрлөрүнүн ичинен эң эле байыркысы да саймачылык, зергерчилик, узчулук болуп саналат. Дүйнө элдеринин бардыгында эле маданий  мурас катары учуроочу оюм-чийим өнөрү ар бир элдердин жеке өзгөчөлүгүнө жараша өнүгүп-өсөт. Бекерден, оюм-чийимдерди изилдеген белгилүү окумуштуу академик Б.А.Рыбаков оюм-чийимдерди – маданияттын белгилүү бир коду, маалыматы деп эсептебесе керек. Ал анын түпкү маанисин, семантикасын изилдөөгө чакырат. Анын ою боюнча, оюм-чийимдер жөн эле кооздук үчүн жаратылган жеңил-желпи сүрөттөр эмес, анда ошол элдин миңдеген жылдар бою калыптанган дүйнө таанымы, көз караштарынын өзөктөрү жатат. Демек, алгачкы оюм-чийимдердин функциясы бир гана эстетикалык ырахат тартуулоо менен чектелген эмес. Анда, ар кыл маалыматтар, мифологиялык түшүнүктөр камтылган.

Таш бетиндеги сүрөт жазмаларыбыз өткөн тарыхыбызды, басып өткөн жолубузду кандай чагылдыра алса, оюм-чийимдердин туюндурган мааниси да, аткарган кызматы да ошончолук терең. Мындан оюм-чийимдердин жаралуу башаты таш бетиндеги сүрөт жазмаларга барып такаларын билсек болот. Таш бетиндеги сүрөт жазмаларыыбызда даанышмандыктын, акылмандыктын символу катары тоо текени, аркарды эсептеп келишкен. Ушул эле белги кол өнөрчүлүктөгү оюм-чийимдерде да кеңири орун алат.

 

 

 

  1. 7.     САЛТУУ КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮК

 

Боз үйүн жасоонун салттуу билимдери жана ыкмалары (Боз үй)

Боз үй- көчмөн жана жарым көчмөн кыргыздардын салттуу турак-жайы болгон. Көптөгөн кылымдар бою пайдаланылып келе жаткан бул турак-жай улам жакшыртылып келген. Боз үй ылдам тигилет жана чечилет, ташууга жеңил жана ыңгайлуу. Бир жерден экинчи жерге көчкөндө анын жыгач конструкциялары (ууктары, керегелери жана босого-таяк, эшиктери), кийиздери (үзүктөрү жана туурдуктары), чийлери төөлөргө, аттарга, өгүз жана топоздорго жүктөлгөн. Боз үй жыгачтан (талдан) жана кийизден жасалып, формасы тегерек болот. Функционалдык  жактан боз үй аял жагы-эпчи жак жана эркек жагы-эр жак болуп экиге бөлүнөт. Боз үй сырт жагынан ак кийизден жасалган, атайын үзүк жна туурдук менен жабылат. Алар жазы боолор менен бир канча жеринен бастырылып бекитилет, ич жагы чырмалган чий, килемдер, саймалар менен жасалгаланып, ат жана аскер жабдыктары илинет.

 

Ак өргөө, Ак ордо, Конок үй, Кураштырма үй, Жолум үй, Тул салган үй, Ашкана, Жылкычылардын үйү, Кара үй, Тегирмек

Кийизчилик

Элдик кол өнөрчүлүктүн өнүккөн бир түрү кийиз буюмдары менен тыгыз байланыштуу. Мал чарбачылыкка көбүрөөк ыктаган көп кылымдык көчмөндүк турмушунда кыргыз кыз-келиндери кийизге байланыштуу кол өнөрчүлүктү чеберчиликтин бийик деңгээлине чейин көтөрө алышкан. Кийизди чебер пайдалануунун натыйжасында кыргыз уздары оюу чиймелерге бай ала кийиз, шырдак, жабык баш, аяк кап өңдүү буюмдарды урунуп келишкен. Уздар жана зергерлер өзүн курчап турган жаратылышты, өсүмдүктөр дүйнөсүн, айбанаттарды жана көчмөндүү турмушту көркөм оюмда чагылдырышкан. Доорлордун мезгил сынынан өтүп, журтчулукка кеңири тараган оюм-чийиминин негизги түрлөрүнө: “Мүйүз (“сыңар мүйүз”, “кош мүйүз”, “кочкор мүйүз”, “бугу мүйүз”, “кулжа мүйүз”,) “жагалмай канат”, “жүрөкчө”, “бармак боочу”, “бычак учу”, “карга тырмак” жана “кыял”, “ит куйрук”, “бадам” өңдүүлөр кирген. Кийиз жасоо үчүн чеберлер кылчыктуу кузгү жүндү тандашат. Уютулуучу жүн кыска болушу зарыл. Узунун кырчып-кырчып кыскартат. Талпакта аябай сабалган жүндү чийдин үстүнө  белгилүү өлчөмдөгү калыңдыкта тарамдап жаят. Кайнак сууну текши сээп таштап, чий менен орой турат. Дагы кайнак сууну текши сээп, аркан-жип менен аябай чырмап таңат да, бир топ адам тепкилейт. Чийдин арасынан жүн үксүйүп чыга баштаганда гана кийизди тепкилөөнү токтотуу керек. Демек, кирген кийизди чийден алып, ага кайрадан ысык суу сээп, үч-төрт адам катар чөгөлөй отуруп, кайта-кайта имере тоголоктоп билектейт. Кийизди колдо ийлеп, ийине келтирүү “кийиз басуу” деп аталат.

Кийиз, Ала кийиз, Шырдак, боз уйдун кийиз тетиктери, жип- шуу,  (шоона, жээк, аркан эшуу,  боо-чуу ).

Чырмакчылык

Ак чийди бирден талдап, ага ар кандай кооз оюм түрлөрүн кештелөөчү ыкманы “чырмак” дешип, андай өнөргө аттанп түшкөн уздарды журтчулук “чырмакчы” аташкан. Демек , чий затынын көркөмдүк ыроологон түрүн “чырмакчылык” дейбиз.

Чырмак деле негизинен эзелтен берки элдик мүнөзгө эгедер, төтөн, кийизчиликте колдонулуп келинген оюмдун түрлөрү түшөт. Бирок, оюм чийге сындрылып түшүрүлөт . Андайларга: “кош мүйүз”, “кочкор мүйүз”, “сыңар мүйүз”, “туура мүйүз”, “каркыра”, “куш канат”, “жагалмай”, “тогуз төбө”, “кырк шак”, “табак оюм”, “бадам”, ошондой эле “кереге көз”, “ала мойнок”, “комуз тили”, “килем көчөт”, “сайма көчөт” жана башкалар түшөт.

 

Канат чий, ашкана чий (чыгдан), эшик чий, чыны кап ж.б.

Өрмөкчүлүк

Өрмөк согуу (өрмөкчүлүк) – элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Кыргыздын  көркөм  кол  өнөрчүлүгүндө чыйратылган жиптен таар буюмун жасоо “өрмөк согуу” деп аталат. Согулган таардын эн жөнөкөй түрүн кара таар дейт. Бул эришине аркак жипти жүгүртүү менен эле жүзөгө ашат. Буюмдун кооз көрүнүшү жүгүртүлгөн жиптин түрүнүн күзүктөлүшүнө да байланышат. Өрмөкчүлүк менен бүткөн буюмдардын көлөмдүүсүнө жерге төшөлүүчү “Шалча”  кирет.

         Таар терилип да, терилбей да согулат. Анын көркөм түрүнүн бири “терме” (“кара терме”) деп аталат. Өрмөк согуунун “аркагы”  бирдей эле чыйратылган жип болот. Тытылган жүндүн үч төрт түйдөгү бир ийик келет да, жип чыйртылып, чий менен челденип, анан илгичтүү түймөк кылып, аны боз үйдүн кереге башына илип коюшчу.

         Таар орнаменттери да (көчөттөрү) килемчиликтей эле баамдалат.  Ошентсе да “баргекче”, “казан кулак”, “калем кап”, “кырк мойнок”, “бычак учу”, “бачайы көчөт”, “алтымыш жиптүү ай көчөт”, “токсон жиптүү тор көчөт” жана башка көчөттөрү кеңири пайдаланылып келүүдө. Буга “тай туяк” оюму түшөт да, ачык сары, көк өң менен катары четине “бычак учу” түшөт. Анан “араа тиш” аркылуу кооздолушу мүмкүн.  

 

Өрмөктүн түрлөрү: “тегирич”, “уук тизгич”, “кереге чалгыч”, “үзүк боо”, “туурдук боо”, “желбоо”, “кереге таңгыч”, “ сакак таңгыч өңдүүлөр менен катар “кап”, “куржун”, “ат жабуу”, “такта жабуу”, “ээрге салгыч”, “баштык”, “шалча”, “таар” жана кийим- кечелери бүткөрүлгөн.

 

Саймачылык

Саймачылыктын санжыргалуу салты, абалы бизде боз үйдүн ичи-сыртын кооздоодо жаралган деп айтабыз. Маселен, саймачылык аркылуу боз үйдүн “эшик тышы” кооздолгон. “Ашкана башын” саймалоо – кештелөө жеринен элибизде адатка айланган. Көңүлдүү дароо кылтактагандай үй жасалгасы уздун кимдигин даан аныктаган. Жүк жыюуда тактанын үстүндө ала кийизден кийин “алты кат” коюп,  анан жууркандарды кертимдөө илгертеден берки кыргыздын салты болгон.

 

Туш кийиз, кеп такыя, элечек, белдемчи, аяк кап, күзгү кап, самын кап, жаздыктар, үстөл жапкычтар ж.б.

Сайманын түрлөрү: чыраш, секиртме, жормо, басма,  коптурмо, илме дос, карга тырмак, ит куйрук,  ж.б.

Куракчылык

Илгертеден калган жасалга өнөрү. Ал ата-бабадан калган салт. Көркөм кол өнөрчүлүктө үнөмдүүлүктү сактоонун негизги шарты. Илгертеден курак ыкмасы менен кооздолгон жана өтө кылдаттык менен пайдаланылган буюмдарга кадимкидей колдонмо жасалга үлгүлөрү кирген.

Курак кыздардын себинин негизин түзөт.

Жууркан, төшөк, жаздык, көшөгө, табак кап, күзгү кап, кашык кап, чай туткуч, текче, дасторкон, ат жасалгалары өндүү буюмдарды жасашкан.

Курактын түрлөрү: табакча, каттама курак, чий курак, жылдыз курак, мүйүз курак ж.б.

Улуттук кийимдер

Элдик кийим-кечелер көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Элибиздин кийимдери үлгүгө бай. Анын чебер тигилиши, асемделген кооздугу эзелтеден эле даңаза болуп келе жатат. Ал тууралуу маалыматтар жазма адабияттарда сейрек кездешкени менен элдик оозеки чыгармачылыкта ачык айтылат. Элдик казынанын ыйык мурасы катары бизге келип жеткен кыргыз элинин баатырдык эпосторунда бул кийимдердин ар кандай түрлөрү жана өзгөчөлүктөрү жөнүндө ойдогудай маалыматтар бар.

 

Эркетердин улуттук колориттеги кийимдери: ак калпак, тебетей, тон, ичик, кементай, чепкен, кемсел, күрмө, бешмант, шым, көк жеке өтүк.

Аялдардын улуттук кийимдери: элечек, шөкүлө, тебетей, такыя топу, кемсел, чыптама, белдемчи, кош этектүү көйнөк, өтүк.

  Зергерчилик

 

Асыл металдардан (күмүш, нейзильбер, мельхиор, дат чалбас, жез, мис, коло, калай, кара темир жана башкалардан) кооз буюмдарды жасоочулук. Элибизде күмүш кармоочулук илгертеден бери келе жаткан устакерчиликтин асыл түрү. Узануунун бирден-бир элдик наркы күмүш иштетүүчүлүк.

Желбирөөч, сөйкө, шакек, билерик, тумар, чачпак, топчу, төөнөгүч, ийне, кемер кур

Жыгаччылык

Жыгач усталык кыргыздарда илгертен күчтүү өнүккөн деп айтууга толук негиз бар. Буга кыргыздын кол өнөрчүлүгүнүн бийик үлгүсү болгон боз үйдүн, комуздун жасалышын мисалга тартуу эле жетиштүү далил болуп берет. Ошондой эле жасалган ээрлери, үкөк, сандыгы, бешиктери аркылуу бүткүл кыргыз журтуна далайга даңаза болгон мыкты кыргыз усталары болгон.

Жыгач усталар көбүрөөк ыктап жасаган иши, жөндөмүнө карай уук-керегечи, түндүкчү, ээрчи, тактачы, кырмачы, бешик уста, комуз уста деп бөлүнүшкөн.

Мүйүзчүлүк

Элдик кол өнөрчүлүктүн бир түрү, зергерчиликтин жердиги. Көркөм буюмдарды кармоонун түбөлүктүү материалы. Мүйүз иштетүүдө үй айбандарынын – уйдун, топоздун, кой-эчкилердин, кайберендердин, тоо текенин, кулжанын, бугунун, эликтин мүйүздөрү пайдаланылат.

Зер буюмдары: сөйкө, шакек, билерик; тарак, чакча, мүйүз оймок, топчу ж.б.

Ат жабдыктары

Ээр токум, ээр турман, (ат токулгасы) – атка токуп минип кетүүгө керектүү буюмдардын жана шаймандардын жалпы аталышы. Ат жабдыктарындагы буюм-тайымдардын ар биринин  өзүнчө аткара турган милдеттери бар. Жасалышы жана сандырасы жагынан эркектердин ат жабдыгы, аялдардын ат жабдыгы деп айырмаланат. Аларды чебердеп, көркөмдөп жасоо жана урунуу элибиздин маданий-материалдык турмуш-тиричилигине жараша болот. Көчмөндүү турмушта уюткулуу журтчулук зергерчиликтин күчү менен ат жабдыктарын укмуштай сынпоштого жана шөкөттөгөн. Ат жабдыктарын көз тайгылткан даана кооздугу жана нарктуусу күйөөгө узатуучу кыздын аттанаар атын токууда бөтөнчө көрүнгөн. 

 

Ага: ээр, үзөңгү, канчыга, жүгөн, нокто, чылбыр, көмөлдүрүк, басмайыл, чап олоң, куюшкан, желдик, тердик, ичмектен сырткары көрпөчө, ат жабуу, үртүк, камчы кирет.

Теричилик

Малдын териси көчмөндүү элдин турмуш-тиричилигинде чечкиндүү ролду ойногондугу өзүнөн-өзү белгилүү. “Тогуз катар торкодон, токту акемдин түгү өтөт” – деген калк накылы тегин жерден чыкпаган. Жалаӊ гана териден жасалган кийим кечектердин түрлөрүн санасак анда ондон ашат. Мисалы: тон, ичик, күрмө, чыптама (өпкө кап), тебетей, малакай, тумак, шым,  кепич, маасы, кол кап, мөкү, анан бүркүткө томого өӊдүүлөрдөй эле буюм-идиштер: жагдан, көнөк, көөкөр, көнөчөк, сабаа, чанач, супура, тулуп, чыны кап сыяктуулар сынбай-бүлүнбөй урунууга ченебегендей нап берген. Ал эми ат жабдыктарына да малдын териси бирден бир жердик экендигин мурунтан баяндап кеткенбиз, кайышты тилүү, терини каптоо, булгары каюу, ага оюм түшүрүү жана өрмө өӊдүү саналган өнөрү аркылуу тери буюмдарын жүзөгө ашырган чеберлердин жөрөлгөлөрүн жазбай улаган адамдар азыр да бар.

         Тери “түктүү” жана “түксүз” (жаргагы) делинип, экиге бөлүнөт. Терини иштетүүдө “ашатуу”, “ийлөө”, “жибитүү”, “бордоо”, “бое” жана “ыштоо” жана башка ушул өӊдөнгөн түркүн ыкмаларын аткаруу менен ар кандай элдик буюмдар жасалат. Тери буюмдарын бычуу-жасоо да күндөлүк турмуш- жашоо шартка байланышкан.

 

Ат жабдыктары (тердик, көмөлдүрүк, куюшкан), көөкөр, көнөчөк, көнөк, сабаа, чанач, челек ж.б.

Таш иштетүү

Элдик кол өнөрчүлүктүн түбөлүктүү жердиги. Алардын негиздүүлөрү мрамор жана гранит болуп саналат. Элибиздин күндөлүк жашоосунда таштан ар кандай буюндарды жасоо да учурунда белгилүү өлчөмдө өнүккөн.

Жаргылчак, моло таш, тегирмен, жип ийрүүчү ийиктин башы, кайрак, булоо таш ж.б.

Сөөк иштетүү

Зергерчиликтин жердиги. Сөөк иштетүүдө үй айбандарынын – уйдун, топоздун, кой-эчкилердин, кайберендердин, тоо текенин, кулжанын, бугунун, эликтин, төөнүн сөөктөрү пайдаланылат.

Тарак, шимек, шибеге, топчу, бычак сап, сөөк желбирөөч

Темир  иштетүү

Элдик кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Темир, жез, музыкалык аспаптар, идиш-аяк, ат жабдыктары,