More

    Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү композитор Жылдыз Малдыбаева акыркы сапарга узатылды

    Бүгүн, 9-февралда Кыргыз Республикасынын эл артисти, кыргыз кыздарынан чыккан туңгуч композитор, профессор, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргыз Республикасынын “Даңк” медалынын ээси жана Кыргыз Республикасынын элге билим берүүсүнүн отличниги Жылдыз Малдыбаева Абдыласовна акыркы сапарга узатылды.

    Акыркы сапарга узатуу зыйнаты Кыргыз Республикасынын Маданият, миаалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун, туугандарынын, кесиптештеринин катышуусуна “Ала- Арча” көрүстөнүндө өттү.Анда Жылдыз Малдыбаеванын бүткүл өмүрү чыгармачылыкка, билим берүүгө арналгандыгы, анын адамдык парасаты тууралуу жылуу пикирлер айтылып эскерилди.

    Ал СССРдин эл артисти , Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты , кыргыз профессионал музыка искусствосунун негиздөөчүсү Абдылас Малдыбаев жана Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти Батипа Малдыбаеванын кызы болгон.

    Жылдыз Малдыбаева 1946- жылы 6-июлда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Фрунзедеги П. Шубин атындагы музыкалык мектепти жана М. Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайын бүтүргөн. 1966-жылы У. Гажибеков атындагы Баку консерваториясында белгилүү композитор Кара Караевдин классынан билим алган. Эки жылдан кийин Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтуна которулуп, 1972-жылы бүтүргөн. 1969-жылдан Кыргыз мамлекеттик В. В. Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунда (И. Арабаев атындагы университет) иштеген.

    Ал чыгармачылык жолунда «Мурас» вокалдык-аспаптык ансамблин уюштуруп, элдик жана обончулардын, композиторлордун ондогон ырларын иштеп чыккан. Композитор Жылдыз Малдыбаева өзүнүн чыгармачылыгы менен азыркы кыргыз музыка маданиятына чоң салым кошкон. Анын чыгармачылыгын Кыргызстандын музыкалык искусствосунун маанилүү феномени катары баалоого болот. Жылдыз Малдыбаеванын музыкасында автордун заманбап көз карашы менен байытылган кыргыз обондорунун табигый квинтэссенциясы камтылгандыгы менен белгилүү.

    Контакты

    • 720040, Кыргызская Республика, г. Бишкек, ул. Пушкина, 78
    • Tел.: +996 312 62-04-82
    • www.mkit.gov.kg
    • e-mail: mincultkr@mail.ru
    • Тел. – факс: +996 312 62-35-89

    ПРЕЗИДЕНТ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    ЖОГОРКУ КЕНЕШ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

    НАЦИОНАЛЬНАЯ СТРАТЕГИЯ РАЗВИТИЯ