More

    Кыргыз Республикасынын эл акыны Эгемберди Эрматовдун 70 жылдыгы белгиленди

    Бүгүн, 15- декабрда А. Мадыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын эл акыны Эгемберди Эрматовдун 70 жылдыгы жалпы ккомчулуктун катышуусунда белгиленди.

    Эгемберди Эрматов Кадамжай районундагы Пум айылында 1951-жылы 10-июлда туулган.

    • Орто мектепти Кызыл-Кыя шаарындагы мектеп-интернаттан бүтүргөн.• 1970–1972-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

    • 1970-жылы Ош педагогикалык окуу жайын,1979-жылы Москвадагы М.Горький атындагы адабият институтун бүтүргөн.

    • Э. Эрматов «Кыргыз руху» гезитинде, «Мурас», «Тулпар» журналдарында иштеген.

    • Чыгармалары 1970-жылдан тарта басма сөздө жарыяланып, биринчи ырлар жыйнагы «Ак дил» деген ат менен 1979-жылы басылып чыккан. Акын «Шаар жана тоолук», «Өмүр издери», «Туяктын ыры», «Саймалуу таш», «Махабат», «Исфайрам авазы» аттуу ыр китептердин, «Мухаммед пайгамбар» деген дастандын, «Аксаткын менен Кулмырза» драмасынын автору. Чыгыш акындарынын көбүн кыргыз тилине которгон.

    • 1984-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү,

    • Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эл акыны.

    • 2009-жылга чейин Баткен университетинин Кызыл-Кыя шаарындагы педагогикалык институтунда дүйнөлүк адабияттан сабак берген.

    • 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, 2013-жылдын 29-апрелинен тартып мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы болуп иштеген.

    Контакты

    • 720040, Кыргызская Республика, г. Бишкек, ул. Пушкина, 78
    • Tел.: +996 312 62-04-82
    • www.mkit.gov.kg
    • e-mail: mincultkr@mail.ru
    • Тел. – факс: +996 312 62-35-89

    ПРЕЗИДЕНТ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    ЖОГОРКУ КЕНЕШ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    НАЦИОНАЛЬНАЯ СТРАТЕГИЯ РАЗВИТИЯ