More

    «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: мурастардын кайра жаралуусу, маданий көп түрдүүлүктүн салтанаты» ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча мыкты тажрыйбалардын тизмесине киргизилди

    ЮНЕСКОнун комитетинин 16-декабрындагы жыйында «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: мурастардын кайра жаралуусу, маданий көп түрдүүлүктүн салтанаты» ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча мыкты тажрыйбалардын тизмесине киргизилди.

    “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: мурастардын кайра жаралуусу, маданий көп түрдүүлүктүн салтанаты” бул Тизмедеги Кыргыз Республикасы тарабынан сунушталган биринчи номинация. Комитеттин мүчөлөрү аны быйылкы жылдын эң мыкты даярдалган номинацияларынын бири деп табышты. Ошондой эле Комитеттин отурумунда мүнүшкөр номинациясы ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине киргизилди.
    Шумкарчылык – 2016-жылы Өкүлчүлүк тизмесине кирген көп улуттуу категория. Бул сессияда Кыргызстан менен бирге аталган номинацияга дагы 5 мамлекет кошулду. Белгилей кетсек, бул эң чоң номинация, бүгүнкү күндө ага 24 өлкө кирет. Алар: Бириккен Араб Эмираттары, Австрия, Бельгия, Хорватия, Чехия, Франция, Германия, Венгрия, Италия, Корея Республикасы, Монголия, Марокко, Пакистан, Португалия, Катар, Саудия Аравия, Испания, Сирия Араб Республикасы, Казакстан, Кыргызстан, Ирландия, Голландия, Польша Словакия. 
    Жалпысынан Комитеттин жыйынында быйыл ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүү үчүн дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн 59 номинация каралды. Анын ичинде «Италияда трюфельдерди издөө жана казып алуу: салттуу билимдер жана тажрыйбалар», « Голландиядагы гүлдөр жана мөмө-жемиштердин фестивалы”, “Таиланддын түштүгүндөгү Нора бий драмасы” жана башка номинациялар бар.
    
    
    

    Контакты

    • 720040, Кыргызская Республика, г. Бишкек, ул. Пушкина, 78
    • Tел.: +996 312 62-04-82
    • www.mkit.gov.kg
    • e-mail: mincultkr@mail.ru
    • Тел. – факс: +996 312 62-35-89

    ПРЕЗИДЕНТ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    ЖОГОРКУ КЕНЕШ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    НАЦИОНАЛЬНАЯ СТРАТЕГИЯ РАЗВИТИЯ