More

    Азамат Жаманкулов Түркиянын Маданият жана туризм министри Мехмет Эрсой менен жолукту

    Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Түркияга барган иш сапарынын алкагында Түркиянын Маданият жана туризм министри Мехмет Эрсой мырза менен жолукту.

    Тараптар Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин Түркия Республикасына жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюулган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Маданият тармагындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашырууну талкуулашты.

    Жолугушууда маданият тармагы мамлекеттер аралык кызматташууда негизги орунду ээлей тургандыгы жана өз ара кызматташтыкты бекемдөөдө эки өлкөнүн ортосундагы көпүрө маданият менен гана өнүгө тургандыгын белгилешип, кызматташууну бекемдөө макулдашты.

    Мындан улам, Түркияда Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрүн өткөрүү, Түркияда өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу, Кыргызстанда жана Түркияда өтүүчү эл аралык маданий иш-чараларга көркөм чыгармачылык топтордун катышуусуна көмөк көрсөтүү маселелери талкууланды.Жыйынтыгында эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоодо, Кыргызстандын маданият күндөрүн Түркияда өткөрүү аркылуу боордош түрк эли кыргыз элинин кайталангыс маданияты менен таанышууга мүмкүнчүлүк ала тургандыгын белгиледи Азамат Жаманкулов.

    Ошондой эле, Азамат Жаманкулов Мехмет Эрсой мырзаны түрк дүйнөсүнүн мурастарын жана туристтик потенциалы менен таанышып кетүү үчүн Кыргызстанга өзүнө ыңгайлуу учурда келип кетүүгө чакырды.

    Контакты

    • 720040, Кыргызская Республика, г. Бишкек, ул. Пушкина, 78
    • Tел.: +996 312 62-04-82
    • www.mkit.gov.kg
    • e-mail: mincultkr@mail.ru
    • Тел. – факс: +996 312 62-35-89

    ПРЕЗИДЕНТ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    ЖОГОРКУ КЕНЕШ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    НАЦИОНАЛЬНАЯ СТРАТЕГИЯ РАЗВИТИЯ