More

    Бакен Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында “Элес” спектакли тартууланды

    Бүгүн, 18-декабрь күнү Бакен Кыдыкеева атындагы Мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында драматург Асангүл Абдыгулованын “Элес” спектакли тартууланды. Койгон режиссеру Кыргыз Республикасынын эл артисти Назира Мамбетова болду.Ага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жана жалпы коомчулук катышты.Жай турмуштан башталган жашоо, согуш жылдарындагы кайгылуу кан кечкен күндөр, тылдагы эмгекчилердин күжүрмөн эмгеги, жашоо, турмуш жана анда азаптуу күндөрдү эске салган чыныгы жашоону театр артисттери көз алдыга алып келди. Жашоо чыныдыгы, ага моюн сунуу окуясы көрүүчүлөрдүн арзуусуна татыды.Спектаклден соң, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, министр Азамат Жаманкулов чыгармачылык эмгек жамаатты куттуктап, спектклдеги ар бир образ абдан мыкты аткарылгандыгын билдиришип, мындан аркы ийгиликтерди каалашты.Жыйынтыгында бир катар артисттерге Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан Алкыш каттар тапшырылды

    Контакты

    • 720040, Кыргызская Республика, г. Бишкек, ул. Пушкина, 78
    • Tел.: +996 312 62-04-82
    • www.mkit.gov.kg
    • e-mail: mincultkr@mail.ru
    • Тел. – факс: +996 312 62-35-89

    ПРЕЗИДЕНТ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    ЖОГОРКУ КЕНЕШ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    НАЦИОНАЛЬНАЯ СТРАТЕГИЯ РАЗВИТИЯ