More

    Азамат Жаманкулов Мексиканын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гильермо Алехандро Пуэнте Ордорика менен жолукту

    2022-жылдын 16-мартында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Мексиканын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гильермо Алехандро Пуэнте Ордориканы кабыл алды.

    Алгач, Азамат Жаманкулов Элчи Гильермо Алехандро Пуэнте Ордориканыны дипломатиялык миссиясынын расмий башталышы менен куттуктап, анын эң биринчи кызматташуу сапары Маданият министрлигинен баштагандыгын кубануу менен белгилеп, маданият аркылуу эки өлкө ортосундагы көпүрөнү түзүү мыкты кадам катары кабыл алгандыгын белгиледи.

    Элчи Гильермо Алехандро Пуэнте Ордорика эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө жана кыргыз-мексика маданиятын жандандырууда, маалыматтык контент алмашуу, эки өлкөнүн туристик байланыштарын түзүү үчүн зарыл болгон кадамдарды жасоо керек экенин белгилеп, кызматташуу тууралуу сунуштарын маалымдады. Ал эми, министр Азамат Жаманкулов мындай демилгени ар тараптан колдоого ала турганын белгилеп, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты жаатында кызматташуу боюнча сунуштарын киргизди.

    Өз кезегинде, министр Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу маалымат берип, көчмөн элдин маданиятын жана улуттук оюндарды жайылтууда Кыргызстан тарап алгылыктуу иштерди алып барып жатканын, дүйнө эли бул улуттук долбоорду колдоого алып, аталган иш- чараны дүйнө коомчулугу тааныгандыгын сыймыктануу менен баса белгиледи. Мындан тышкары, маектешүүлөр спорт жана жаштар чөйрөсүндө кызматташуунун келечеги, эки тараптуу байланыштарды чыңдоодого арналган иш- чараларга арналды.

    Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар дипломатиялык миссиянын алгылыктуу жыйынтыгы катары маданий алканы бекемдөө жана тыгыз кызматташуу тууралуу макулдашты.

    Контакты

    • 720040, Кыргызская Республика, г. Бишкек, ул. Пушкина, 78
    • Tел.: +996 312 62-04-82
    • www.mkit.gov.kg
    • e-mail: mincultkr@mail.ru
    • Тел. – факс: +996 312 62-35-89

    ПРЕЗИДЕНТ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    ЖОГОРКУ КЕНЕШ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    НАЦИОНАЛЬНАЯ СТРАТЕГИЯ РАЗВИТИЯ