More

    Кыргызстанда биринчи жолу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты IV дивизиондо өтөт

    Кыргызстанда алгачкы жолу 4-дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт.

    Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев билдирди.Анын айтымында, чемпионаттын ачылыш аземи 3-мартта саат 19:00дө шаардык муз аянтчасында болот.

    «Чемпионаттын өзү 3-9-март аралыгында өтөт. Өз кезегинде Эл аралык хоккей федерациясынын президенти Люк Тардиф, советтик белгилүү хоккейчи Владислав Третьяк, Германиянын хоккей федерациясынын президенти Франц Рейндл жана Эл аралык хоккей федерациясынын Азия жана Океания өлкөлөрү боюнча вице-президенти Айваз Оморкановдор катышат.

    Бүгүнкү күндө Азиядан 5 курама команда, тактап айтканда, Кыргызстандын курама командасы жана Кувейт курама командасы (III дивизиондун квалификациялык турнирден келген), ал эми, Ирандын курама командасы, Сингапур курама командасы (биринчи жолу жана Малайзия курама командасы (биринчи жолу катышууда) оюндарга катыша турганын тастыктады.

    Белгилей кетсек, чемпионат 2020-жылы өтүшү керек болчу, бирок COVID-19 пандемиясынан улам өтпөй калган.Маалымат үчүн: IV дивизиондогу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) колдоосу астында өтүүчү спорттук мелдеш.

    Контакты

    • 720040, Кыргызская Республика, г. Бишкек, ул. Пушкина, 78
    • Tел.: +996 312 62-04-82
    • www.mkit.gov.kg
    • e-mail: mincultkr@mail.ru
    • Тел. – факс: +996 312 62-35-89

    ПРЕЗИДЕНТ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    ЖОГОРКУ КЕНЕШ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    НАЦИОНАЛЬНАЯ СТРАТЕГИЯ РАЗВИТИЯ