More

    Акылбек Жапаров: «Манас» театры кыргыз элинин улуу мурасын – баян айтуу өнөрүн сактоо жана жайылтуу максатында негизделген

    Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз улуттук «Манас» театрынын имаратынын ачылыш аземине катышты.

    «Бүгүнкү күндө 30 жыл аралыгында жетиштүү көңүл бурулбай келген көптөгөн жакшы демилгелер өлкө жетекчилигинин колдоосу аркылуу ишке ашырылууда. Алсак, «Манас» театрына имарат бөлүнүп берилген. Кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын, каада-салтыбызды, элдик оозеки чыгармачылыкты, өзгөчө «Манас» эпосун сактоодо сиздердин салымыңыздар баа жеткис.

    Апрель айында социалдык тармактагы кызматкерлердин, анын ичинде маданият кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу пландаштырылууда», – деди Акылбек Жапаров жана өнөр адамдарына чыгармачыл ийгиликтерди жана бакубаттуулук каалады.

    Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, өлкөнүн Башкы прокурору Курманкул Зулушев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышты.

    Белгилесек, театр 2021-жылдын сентябрь айында «Манас» эпосун, ошондой эле кенже эпосторду жана манасчы, дастанчылардын чыгармачылыгын сактоо жана жайылтуу максатында негизделген. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 17-февралдагы Жарлыгы менен ага улуттук макамы ыйгарылган.

    Контакты

    • 720040, Кыргызская Республика, г. Бишкек, ул. Пушкина, 78
    • Tел.: +996 312 62-04-82
    • www.mkit.gov.kg
    • e-mail: mincultkr@mail.ru
    • Тел. – факс: +996 312 62-35-89

    ПРЕЗИДЕНТ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    ЖОГОРКУ КЕНЕШ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    НАЦИОНАЛЬНАЯ СТРАТЕГИЯ РАЗВИТИЯ