More

    Азамат Жаманкулов кыргыз –казак элдеринин тарыхы жана мурастары жайгашкан музейде болду

    Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Ысык- Көл облусуна болгон иш сапары Чолпон – Ата шаарында уланып, Мухтар Ауэзов атындагы китепкана үй музейинде болду.

    Анда музейдин азыркы абалы жана жалпы ишмердүүлүгү менен жеринен таанышып, музейди мындан ары сактоону, коргоону жана максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Учурда аталган музейди Маданият министрлигинин балансына толук алуу боюнча иш аракеттер жүргүзүлүүдө.

    Мухтар Ауэзов атындагы китепкана үй музейи Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен 1957-жылы Мухтар Ауэзовго берилген. 1970-жылы китепкана үй музейи деп Чолпон-Ата шаарынын мэриясынын балансына берилген. 1990-жылы музей толук кандуу каралбай, кийин кароолчулук штатты ачылып, “Кыргызтелеком” тарабынан каржылаган.

    Бүгүнкү күндө имарат өзү жана айлана тегереги капиталдык ремонт иштерине муктаж. Бүгүнкү күндө Мухтар Ауэзовдун үй-музейи шаардын маданий борбору болуп саналат, анда казак жана кыргыз элдеринин тарыхы жана мурастары менен таанышууга болот. Мындан тышкары үй-музейдин кичи китепканасы жана көргөзмө залы бар, анда жазуучунун жеке буюмдары сакталган.

    Контакты

    • 720040, Кыргызская Республика, г. Бишкек, ул. Пушкина, 78
    • Tел.: +996 312 62-04-82
    • www.mkit.gov.kg
    • e-mail: mincultkr@mail.ru
    • Тел. – факс: +996 312 62-35-89

    ПРЕЗИДЕНТ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    ЖОГОРКУ КЕНЕШ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    НАЦИОНАЛЬНАЯ СТРАТЕГИЯ РАЗВИТИЯ