More

    ЗиЛ тоо лыжа базасында жыл сайын өтүүчү салттуу “Кыргызстан – лыжа жана кышкы эс алуунун өлкөсү – 2022” кайрымдуулук фестивалы өтөт

    2022-жылдын 19-февралында ЗиЛ тоо лыжа базасында жыл сайын өтүүчү салттуу “Кыргызстан – лыжа жана кышкы эс алуунун өлкөсү – 2022” кайрымдуулук фестивалы өтөт.⠀

    Иш-чаранын максаты – Кыргыз Республикасын кышкы спорттун, туризмдин жана эс алуунун өлкөсү катары таанытуу. Анда лыжа тебүү боюнча мелдеш жана музыкалык номерлер болмокчу.⠀Чогултулган бардык каражаттар калктын аярлуу топторуна колдоо көрсөтүүгө жумшалат.⠀

    Иш-чара КР ММСЖСМге караштуу Туризм департаменти, КР Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчылыгы, КРдагы Америкалык Соода палатасы, JIA Бизнес Ассоциациясы, Эл аралык ишкерлер кеӊеши, КРнын жөө жүрүүчүлөр туристтик бирикмеси, «Колдон колго БУ», «Элим барсыңбы?» коомдук кайрымдуулук фонду жана ЗиЛ тоо лыжа базасы тарабынан уюштурулмакчы.

    Иш-чара 2022-жылдын 19-февралында саат 11:00дө Т/Б ЗИЛде өтөт, кирүү акысыз!

    Контакты

    • 720040, Кыргызская Республика, г. Бишкек, ул. Пушкина, 78
    • Tел.: +996 312 62-04-82
    • www.mkit.gov.kg
    • e-mail: mincultkr@mail.ru
    • Тел. – факс: +996 312 62-35-89

    ПРЕЗИДЕНТ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    ЖОГОРКУ КЕНЕШ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    НАЦИОНАЛЬНАЯ СТРАТЕГИЯ РАЗВИТИЯ